«Сотко күмөн санап сактануу менен келбей, сот адилеттиги болот деген ишеним менен келүүлөрүнө жетишүүбүз керек!» деген аталышта Нарын облустук сотунун судьясы Алдаярбек АБДЫБЕКОВдон биздин редакцияга (alakan.biz) кечээ, 9-мартта макала келиптир. Анда эмесе, чогуу кулак төшөйлү:
— Соттук реформа жөнүндө көп жылдардан бери талкууланып келүүдө, таптакыр жылыш жок дегенден алыс ойдо болушубуз керек, өзгөрүүлөр болууда, бирок мезгил талабына ылайык алдыда дагы көптөгөн өзгөрүүлөр болуш керек деген ойдомун. Айрым учурда ар бир тармакты терең түшүнбөй туруп бир тараптуу эле эч бир жылыш жок деп айта берүүдөн алыс болууга чакыраар элем. Мисалы, хирургдун ишин терең түшүнбөй туруп, курулушчу же башка кесиптин ээлери сын айта берсе копол көрүнгөндөй, сот тармагындагы иштерди дагы бардыгы эле терең түшүнө беришпейт, себеби сот тармагынын табигаты, иш алып баруусу эч качан бир тараптуу болбойт, бир тарабы уттурат, бир тарабы утат, далил кайсы тарапта жетиштүү болсо ошол тарапка чечилет. Сот калыс көз карашта болот, далилдерди келтирүү тараптардын милдети. Мисалы, алгачкы сотко чейинки өндүрүштү соттук контролдоо тергөө судьясы тарабынан гана жеке жүзөгө ашырылары каралгандыктан, бул багытта иштерди жакшыртуу зарылдыгы байкалат. Албетте сот тармагындагы иштерди мындан ары жакшыртууга жатат. Мисалы, салыштырып айтканда, курулушту курууда (жер пайы) сапаттуу болсо калганы жакшы курула тургандай, алгачкы тергөө иштери мыйзам талаптарын так сактоо менен ак-караны тактап жакшы тергелсе сотко ишти кароо ошончо жеңил болот. Азыр тергөө кызматында кадрлардын алмашуусу көп, эне оорукчан баласына көп көңүл бургандай же болбосо дарактын жалбырактарынын тамырлары менен түз байланышта болгон сыяктуу тергөөнүн сапатына жана алардын көз карандысыздыгына терең көңүл бурууга жатат.
Ошол эле учурда тергөө кызматкерлерине жана сот кызматкерлерине коомчулук тарабынан дагы туура эмес көз караштар болгону байкалат. “Коррупционерлер камалбай жүрүшөт” дешет, камалса кайра “бул биздин уул, чыгарып бергиле, эч бир күнөөсү жок” дешет. Коомчулукту дагы түшүнүп болбой калды. Кыскасы түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле, карысы деле жашы деле, экинин бири сынчы. Ошол эле, учурда массалык маалымат кызматынан көрүп-угуп олтуруп, “дегеле жебеген тармак калбай калганбы” деген ойго келесиң.
Соттук актыларды чыгарууда соттор жетекчиликке алган мыйзамдар асмандан алынбайт, мыйзам чыгаруучулар тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды гана жетекчиликке алат. Мисалы: айрым кызматтык кылмыштар боюнча жаза түрү катары 200000-300000 сомдун тегерегинде айып салынып чыгарылган учурлар болгон. Мыйзамда көрсөтүлгөндөн ашык айып салуу укугу да жок. Аны коомчулук түшүнбөйт.
Мыйзам чыгаруучулар тарабынан Кодекстерди, ж.б. мыйзамдарды кабыл алууда жалпы пакет менен кеңири талкууланбай кабыл алынып калган учурлар болуп келди. Мисалы: алыс кетпей эле, буга чейин кабыл алынган аз убакыт гана колдонулуп калган 5 Кодекс жөнүндө айтсак эле жетиштүү болор.
Кодекстерди талкууда жана кабыл алууда сот тармагында иштегендерди кеңири катыштырса жаман болбос эле. Ошол эле учурда сот кызматкерлеринин көз карандысыз болуусу үчүн айлык маянасынан баштап турак-жайына чейин көңүл бурулса. Көптөгөн судьялар барган жеринде кызматтык турак-жайлар жок болгондуктан ижарага батир алгандар көп, 5 жылга дайындалган соттун 5 жылдык ижара акысын төлөөгө же кызматтык турак-жай куруп берүүгө кетүүчү каражат боюнча экономикалык анализ жүргүзүшсө.
Укук коргоо тармагындагыларга көптөрүнө кызматтык имарат жана кызматтык турак-жайлар салынып жаткандыгы, ал эми сот кызматкерлерине бул максатта жетишээрлик көңүл бурулбай жаткандыгы байкалат.
Соттун аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасы 10-15 миң сомдун айланасында, буга байланыштуу кызматкерлердин алмашуусу да көп. Алган айлыгы транспортуна, түшкү тамагына араң жетет. Андыктан, кадрлардын алмашуусу албетте сот өндүрүшүнүн жүрүшүнө терс таасирин тийгизет.
Сот аткаруучулардын ишти так аткаруусу соттук актылардын өз убагында аткарылышына байланыштуу болгондуктан, чыгарылган соттук актылар боюнча судьялардын беделин көтөрүү же түшүрүүсүнө түз байланышта. Коомчулукта соттордун дарегине карата “Силер соттук актыларды чыгарат экенсиңер, сот аткаруучулар болсо ар кандай себептер менен аткарбай жүрө беришет экен, Силерге баш ийбейт турбайбы” деген жүйөлөрдү айтып келишет. Сотко түз баш ийбеген сот аткаруучунун иши менен аты айкалышпай келет.
Экспертиза иштери жакшы жолго коюлса. Айрым кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген мүлктүк зыянды аныктоо үчүн соттук-бухгалтердик экспертизалар дайындалганда республикалык экспертиза борборунда “экспертиза жүргүзүү кезегинде турат” деген жүйөлөр менен жылдап кармалган учурлар бар. Ал учурда коомчулукта түшүнбөстүктөн сотко кеткен иштин эмдигиче жыйынтыгы чыкпай жатат деген дооматтарды угууга болот.
Массалык маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү өзү тергөөчү, өзү сот болуп эле жыйынтык чыгарып, бирөөлөрдү миллиондорду жеп салган же бул ишке күнөөлүү деп бир тараптуу маалыматты балп эттирип маалымат каражатына жазган учурлар кездешүүдө. Медиа сабаттуулук боюнча коомчулукта кеңири талкуулар болсо жакшы болор эле.
Негизинен соттук актыларды кабыл алууда жалпыга жеткиликтүү, түшүнүктүү жана жөнөкөй тил менен жазууга бирдей соттук практиканы колдонууга жетишүүбүз зарыл. Ошондой эле сот өндүрүшүн жүргүзүүдө мамлекеттик тил маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Сот өндүрүшүндө арыз кайсы тилде берилсе, ошол тилде сот өндүрүшүн алып кетүү калыптанган. Мисалы: карапайым бирөө арыз менен кайрылууну кааласа анын жактоочусу же арызды кабыл алган судья көпчүлүк убакта өздөрүнө карап, орус тилинде сот өндүрүшү жүргүзүлөт. Калктын көпчүлүгү айыл жеринде жашагандыктан, же бардыгы эле орус тилинде жогорку деңгээлде билбегендиктен өздөрүнүн оюн жакшы жеткире албай кийин соттун чыгарган чечимдерине нааразычылык көп байкалат.
Конституциялык палатанын сот өндүрүшү дагы мамлекеттик кыргыз тилинде жүргүзүлөт деген менен кайрылуулардын талабы боюнча ал талаптар сактала бербейт.
Бир тарабынан карасаң буга себеп мыйзамдардын жана Кодекстердин маанисине карата эмес, сөзмө-сөз же башкачараак которулуп калганы байкалат. Андыктан колдонууга жеңил болгондуктан расмий тилдеги Кодекстер менен иш алып баруу жеңил болгондой Мисалы: Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 34-1-главасында, финансылоонун ислам принциптерине ылайык бүтүмдөр жана келишимдер: мудараба, мурабаха, шарика, мушарака, карт, хасан, истиснаа деген сыяктуу келишимдин түрлөрү которулуп жазылган. Муну карапайым адамдар эмес, тажрыйбалуу юристтер дагы колдонуусу татаал.
Кыргыз Республикасынын ГПКнин 163-беренесинин 2 бөлүгүндө “төрагалык кылуучу келгендердин керт башын тастыктайт” деп жазылган, керт башы эмес, “өздүгүн тастыктайт” десе болор беле.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 119-беренесинде айыпталуучу, жабырлануучу күбө жүйөлүү себептерсиз келбесе айдап келүүгө (мажбурлап келтирилүүгө) дуушар болушу мүмкүн деп жазылган. Мыйзам талабына ылайык, мажбурлап алып келүү деп эле жазылса, ошондой эле ал жерде айыпкер эле эмес жабырлануучу жана күбөлөр дагы бар жана “адамды айдап келүү” деген сөз башкачараак туюндурулабы деген ойдомун.
Граждандык кодексте жана Үй-бүлө кодексинде статьялар деп жазылса, башка кодекстерде беренелер болуп жазылып келүүдө.
Электр энергиясын пайдалануу келишимдери, банк системасындагы түзүлгөн ж.б. келишимдер, айыл жериндеги карапайым адамдар менен эптеп окулган майда тамгада жана орус тилинде түзүлүп калып, пения айыптары боюнча толук түшүнбөстөн кол коюшкандыктан көпчүлүк убакта соттошууда нааразычылыктарды жаратат. Алардын ичинде өзүбүздүн эле эже-ага, ата-апаларыбыз бар экенин эске алсак.
Башка тилди эмес, өз эне тилин сыйлабагандар жана билбегендер маңкурт экендиги жөнүндө улуу инсан Чыңгыз Айтматов абабыз эң таамай айткан.
Өткөндө эл аралык трибунада мамлекет башчыбыздын Мамлекеттик кыргыз тилинде баяндама жасашы менимче ар бир жаранды толкундантса керек. Сот реформасы десе эле жалгыз сот тармагына тиешелүү деп түшүнбөш керек. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтери укук коргоо органдары менен бир багытта максаттуу иш алып барууда жыйынтыгын берет деп түшүнсө болот. Катардагы жарандар арыз даттануулар менен кайрылууда мүмкүнчүлүктөрү үчүн мамлекеттик алым боюнча мыйзамды кайра карап көрсөк кандай болор эле. Соттук коллегиялар боюнча токтолсок, Талас, Баткен, Нарын областтык сотторунда судьялар жетишпегендиктен соттук коллегиялар түзүлгөн эмес. Судьялар кылмыш иштери, жарандык жана административдик иштер боюнча аралаш кире беришет.
Айрым учурда көп жолу соттолгон эч кимиси жок кылмышкерлер жабырлануучуларга орчундуу зыян келтирип, зыян калыбына келтирилбеген учурлар көп. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 40-беренесинин 10-пунктуна ылайык, адистешкен фонд боюнча дагы ишти жакшыртуу зарылдыгы байкалат.
Сот тармагында өзүбүзгө талап катуу коюлган, мисалы жергиликтүү соттордун Жогорку сотко даттанылган иштерине карата % (пайыз) менен анализ чыгарылат.
Статистика деген калп айттырбайт. Статистика боюнча жергиликтүү соттордун өкүм чечимдеринин ичинен 15%ке жетпегени гана Жогорку сотко даттанылат. Демек, калган соттук актылар менен тараптар макул болгондугун түшүнсөк болот. Мисалы: бир жылда 500 иш каралса, анын ичинен 10%, же 50 иш даттанылып, күчүндө калган иштерден сырткары өзгөртүлүп, бузулуп калган бир аз иштер үчүн жоопкерчилик жогору болот. Ал иштердин ичинде анчалык оор эмес кылмыш иштери боюнча же жарандык иштер боюнча тынышуу макулдашуусуна келип, айрым кылмыш иштер боюнча мунапыс же Кодекстерге гуманизация жагына өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу иштер бузулуп жана өзгөрүп калгандыктарын көпчүлүктөр аны түшүнө беришпейт.
Бул максатта статистикалык отчеттулукта өзгөртүүлөрдү киргизүү мезгили бышып жетилгендей сыяктуу, себеби коомчулук астында караган иштердин кыйла бөлүгү бузулган экен дегендей өзүбүздү ашкерелегендей көрүнүш болуп калууда. Жалпысынан алганда көп жылдарды мурдагыга салыштырмалуу сот тармагында өзгөрүүлөр болууда. Бир тараптуу реформа жасалган жок деп айтууга болбойт. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан отуруп иштегенге жылуу кабинеттен баштап калем, кагазга чейин камсыз кылып иштөөгө шарт түзүп жаткандыктан Мекен алдында, эл алдында таза, адилеттик үчүн иштеп берүүгө милдеттүүбүз!
Алдаярбек АБДЫБЕКОВ
Нарын облустук сотунун судьясы