Кожогелди КУЛТЕГИН: «Мар Ташымович төрт тарабы төп келишкен инсан эле»

Кожогелди КУЛТЕГИН: «Мар Ташымович төрт тарабы төп келишкен инсан эле»

Эсен болуп, эстей жүр!

29-октябрь. Бүгүн III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендин ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев каза болгон күнү. Маркумдун жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында ачылган Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору (жетекчиси Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин) эскерүү уюштурган. Эскерүүгө катышкан белгилүү инсандардын эскерүүсүн беребиз.

Кожогелди КУЛТЕГИН: “Дүйнөдөн кайтканын угуп жаман болгом…”

— Кыргыз Улуттук Академиялык театрдын ордунда атасы Ташым Байжиевдин үйү турчу. Бул кыргыз маданияты, адабияты үчүн өзгөчө мааниге ээ. Мар Байжиевдин айтканы боюнча, бул үйгө кыргыз адабият-маданиятынын каймактары, кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген улуу инсандардын баары келип-кетип жүрүшчү. Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Хусейин Карасаев, Касым Тыныстанов ж.б инсандар Ташым атабыздын үйүндө конок болуп, ойноок баланын көкүлүнөн сылап эркелеткени, кичинекей Мардын эсинде калган. Ал тургай, кимиси кандай сүйлөп, кантип каткырып күлгөнүн чын жүрөгү менен эскерип калар эле. Балалыгы өткөн жерде, жылдардын бир жылдарында, өзү жазган пьесалары коюлмагы үч уктаса түшүнө кирбегендир. Мен ал кишинин бул дүйнөдөн өтүп кеткенин уккандагы сезимимди, кандай кабыл алганымды айтып берейин. Жакшылык-жамандыкта өзүңдүн элиң менен чогуу болгон жакшы экен. Ал кезде Түркияда элем. Мар Байжиев жөнүндөгү суук кабардан денем муздап жаман болдум. Жанымдагы башка улуттун адамдарына күйүп-бышып айтсам, алар маалыматтын деңгээлинде гана кабыл алып коюшат экен. Үйгө барып жанымдагы жалгыз кыргыз аялга эшикти ачары менен “Мар Ташымович дагы өтүп кетти!”дедим. Майрамкан Абылкасымова, Аскар Какеев, Бексултан Жакиев, Мар агабыз төртөө катары менен кетип калышты. Кыргыз ушунчалык коңултактап, кыргыздын дүйнөсү, ааламы бош калгандай болду. Мар Ташымович төрт тарабы төп келишкен инсан эле. А кишиге муруту жарашкандай болуп, эл жазуучулук наамы, “Манас” ордени, депутаттык мандаты, чет өлкөдө жүргөнү, баары жарашчу.

Афина БАКИРОВА, «Эркин Тоо» гезити

«Манас»эпосун изилдөөгө зор салым кошкон инсан

Драматург, прозаик, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары чет мамлекетке чейин белгилүү болгон Мар Байжиев Жалал-Абад шаарында 1935-жылы 23-мартта туулган. Белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиевдин уулу, атасынан 6 жашынан ажыраган.

Балалык доору Фрунзе шаарында өткөн. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) орус тили жана адабияты факультетин, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун аяктаган. «Кыргызфильм» студиясында, Маданият министрлигинде, «Литературная газета» басылмасында эмгектенген. Драматургдун чыгармалары бир топ мамлекеттердин (Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдавия, Өзбекстан, Казакстан) сахнасында коюлган. Атай кетсек, «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Он экинчи күн», «Төрт адам» пьесалары. Бардыгы ийгиликке ээ болгон. Агабыздын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, «Өзбекфильм» студиясында «Нөшөр» тасмасы тартылган (1979-ж.). «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму» фильми тартылган. «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон, дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар: «Ак илбирстин тукуму» («Кыргызфильм»), «Чочун бакыт» («Өзбекфильм»), «Нөшөр» («Өзбекфильм»), «Нокдаун» («Кыргызфильм»), «Жиндилер поезди» («Кыргызфильм»), «Окуя» («Кыргызфильм»), «Алтын күз» («Кыргызфильм»), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм), «Эргулдар» (ЦТ “Москва”). «Окуя» жана «Жиндилер поезди».

Мындан тышкары, Мар Байжиев «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. «Манас» эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору. «Манас» эпосунун орус, англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбаковдун жана башка манасчылардын варианттары боюнча “Манас» эпосун орус тилине которгон. Д.Фурмандын чыгармаларын, А.Чеховдун, Ж.Коктонун пьесаларын кыргыз тилине которгон.

Интеллектуалдык деңгээли бийик, эки тилде (кыргыз, орус) мыкты жазган Мар Байжиев элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин маданиятын ар түрдүү жанрда даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги зор. Жогоруда Түгөлбай Казаков агабыз айткандай, айтылуу Айтматовдон кийинки эле кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан инсан.

Жубайы Мухаббат Рыскулбекова экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап, өстүргөн. Жалгыз баласы Азиз Байжиевден 2017-жылы ажыраган. 51 жашта гана болчу… Баласынын артынан эле апасы көз жумган. Мар агабыз 86 жашында былтыр (2021-жылдын 29-октябрында) акка моюн сунган. 31-октябрда акыркы сапарга узатканбыз. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдун эскерүүсү бу ШИЛТЕМЕде. Кыргыз Эл артисти Шайгүл Алсеитованын эскерүүсү бу ШИЛТЕМЕде.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.