Акын Алтынай Темирова Хакас элинин көрүнүктүү акыны Ахпашеванын ырларын которду

Акын Алтынай Темирова Хакас элинин көрүнүктүү акыны Ахпашеванын ырларын которду

Белгилүү жазуучу, драматург, акын, котормочу Алтынай Темирова Хакас элинин көрүнүктүү акыны Наталья Ахпашеванын ырларын которду. Алгач авторду тааныштырып кетели.

Алтайдагы боордош Акбашева

Укмуштуудай сонун кыргыз жыттанган ырлары бар Наталья Ахпашева (бизче – Акбашева) – Алтайдагы боордош Хакас элинин көрүнүктүү акыны, Абакан шаарынын тургуну. Кыргыз элине кандаш-жандаш, тамыры бир элден экендигин, элинин көчмөн тарыхына үңүлүп, анын байыркы өзөгүнө, адат-салт, маданиятына кайрылып, ар бир ыр сабында терең далилдеп турган акын.

Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун, андан соң аспирантурасын окуп; Хакас элинин элдик эпосторун изилдеген окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты жана ошол элдик эпосторду орус тилине которгон чебер котормочу дагы. Хакас  Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер.

Лирика менен публицистиканы айкалыштырып, мезгилдерди, доорлорду, этникалык маданият менен стилдерди жуурулуштуруп жазган өзгөчөлүгү бар. 1992-98-жылдары Хакас Республикасынын жазуучулар Союзунун төрагасы болуп иштеген. 1999-2001-жылдары Хакас Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты болгон. Ондон ашык ыр китептери жарык көргөн.

Орус тилинде жазса да, түпкүлүгү кыргыз жыттанган хакас кызынын терең мазмундуу ырлары алгач ирет которулуп сунушталууда.

Наталья АХПАШЕВА (Хакасия)

Которгон – Алтынай ТЕМИРОВА

                            *   *   *

Байыркы мазар таштын монологу

 Ар жыл сайын конуп бул жерге,

көчмөндөрдүн көчү өтчү тыныгып.

Курмандыкка бирден кара кой келе,

каны оозума турчу куюулуп.

 

Турчу алдымда тунма кымыз, нан.

Жалыны, гөр түбүн да жарыктанткан,

курмандыктын оттору жалбырттаган

тили менен бийик көктү жалаган.

 

Жолун улап көч да эртеси узачу.

Шамал чача ар кай жакка күлдөрүн.

Жалгыз кара койдун башы агарчу,

куу жыгачта,

кадап  коюу иңирге оюк көздөрүн…

 

*   *   *

Эзелки бир эс-тутумдан сызылып  жай,

ээн талаа тозоңунан  суурулгандай,

көчмөн конушубузга кайтуудабыз,

жал-куйруктуу аттарды булкунта-шай.

 

Муундардан келаткандай эсимде,

чайпалган көч жөнөгөн каалгый берип,

азынаган аттар тишин керише,

кош айтышчу бөтөн дүйнөнү жерип.

 

Таңдар тосчу түрмөктөлүп алдыдан.

Жез дамбыра мейкиндикти жаңыртып.

Диндер, цивилизациялар күлүн чапчыган

туяктары  аттардын  дүңгүрөдү чыгып.

 

Шамал аймап  уркугуй  жаактарды.

Жаалданган каректер бек тигилет.

Таноолорго  урууда  мекен жыты,

Эрмен чөбү, арча оттуу түтүн келип.

 

Талаа санайт  барагын көчмөн чактын,

Ыргалтыша  тулаңдар  ак саамайын,

Аралыктын бардыгын кезгенбиз биз,

Бардык мезгилдерди да  кезип жетебиз.

*   *   *

Ух! Жанды  эзе муздак күүгүм оңулдайт.

Терезеден айдын нуру себеленет муз өңдүү.

Шам, столдун ортосунда эрип-эрип  шырылдайт,

Орундукта төртөө. Маркум эле  – төртүнчү.

Жайнап стол – тактайчада, дүйүм тамактын түрү,

Ийининен чыгып чычкан бир тиштем аңдып туру.

Кара шарап куюлууда. Тирүүлөр – ичип-жеген,

Бычакка эт кесишип, нанды туурап кол  менен.

Аял жана эки эркек – улуусу жана жашы,

Тамактануу суз өтүүдө. Суз тартышат бардыгы.

Жашырагы какап кетти, сөгүндү анда улуусу.

Мейкиндикке карек кадап арбак тып-тынч олтуру,

Өлүү жанга баары бирдей, түндүн  дурус-буруусу,

Көкүрөгүндө тешик бар, сокпойт соолгон жүрөгү.

Бул кызыктай конокторго жылмаярлык жок түрү.

Улуурагы турду дагы: “Кеттик!” – деди буюра.

Тоголонду жол түйдөгү тагдырлардай чубура…

Кичүүсү үнсүз караңгыга кетти сүңгүп артынан.

Басты аял да, босогодон артка болду кылчайган,

Чийди абага жаман белги: а сен, тентек, уктагын.

Чоң ата да аягына чыгат айткан баяндын.

Болгону, же болбогонун? Унутул. Өчтү желге шам да.

Чычкан дагы куйрук түйдү, чуркап стол астында.

Маркум ойдолоп бир, тарс кулады, карегин жума.

*   *   *

Карагерлер, жээрделер – үйүрлөрүм талаада.

Тарак тийбей жалдарына азоо мүнөз, тиштээк да.

Бороондой бозуп зыргыган, учкан таңкы туманда,

шамалдай шаңдуу  ышкырып, тамактан чыккан үн анда.

Эсиңдеби? Жап-жаш элек, жылкыларды имерип,

көргөндөрдү суктандырып, басчубуз белге камчы илип.

Күн тоголойт батыш жакка, күн кайрылбайт узаган,

жыттап эч бир моокуң канбайт, кийик отту жыттасаң.

Бакыт  – чөнтөк шыңгыры эмес, ага жетпейт күчүң да,

эркиңен тыш кармалбайт да, эки асыйдай арканда.

Убагында ар бир азоо тулпар болуп туйлайт да,

өз бактысын издеп жөнөйт, үйүрүнө талаада.         

       

                БӨРҮ   СААТЫ    

Карагайдын чайырына бекем чыкталган,

январдын аязы жанымды бүрдөйт.

Куш үн салып. Бутактар карс  деп сынган,

тектиринен тоонун көчкү гүүлдөйт.

Кара  асканын  учуна зоо бетинен,

Ай толгонун билдирип,  өзүн илген,

түн көөдөнү туңгуюк.

Тыңшайм, көкжалдыгым бек туюп,

сактаарын ал, ар  кыймылымда.

Тумшугума жем илинсе, куугундарга

жеткирбей качып, капкандардан буйтап

көнгөм, туулганы эркимче, ашууларда

жан сактап келем көбүнчө.

Эртеби, кечпи – жообу эч керексиз –

изиң сууйт ойдуңда жол түгөнсө.

Өлбөстүк  үнсүз  каалгыйт абада,

саманчы өз нугунда айланууда.

Кар буламыгы коюуланат абада,

көк бетинин түпкүрүнөн чубура.

Күн да таштап кете албай кыйылат,

жатагын, алыс аска жараңкасында.

Жалкоо жонун дүңкүйтө ийип,

кези келсе чын мүнөзүн көрсөтчү,

күркүрөп саламдашса селт эттирип,

ойдуңду үнү, жырткыч курбум бу,

канчыгым, жан жолдошум жолдогу.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.