Эсен болуп, эстей жүр!
РЕДАКЦИЯДАН: 15-сентябрь. Бүгүн кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис ЭШИМКАНОВ көз жумган күн. «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болгон, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмерден ажыраганыбызга 11 жыл болуптур. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 9-декабрда 60 жашка чыкмак экен…
«Мелис, Эрнис орус тилинде да мыкты жазган журналисттер эле…»
Агабыздын 60 жылдыгын утурлай, редакциябызга эскерүүлѳр келүүдѳ… Агабыздын аты аталган жерде бир тууган иниси Эрнис АСЕК уулу жана элдин эсинде калган «Асаба» аталып келет. Мына, бүгүн да редакциябызга жакшы адамдан эскерүү келип түштү. Ал — «АРДИ» майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин председатели Турдубү (Тамара) Жумабекова.
— Мен бүгүн эки гений ага-ини – Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу тууралуу сѳз кылмакчымын. Себеби, бул эки инсан канча деген элге жардам берген жакшы адамдар болчу. Адамгерчиликтери бийик инсандар эле. Алгач Мелис Эшимканов тууралуу айтсам. Ага мен капысынан эле 1994–жылы кайсы бир иш-чарада жолугуп калдым. Анда ал эл сүйүп, кууп, издеп таап окуган «Асаба» гезитинин башкы редактору болчу. Ошентсе да Мелис бой кѳтѳргѳн жок. Кичипейил эле.
Ал-жайды сурашкандан кийин, «Эже, эмнеге кѳрүнбѳй калдыңыз?»,-деди. Мен ага үйдѳ отуруп калганымдын себебин айттым. «Тогуз жыл мурда кыздуу болгом, ал майыптуулукка дуушар болуп калды…» деп үнүм каргылданып кетти… Боорукер, жароокер Мелис мени редакциясына ээрчитип барып, кабинетинен кѳп жакшы сѳздѳрдү айтып, мага күч-кубат берди. «Эже, сизге бир китеп берем. Ал сиздин рухуңузду, духуңузду кѳтѳрүп, кайгыңызды басып, күч-кубат берет»,- деди жаркылдап. Кичинекей бир китепчени (брошюра) колума карматты. Ал «Жакандан жакшы кабар» деп аталыптыр. Сырткы мукабасы аябай жакшы жасалыптыр, алманын бажырайган гүлү тимеле ѳзүнѳ тартат адамды. Мага аябай жакты. Үйгѳ келип, дароо эле окуп чыктым. Жүрѳгүмѳ тынчтык келгендей болду…
Мелис ошо бойдон тынчып калган жок, телефон чалып, акыбалымды сурап турду. Бир күнкү баарлашуубузда, ал майыптыгы бар адамдардын кѳйгѳйү тууралуу макала жазып берүүмдү суранды. Дароо эле жооп берген жокмун, кѳпкѳ ойлондум. Анткени агезде кѳйгѳй азыркыдан да алда канча кѳп болчу. Ары-бери ойлонуп, толгонуп отуруп, акыры «Мамлекет майыптарды бир чуӊкурга кѳмѳбү?..» деген аталышта макала жазып Мелиске бардым. «Эже, бул макалаңызды Эрнис Асек уулуна алып барып бериңиз»,- деди.
Эрнистин кабинетине бардым. Ал жапалдаш бойлуу, кѳз айнек тагынган жигит экен. Мага аябай сүрдүү кѳрүндү. Ордунан тура калып, жылмайып амандашып, мени жылуу кабыл алды. Макаламды бердим. Ал колуна алып, дароо эле, тез окуду да, «Асаба» гезитинде иштеген сүрѳтчүнү кабинетине чакырды. «Бул макала жакшы экен. Ушуга ылайык кылып, жакшылап сүрѳт тартчы!»,-деди ага. Ошентип ал макалам жарык кѳрдү. Сүрѳтчү майыптыгы бар адамдарды аябай чырмап байланган, үстүндѳ Ак үй турганын тартыптыр… Макалам болсо күчтүү чыкты.
Ошондон баштап «Асаба» гезитинин редакциясына кѳп каттай баштадым. Анткени алар менден майыптардын турмушу боюнча кѳп маалымат ала башташты. «Майыптыгы бар адамдардын турмушун кантип оң жолго салсак болот, ыя?» деп Мелис кѳп ойлонуп, толгончу. Жасалмасы жок, чын жүрѳгүнѳн айтып, күйүп-бышканы сезилип турчу…
Мелис ѳзүнүн башынан ѳткѳргѳн турмушу тууралуу да айтып берген. Атасынан эрте айрылышыптыр… «Кыргыз Эл жазуучусу Кубат Жусубалиев ата ордуна ата болуп, бир топ түз жолго салганын, ошондон улам аны пир туткан адам катары кабылдаганын айтып берди эле. Кубат аганын «Муздак дубалдарын» айтып түгѳтѳ алчу эмес. Ал кишинин философиялык эмгектери бааланып, баа берилбегенине аябай ѳкүнчү.
Ошентип, Мелис «Эл Бей – Бечаралар» саясый партиясын түптѳѳнү баштаса, кѳп тармактуу проблеманы эл да кѳтѳрѳ баштады. Эл Эшимкановду ээрчип, аны колдоп, партиясына мүчѳ боло башташты. Партияда аябай чоң комитеттер түзүлгѳн: жумушсуздар, майыптар ж.б.у.с. Мен майыптыгы бар адамдардын жана алардын үй-бүлѳсүнүн комитетине координатор болуп дайындалдым. «Быссымылда» деп ишти баштаганда эле Мелис кѳптѳгѳн майыптыгы бар адамдардын проблемаларын чечип берип турду. Ал психолог да болчу, ким кайсыл ишти алып кетээрин билип, координаторлорду туура тандачу. Баарыбызга шык, дем-күч берип турчу. Партияда гана эмес, «Асаба» гезитине да жакшы журналисттерди топтоду. Атай кетсем, Эрнис Асек уулу, Жолдошбек Зарлыкбеков, Мамат Сабыров, Кубат Оторбаев, Сүйүн Курманова, Динара Бейшеналиева ж.б. Алар партияга мүчѳ болобуз деп кайрылган элдердин кѳйгѳйлѳрүн болгонун болгондой, гезит бетине байма-бай жарыялап турушкан. Албетте, аларга Мелис туура багыт берген. Иниси Эрнис да ѳзүндѳй кыргыз, орус тилинде таза сүйлѳп, мыкты жазган журналист, котормочу болчу. Котормолорун окуп жүрдүк. «Чындыкты чагылдырган жападан жалгыз мыкты гезит» деп эл «Асабаны» жакшы окушту. Гезит окумдуу болгон үчүн андагы журналисттер элдин эсинде калды да.
Мелистин «Асаба» гезити менен кошо эң күчтүү, элдин жүгүн кѳтѳрѳ турган, таанымал саясий партия болуп «Эл Бей – Бечаралар» партиясы да эл алдына жаркылдап жарыкка чыга келди. Мелис Эшимканов партиянын лидери болду. Съезд ѳткѳрүү жакындап калды. 1995-жыл эле. Мен Мелистин кабинетине кирип, майыптыгы бар бир үй-бүлѳ баласы менен кыйынчылыкта үйү жок, складда жашап жатканын айтсам эле, «Эже, барып кѳрүп келели» деп шашты. Акча, тамак-аш ала барганбыз. Андан чыкканда эле Мелис: «Канткенде үй алып берсем экен?» деп аябай кейиди. Бир күнү мени чакырып, «Асыл эжеге барыңыз, абалы тууралуу кат даярдап турсун.
Съездге президент Аскар Акаев катыша турган болду. Ал сүйлѳп бүтүп ордуна отурганда, катты колуна карматканга үлгүргѳнгѳ мүмкүнчүлүк түзүп берели»,- деди. Алдын ала сүйлѳшүүдѳгүдѳй, Асыл жазган катын сахнада президиумда отурган презденттин колуна карматты. Эки айдан кийин Асыл Патриса-Лумумбу кѳчѳсүнѳн эки бѳлмѳлүү үйдү белекке алды. Мелис ушундай асыл адам болчу. Колунан келген жардамын эч кимден аячу эмес. Досу Мамат Сабыров бир эскерүүсүндѳ айтыптыр го, «Мелис эч кимден эч нерсе аячу эмес, акыркы тыйынын да берчү» деп. Туптуура, Мелис так ошондой адам эле..
Мен АРДИни иштетип кетүүгѳ Мелистин чакыруусу менен барып, андан чоң тажрыйба алгам. Ал аны иштетип кетүүгѳ чоң жардам берген. 1995-жылдын 2-декабрында ушул уюмду ачкам. Мелис мыкты уюштургуч болчу. Кѳзү тирүү болгондо дагы да болсо кѳптѳгѳн иштерди жаратмак. Арман дүйнѳ, арабыздан эрте кетип калды, ѳкүнүчтүү. Чындыкка тике караган, мыкты инсан эле. Артынан Эрнис иниси агасынын так Мелистин жашында (49 жашында) кеткени дагы бизди ѳкүнттү…
Эрнисти мен Тынчтык жездебиздин 60 жылдык тоюнда кѳрдүм, 2014-жылы. Ал жерден мени кѳрүп, жаркылдап учурашты. Жанында келинчеги Назира туруптур. Таңгалып эле калдым, себеби, Назира экѳѳбүз бир айылданбыз. «Кыргыздын мыкты жигити бизге күйѳѳ бала болуптур» деп Назиранын тандоосуна кубандым. Тилекке каршы, Эрнистен да 2020-жылы ажырап калдык.
Ошондон бери «Алакандан» Назира сиңдимдин арманын эле окуп келатам…
Быйыл, 21-майда белгилүү диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатууда капысынан Назирага жолугуп калдым. Кѳңүл айтсам эле кѳзүнѳн жаш кетти… Анын жоктоо дартын жеңе албай келатканын кѳзүнѳн кѳрүп турдум, сѳзүнѳн туюп турдум…
Эми эмне дейм, Назира, Асел, силер бактылуусуңар. Анткени силер эң мыкты инсандардын жубайлары болдуңар. Кайрат кылгыла, курандан башка арга жок. Жакшы кишилер да Кудайга керек дегенге ишенем. Керек экен, Алла Таалам алып кетти. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун!
P.S. Журналист Данияр Исановдун эссеси бу ШИЛТЕМЕде.