Легендарлуу педагог Бектур Исаковдун «Манас алиппеси»… Мугалимдерди ыйлаткан «Аралдык эненин зары»…

Легендарлуу педагог Бектур Исаковдун «Манас алиппеси»… Мугалимдерди ыйлаткан «Аралдык эненин зары»…

Талас облусунун Талас районундагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинде 55 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз Эл мугалими, республикага таанымал легендарлуу педагог Бектур Исаков 80 жашта. Агайыбыздын мааракесине арналган иш-чаралар Талас облусунун ар кай жеринде өттү жана өтүүдө… Жаш кыргыз тилчи мугалимдердин курултайы Таласта өтүп, жыйынтыгында КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫ наамына көрсөтүлгөн. Бүгүн, 26-мартта, 5-каналда саат 19:10до агайыбыз тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт.

«Жеӊишке айланган өмүрлөр«… 

Бектур агайыбыз менен сыймыктанып, эмгегин айтып келгенбиз жана айта беребиз. Агайыбыз тууралуу канча айтпайлы, айтылчу, жазылчу баяныбыздын чети да оюла элек. Манас таануу, кыргыз тили жана адабияты маселелери жана улуттук педагогика боюнча жалпысынан 56 китеп, илимий-усулдук окутуунун ыкмалары тууралуу 250дөн ашуун макалаларды жазган агайыбыздын эмгектери, жука-калың болобу, канча деген мээнет, түйшүк, изденүү, толгонуу, ойлонуу менен жазылганын ар бир барагы эле айтып турат… эми алар тууралуу кепти кийин улайлы…

А азыр… айта турган кебимди айылга бургум келип турат. Биздин айыл. Арал… Талас өрөөнүндөгү эң кооз, ажайып жерде жайгашкан чоң айылдардын бири эле, улам бир тарабына чоюлуп өсүп баратат. Ушул айылдан бир далайыбыз агайыбыздын сабагын окуп, талпынып өсүп чыкканбыз… үйдөгү агайдын мындан 22 жыл мурун (2000-жылы) чыккан «Жеңишке айланган өмүрлөр» аттуу жука китепчеси дайыма жылуулук тартуулап, айылым тууралуу көп нерсени эстетип турат. Айылыбыздын да таржымалы кызык. Китепчедеги уламыш боюнча, айыл ордунда тээ бир кезде Ойдуң-Көл деген көл болгон экен. Чынында эле эки тарабынан тоолор курчаган чөйчөктөй жерде биздин айыл. Анан ошол көл, эмне себеп болгону ким билсин, бир тарабынан асканы жырып агып кеткен экен. Биз шаардан ошол жырып кетти делген жактан айылга кирип барабыз. Эми айылыбыз алгач түшкөндө эле чоң айыл болгон эмес. Эл тоо-таш, кокту-колотто чачкын жашашкан экен, алгач Ж.Абдрахманов колхозу болуп, андан кийин Жаңы Турмуш, Талды-Булак, Биринчи Май, Терек башкалары кошулуп отуруп Октябрь, Большевик, Пионер, Коммунизм колхозу, анан Арал айылы болгон экен. «Жеңишке айланган өмүрлөр» китепчеде ушунун баары айтылган. Китептин дагы бир баалуулугу — тээ Улуу ата мекендик согуш болгондо, биздин айылдан майданга аттанып, кан кечип, от кечип Жеңишти алып келип, кайтып келген жана кайтпай калган аталарыбыздын баяны жазылган. Биздин айылдан Улуу Ата мекендик согушка 222 адам кеткен экен. Алар тууралуу маалымат алгач 1975-жылы, кийин 1987-жылы, 1999-жылы такталганы жазылган.

Мен Талас шаарына, кийин Кемин шаарчасында окуп, 8-класста айылымдагы мектепке кайтып келгем. Анда Коммунизм колхозу болчу. Мектебибиздин күн батыш жагында «Биз жеңишке айланып кеткенбиз» деген жазуу жазылган эстелик бар эле. Ошол жерге барып эле сүрөткө түшө берер элек. Анын тарыхына кызыгып ата-энемден сураганда, ал сөз Бектур агайга таандык экендигин айтышкан. Агайдын китебиндеги маалыматка таянсак, эстелик мектептеги бир топ мугалимдердин күчү менен тургузулган. Андагы мектеп директору Аскарбек Напасов монументтин тургузулушуна жетекчилик кылса, Абдысадыр Турусбеков, Молдокул Тайтаков, Токтосун Артыкпаев агайларыбыз идеяны ишке ашырышкан. Ал эми Жаныш Кулманов агай курулушуна үлүш кошкон. Ушундай мыкты мугалимдерибиз болбосо эстелик турбай калмак экен.

Угуучуларды ыйлаткан окуучулар…

Мындан тышкары, агайдын бул китепчесинде «Аралдык эненин зары» кошогу жазылган. Аны классташыбыз Асылкан Жаналиева, бизден ылдыйкы класста окуган Зейнегүл Байсалбекова, Нуржамал Боромбаева кыздар жогорку деӊгээлде чеберчилик менен көркөм окуп, угуучуларды ыйлатканы, ачык сабакка катышкан мугалимдерди жашытканы айтылыптыр. Дал ушул кыздарыбыздын монолог айтканын Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, классташыбыз Ленакан Жумалиева дагы эскериптир…

Ленакан ЖУМАЛИЕВА: «Футбол тобу менен искусствону түшүндүрүп бергени эсимде…»

Ленакан Жумалиева Бектур агайыбыз жана сиӊдиси Раушан менен

Ленакан союз мезгилинде Бектур Исаков агайыбыздай мыкты мугалимдер иштегендиктен, мектебибиз билим деӊгээли жагынан  мыкты мектептердин алдыӊкыларынан болгонун баштапкы класс жетекчиси Ясли эжеден укканын айтып, агай өткөн уникалдуу  сабактарды мындай деп эскерди:

— Бектур агай бизге 5-класстан баштап сабак бере баштаган. Бир курдай доскага футбол тобун тартып, ар бир бөлүгүнө сүрөт, музыка, адабият, архитектура деп жазып, ал искусство, маданият болорун түшүндүрүп берген эле. Нени айтып берсе да, муюп угуп, кино көргөндөй эле болчубуз. Себеби агай сүрөттөп, элестүү айтып берчү да. Анда дагы көзүңөрдү жумуп элестеткиле дечү. Көзүбүздү жумуп, агайды укканда ошол дүйнөдө жүргөндөй эле болчубуз… Сочинение жаздырчу, аны талдаганга келгенде кыйсыпыр түшүп калчубуз. Эки командага бөлүнүп, оң жагы сочинениенин артыкчылыгын айтса, сол жагы кемчилигин айтчу. Сын көтөрө албай, бири-бирибиз менен кер-мур айтышып калчубуз. Бизди карап олтурган агай борс-борс күлүп калар эле. Ыр жазган окуучуларга залкар акын, жазуучулардын китептерин белекке берчү. Сиңдим Раушан уйкаштырып чиймелеп ыр жазып калчу. Бир күнү кубанып келди, «Бектур агайга жазган ырымды окуп берип, айтылуу Алыкул Осмоновдун китебин белекке алдым» деп. Агайдын колунан мындай белек алуу өтө чоң сыймык болчу. Сиңдим менен кошо биз дагы аябай кубанганбыз.

Монологду мыкты айтып, угуучуларды ыйлаткан Асылкан Жаналиева

Агай чыгармаларды көркөм окутуу жагынан да мыкты окуучуларды тандап алчу. Биздин класстан Асылкан Жаналиева эненин монологун укмуш айтчу. Ал согуштан баласы келбей калган эненин арманын, Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун «Ажар» повестиндеги Ажардын монологун көркөм айтканда, жүрөк титиреп, көзүбүздөн жаш агып кетчү… Агай сабак учурунда жазуучулардын чыгармаларындагы каармандардын образдарын да айттырчу. Кыргыз эл жазуучусу Аалы Токомбаевдин «Жараланган жүрөк» повестиндеги Бектурган карыянын муңдуу баянын Мукан Калназаров жакшы айтып берчү. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Алтынайдын жеңесинин ролун Самара Турдугулова аткарганда, класс кыраан-каткы болуп эле жатып калчу. Таланттуу классташыбыз актрисалардан кем калбай эле аткарчу да…

Анан да Бектур агайыбыз кыраакы болчу. Жакшы окуган балдарды байкап калса, «Сен жогорку окуу жайдын бул бөлүмүнө тапшыр» деп өзүнө айтып же анын үйүнө барып ата-энесине «Балаңарды окуткула!» деп айтып кетчү. Эсимде, агай менин инимди «журналист кесибине жөндөмү бар эле, башка окууга окутуп койдуңар» деп нааразы болгон. Тилекке каршы, ал иним азыр жок, каза болуп калган.

Биздин замандын да, азыркы муундун дагы эң мыкты мугалими Бектур агайды 80 жылдык мааракеси менен куттуктайм! Узун өмүр, бакубат жашоо, бекем ден соолук каалайбыз!

Аралдан келген «Манас алиппеси»…

Жогоруда классташым Ленакан «агайдын колунан китеп алуу сыймык эле» деп айтпадыбы. Ооба, сыймык. Мен жакында эле эӊ чоӊ, кымбат белек Бектур агайдын кол тамгасы коюлган «Манас алиппеси» аттуу китебин алдым. Ардактуу агайым «Кыргыз Радиосундагы» журналист кызы, кесиптешим Нуркыздан берип жибериптир. Ал китептин башында агайдын: «Ар дайым ноюбаган, кабагым-кашым дебей калбаат жана жайдары өмүр кечирген Жакшылыктын кызы Назирага! Чыӊ ден соолук, кажыбас кайрат каалаймын» деген каалоосу жазылыптыр. Окуп алып аябай кубандым.

Билим, илимдин ачкычын тапкан, окуучулардын шык-талантын ачкан, бизге үлгү, мугалимдер арасында күзгү болуп келаткан агайымдын баалуу белегине тереӊ ыраазычылык билдирем! Кудай жаштан айтып, узак жашап, 100 жашка чыгыӊыз!

Токтобүбү САЛИЕВА: «Бектурдун китеп окуп калганына атасы себепкер…»

Апамдын айтымында, Бектур агай кызмат, бийлик, байлыкка жулунган да, кызыккан да эмес. «Мен билимдүүмүн» деп төш какпаган, бой көтөрбөгөн, жөнөкөй, адамгерчиликтүү инсан, элеттен чыккан мыкты мугалим. «Мектепке директорлукка далай жолу сунушталганын, ал кызматтан баш тартып койгонун далай укканыбыз бар. Бирок, ошону деле өзү айтып мактанчу эмес. Андан башка дагы чоң кызматтарга, депутаттыкка далай жолу чакырылганы менен баш тартып келди, «элетте эле жөнөкөй мугалим болуп калам» деп. Толтура сыйлык, наамдарды жаштайынан эле алып эле жатты, бирок, бир дагы жолу мактанган жок. Китепти көп окуп, кызыгып калганына атасы Ысаак себепкер болгон. Кичинесинен эле баласына толтура китептерди сатып берген. Апасы Кенже эжебиз сарымоюн уруусунун кызы. Бул жагынан алганда Бектур агайыңар сарымоюнга жээн болуп калат«, -дейт апам.

Кенже эжебизди (апчебизди) көрүп, кеп-кеӊешин угуп калдык. Узун бойлуу, тереӊ ойлуу, ажарлуу акылман адам эле… Бектур, Амантур деп балдарынын кылган эмгектерин айтып, сыймыктанып, келиндерин мактап калчу…

Апамдын айтымында, агайдын 56 китеп жазуусуна өмүрлүк жары Сабира Бегалиева эжекебиздин салымы зор. «Сабира Арал орто мектебинде орус тил жана адабиятынан сабак берип, 40 жылдан ашуун эмгектенди. Бектурдун китеп, макала жазганына эң жакшы шарт түзүп берген Сабира эжейиңер», — дейт апам. Бул чындык, чыгармачыл адамга жакшы шарт түзүп бербесе, таланты ачылбай калат. «Азаматтын ак таңы — алган жары, өмүрүн улап турган — балдары» дегендей, агай-эжебиз тарбиялаган таланттуу 8 баласы бар. Кызы Каныкей ыр жазат, абдан жакшы жазат. Ал жакында эле алтын апасына 8-мартта арнап ыр жазган. Келгиле, чогуу тыңдайлы:

Каныкей ИСАКОВА: «Апам барда мен да жашмын, кичине, Эдиреңдеп кирем күндүн ичине…»

Ак бешиктин термелгенде ыргагы,

“Алдей бөпөм…” кайталанган ыр дагы.

Алакандын жылуусуна магдырап,

Аппак сүттүн таңдайдагы жыргалы.

Жан дүйнөмдү азыктанткан кубатка,

Алсыз мезгил, алсыз өткөн жыл дагы…

Коломтодо учкун болуп жагылган,

Бүркүм мээрим ысык күйгөн жалындан.

Күндөр мага муш кезесе аянбай,

Апакемдин үнү тосот жалынган…

Жараткандын анан апам алдында,

Ушул аалам тизе бүгүп, багынган…

Арык колдор, тарамышы көрүнгөн,

Аппак саамай тең экиге бөлүнгөн.

Кичинекей тулкудагы зор жүрөк,

Азыр деле кубат берет өмүрдөн.

Басса — турса балам кандай алың деп,

Санаа чегет, терең ойго чөмүлгөн…

Апам барда мен да жашмын, кичине,

Эдиреңдеп кирем күндүн ичине.

Басып барам чыйыр салган апакем,

Татаал жолдо төтөлөгөн изине.

Апам барда башын ийип тургансыйт,

Бул жашоонун улуу көчү тизиле…

Апа — ааламда бузулбаган эстелик,

Жамандыкка турган талбай сес берип.

Тирүүлүктүн улануучу кадамы,

Апалардын мээриминен эстелип.

Энелерди аздектебес урпактар,

Чайналат чын, сыноолорго кептелип…

Апам — мээрим, апам — жаз, жай саратан,

Апам дүйнө — көзүм жетпейт карасам.

Апам берген аппак сүттүн күчүнөн,

Мен да өзүм бүтүн дүйнө жаратам.

Муздаса да күндөр жаздын деминен,

Муздабасын энелерде алакан…

«Адам болуп жаралуу оңой, адам болуп жашоо татаал» деген Каныкей телерадиого чакырылып, атасынын педагогикалык ишмердүүлүгү, ата-энесинин зор эмгеги тууралуу айтып жүрөт. Ушундай таланттуу кыздарды жана канчалаган окуучуларды тарбиялап, талыкпай эмгектенип, өрнөктүү өмүр сүрүп келаткан Бектур агай менен Сабира эжейге бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!

Назира СААЛИЕВА

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.