Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд студенттер арасында сынак жарыялады (Жол-жобо. Дарек)

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд студенттер арасында сынак жарыялады (Жол-жобо. Дарек)

Конференцияга чакырабыз!

8-декабрь — КРнын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Ушул күнгө карата «Мелис Эшимкановдун эгемен журналистиканын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аттуу республикалык илимий- практикалык конференция К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинин (БМУ) чоң залында, 6-декабрда (саат 10:00до башталат) өтөт. Конференцияга белгилүү илимпоздор, саясатчылар, журналисттер, коомдук ишмерлер чакырылды.
Бул тууралуу маркумдун жубайы Асел Эшимканова билдирди.
Жеңебиздин айтымында, конференциянын алкагында Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд тарабынан уюшулган студенттер арасындагы сынак («Видео очерк» жана «Эссе» номинациялары) жыйынтыкталат.

Сынактын жол-жобосу

1. Видео очерктин техникалык шарттары:
Тема: “Мелис Эшимканов”
Сынакка ар кандай жеткиликтүү каражаттар менен тартылган (түзүлгөн) жана сынактын темасына ылайык келген видеотасмалар берилет.
Видео очеркке талаптар:
➢ Видео очерктин форматы: MPEG4;
➢ Минималдуу видео очерктин уруксаты – 720×480 (12:8 см);
➢ Видео очерктин узактыгы – 2- 5 мүнөт;
➢ Видео очеркте автордун аты-жөнү, ЖОЖдун жана факультеттин аталышы;
➢ Видео очеркти монтаждоодо жана тасмага тартууда атайын программаларды жана каражаттарды колдонуу катышуучунун каалоосу боюнча.
2. ЭССЕ сынагынын шарттары:
Тема: “М.Эшимканов- журналист, публицист, реформатор”.
Шарттары:
➢ Катышуучулар: КРдеги окуу жайлардын журналистика факультетинин бардык курстарынын студенттери;
➢ Көлөмү: 600-700 сөздөн ашпоого тийиш (эссе электрондук түрдө кабыл алынып, автордун аты-жөнү, телефон номери, электрондук дареги, окуу жайы, курсу так көрсөтүлүп, “Эссе сынагына” деп белгилөө шарт);
➢ Тили: мамлекеттик жана расмий тилдер;
➢ Тапшыруу жолу: jadyrajasha@gmail.com;
Кабыл алуунун соңку мөөнөтү: 2023- жылдын 1-декабры
➢ Байланышуу үчүн: jadyrajasha@gmail.com, 0507310377
Дареги: Бишкек шаары, Ч.Айтматов к. 27.

Баскан жолу…

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон, кыргыз, орус тилдеринде жаза билген белгилүү, мыкты журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимканов (1962-2011) — кыргыз тилдүү эркин басма сөздү түптөөчүлөрдүн бири. Ал кыска өмүрүн журналистикага арнап, массалык маалымат каражаттарынын жана эне тилибиздин, адабият, маданияттын, эгемендүүлүктүн өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, эбегейсиз из калтырып кеткен тарыхый инсан. Бекеринен кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» деп атыккан эмес да.

Жеңебиз Асел Эшимканова агабыздан ажырагандан бери бир топ сынактарды өткөрүп, атын өчүрбөй келатат. Мына, былтыр да (2022-жылы) жолдошунун 60 жылдыгына карата, туулган күнүндө — 9-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында эскерүү өткөргөн. Дал ошол күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд (журналисттер жана студенттер арасында) жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылган. Андан тышкары, «МЕЛИС менен ЭРНИС» аттуу китептин бет ачаары болгон.

Аталган китепти түзгөн белгилүү, мыкты журналист, котормочу Данияр Исанов. Кесиптешибиз Мелис агабыз тууралуу 19 мүнөттүк даректүү тасма даярдап, эссе жазган.

Данияр менин жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) тууралуу да эссе жазган.

Баса белгилей кетчү нерсе, кесиптештерибиз Данияр ИСАНОВ менен Айнагүл САПАРБЕК кызы эскерүү болобу, иш-чара болобу, айтор, Мелис байке менен Эрнис дегенде тикесинен тик туруп, жардам берип келет. Терең ыраазычылык билдиребиз!

«Алтын агам, ай!» деп сыздап, арман кылып жүрүп артынан кеткен Эрнисимдин сөөгү 2020-жылдын 31-январында Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылына, Мелис агабыздын сөөгү 2011-жылы 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Аттиӊ, арман!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.