Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызы бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, канааттандырылды.
Н.Бакированын кызматын тапшыруу ниетин билдиргенин кечээ, 31-январда Жогорку соттун төрайымынын коомдук байланыштар боюнча кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген. Ошондой эле, ал Бакированын артыкчылык, кемчиликтерин санап, өзүнүн да миссиясы аяктаганын жазган. Ал толугу менен төмөндө:
Таң эрте адаттагыдай, жетекчим телефон чалып калды. Маегибиздин мазмуну күтүүсүз болду:
— Кеңешчи мырза, бүгүн мен өз каалоом менен Жогорку Соттун төрагасы кызматынан кетмекчимин… Мен өзүм ушундай чечимге келдим, — деп айтты. Бир далай паузадан кийин жооп кайтардым.
— Нургүл Жакыповна, кандайча?! Жарабайт, сиздей кесипкөй, принципиалдуу адамдар бул системага түркүк болуп бериши керек да! Коё туруңуз!- деген кеп-кеңешимди укпады. Тилекке каршы.
Жеке өзүмдүн көз карашымда ар бир бийлик бутагында туруктуулук болушу керек. Революциялар, коррупция, непотизм, трайбализм, досизм, интрига, кызмат талашуу, жыл сайын өкмөт, министр алмашуу деген өнөкөттөр мамлекетибизди чарчатты. Коңшу өлкөлөрдүн төрага, министрлеринин резюмеси менен биздеги жетекчилердин эмгек жолун салыштырсаңыз — айырма чоң. Мисалы, КМШ аймагындагы Жогорку соттордун жетекчилери алды отуз жылдап ордунан козголбойт. Бизде болсо, жарым жыл, бир жыл, ашып кетсе эки жылда жетекчилер алмаша берет. Бүтүндөй бир чоң тармактардын айлап-жылдап түзүлгөн план-стратегиялары бир заматта кум-сепилдей убаланып түшөт. Жаңы келгени жаңыча шыпырып баштагыча, анын да кетүү мөөнөтү келет.
Нургүл Бакирова деген ким?
Нургүл Бакирова деген ким? Аны менен кызматташкан 9 айга жакын убакытта бир катар жакшы-жаман сапаттарын байкай алдым:
— Мыйзамга гана баш ийет, дос-тууган, күчтүүлөр, күчсүздөргө карабайт.
— Соттордун ишине такыр кийилигишпейт. Бирок, бул системадагы мүчүлүштүктөрдү аңдап, мамкызматкерлерди жазалоо, коркутуу аркылуу эмес, жакшы шарт түзүп берүү жана билим аркылуу гана оң жолго салса болооруна ишенет.
— Реформаларды тирүү организмге салыштырат. Өзгөрүүлөр тынбай жүрүп турушу керек деп эсептейт.
— Жөнөкөйлүктү туу тутат. Буга мисал, Жогорку соттун аппаратындагы ар бир кызматкер менен президент менен учурашкандай учурашат. Айдоочу, тазалоочулар, кароолчулар менен деле сүйлөшүп, карапайым адамдардан идея алганды жактырат.
— Соттордун ачык-айкындуулугун жактайт.
Кемчиликтери да бар, албетте:
— Саясат менен такыр иши жок. Сот саясаттан тышкары болушу керек деп эсептейт. Сен саясат менен алектенбесең, саясат сен менен алектенет дегенге такыр ынабайт.
— Эмоционалдуу. Майда маселеге деле жүрөгү ооруп калмайы бар.
— Жумшак. Жумшактыгын ушундан билиңиз, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу, андан соң былтыр апрель айынан тартып төрайымдык кызматты аркалаган бир жарым жылдан бери Жогорку соттон бир дагы адамды иштен айдаган жок.
— Анан ишенчээктиги да, баёолугу да менин кетип жаткан жетекчимдин чоң кемчилиги. Кыскасы ушул.
Анткени менен Кыргызстаныбыздагы «аккан сууда арам жок» дегенчелик кадр саясатынын жагымдуу жагы да бар деп ойлойм. Биздин үлкөн башчылар кете турган маалда «кетем» деп эле кетип калганы кандай сонун. Алматыдагы окуялар көрсөтпөдүбү: бир дагы кызмат же бийлик орду адамдардын бир тамчы канына, көз жашына татыбайт. Мансап, кресло деген убактылуу экенин биздикилер жакшы түшүнөт. Ошолордун арасында — Кыргызстандагы үч бийлик бутагынын бирин акыркы бир жарым жыл ичинде сабатсыздыктан жана түркөйлүктөн бекем коргоп келген аял лидер, тажрыйбалуу судья — Нургүл Бакирова да бар деп билем.
Бекер иштеген Штирлиц…
Учурдан пайдаланып, коомдук башталыштагы, тагырагы, мамбюджеттен бир тыйын эмгек акы албаган кеңешчиси катары, анын нервин жеген көптөгөн кеңештерим үчүн кечирим сураймын. Себеби, ушул кызматка өзү чакырганда бир шарт менен макул болгом. «Сиздин хоп-ляппай кеңешчиңиз болбойм. Тескерисинче, жаныңыздагы оппозиционердей мамиле кылам. Мен сизге мактап эмес, сындап жардам берем«, — дегем. Сунушумду кабыл алган.
Акырында, «Бу кыргызымдын «белгисиз маршрутундагы» төрт дөңгөлөктүн бирөө берки үчөөнө окшошпой калса, үчөөнү эмес, бирөөнү гана алмаштырганы кандай гана кеменгерлик…» деп ойлонуп койду Штирлиц…
Бакированын кызматтан кетишинин себеби…
Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргенине караганда, Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровго ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазган.
Алардын маалыматында: «Жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн. Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол себептен Нургүл Бакирова кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп жазылган.
Нургүл Бакирова 2021-жылы, 22-апрелде (туулган күнүндө) президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп дайындалган. Бир жыл ичинде көптөгөн жакшы иштерди жасады.
Бакирова Нургүл Жакыповнанын жыл башында биздин сайтка (alakan.biz) берген маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.