Керимбүбү ШОПОКОВА: «Сүйүүңөр күчтүү болсо, бардык кыйынчылыкты бирге жеңесиңер»

Керимбүбү ШОПОКОВА: «Сүйүүңөр күчтүү болсо, бардык кыйынчылыкты бирге жеңесиңер»

Эсен болуп, эстей жүр!

СССР Жогорку Советинин жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, КПССтин ХХI жана ХХIII съезддеринин, Колхозчулардын бүткүл союздук 3-съездинин делегаты, убагында Хрущевдин колун кармаган, Усубалиев менен иштешкен, кыргыз элибиз сыймыктанган Керимбүбү Шопокованын колун кармап, батасын алып калдык эле.

2007-жылы Сокулук районуна караштуу Шалта айылына барып, апа менен маектешкенбиз. Биз барганда бир аз сыркоолоп төшөктө экен, бирок, такыр сыр берген эмес. «Төргө өткүлө! Мени издеп келгениңерге ырахмат. Бир аз сыркоолоп калыптырмын. Атайын алыстан келипсиңер, алымдын келишинче сүйлөп берейин, айланайындар!» деп маек куруп берген. Андагы маекти 9-майга карата кайталап берип турубуз.

АРХИВден…

«Жолдошумдан ажырап, 24 жашымда жесир калдым. Эки айдын кийин уулуман ажырадым…»

— Апа, «Баатырдын Баатыр жубайы» деп сиз тууралуу көп жазылды, көп айтылды жана алигүнчө айтылып, жазылып келет. Бирок, үй-бүлөңүздөр тууралуу маалымат аз. Эки Баатырдын таанышканы элге кызык…

— Дүйшөнкулдун туулуп-өскөн айылы Шалта. Ал колхозунда тракторист болуп штеп жүргөндө, мен дагы өз айылымда иштечүмүн. Мен жөнүндө бирөөлөрдөн угуптур. Анан атайы издеп келип, таанышып кеткен. Таанышканда эле бири-бирибизди жактырып калганбыз. Буйрук экен, 1934-жылы баш коштук. 17 жашымда турмуштун туткасын кармагам. Бир кыз, төрт уул, 20 небере, 60 чөбөрө, бир кыбырам бар. Кыбырамдын аты Элмир, 3 жашта.

Бассам-турсам бала-бакыра, небере-чөбөрөмө: «Сүйүү менен турмуш курулат. Сүйүүңөр күчтүү болсо, бардык кыйынчылыкты бирге жеңесиңер» деп айтып олтурам. Дүйшөнкулумдун эрдигин да аларга айтып берем… Жолдошумду абдан сүйгөнүмдү жашырбайм. Ал келбеттүү, узун бойлуу, кең далылуу, балбан жигит болчу. Күрөшкө түшкөндө алдына ат салдырчу эмес. Дайыма жеңчү. Мелдештен уткан акчасына мага атыр, упа алып берчү.

— Жолдошуңуз канча балалуу болгондо согушка аттанды эле?

— Он сегиз жашымда Талжибек аттуу кызды төрөгөм. Ал кызыбызды Кудай берип, кайра бат эле алып койгон. Анан Асыл, Сатарбек төрөлдү. Дүйшөнкул экөөбүз жаш үй-бүлө болсок дагы жаңы уюшулган колхозго кошулганбыз. Жолдошум Кыргызстандагы алгачкы тракторист-механизитор болсо, мен колхоз талаасында иштеп, Чүйгө жаңыдан айдалып жаткан кант кызылчасын өстүргөм.

Бактылуу жашап жатканда согуш башталып калды. Дүйнөлүк миңдеген кыргыздар сыяктуу Ата Мекенди коргоо үчүн Дүйшөнкул өз эрки менен 1941-жылдын август айында майданга аттанган. Ошол жылдын ноябрында Волоколам шоссесинде 28 баатыр «панфиловчулардын» катарында Москваны карай жутунган гитлердик дивизиянын жолун тороп, кашык каны калганча душман менен салгылашып, баатырларча курман болгон.

— Кара кагазды кайсы жылы алдыңыз эле?

— 1942-жылы алгам. Ошол жылы жакшы көргөн жарыман ажырап, кара кагаз алып, 24 жашымда жесир калдым. Эки айдан кийин уулуман ажырадым. 1942-жыл мен үчүн оор, кара жолтой жыл болгон.

— Согуштан кийин, жетим балдарды асырап алып, аларды эрезеге жеткирдиңиз. «Көп баланын ичинен бир баласы гана жакын болот» деп эл ичинде айтылып келет эмеспи. Жашыруун болбосо, сизге кайсы балаңыз жакын?

— «Жаш кездеги мээнетти карыганда берсин дөөлөттү» дегендей, мээнетимди балдарым «апалап» дөөлөткө айлантышты. Баары ыймандуу, жакшы чыгышты. Турмушта  да өз ордуларын табышты. Мен ошого кубанам. Азыркыга чейин ар бир ишти мени менен акылдашышат. Акыл-насаатымды угушат. Алигүнчө баарын башкарам.

— Уулуңуз генерал Курманбек Кубатбековдун баласы Чыңгызды бөтөнчө жакшы көрөт деп уктук. Жакшы көргөн небереңиздин колундасызбы?

— Чынында 34 жаштагы неберем Чыңгыз мага өтө жакын. Мен дагы аны бөтөнчө жакшы көрөм. Бирок, анын колунда эмесмин. Замир неберемдин колундамын. Келинчегинин аты Нуржамал. Жакшы келиним бар, мени өз энесиндей карайт.

— Өзүңүзгө кандай мүнөздөмө бере аласыз?

— Беттегенимди бербейм, өжөрмүн. Өжөрлүгүмдөн гектарлап кызылча алдым да. Эмгегимди эл да, мамлекет да аябай эле баалады. 1957-жылы «Социалисттик Эмгектин Баатыры» деген наамга татыдым. 1997-жылы «Манас» ордени менен сыйландым. Сокулук районундагы чоң мектепке атым ыйгарылды. Жолдошумдун атынан аталган көчөсүндө жашап жатам. Бул көчөдө Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектеп менен музей жайгашкан. Эстелиги да бар. Краснооктябрьский поселогу Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгынын учурунда Шопоков деп аталып, шаар статусун алган.

— Жолдошуңуз канча бир тууган эле?

— Үч бир тууган эле, Дүйшөнкул улуусу болчу. Андан кийин эки иниси бар эле, алардын да көзү өтүп кетти… Абысындарым бар. Менден кийин Асыл. Кичүүсү Калиман. Экөөнө тең жоолукту өзүм салгам. Мени кайнене катары сыйлашат. Күнүгө келип, ден соолугумду сурап турушат. Абысын деген эле атыбыз болбосо, бири-бирибизге күйүмдүүбүз, бир туугандай эле болуп калдык. Менин бригадамда эмгектеништи. Эрте жаздан кеч күзгө чейин талаада жүрчүбүз. Таң супа салганда кетип, кечки күүгүмдө келчүбүз. «Эр эмгегин жер жебейт» дегендей, гектардан 700 центнер түшүм алып жаттык. «Жамандыкты амандык жеңет» дегендей, бардык күчүмдү жерден чыгардым. Кудай ушуну кут кылсын! Мен кыймылдуу адаммын. Таза абада басканды жакшы көрөм. Өзүмдү жакшы карайм. Кайсы тамак мага жагар-жакпасын билип, анан тамактанам. Чай ден соолукка зыян, ошондуктан кайнатым суу ичем. 90-жазды тосуп отурам. 1-январда 90 жашка чыктым. Чүй облусунун Сокулук районунуна караштуу Төш-Булак айылында жарды дыйкандардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Ата-энемден эрте ажырап калып, жетимчиликтин азабын тарттык. Үч бир тууган элек. Кичүү иним Мүсүркан каза болуп калды. Үйдүн улуусу менмин. Менден кийин Аргынбай, 85 жашта. Депутат Темир Сариевдин атасы.

— Анда сиздин өз фамилияңыз Сариева турбайбы ээ?

— Жок, Акмановамын.

— Иниңиз Темир Сариевдин ишмердигине кандай баа бересиз?

— Мен иним менен сыймыктанам. Ал таза, туура, түз сүйлөгөн жигит. Атасын тарткан. Иним абдан жакшы инсан. Жана силердин алдыңарда кеткен Аргынбай болчу… Менин ден соолугумдан бат-бат кабар алып турат.

— Курбуларыңыздар ким келип турат? Айтылуу актриса Сабира Күмүшалиева менен түшкөн сүрөтүңүздөрдү апанын үйүнөн көрдүм эле… Курбуңузбу?

— Экөөбүз абдан ынак курбуларданбыз. Жаш кезден бери эле катташып келатабыз. 80 жылдыгына барып куттуктап, сүйлөгөм, «Сен маданият Баатыры болсоң, мен эмгектин Баатырымын» деп… Кыргыз көйнөк кийгизип, үстүнө чепкен жаап, башына ак жоолук салгам. Экөөбүздүн тоюбуз бири-бирибизсиз өтчү эмес. Ден соолукка байланыштуу барбай калагыныма 4-5 жыл болуп калды. Ал дагы келбей калды, негедир… Бизге карылык келип калды да, айланайындар!

— 8-мартты майрамдайсызбы? Сиз үчүн ал кандай майрам?

— 8-март жакшы майрам. Бир жылда бир келүүчү аялзатынын майрамы. Бул күнү аялдар эс алып, жакшы сөз угушу керек. Бул күнү биздин үй-бүлөдө эки майрам белгиленет. Кызымдын туулган күнү. Ал Сокулук айылында жашайт. 70 жашка чыгып калды. Алгач бала-бакыра, небере-чөбөрөнүн баары мага келишип, мени куттукташат. Анан кызымды куттуктап, анын үйүнө чогуу барабыз.

Быйыл каман жылы эмеспи. Жемиштүү, майлуу жылдардан болсун. Экинчи эч убакта апаат согуш болбосун! Элибизге тынчтык бекем орносун! Биз көргөн кыйынчылыкты, согушту балдарыбыз, жаштарыбыз көрбөсүн! «Акыл жаштан, асыл таштан» дегендей, жаштар Кыргызстанды гүлдөткөнгө жардам берсин. Жерибизде дайыма тынчтык, барчылык, молчулук болсун!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» гезити, 2007-жыл

P.S. Керимбүбү Шопокова апабыз 2013-жылы 97 жаш курагында көз жумган. Сөөгү 25-декабрда Сокулук районунун Шалта айылында жерге берилген.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.