Шайгүл АЛСЕИТОВА: “Мар Ташымовичтин акыркы сөзү “Манас” болду…”

Шайгүл АЛСЕИТОВА: “Мар Ташымовичтин акыркы сөзү “Манас” болду…”

Эсен болуп, эстей жүр!

29-октябрь. Бүгүн III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендин ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев каза болгон күнү. Маркумдун жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында ачылган Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору (жетекчиси Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин) эскерүү уюштурган. Эскерүүгө катышкан белгилүү инсандардын эскерүүсүн беребиз.

Шайгүл АЛСЕИТОВА: “Акыркы сөзү “Манас” деген сөз болду”

 — “Талантты талант баалайт” дегендей, “көч башы болгон Мар аксакалдан баштайын” деп,  элди жыйнап, эскерүү кечесин өткөргөн Кожогелди Култегинге терең ыраазычылык билдирем. Абдан жакшы сөздөр айтылды. Менин институтту бүтүп келгеним бир тең дагы, Мар Ташымович, Мираида Далбаева өңдүү залкарлар менен иштешип калганым бир тең болгон экен. Ошол үчүн мен улуу театрга ырахмат айтам. Кудай менин бактыма ушу адамды буйруп койгону үчүн ыраазымын. Өзү дагы “сен менин маңдайыма жазылган бактымсың” деп калганда “ой, анчалык эмне болуп кетти?” деп тамашалап калчумун“.

Төлөмүш Океев менен кирпиктин ирмеминен байкашчу элек. Кезигип, сүйлөшүп турчу элек.  Жолукканга шарт болбой калса, телефондон күлүп-каткырышып турар элек. Ал өтүп кеткенден кийин, «Аябай жетимсиреп, жаман болуп турам. Сенин дүйнөдө бар экениң кандай жакшы”,- деди.  Сатыбалды Далбаев каза болгондо “менин бир жүргөн замандаштарым, жакшы көргөн санаалаштарым кетип жатканына жүрөгүм тилинип, жаным кейип турат” деп ботодой боздоду…

Эми, жанатан бери адамгерчилиги, пьесалары жөнүндө айтылып жатат. Мен “Манас” эпосун орус тилине которгону жөнүндө айткым келип турат. 2008-жылы “Эмне үчүн биз “Манасты” орусча ойнобойбуз? Бизде жүздөн ашык улут жашайт, өз ичибизде деле “киргиздер” көп. Орус тилинде ойноп, элге жайылтсак болот да” деген ой келип, бул оюмду Мар Ташымовичке айтсам, “Жок, жок, мен которбойм” деп алгач көнбөй койгон. Ал киши эң мыкты деңгээлде которорун мен билип турам да. Эски славян тилин мыкты билип, орус тилин суудай сүйлөчү. Далысынан таптап, жакшы сөзүмдү аябай: “Сиз экинин бирисиз. Сиз кылбасаңыз муну ким кылат?” деп жүрүп акыры ийиттим. Арадан төрт айдай убакыт өткөндөн кийин мага “окучу” деп кол жазмасын көрсөтүп калды. Кол жазмасы начар эле, мен окуй албай кызыма компьютерден тердирттим. Окусам, миң жылдан бери окуп, көкүрөгүмө жатталып калгандай тааныш экен, көзүмөн жаш чыгып кетти. Бул эмгек котормо эмес, Саякбай, Сагымбай аталарыбыздан алынганы чындык, а бирок, Мар Ташымовичтин өзүнүн версиясы. Өзү дагы “Бул чыгарма менин, Байжиевдин версиясы” деп айтып эле жүрдү. Достукту, сүйүүнү ушунчалык сонун поэтикалык тил менен берген. Он бир ай дегенде жазып бүтүп, бет ачарын өткөрдү. Мыкты филологдор, философтор, манас таануучулар келип, ичинен бирөө “Мар, тим эле Пушкиндин жомокторундай жазыпсың” деп калды. Анткенинин себеби, бул эмгек өтө чебер жазылып, ар бир адамга жеткиликтүү эле. Орус тилинде болгону менен каармандардын образдары, мүнөздөрү таамай берилген. “Манастын” орус тилиндеги котормосу даяр болду, эми спектакль коелу” десем “радиодон эле окуп койбойсуңбу?” деди. “Ушунча котортуп алып радиодон эле окуп коюу жетишсиз го” деп сахнага ойноп чыкканга даярданып калдык. Бирок, бизге тааныш спектаклдердей эмес бул. Төртөөбүз эле бир учурда он-он беш ролду ойнойбуз. Мар Ташымовичтин башкы максаты актердун так сүйлөгөн тили, даана, бийик чыккан үнү аркылуу “Манастын” тилин, эпизоддорун, болуп жаткан окуяны көрөрмандарга жеткирүү эле. Биз орус драмалык театрында иштеп, бекер оюн койдук. Ырдан бир мүдүрүлсөң кайра оңой албайсың, чымындын үнү угулбайт, сахнада зырылдап турабыз. Оюн бүткөндөн кийин эл дүңгүрөтө кол чаап, сахнага жетимиштердеги байбиче чуркап чыкты: “Манастын” ким экендигин түшүнбөй келгем, бүгүн түшүндүм. Мен кыргыз деген улуу эл менен жашайт  турбаймынбы”,- деди. Андан кийин Опера балет театрында коюлду, жети-сегиз тилге которулду. Манас  өлгөндөн кийин Каныкейдин Семетей менен Чыйырдыны алып төркүнүнө качкан жерин “20 мүнөттүк тасма кылып тартам” деген. Тасманы тарта турган каражат, киночулар баары даяр болуп калган. Көрсө, көзү өтүп кетерине аз калган экен. Тойго кеткен элем, ошол жактан телефон чалсам, тили булдуруктап калыптыр, “Манас” деген сөзүн гана түшүндүм. Акыркы сүйлөшүүм ушул болуп калды, бир нече сааттан кийин ааламдан өтүп кетти. Бул күн 2021-жылдын 29-октябры эле.

Афина БАКИРОВА, «Эркин Тоо» гезити

Манас» эпосун изилдөөгө зор салым кошкон инсан

Драматург, прозаик, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары чет мамлекетке чейин белгилүү болгон Мар Байжиев Жалал-Абад шаарында 1935-жылы 23-мартта туулган. Белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиевдин уулу, атасынан 6 жашынан ажыраган.

Балалык доору Фрунзе шаарында өткөн. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) орус тили жана адабияты факультетин, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун аяктаган. «Кыргызфильм» студиясында, Маданият министрлигинде, «Литературная газета» басылмасында эмгектенген. Драматургдун чыгармалары бир топ мамлекеттердин (Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдавия, Өзбекстан, Казакстан) сахнасында коюлган. Атай кетсек, «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Он экинчи күн», «Төрт адам» пьесалары. Бардыгы ийгиликке ээ болгон. Агабыздын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, «Өзбекфильм» студиясында «Нөшөр» тасмасы тартылган (1979-ж.). «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму» фильми тартылган. «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон, дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар: «Ак илбирстин тукуму» («Кыргызфильм»), «Чочун бакыт» («Өзбекфильм»), «Нөшөр» («Өзбекфильм»), «Нокдаун» («Кыргызфильм»), «Жиндилер поезди» («Кыргызфильм»), «Окуя» («Кыргызфильм»), «Алтын күз» («Кыргызфильм»), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм), «Эргулдар» (ЦТ “Москва”). «Окуя» жана «Жиндилер поезди».

Мындан тышкары, Мар Байжиев «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. «Манас» эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору. «Манас» эпосунун орус, англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбаковдун жана башка манасчылардын варианттары боюнча “Манас» эпосун орус тилине которгон. Д.Фурмандын чыгармаларын, А.Чеховдун, Ж.Коктонун пьесаларын кыргыз тилине которгон.

Интеллектуалдык деңгээли бийик, эки тилде (кыргыз, орус) мыкты жазган Мар Байжиев элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин маданиятын ар түрдүү жанрда даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги зор. Жогоруда Түгөлбай Казаков агабыз айткандай, айтылуу Айтматовдон кийинки эле кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан инсан.

Жубайы Мухаббат Рыскулбекова экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап, өстүргөн. Жалгыз баласы Азиз Байжиевден 2017-жылы ажыраган. 51 жашта гана болчу… Баласынын артынан эле апасы көз жумган. Мар агабыз 86 жашында былтыр (2021-жылдын 29-октябрында) акка моюн сунган. 31-октябрда акыркы сапарга узатканбыз. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Кийинки жубайы Кыргыз Эл артисти Шайгүл Алсеитова. 

Назира СААЛИЕВА

P.S. Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдун эскерүүсү бу ШИЛТЕМЕде

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.