Арал орто мектебиндеги жолугушуу…
Талас облусунун Талас районундагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинде 55 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип келаткан Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз Эл мугалими, республикага таанымал легендарлуу педагог Бектур Исаков 80 жашта. Агайыбыздын мааракесине арналган иш-чаралар Талас облусундагы аймактарда өттү жана өтүүдө…
14-октябрда Арал орто мектебине мугалимдер барып, Бектур агайга жолугуп кайтышты. Бул тууралуу Бакай-Ата районундагы В.И.Ленин орто мектебинде 9 жылдан бери окутуучу болуп эмгектенип келаткан, кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими Нуржамал Боромбаева билдирди.
«Бектур агай жылы» деп жарыяланган…
«2022-2023-окуу жылы «Бектур агай жылы» деп жарыялангандан тартып Бакай-Ата районунун Билим берүү бөлүмү бир жылдык иш пландарын бекиткен. Анын алкагында, 14- октябрда ушул райондун «Бектурчулары» агайдын азыркы күндө дагы үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарга «Манас» сабагын кыттай куюп, сабаттуулугун арттырып жатканын өз көзүбүз менен көрүп, ага күбө болуп, Эл мугалими эмгектенген Арал айылындагы Касымкул Нанаев орто мектебинде болуп кайттык. Атайын ат арытып барган кыргыз тилчилер түйшөлткөн суроолорун берип, агайдын омоктуу ойлоруна, кеп- кеңештерине карк болуп кайтышты»,-дейт Нуржамал Боромбаева.
«Бектур Исаков — менин агайым» деп жар салгым келет…»
«Мугалим — чырпыктан чынар өстүрөт» деген учкул сөздү окуган, уккан сайын 55 жылдан бери ыйык кесипти аркалап, ар бир көчөттү кулагынан тартып өстүргөн багбан сымал ар бир окуучусунун шык- жөндөмүнө жараша келечегине туура багыт берип шыктандырган Эл мугалими Исаков Бектур агайымдын даанышман элеси көз алдыма тартыла түшөт да «Бектур Исаков — менин агайым» деп өзүмчө эле мактанып, сыймыктанып жанымдагыларга жар салгым келет.
Ооба, бүгүнкүнүн Дүйшөнү — Бектур агайдын таалимин алып мамлекетибиздин билим тармагына, маданиятына салымын кошуп келе жаткан акын-жазуучуларыбызды, эл агартууга эмгеги сиңген мугалимдерибизди, таланттуу актер-актрисаларыбызды, коомдук ишмер жана башка кесиптерди аркалап эмгегинен баар тапкан шакирттерин санай берсек, барак түтпөс! Биздин үй-бүлөдөн эле эжем, синдим, келиним — мугалим.
Бала күнүмдө догдур болом деген оюм агайым сабак бере баштагандан (7-класстан) баштап өзгөрдү. Агайым 1968-жылы негиздеп, өзү жетектеген «Чабыт» аттуу жаш мугалимдердин мектеби тууралуу 1984-жылы Москвада өткөн Бүткүл союздук илимий-практикалык конференцияда доклад окуп ВДНХнын күмүш медалына татыган экен.
Ошондон көп өтпөй эле Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин усулкана борбору «Исаковдун алдыңкы тажрыйба мектебин» уюштуруп, андан республиканын ар кайсы булуң-бурчунан келген мугалимдер агайдын сабагына катышып, педагогикалык устаттыкты үйрөнүп кетишчү. Ага мисал Манас районунун мугалими Б.Айтымбетованын гезитке жазган макаласынан үзүндү келтирейин. «Миң уккандан бир көргөн артык» деп атайын агайдын атын угуп, жолдун алыстыгына карабай Арал орто мектебине бардым. Класстын арт жагынан жоон топ мугалимдер орун алдык. Арасынан тааныганым профессор, окумуштуу Советбек Байгазиев болду. 10-класста адабият сабагы — «Ыр — атылган ок» деген темада экен. Ушунчалык көп мугалимдерден окуучулар сүрдөп да коюшкан жок, биринен сала бири дил баян окуп, оң жана туура эмес жерлерин сындашып жатышты. Байкасам, класста кайдыгер отурган бала жок. Арасында талаш кызыганда агай: «Сен кандай ойлойт элең? Оюңду кош, тартынбай сүйлө!» деп сүрөп жатты. Акырында дил баяндарды баалап, ыраазычылык билдирди. Демек, Бектур агай койгон проблемалык ситуация Токтогулдун ырлары жана философиялык саптары менен чечилди. Окуучулардын сөз байлыгына, кудум артисттердей үн кубултуп окугандарына биз суктанып олтурдук. Агайдын чеберчилигине таң бердим. 45 мүнөттүк сабакта окуучулар менен дил баян аркылуу ар кимисинин ички дүйнөсүн билип, аларды искусствонун түрлөрүнө кызыктырып, ар биринин жүрөк кылдарын тартып, психологиялык жагдайларына көңүл бурганы мени аябай таңгалдырды. Мына, сага ачылыш! Бул сабак менин педагогикалык өмүр жолумда бурулуш жасап, жаңы нукка бурду»- деп жазган Б.Айтымбетова.
Мен ошол кезде 10-класстын окуучусу элем. Ошол сабакта — «Кумду шилей басып келем, Бутумда кишен..» деп Токтогулдун ролунда ыр айтканым алигүнчө эсимде. Классташтарымдын баары таланттуу эле, эмне образ берилсе тартынбай аткарышчу…
1989-жылы орто мектепти аяктап, алгач бухгалтерлик кесипти окуп, кийин журналистиканы тандап, КТРде иштеп калдым. Бир күнү Бектур агайыма капысынан жолугуп калсам: «Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Сенин ордуң мектепте! Окуучу кезиңде эле даяр мугалим эмес беле?»,-деди. Мектепте окуп жүргөн кезибизде эле агайдын «Жаш педагог» аттуу ийримине катышып, окуучуларга райондук, облустук семинарларда, атүгүл мугалимдердин республикалык слетунда адабият сабагынан окуучуларга сабак өтүп бергеним эсимде.
Тагдыр экен, 2013-жылдан бүгүнкүгө чейин Бакай-Ата районунун В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келем. Бектур агайдын окуу китептерин (5-6, 7-9, 10-11-класстын «Кыргыз тили», 5-класс «Биздин адабият», 8-класс «Кыргыз адабияты», 3-11-класс үчүн «Манас сабагы») окутуп жатам. «Ушул китептердин автору — менин агайым» деп мактанып алам. Окуучуларга окутууда агайымдын усулдарын, ыкмаларын колдонуп өтүүгө аракет кылам.
XIX кылымдын II жарымында келген академик В.Радлов: «Кыргыздар эч буйдалбастан, токтоосуз шар сүйлөшөт. Алар оюн ачык, так айта билишет. Сүйлөгөндө сөздөрүндө белгилүү деңгээлде көркөмдүк сезилип турат. Сүйлөм артынан сүйлөм, ыр сабактары түрүндө келе түшкөндөй пикир калтырат» деп жазган.
Менин да педагог катары тутунган идеям Бектур агай айткандай, «Окуучуну дагы жеткиликтүү сүйлөтүү үчүн элибиздин көөнөрбөс тил байлыгын — Сөз берметтери топтому, Макал топтому, Санат сөз топтому, Мээр сөз топтому, Санжыргалуу казына топтому, Тил кутучасы топтому, Илхам кеп топтомун жадына сактатып, кыттай куя билишибиз шарт». Демек, окуучу оюн так айтып, буйдалбай сүйлөп, шатырата окушу керек. Ошондой эле агайдын дил баян жазууга көндүрүү ыкмаларын кеңири колдоном.
Электтик агайымдын 80 жылдыгынын урматына үстүбүздөгү жыл – «Бектур агай жылы» деп жарыяланып, ага Бакай-Ата районунун мектептерине агайдын иш тажрыйбасын жайылтуу, жаш мугалимдерге усулдарын тааныштыруу максатта Бакай-Ата районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кулукеева Бактыгүл эженин жетекчилиги алдында, райондун алдыңкы кыргыз тилчилери – Гүлмира Байбосунова, Наргиза Самакова жана мен, Нуржамал Боромбаева болуп 10 пункттан турган Жобо иштеп чыкканбыз. Окуу жылы башталары менен кесиптештерим, чыгармачыл эже-агайлар белсенип иштеп республикалык деңгээлге чейин жайылтууга жардам беришет деп ишенем жана түйшүктүү иштерине ийгилик каалайм.
Ал эми агайымдын аты аталганга чейин эле айтыла турган сыйлыктарын, алган наамдарын тизмектесек бир барак толчудай. Эң башкысы агай чыныгы Эл мугалими. Азыркынын Бакайы болгон Бектур агайга «Эл Баатыры» наамы ушул жылдын 4-февралында өткөн агайдын 80 жылдык курултайында жалпы курултайдын катышуучулары тарабынан сунуш кылынган эле. «Эл Баатыры» наамы эртерээк берилишин Талас эле эмес, жалпы кыргыз эли күтөт.
Бектур агай, бар болуңуз! Дагы далай булактын көзүн ачып, жандүйнөсүнө мээрбандыктын нурун себе бериңиз, ардактуу менин агайым!
Нуржамал БОРОМБАЕВА
Мугалимдер жазган ЖОБО
Талас облусунун Бакай-Ата районунун мектептерине “Чабыт” чыгармачыл мугалимдердин ийриминин ЖОБОсу.
Максаты:
Бектур Исаков агайдын көрөңгөлүү көчү кагазда гана калбастан, көчтү улоо максатында чыгармачыл мугалимдердин “Чабыт” аттуу ийримин уюштуруу.
“Чабыт” ийриминин түзүлүшү
Чабыт ийрими, илимий–педагогикалык, проблемалык лаборатория корутундусу негизинде мектеп базасында ачылат.
2021-2022-окуу жылы, апрель айы
Райондун аймагындагы бардык мектептерде “Чабыт” чыгармачыл мугалимдер ийрими уюштурулсун. (Мектептеги бардык предметтин мугалимдери катышат, жаш өзгөчөлүгүнө чек коюлбайт).
1. 2022-2023-окуу жылы, сентябрь-март айлары
Кыргыз тили жана адабияты, башталгыч класстарынын мугалимдери Бектур Исаковдун методикасынын негизинде көрсөтмөлүү ачык сабактар, класстан тышкаркы иштерди өтүшсүн. Жогорку деңгээлде деп белгиленген сабактар (#бектурагайбакайата хештеги менен) социалдык тармактарга жүктөлсүн!
2. 2022-2023-окуу жылы, ноябрь айы
Бектур Исаковдун “Манас алиппеси” китебинин негизинде окуучулар арасында мугалимдин чыгармачылык изденүүсү менен ар кандай тематикадагы иш-чаралар өткөрүлсүн!
3. 2022-2023-окуу жылы, январь айы
Тарых сабагынын мугалимдери Бектур Исаковдун демилгеси менен уюшулган коомдук “Манас таануу” академиясынын максаттары, милдеттери, ардактуу мүчөлөрү, “Айкөл Манас” сыйлыгына ээ болгон инсандар тууралуу илимий маалыматтык конференцияларды өткөрүү менен ар кандай темадагы докладдарды даярдашсын!
4. 2022-2023-окуу жылы, декабрь айы
Ар бир аймактан жетиден жаш мугалимдердин “Жеңилбес жетөө” аттуу таймашын өткөрүлсүн! (“Сабат алиппеси” боюнча даярданышсын)
5. 2021-2022-окуу жылы, апрель-сентябрь айлары
Бектур Исаковдун “Улууларга саякат” чыгармачыл изденүүчүлүк идеясын улантуу максатында окуучулардын өзү туулган айылындагы белгилүү инсандар, түрдүү уламыш, санжыра боюнча ырлар, дил баян, эсселерди жазуусу уюштурулсун!
6. 2021-2022-окуу жылы, май-август айлары
Улуу устаттын айылына саякат. “Чабыт” ийриминин мүчөлөрүнүн Бектур Исаковдун иш тажрыйбасы менен таанышуусу, жолугушуусу уюштурулсун!
7. 2022-2023-окуу жылы, октябрь айы
Ар бир мектепте тузүлгөн мугалимдердин “Чабыт” чыгармачыл ийриминин жардамы менен окуучулар арасында “Сабат сармерден” таймашы өткөрүлсүн.
8. 2022-2023-окуу жылы, февраль айы
Мектептерде иш алып барып жаткан “Чабыт” ийриминин мүчөлөрүнөн аймактык топ түзүлсүн жана аймактар ортосунда “Сабат сармерден” оюну өткөрүлсүн.( Акчал уулу Дүйшөн ат.ом аймагы – Султаналы уулу Кушубак ат.ом аймагы, В.И.Ленин ат.ом аймагы – Шаршенбай ат.ом аймагы ). Аймактык этапта жеңишке ээ болгон топ райондук этапка жолдомо алат.
9. 2022-2023-окуу жылы , февраль айы
“Сабат сармерден” оюнунун райондук этабы өткөрүлсүн!
10. 2022-2023-окуу жылы, апрель айы
Жыл бою өткөрүлгөн иш-чараларды жыйынтыктоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо, сыйлоо.
P.S. «Алакан» сайты легендарлуу педагог Бектур Исаков агайыбыз тууралуу жазылган эсселерди, макалаларды берип турмакчы…
One thought on “Легендарлуу мугалим Бектур Исаковго «Эл Баатыры» наамы эртерээк берилишин кыргыз эли күтөт!”