Кыргыз-тажик чатагы жана актуалдуу сунуштар

Кыргыз-тажик чатагы жана актуалдуу сунуштар

Иран дрондорунун коркунучу күчөдү

(Кыргыз-тажик чатагы жана актуалдуу сунуштар)

Орус элинде “акылсыз өз катасынан, акылдуу башкалардын катасынан сабак алат” деген кеп бар. Бул жагынан алганда жакынкы жылдары күч алып бараткан кыргыз-тажик чек арасындагы чатактардын өзү да, ага удаалаш дүйнө жүзүндө болгон окуялар да бизге сабак болгудай болду. Согуш аракеттеринин арасынан айрыкча Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш куралдын түрлөрү, тактика жана стратегия, ага байланышкан саясий кадамдар боюнча бизди ойлондура турган жагдайлары көп. Маселенин моралдык, укуктук жана саясий жагы өзүнчө иликтөөнүн предмети болгондуктан, биз бул макалада кыргыз тарапка пайдасы тийе турган же коркунуч келтире турган факторлор тууралуу гана өңчөй практикалык нукта кеп кылмакчыбыз.
Украин-орус жана кыргыз-тажик тирешүүсү: окшоштуктар жана айырмачылыктар
Окшош жактары:
а) Кыргызстан да, Украина да агрессияга кабылган өлкөлөр;
б) Кыргызстан да, Украина да гибриддик согуштун элементтерине дуушар болгон жана болуп келатат;
в) Кыргызстан да, Украина да согушуп жаткан тарап менен чек арасын тактап алганга жетишкен эмес. 1991-жылы бөлүнгөн кездеги шарттуу чек ара бар, бирок кол салган тараптар аны таануудан баш тартууда;
г) бул эки согушта тең советтик моделдеги курал-жарактар да, заманбап курал-жарактар да (мисалы учкучсуз учактар) ар кандай катышта колдонулууда. Башкача айтканда эски типтеги согуштан жаңы типтеги согушка өтүү иши биздин көз алдыбызда жүрүп жатат; д) эки мисалда тең маалымат согушу бир топ маанилүү ролго ээ болууда;
е) эки согушта тең кол салган тарап 1991-жылдары түзүлгөн чек араларды таануудан баш тартып, алда канча кеңири экспансионисттик пландарын ачык айтып жаткан кези;
ж) эки согушта тең мурун СССРдин курамында болгон мамлекеттер тирешүүдө.
Айырмачылыктары:
а) орус-украин согушунан айырмаланып, кыргыз-тажик тирешүүсү түздүктө эмес, тоолуу согуш театрында жүрөт;
б) Украина Батыштын курал-жарак, тышкы саясий кадамдар жагынан ар тараптуу колдоосуна ээ болсо, Кыргызстанга бул чатактарда анчалык даражада жан тарта турган тарап байкалбайт;
в) Орусиядан айырмаланып, Тажикстандын согуштук куралдарынын жалпы массасы, армиясынын саны Кыргызстандыкынан көп болсо да, бул айырмачылык орус-украин согушундай деңгээлде эмес;
г) украин тарап кыйла натыйжалуу колдонгон аймактык коргонуу комитеттери (территориальная оборона) Кыргызстанда ишке кире элек. Мисалы, тээ жазында Орусиянын аскерлери Киевге чейин кирип келгенде кадимки эле элден куралган бул түзүмдөр колдо болгон эле курал-жарак, анын ичинде Молотов коктейли менен орус армиясына кыйла натыйжалуу туруштук берди. Кыргызстанда чек арага жакын аймактарда ушундай түзүмдөрдү уюштуруунун зарылдыгын эксперттик коомчулук көп жылдан бери айтып келатат, бирок иш ордунан жыла элек.
Технологиялык үстөмдүк, Ирандын жанкечти дрондору жана геосаясат
Орус-украин согушу жаңыдан башталганда азербайжандык аскер эксперти Агил Рустамзаде украин тарапка дрон-камикадзелерди (жанкечти дрондорду) пайдаланууну сунуш кылган. Баарынан кызыгы, анын кеңешин украин тараптан мурун орус тарап пайдаланып, Ирандын “Шахед” жанкечти-дрондорун алып келип Украинага каршы колдонууда. Украин аскерлери алардын жарымынан көбүн атып түшүрсө да мындай коргонуу аракеттерине алда канча кымбат баалуу ракеталарды колдонууга мажбур болуп жатат. Украин армиясынын кемчилиги – мындай дрондорду кадимки эле пулемет менен атып түшүрүү алда канча жеңил болсо да аларга каршы аскерлерди даярдаган эмес. Эми гана сырын билип, ага каршы аракеттерин даярдап жатат, бирок ага чейин жарандык инфратүзүмүнүн бир топ бөлүгүн ушундай дрондордун соккусуна алдырып алды.
Ирандын бул дрондорунун артыкчылыгы:
а) алыска уча алгандыгы. Аскердик эксперттердин айтымында, ал 1000 чакырым жерге чейин жетет.
б) өтө төмөн уча алгандыгы. Бул аны абадан коргонуу системаларына каршы кыйла натыйжалуу кыла алат.
Кемчилиги:
а) өтө жай учканы. Дал ушундан улам аны кадимки эле ок атуучу куралдан (мисалы жакшыраак пулеметттордон) атып түшүрсө болот. Эгерде бул ыкманы өздөштүрсө бул алда канча арзан түшөт.
б) алыстан келатканда эле өтө катуу үн чыгарганы. Бул дрондорду украин аскерлери “мопед” деп атап алганынын себеби да ушунда;
в) баасы. Эксперттердин баамында, мындай класстагы дрондор үчүн Ирандын бул куралдары кыйла эле кымбат.
Геосаясат. Иран менен Тажикстан жери да кыйла жакын, эли да тектеш. Эгерде мындай дрондорду сурап кыргыз тарап менен тажик тарап барса, кыргыз тарапка сатуудан да баш тартып, тажик тарапка бекер же насыяга бериши толук мүмкүн. Украинада кыйла натыйжалуу колдонулганын билген соң тажик тарап бул дрондорго жакынкы жылдары сөзсүз кызыгат деп ойлоого толук негиз бар. Демек, бул жакынкы келечекте бизге келиши мүмкүн болгон ыктымал коркунучтардын бири.
Башка технологиялык өңүт жана кендирди кескен баалар
Украин согушунда орус армиясына каршы натыйжалуулугун көрсөткөн курал-жарактардын арасында танктарга каршы “Жавелин” аткычтары жана артиллериялык каражаттардын ичинен алыс атып, так тийген HIMARS системалары болду. Бирок алар Кыргызстандын шартында кыйла эле кымбат деп эсептегенге толук негиз бар. Украина менен Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү да, согуштук потенциалы да салыштырып болбой турган нерселер. Жакшы жери – аларды алганга Тажикстандын да чамасы чак.
Сунуштар
Жогоруда айтылган жагдайлардан улам, Кыргызстандын күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана бийлиги:
а) Баткен облусунда аймактык коргонуу комитеттерин түзүп, аларды: аскерлер менен кошо (I) жанкечти дрондор менен күрөшкө, (II) душмандын аскердик техникасын колдо болгон каражаттар, анын ичинде Молотов коктейли менен жок кылууга; (III) атчандар отряддары менен булуң-буйткадан сокку урууга эмитен үйрөтө бергени максатка ылайык;
б) Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн арзан жана натыйжалуу, тоо арасында шамдагай уча ала турган жанкечти дрондорду, ошондой эле танкага каршы заманбап каражаттарды сатып алуу зарыл;
в) Кыргызстандын чет жактагы технологияны жакшы билген жаштарынан ыктыярдуу топ түзүп, душмандын байланыш каражаттарына технологиялык чабуул коюунун жолдорун даярдаш керек. Кыргыз Республикасына каршы агрессиялык аракеттерди баштаган тараптын байланыш түйүндөрүн иштен чыгаруу өтө маанилүү.
Корутунду
Бул айтылгандар ачык маалымат булактарынан алынган материалдарга негизделген. Андыктан алар тактикалык жана стратегиялык жактан Кыргызстанга пайда алып келе турган, жабык булактардагы маалыматтарды жокко чыгарбайт жана аларга карама-каршы келбейт.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
21.10.2022-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.