Айтурган ТЕМИРОВА: «Элдин эсиндеги Ажар, Алия, Гүлжан боюнча калгым келет»

Айтурган ТЕМИРОВА: «Элдин эсиндеги Ажар, Алия, Гүлжан боюнча калгым келет»

Кыргыз киносунун жаралган күнү

1941-жылдын 17-ноябры кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. Бүгүнтөн баштап 21-ноябрга чейин Бишкекте эл аралык биринчи кинофестивалы өтөт. Кинематографияны өнүктүрүү фондунун маалыматына караганда, иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат жана «Айтматов жана кино» форуму өткөрүлөт.

1960—1970-жж. «Кыргызфильмде» Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган. Айтматовдун чыгармаларын тасмада чагылдыруудан Лариса Шепитько («Аптап» («Зной»), Андрей КончаловскийБиринчи мугалим» («Первый учитель») сыяктуу режиссерлор эмгегин башташкан. Кийинчерээк бул студияда айтылуу режиссёрлор: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш», «Ак-Кеме», «Фудзиямага көтөрүлүү») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенген.

«Айтматовдун чыгармалары менен тартылган кинолор өзгөчө орунду ээлейт»

Бишкек эл аралык биринчи кинофестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышып, сөз сүйлөдү.

— Кыргыз кинематографиясынын тарыхы жана салттары терең. Ал 1960-1970-жылдары «Кыргыз керемети» деп аталган өзүнүн гүлдөгөн учурун башынан өткөргөн. Кыргыз киносунун алтын доорундагы тасмалар менен сыймыктанабыз. Бул кинофестиваль дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналганы Кыргыз Республикасы үчүн чоң сыймык. Кыргыздын залкар жазуучусу Айтматовдун киного кошкон салымын сыймыктануу менен белгилейбиз. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар дүйнөлүк кинематографиянын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.
2022-жылы маданият, спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына 5,1 миллиард сом, 2023-жылы 7 миллиард сом, 4 миллиард сом маданият тармагына, 348,8 миллион сом кино жаатына, Президенттин жарлыгы менен маданият тармагына резервдик фонддордон 670 млн сом бөлүнгөн.

АРХИВден…

Айтурган ТЕМИРОВА: «Өз мекенимди жылда сагынып келем»

2015-жылы Кыргыз эл артисти Айтурган ТЕМИРОВА Чехиядан жайында Бишкекке келгенде интервью алганбыз. «Кыргызстанда келгенде жакшы жаңылык уксам аябай сүйүнөм, жаман жагын укканда күйүнөм. Өз мекенимди жылда сагынып келем. Балдарым, неберелерим ушу жакта да. Бирок, жаш өйдөлөгөн сайын самолетто жүрүү кыйын экен. Ушул жагдайды балдарыма түшүндүрүп, «эми силер барып тургула!» деген сүйүктүү актрисабыз менен кызыктуу маекти кыргыз киносунун жаралган күнүнө карата кайталап берип турубуз. 

— Кыргызстанга биротоло келейин деген оюңуз барбы?

— Жолдошум ошол жактан болсо, кантип келем? Илгертен эле бизде да салт бар го, күйөөң кайда алып кетсе, ошол жакка кетесиң. Ошо жактын бүлөсү болуп каласың да. Жолдошум кайда болсо, ошол жакта болом да. Ал абдан түшүнүктүү, чыгармачылыгымды баалайт. Бардык фильмдеримди чогултуп берди.

— Сиз тартылган кинодогу ролуңуздун кайсынысын жактырды?

— Бардыгын эле, өзгөчө «Снайперы» деген тасмадагы Алиянын ролун жактырды. Баса, Алия Молдагулова тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак экен. Казактар Алия апанын 90 жылдыгын белгилеп, мени мааракеге чакырышты. Маркумдун туулуп-өскөн жери Ак-Түбе айылында болдум. Эми айыл деп айтууга болбойт, өзүнчө эле укмуш кооз, чоң шаар тура. Анын жанында Бишкек айыл болуп калат. Албетте, өкүнүчтүү… Салыштырып алып ичимден жаман болдум… Эли да жакшы жашайт экен. Айылды эле шаардай кылып салган ажосу Нурсултан Назарбаевди макташты, алкашты. Анткени ал жакта кредит абдан эле арзан пайызда берилет экен. «Ар бир казактын үйү болушу керек. Ар бир казак жакшы жашоого укуктуу . Кредиттер арзан берилсин!» деген ажонун буйругу чыгыптыр. Мөөнөтү да узак экен, өмүр бою төлөшөт экен. «Бир кезде ажону биз тойгузсак, азыр ал бизди тойгузуп жатат. Тоюп бүттү, ошондуктан элге берип жатат. Ачка келген адам эле уурдап-тонойт да» деп кайрадан Назарбаевди шайлап алгандарын айтып мактанып жатышты. Мактангандарындай эле бар экен, чыгармачыл адамды да барктап, баалашат. Чет өлкөлүктөр барышты. «Бизден жок дегенде бир журналист кошуп бергиле» десем, «ага акча жок» дешти. Жок дей эле беришет го, бизде…

— Ак-Түбеге мурда бардыңыз беле?

Алия Молдагулова

— Жок, биринчи жолу бардым. Алия апанын айылын көрсөм деген тилегим аткарылды. Мени казактар ага аябай окшоштурушту, атүгүл туугандары: «Ушунчалык окшош экенсиң. Сен кирип келатканда Алия кирип келе жаткандай болду» деп ыйлап да жиберишти. Укмуш тосуп алышты. Эстеликтери көп экен. «Сенин айкелиңди көргөндөй болуп атам» деп жолдошум дагы окшоштурду. Өзүмдү көргөндөй болуп өзүм дагы толкундандым. Чын эле окшоштук жагыбыз бар экен, болгону анын бою менден кичирээк экен, аны көргөн-билгендер айтышты. 19 жашында каза болуптур.

— «Снайперы» тасмасына канча жашыңызда, канча ай тартылдыңыз эле?

— 28 жашта болчумун. 6 ай Белоруссиядан тартылганбыз. Жай, кышы тартылып аябай кыйналганбыз. Кинодогу ролумдун арасынан эң кыйыны ушул фильм болгон. Согуш учурун аткаруу абдан кыйын болду. Алгач солдаттар менен даярданганбыз. Эрте туруп чуркап, алар менен машыгып дегендей… Алардан мылтыкты кантип кармап, гранатаны кандай ыргытууну үйрөнгөнбүз. Ал жакта эки айдай жүрдүк. Ал учурдагы режиссерлор кыйын эмес беле. Жадагалса табигатын да жасалма эмес, табигыйын күтүшчү да. Кышында суук, кар тизеден. Жайында ысык, 35 градус, чоң-чоң чиркейлер чакканда чыдай албайсың. Чагып жатканда өлтүрүп жатсак, «Өлтүрбө! Силерди кадимкидей чагып жатканын тартабыз» дешчү. Тасмага тартылып жатканда гранатаны туура эмес ыргытып алып бети-башыбыздын күйгөнүчү… Кино ортолоп калганда чыдабай, «кайдан макул болдум эле» деп ыйлап, баш тарткан да күндөрүм болгон. «Сен болгону роль ойноп жатасың. А Алия болсо, чыныгы согуш талаасында жүрүп, немистер менен кармашкан. Сенден да жаш болчу» деп көндүрүшкөн. Анан чындап эле ролго кирип кетип, андан чыга албай депрессияга түшкөм. Эки жыл кыйналып жүрдүм… үч жолу операция болдум. Ашказан, ичеги-карындарыма суук тийиптир да.

— Алия Молдагулова түшүңүзгө кирди беле?

— Ооба, эки ирет кирген. Бир жолкусунда мылтыгын алып, жанымдан унчукпай өтүп кеткен. Мен болсо: «Алия, Алия, мен синин ролуңду аткарып жатам. Токто!» деп артынан чуркап бараттым. Арбагы колдоду окшойт, кино жакшы чыкты. Ролум элге жакты. Элден бата алып, зоболом көтөрүлдү. Баалаган элиме ыраазымын.

Айтурган Темирова

— Азыр деле киного тартылууга чакырылып, сунуш түшүп жатса керек?

— Казактар сериалга тартылууга чакырды. Андайды каалабайм. Убактымды кетиргим келбейт.  Командировкада да жүргүм келбейт. Жаш режиссерлор дагы чакырып жатат. Бирок, мен аларга тартылгым келбейт. Себеби, алар жаштык кылат, биринчиден. Экинчиден, тажрыйба жок. Өзүндө тажрыйба жок туруп, анан кантип кино тартат?! Азыркы жаштар телефон менен деле кино тартып калышыптыр го. Ошондуктан кино көп да. Бир жылда жүз кино тартылат имиш. Угуп алып таңгалдым. Мурда айлап, жылдап  бир кино тартылчу…

Сапатсыз киного тартылып баркымды түшүргүм келбейт. Баягы эле элдин эсинде «Бөрү зыдандагы» Ажар, «Спайперы» тасмасындагы Алия, «Ак кемедеги» Гүлжан бойдон калгым келет.

— «Бөрү зындан» киносунда ээрчитип жүргөн уулуңуз Чыңгыз да, ээ?

— Ооба, Чыңгыз. (Күлүп) Чыңгыз бир айында эле жылдыз болгон. «Эрте жаздагы турналардагы» колумдагы оролгон бала Чыңгыз болчу. Согушка кетип жаткан атасы ымыркайдын бетин ачып өөп коштошуп, балта менен бакты кесип отун даярдап берет эмеспи…

«Бөрү зынданга» 5 жашында, «Снайперы» тасмасына 6 жашында тартылган. Кайда бирсак дагы, балдарды таштай турган киши жок ээрчитип жүрчүбүз да.

«Бөрү зындан». Баласы Чыңгыз менен

«Снайперы» тасмасындагы Алиянын кичинекей кезин аткара турган кыз жок Чыңгыз тартылган. Араң көндүргөм. Курдайда тартылганбыз. Ал киного тартылам деп Алматыдан ата-энеси менен 60 кыз барган. Тартылам дегендердин келбети туура келбей койгон: чачтары сары, көзү көк болуп… Кара көз, кара каштуулары болсо, «мамалап» бакырып ыйлап тартылбай койгон. Алтымыш кыз менен алышып атып кеч кирип, күүгүм кирип баратканда мен Чыңгызды карасам, мени менен кошо баары карашты. Анан ал: «Мени эмне карап жатасыңар?» деп шектенди. Чыңгыз канаттууларга кызыкчу. «Сүйлөгөн тоту куш» сатып берем, эгер киного тартылсаң» деп көндүрө баштаганда эле: «Мен кыздын ролун аткарбайм! Көйнөк кийбейм! Сөйкө тагынбайм! Менин теңтуштарым шылдыңдайт» деп баш тартты. Эптеп көндүрдүм. Көйнөк кийгени менен сөйкө тагынбай койду. Жыңайлак чуркап баратканы менен ыйлаганы жарабай калды. Анан мен: «Апаң өлүп жатат. Апалап жакшылап ыйла!» деп бетке чаап жибердим. Бакырып ыйлады. Өзүм да жаман абалда калдым. Себеби, балдарымды урчу эмесмин да. Съемка тартылып бүттү. Чыңгыз басылбайт. Көрсө, алтынымдын буттарына шише кирип, буту канап кетиптир. (Күлүп) Ал киного Чыңгызым ушундай таржымал менен тартылып калган.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Баягы Асаба» (10.09. 2015)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.