Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын «Плагиаттык… Же Жылдыз Бакашовага ачык кат» аттуу макаласы «Жаңы Ордо» гезитине жарык көрдү. Ошондой эле, бул макала бүгүн, 29-декабрда «Фейсбуктагы — Лайли Үкүбаеваны колдойбуз!» тайпасына жарыяланды.
Окуп, талдап кѳрүңүз, окурман!
Плагиаттык… Же Жылдыз Бакашовага ачык кат
Жылдыз, акылман кыргыз элимде: «Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет”, “Укпайт деп ушак айтпа, кѳрбѳйт деп ууру кылба!”, “Житкен окту аткан ок табат”, “Айтылбай турган сѳз эле, айтылып кетти ѳзү эле” деген улуу кыргыз калкынын терең маанилүү философиясын боюна сиңирген, салмагы сайдын ташындай болгон макал-ылакаптары бар экенин билсең керек. Жогорудагы макалдар бүгүн сага карата айтылмак болду. Анткени канча бир жылдардан кийин сенин жактаган докторлук диссертацияң бирѳѳнүн, Ишен Айтмамбетов деген бир адамдын, маңдай тери менен жазган эмгеги экенинин дареги чыгып, бүгүн ал азамат чындыкты бардык жоопкерчилик менен моюнуна алып, КРнын Улуттук Аттестациялык комиссиясына жазып олтурат.
Сенин 1997-жылы чыккан, филология илимдеринин доктору, профессор, КУИАнын корреспондент-мүчѳсү А.Сыдыков менен авторлошуп жазган “Чыңгыз Айтматовдун кѳркѳм дүйнѳсү” деген китебиң менен А.Садыковдун “Кыргыз залкарлары” сериясында жарык кѳргѳн, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган III томундагы (2012) сапма сап, сѳзмѳ сѳз окшоштуктарын жана сенин “Художественное мастерство Чингиза Айтматова” аталышындагы доктордук диссертацияңдын (1998) ички мазмунундагы, структурасындагы (главалар, бѳлүмдѳрдүн аталыштарындагы) А. Садыковдун китебиндеги окшоштуктар да кѳп нерседен кабар берип турганы жалган эмес.
Алар сенин китебиң да, докторлук диссертацияң да эки эмгектен кыйыштырылып даярдалганын далилдеп турат. Мен бул пикиримди чоң жоопкерчилик менен айтып жатам.
Жылдыз, сенин кандидаттык диссертацияңдын жазылышы да эсиңде болсо керек? (Ооба, азыр бардыгын унутуп салган чагың, эстегиң келбейт). Анда мен эстететейин. Диссертацияңдын 62 бети бир жаш окумуштуунун (ал азыр белгилүү окумуштуу экенин билесиң) дипломдук ишинен уурдалган экен. Ошону укканда мен сени чакырып маңдайыма олтургузуп алып, (БГУга, ишиңе жетектѳѳчү мекеме катары алганың үчүн келген элең) илимге мындай ыпылас жол менен келүүгѳ болбостугун эскертип, “кѳзүңѳ сайган” элем. Ооба, эки учурда тең диссертацияңды ѳзүң жазбасаң, кимден кѳчүрүлгѳнүн кайдан билмексиң! Бирок аны билбесеӊ да, диссертацияларыӊды өзүӊ жазып, маӊдай териңди төкпөгөнүӊдү жакшы билесиӊ да, же андай эмеспи?
“Сөз келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт” дейт. Эми сенин илимдин кандидаты, доктору болгондогу жазган, жарыялаган, КРУАнын президенти, академиктери, корреспондент-мүчөлөрү илимдеги чоӊ ачылыштарыӊды “баалап” 5-августа корреспондент-мүчөлүккө шайлап алышкандагы эмгектериӊди санактайлы.
Өзүӊ 15 жыл жетектеген А.Осмонов атындагы китепканадагы Ж.Бакашова каталогундагы эмгектериӊ.
1) Макалаларың, китептериң:
1) Бакашова, Ж. Айтматовдун «бороону» // Кыргызстан маданият, 2004, №2, 2005, №2.
2) Художественное мастерство Ч.Айтматова / Дисс.докт., Аль-Фараби, Алматы, 1998.
3) Сравнение и метафора в произведениях Ч.Айтматова. Бишкек, 1997.
4) Художественная функция изобразительно-выразительных средств Айтматова. Бишкек, 1992.
5) Художественные функции сравнения и метафоры в повестях Ч.Айтматова / Дисс.канд., Бишкек, 1992.
6) /в соавторстве / Вселенная Айтматова / Библ.энц. вместе О. Сухомлиновой. Бишкек, 2013. (есть 4 издания)
7) /Вступительное слово / Кыргызстандын китеп мурастары. Бишкек, 2010.
Основы этножурналистики. Учебно-методическое пособие. Бишкек, 2006.
9) /в соавторстве с О.Сухомлиновой / Т. Усубалиев – достойный сын своего народа. Бишкек, 2020.
10) /в соавторстве с О.Сухомлиновой / Великие творения эпохи. По страницам произведений Ч.Айтматова. Бишкек, 2019.
11) /в соавторстве с О.Сухомлиновой, Г. Гордеевой / Национальная библиотека Кыргызской Республики. Бишкек, 2019.
12) /в соавторстве: КР – О.Ахмедов, С.Бакешова, К.Омуралиев. Якутия – А.Ширков, А.Захаров, В.Павлова. М.К.Аммосов. Кыргызский период деятельности. Бишкек-Якутия. 2015.
13) Өлбөстүк символу (Ч.Айтматовдун чыгарм.). Бишкек, 1998.
14) Ч.Айтматовдун чыгармаларынын стилдик бөтөнчөлүктөрү. Бишкек, 1998.
15) Ч.Айтматовдун повесттериндеги салыштыруу менен метафора. Бишкек, 1997.
16) /в соавторстве с А.Сыдыкова / Ч. Айтматовдун көркөм дүйнөсү. Бишкек, 1997.
17) /Авторлош К.Иманалиев, М. Өмүрбай / Кыргыздардын улуттук маданияты. Бишкек, 2012.
18) /Авторлош Э.Сманова / Кылымдарды карыткан кыргыз мамлекети. Бишкек, 2011.
19) /Авторлош О.Сухомлинова / Айтматов аалымы. Бишкек, 2009.
20) /в соавторстве с О.Сухомлиновой, Н.Мухамбетовой / Тоголок Молдо. Бишкек, 2020.
21) / Авторлош Э.Сманова / Эч ким, эч качан унутулбайт. Бишкек, 2020.
2) Интернеттегилериӊ:
1) Художественное мастерство Чингиза Айтматова. Бакашова Ж.К. автореферат дис. … доктора ффилологических наук / Алматы, 1998.
2) Художественные функции сравнения и метафоры в повестях Чингиза Айтматова. Бакашова Ж.К. автореферат дис. … кандидата филологических наук / Бишкек, 1992.
3) Поддержка чтения в Кыргызстане: проблемы и пути его продвижения в сообществе. Бакашова Ж.К. В сборнике: Пятый международный интеллектуальный форум «Чтение на евразийском перекрестке». Материалы форума. Научные редакторы, составители В.Я.Аскарова, Ю.В.Гушул; Министерство культуры Российской Федерации; Министерство культуры Челябинской области; Челябинский государственный институт культуры; Российская библиотечная ассоциация, Южно-Уральское отделение Русской ассоциации чтении. 2019. С. 230-235.
4) «Муздак дубалдар» атындагы көркөм шарттуулук. Бакашова Ж.К. Alatoo Academic Studies. 2020. №1. С.129-134.
5) The writer who created the portrait of his era (Based on the works of Kazat Akmatov). Bakashova J.K. Russian linguistic Bulletin. 2020. №2 (22). С. 158-162.
6) Влияние исламской культуры на мировоззрение кыргызских мыслителей. Бакашова Ж.К. Евразийское Научное Объединение. 2020. №6-5 (64). С. 379-381.
7) Эстетический потенциал на названия романа Ч.Айтматова «И дольше века длится день». Бакашова Ж.К. Евразийское Научное Объединение. 2020. №5-6 (64). С. 381-385.
Трагедия жизни, рождающая культуру. Бакашова Ж.К., Кацев А.С. Евразийское Научное Объединение. 2020. №5-6 (64). С. 385-390.
9) Проблемы взаимодействия реальности и художественного вымысла в русской литературе в 20-х годах XX века. Бакашова Ж.К. Филологические науки. Научные доклады высшей школы. 2021. №1. С. 119-124.
10) Новый формат деятельности национальной библиотеки Кыргызстана в период ограничений. Бакашова Ж.К. В сборнике: Румянцесвкие чтения – 2021. Материалы Международной научно-практической конференции. В 2-х частях. Сост. Е.А.Иванова, редкол.: В.В.Дуда (председатель), Ю.С.Белянкин, Е.Н. Гусеева (и др.). Москва, 2021. С. 60-66.
Көрүнүп тургандай бардыгы өзүӊ жазбаган диссертацияларыӊдан алынып, чампалаган китеп, макалалар? Башка дагы эмгектериӊ болсо өзүң жазып жарыяларсыӊ?
Жогорудагы жазгандарымдын негизинде Жылдыз Бакашова, сенин илимий даража, наамдарыӊды алуу үчүн УАКга берген эмгектериң, дегеле илимий ишмердүүлүгүң УАК тарабынан, болгондо да Улуттук аттестациялык комиссиянын эксперттери эмес, көз карандысыз эксперттер тарабынан адилет, дыкат текшерилип, алынып ташталышы керек деп эсептейм. Антүүгө толук мезгил жетти! Азыр мамлекетибизде илимдеги коррупцияга көӊүл бөлүнүп, аны жою маселеси күн тартибине курч коюлуп жатканда жакында эле мамлекеттик жооптуу кызматта иштеген сага окшогон жалган илимпоздун бети ачылышы керек!
Баса, дагы бир сенин чыныгы жүзүӊө сүртүм. Академиядагы шайлоонун алдында “Азия Ньюс” газетасына “Ар кимдин субъективдүү ой-пикирлерин түшүнүү менен кабыл алам” деген темада берген интервьюӊда “профессор А. Садыковдун жетекчилигинде кандидаттык диссертациямды коргоп, дипломду Москванын аттестациялык комиссиясынан алгам. Докторлук ишимди залкар академик Зейнолла Кабдоловдун жетекчилиги менен Алматыдан коргоп, ЖАКтан нострификациядан өткөм” дедиӊ. Докторлук диссертацияӊдын титулдук бетинде “Научные консультанты:” деген жерде А. Садыковдун да фамилиясы бадырайып жазылып турат. Диссертацияӊды даярдап, колуӊан жетелеп барып Алматыдан жактатып, бекиттирип берген агайыӊды көзү өткөндө унутуп калышыӊды кандай деп түшүнсөк болот? Же сенде шартка жараша амнизия болуп турабы? Жакшылыкты унутуп калмайыӊ бар эмеспи. Менин оюмча А. Садыковду атайлап эскербешиӊдин сага түшүнүктүү себеби бар.
«Азия Ньюста» берген интервьюңда «илимий эмгектерим чет өлкөлөрдө Web of Science», РИНЦ тутумундагы абройлуу журналдарда англис жана орус тилинде жарыяланган» депсиң, ооз көптүрүп. Кайсынысы? «Муздак дубалдар» атындагы көркөм шарттуулук» деп тантык атаган чыгармаң эмеспи деги?
Жакында Кыргыз Республикасынын Илим жана билим берүү министрлиги тарабынан менин арызым боюнча (ГКНБ, Соббеске берген) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча справкасы менен тааныштым. Аман эле болушсун. Эч кимдин оркойгон каталыкты көргүсү келбегенин сездим. Ошондуктан сен жөнүндөгү чындыкты дагы бир жолу коомчулукка ачыктап коюну туура көрдүм.
Лайли ҮКҮБАЕВА
One thought on “Лайли ҮКҮБАЕВА: «Бакашова жөнүндө чындыкты дагы бир жолу коомчулукка ачыктап коюну туура көрдүм»”