Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Кут болсун туулган күнүң!” деп, Кучактап жатты жакындар…»

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Кут болсун туулган күнүң!” деп, Кучактап жатты жакындар…»
Курч, мурч жазганы менен коомчулукка жаккан журналист, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотовдун макалаларын, ырларын «Фейсбуктагы» баракчасынан 25-майдан бери таппай калганбыз…
«Жыргалбек КАСАБОЛОТОВдун жаңы ырларынан» деп журналист, котормочу, акын Марат Токоев агабыз кечээ, 13-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына эки ырын жарыялады. 

ЭКӨӨБҮЗ ТУУЛГАН КҮН ЭЛЕ…

“52 жашка чыгыпсың
Эркелей тургаң акың бар,
Кут болсун туулган күнүң!” деп
Кучактап жатты жакындар.
Көз көрсө кыйып кете албай
Көңүлүн мынча кишинин,
Эңшерип жатты ичимди
Экөөбүз туулган ушу күн.
Элестеп турду көзүмө
Эң таттуу далай мүнөттөр.
Таң атпай куттук сөз менен
Талашып айткан тилектер.
Жөө баскан жолдой өмүрдө
Жөлөшүп далай кырды ашкан,
Энемдей элең билгенге
Эгиздей элек сырдашкан.
Өзөктөш болдук, өткөндө
Өмүрдүн далай кечүүсүн.
“Ымыркай элең. Кошулуп
Ыйлагам мен да” дечүсүң.
Бөксөрүп канча толсо да
Бөлүнбөй турган ортосу,
Бир ооз сөз менен түшүнгөн
Бир тууган сендей болсочу!
Жаркылдап баарын жайкаган
Жарыгың кайра күйсөчү!
Ак пейлиң көргөн адамдар
Арманың мендей билсечи…
Кербезин салып сүйлөгөн
Кебинен далай кесирдин,
Тоо мүнөз сени калкалап
Тосо албай өтсөм кечиргин.
Боордоштук үчүн жүгүргөн
Боюңдан ылдый тер кетип,
“Айыксын Жекен” деп жүрүп
Агамдан мурун сен кетип,
Жашоонун канча сырлары
Жазылбай калды баракта.
Эзилген менен эзгендер
Экөө тең кайткыс тарапта.
Эскерип өткөн-кеткенди,
Элестеп өткөн өмүрүм,
Бөлүнгөн жерим ачышып
Бөксөрүп турат көңүлүм.
Тагдырын жиреп жаш балдар
Тайтору болуп жүгүргөн
Өзгөлөр үчүн санааркап
Өмүрдөн корком бүгүн мен.
Карааның кээде жарк этип
Кар баскан тигил өйүздөн,
Кайыктай болуп адашкан
Калкылдап барам деңизде.
Сырымды толук айта албай
Сыртынан байкап эл ичин,
Ордуңду бассам жарашпай
Отурдум төрдө сен үчүн.
Кайрадан карап тургансып
Карегиң мага күлүңдөп
Куранга бата кылдым мен,
“Кут болсун туулган күнүң!” деп.

АПТАП

Тер баскан ысык бөлмөдө
Телефон болуп шамчырак,
Сагынчын жазган сулуунун
Саптары жатты тамчылап.
Көчөлөр көздү кургатып
Көрүнбөй узак жол учу,
Күүгүмдө күндүн нурлары
Күйгүзүп кеткен болуучу.
Күркүрөп турган чоң калаа
Күндүзү жатат куурулуп.
Күтүүдөн тажайт таш жолдор
Күн менен кошо жуурулуп.
Көчө албай турган ордунан
Көргөндүн көзүн кандырып,
Таңдайы кургайт кызыл гүл
Таажысы гана албырып.
Суроосун берип жообу жок,
Суналган жолдун учундай,
Суу күтүп жатат талаалар
Сулуунун сагынычындай.
Жыргалбек агабызга бекем ден соолук, ишине ийгилик каалап, дагы жаңы ырларын, макалаларын жана өзүн «Фейсбуктагы» баракчасынан күтөбүз! Бар болуңуз, Жыргалбек ага!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.