«Ыйман нуру» партиясы алдыдагы шайлоого катышпай турган болду. Мындай чечимди ким кабыл алган?

«Ыйман нуру» партиясы алдыдагы шайлоого катышпай турган болду. Мындай чечимди ким кабыл алган?
“Ыйман нуру” Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеңешине кайра шайлоолорго катышпай турганын партия лидери Нуржигит Кадырбеков «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди партиянын саясий кеңеши кабыл алган.
«Ыйман нуру» партиясынын чечими:
  • — 2020-жылдын август айындагы курултайда бекиткен программа боюнча иш-аракетин улантат;
  • — өткөн жергиликтүү шайлоолордо эң мыкты жыйынтык көрсөтүп, он шаарда депутаттык мандаттарга ээ болду (бир шаарда шайлоо жыйынтыгы кайра жокко чыкты). Эми жергиликтүү депутаттар менен тыгыз иштеп, региондогу калаалардын өнүгүшүнө салым кошууга күчүн жумшайт;
  • — партиялык курулуш ишин улантуу менен бирге алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоолорго даярдык көрөт.
Эске сала кетсек, быйыл 11-апрелде шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо болуп өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс боюнча чыр чыгып, бир катар шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.