Эки күндөн бери сөз баккан, калеми курч, мыкты маркум журналисттер: Мелис Эшимканов (1962-2011) агабыз менен Эрнис Асек уулу(1970-2020), «Асаба» эскерилип, жазылууда… Дагы далай жазылат, китептер чыгат, Кудай буйруса!
Мелис байке 9-декабрда 61 жашка чыкмак. Эрнис 53 жашта болмок… Агабыздан 15-сентябрда ажыраганбыз… Архивдеги эскерүүлөрдү берсек, анын алдына жылуу, жакшы комментарийлер жазылды…
— Мелис тууралуу ар биринин эскерүүсүн окуп көзүмдөн жаш кетти. Залкарлар деп ушундай жигиттерибизди айтсак болот. Мелис, Эрнис кайталангыс, элдин жүрөгүнөн орун алган азаматтар боюнча эсте калат. Бейиштерин берсин!
— Кайран ага, мага берген алтын түс ручкасы дале сакталуу. Анын да бир өзүнчө кызык окуясы бар. Өзгөчө бир феномен, кайталангыс журналист, жазуучу эмес беле, раматылык. Аны туурагандар көп эле болду, бирок, ким окшошту?! Бейиши болсун!
— Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөнгө зор салымын кошкон инсандар: Эшимкановдор. Мелис, Эрнис байкелердин ысымы түбөлүк жашайт!
Сайпидин Султаналиев:
— Жолугуп сүйлөшүп, кол кармашып учурашпасам да Мелис агайды устат тутам. Бейиштик болсун…
Анаке (Анатай Өмүрканов) студент кезинде Мелистин атасынын үйүндө батирде туруп калат. «4-класс окуган кези болуш керек» дейт. КТРге бөбөктөр тууралуу берүүгө Анаке алып келген экен.
Куйруктуу жылдыздай жарыгы катуу жанып өтүп кетти. Кыргызга бир келген инсан… Бейиште болсун.
— Мелис байкенин «Лайкасын»кайра окуп чыктым. Эмне деген көркөмдүк, чеберчилик. Агай жөнүндө эскерүүлөрдү окуп, жүрөгүм ооруду…. Эмне деген инсан эле. Агайымдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Өлүмгө кыйбайсың. Курандан башка арга жок. Бүгүн, 15-сентябрь менин атамдын да каза болгон күнү. Ажыраганыбызга 12 жыл болду. Мелис байкеге да 12 жыл болуптур… Жаткан жерлери жайлуу болсун!
Алтынай Арстанбекова:
— Аттиң…жигиттин гүлү эле… 61ге эми чыкса анда аябай эле эрте кетип калган экен… Кай жактан экениңди сурабайт эле… Жүрөгү чоң, мекенин сүйгөн, кыргыз деп күйүп жанган залкар инсан эле… Мен «Мелис байкедей чындык үчүн күрөшөм» деп ал кишини кумир тутчумун…
Мелис байкем да, Эрнис байкем да ажайып сонун инсандар эле…
Азыркы журналисттер өтө майдаланып кетишти. Эшимкановдор чыныгы журналист эле. Бул залкарлар менен баарлашып калганыма, ага-карындаштай мамиле түзүп кеңешип, чай ичкен күндөрүм менен сыймыктанам. Жакшылар эрте кетет тура… Кудайым бейишинен орун берсин!
— Мелис чыныгы жалпы кыргызга бирдей жан эле. Убагында анын бийиктигин баалай билбептирбиз. Мелистейлер кыргызда буйурса дагы төрөлө берет, бирок, ыйлаган кыргыздын жанында кошо ыйлаган Мелистейдин төрөлүшү али узак окшойт!
— Мелис Эшимкановдун «АСАБА» гезити элдин газетага болгон ишеничин ойготту. Андагы ар бир макаланын мааниси чоң эле. Каймана жазылып, окурмандары жылмайышып эле тим болушпай, өзөктүү көйгөйдүн учу чубалып турганын байкашып, эми кандай жооп болоор экен дешип, бийликтегилерге сары эсеп салышчу.
Элдин демократиялык аң-сезиминдерин күчтөп, чыйралткан ушул МЕЛИС ЭШИМКАНОВдун «АСАБА» газети болду деп ойлойм.
Эсимде «Бей бечаралар» партиясын МЕЛИС ЭШИМКАНОВ түзүп атыптыр дешип, журөктөрүндө потриоттук сезимдери барлардын баары кирген.
Кийин Эрнис АСЕК уулу кошулду. Анда да көпчүлүк: «МЕЛИСтин бир тууган иниси экен» дешип
жакшы мамиле менен кабыл алышкан.
Экөө тең мыкты тубаса көкүрөктөрүндө таланттары бар инсандар тура. «Жакшылар көп жашашпайт» деген сөз бар эмеспи, чындап эле жакшылардын өмүрү кыска болоруна МЕЛИС менен ЭРНИС каза болгондордун кийин ынангам.
Ага-ининин ысымдары кыргыз элдин жүрөгүндө сакталып, муундан-муунга айтылып кала беришти.
Жараткан бейиштерин берсин!
P.S. Алтындай болгон ага-инилер, эже-сиңдилер, баарыңыздарга терең ыраазычылык! Мунун баары китепке кирет. Китеп жазылууда…