ОМБУДСМЕН ИНСТИТУТУ: Шерипбаева стресс абалында, ага жеке адвокат керек!

ОМБУДСМЕН ИНСТИТУТУ: Шерипбаева стресс абалында, ага жеке адвокат керек!
Г.Шерипбаева президент Садыр Жапаровдун атасы менен. Бул тарыхый сүрөт көп нерсени айтып турат…

48 саатка камакка алынган «Nazar news» сайтынын ээси,  кесиптешибиз Гүлжан Шерипбаеванын иши бүгүн, 18-ноябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот чечими менен УКМКнын тергөө абагына 14 күнгө камалды. Бул тууралуу кеситешибиздин иниси Майрамбек Каримов «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, Г.Шерипбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“Расалык, этностук, улуттук жана диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголгон. Сот процесси жабык өткөн. Укугун мамлекеттик жактоочу коргоого алган.

Омбудсмен билдирүүсү…

Омбудсмен институтунун басма сөз кызматынын маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, Гүлжан камерада мурда соттолбогон үч аял менен отурат. Ал омбудсмен кызматкерлерин көргөндө ыйлап жиберип, стресс абалында турганын, жеке жактоочуга муктаж экенин, ага коюлган айыптоолор менен макул эместигин билдирген.

Журналисттик тилектештикти билдирели, кесиптештер!

Урматтуу кесиптештер, келгиле, журналисттик тилектештикти билдирели! Жапатырмак маалыматтык колдоо көрсөтүп, темир тор артында калган кесиптешибизди эркиндикке чыгарып алалы! Г.Шерипбаева эстүү, мыйзам сыйлаган кыздардан. Тергөө, сурак иштерин үй камагына чыгарып деле жүргүзсө болот да…

Кесиптешибиз Чынайым Кутманалиева айткандай, Гүлжандын 14 күнгө камалганын угуп жүрөк ооруп турат…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.