“Король Лир” ай-талаада калып, кыргызча ырдады… ыйлады…

“Король Лир” ай-талаада калып, кыргызча ырдады… ыйлады…

Шекспирдин «Король Лири»

Чыгармаларын 400 жыл мурун жаратып, 1590-1613-жылдары жазылган 37 пьесасы азыр да сахнада ойнолуп, ортодо канча оош-кыйыш замандар өтсө да,  даңазасы кемибеген англиялык акын, драматург Уильям Шекспирдин “Король Лири дүйнөнүн төрт бурчунда эң көп коюлган чыгармаларынын бири. Анын ичинде бизде эле 7 жолу коюлган. Мына быйыл да бул спектакль жаңыча көз караш менен Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 4-5-майда аншлаг менен коюлду. 6-7-июнда – эки күн кайталанып кайрадан коюлууда. Спектакль алдында бул долбоордун автору, продюсери, Кыргыз эл артисти Турусбек Жумалиев менен маек курдук. Агабыздын айтымында, бул спектаклди коюуга эки миллиондон ашык каражат кеткен. Спектакль жазуучу, драматург, котормочу Касымбек Эшмамбетовдун котормосунун негизинде коюлууда.

Турусбек ЖУМАЛИЕВ: “Башкы ролду ойноо өтө татаал»

— Турусбек байке, бул спектакль май айында аншлаг менен өттү эле… көрбөй калдык деп өкүнгөндөр да болгонун уксаңыз керек… Спектаклди эл суранычын эске алып кайрадан коюп жатасыздарбы же жайкы театралдык сезонду жакшы маанайда аншлаг менен аяктайлы дедиңиздерби?

— Аалам драматургиясынын туу чокусу болгон “Король Лир” спектакли майдын башында эки күн аншлаг менен өткөнү ырас. Мына дагы кечээтен бери (6-7-июнда) экинчи премьерасын коюп жатабыз. “Король Лир” бардык замандын көрүүчүсү көп чыгармалардан. Бизде да бул спектаклди көрөбүз деген каалоочулар көп болгондуктанбы, айтор, “билеттер калбай калды” дегендей кабарды угуп кубанып калабыз. Андыктан жайкы театралдык сезонду жакшы аяктайбыз деген ишенимибиз чоң.

— “Король Лирдин” ролун ойноо качантан берки кыялыңызбы?

— Жок, “Король Лирдин” ролун ойносом деген ой мага жашым келип калганда келди. Башкы ролду ойносомбу же Шекспирдин шедевр чыгармаларынын бирин кыргыз элиме тартууласамбы деген ойлор менен долбоор үстүндө 4 жыл иштедим. Чынында эл мени актёр катары эмес, алып баруучу катары жакшы тааныйт да. А бирок мен актёрмун, Москвадагы айтылуу ГИТИСтин драма жана кино актёрлук бөлүмүн бүткөм. Аны аяктаганыма 46 жыл болду. Ушунча жылдан бери ГИТИС деп жазылган футболканы кийип жүрөм. Себеби ал тоодон түшкөн эле кыргыздын бир баласын Кыргыз эл артисти кылды. Союз кулагандан кийин гана көбүрөөк алып баруучулукка ооп кеттим да… Эми кайра кесибиме көбүрөөк көңүл буруп турган чагым.

Шекспирдин “Король Лир” пьесасынын драматург, котормочу Касымбек Эшмамбетов которгон котормосу бар эле. “Ушуну жаңылап сахнага коюуга неге болбосун” деген ниет менен Москвага бардым. ГИТИС бүтүрүүчүлөрү менен иштешсем деген ой бар болчу.

Москадагы искусство жетекчилери менен жолугушуп, мыкты жаш режиссёрлорду сураштырсам, Хисамиев Андрей Артуровичти сунуш кылышты. Анан ал жаш жигиттин өзүнө жолугуп, идеямды айтсам, жактырып, колдоду. “Биз сүрөтчү, жарык коюучу, декорация, кийим боюнча сүрөтчү, балетмейстер, хореограф болуп команда менен баралы” деди. Ошентип ал сүрөтчү Елизавета Ермакованы, жарык коюучу сүрөтчү Нанна Шехти, бий коюучу Александра Сафронованы алып келип, менин долбоорумду ишке ашырып беришти. Биз “тиги ролго муну, бул ролго аны ал” деп эч кимди сунуштаган жокпуз, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын (ТЮЗ) артисттеринен каармандарга кимисинин жүзү кайсы ролго туура келерин режиссёр өзү тандап алды. Башкы роль мага туш болуп, аткардым. Эми аны канчалык деңгээлде аткара алдым аны эл айтышы керек.

— Көрүүчү катары айтсам, мага аткарганыңыз жакты. А өзүңүз ийине жеткире аткара алдым дегенден күмөнсүп турасызбы?

— Ролду ийине жеткире аткардым дегенден алысмын. Себеби Король Лирдин ролу түпкүрүнө жетпеген кенен, чоң роль. Ал ролго сүңгүп кирген сайын улам жаңы табылга табылып, жаңы ой, сөз келип, кайрадан башка варианттарды ойлой берет экенсиң. Ошондон мен роль жаратуунун жарымына келдим деп ойлойм. Элге жеткиликтүү кылуу үчүн дагы ар кандай вариантты колдонуп, жаңы табылга менен дагы мыктылап ойнойлу деген ниетте турабыз.

— Анткен менен, сиз үчүн башкы ролду ойноо кыйындыкка турган жок десек болобу?

— Башкы ролду ойноо дайыма өтө татаал. Андыктан мен үчүн кыйын эле болду. Өзүңүздөр жакшы билгендей буга чейин Король Лирдин ролун СССРдин эл артисттери Муратбек Рыскулов, Капар Медетбеков, Муканбет Токтобаев сындуу дөө-шаалар аткарып, аларды кыргыз эли кумир тутуп калган эле да…

Муратбек Рыскулов Король Лирдин ролунда

Режиссерго 1960-жылдары Шекспирдин 400 жылдык юбилейине карата Лондонго дүйнө жүзүнөн чогулган актёрлор арасында биздин Муратбек Рыскулов Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып, таланты менен Улуу Британия ханышасы Елизавета IIни жана англиялык көрүүчүлөрдү таң калтырганын, андыктан башкы ролду ойноодон чочулап жатканымды айтсам, ал бул ролду миңдеген артисттер аткарганын, ар биринин өзүнүн жүзү болорун айтып, “биз сиз үчүн иштейбиз. Сиздин ролуңузда өзүңүздүн жүзүңүз болушу керек” деп мага күч-кубат, дем берди.

— Ошол сиз жогоруда айткан дөө-шаа артисттердин аткарган ролдорун көрдүңүз беле? Кумир туткандарыңыз болдубу?

— Баарынын аткаргандарын толук көргөм дебейм, үзүндүлөрүн көргөм. Ролду кандай ойнойт деп, актерлордун аткарганын көрүп, бирөөнү кумир тутуунун кажети жок. Дегеле мен өзүм башынан эле бирөөнү туурап роль аткарбайм. Себеби бирөөнү туурап ойногон актёр жеке өзүнүн образын жоготуп алат. Андыктан өзүңдүн көз карашың, режиссёрдун чечүүсү болот.

— Сиздер койгон спектаклде Король Лирди кыргызча ырдатуу, кыргыз ырларынан поппури ырдоо жеке сиздин идеябы же режиссёрдунбу?

Чыгармада Король Лир эки кызына жерин, байлыгын бөлүп берип койгондон кийин алардын атасына болгон мамилеси өзгөрүп, ай-талаада калтырышат эмеспи. Ошондо жанында шут менен Глостер калып, үчөөбүз кыргыз ырларынан поппури ырдайбыз го, так ушул жери элге жакты. Кыргызча ырдаганыбыздын себеби, бул спектакль легендага айланган баян. Бүткүл дүйнөгө тарап, дүйнө артисттери өз тилинде ойноп келатышат. Ошол сыңары, кыргыз сахнасында коюлуп, кыргыз актер-актрисалар ойноп жаткандан кийин кыргыз улуту экенибизди билдирүү максатта кыргыз ырларын ырдап койдук. Бул жерде биз Шекспир жазган трагедияны элге сөзүн бузбай, окуяны дал өзүндөй жеткирип жатабыз. Ал эми автор Король Лир ай-талаада калып, ойлонуп, кайгырганда кандай ыр ырдарын жазган эмес да… Албетте, кыргыз ырларын киргизүү режиссёрдин чечими болду, “Кыргыз ырларынан кыңылдап ырдап жандандырып жиберсеңер болот” деди. Бул идея чыгармачыл адамдарга жакты. Бул бир. Экинчиден, ар бир актёр, режиссёр чыгармага боёк кошуп көркүнө чыгара аткарса болот, ага уруксат берилет. Албетте, бул спектакль заманга жараша ылайыкташтырылып коюлду, бирок, автордун жазганы өзгөртүлгөн жок, ошондой эле калды.

Король Лирдин сүйүктүү кичүү кызы Корделияны балерина кылып эки кызына карама-каршылыкта коюу режиссёрдун чечими, анын табылгасы болду. Роль жасалма болуп калбасын, балерина аткарсын деп Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисткасы, балерина Перизат Кыдырова деген кызыбызды ойнотту. Ал чимириле бийлеп, кыймыл-аракетин жакшы көрсөтүп берди. Эл да жакшы кабыл алды.

— Айтмакчы, Россиянын бир катар маалымат сайттары, анын ичинде Россиянын маданият министрлиги, ошол эле сиз окуган жана сиз чакырган режиссер жана анын командасы азыркы учурда студенттерден болушкан ГИТИС да “ГИТИС бүтүрүүчүлөрү Бишкекте “Король Лирди” коюшту” деп басым жасап жазышты. Шекспир чыгармалары боюнча спектакль коюуну 4 жыл кыялыңызда баккан экенсиз, анан бул багытта ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү менен иштешүүнү максат кылыпсыз. Кыялыңызды кандай ойлонсоңуз, ошондой ишке ашырыптырсыз да?

Зоя Токторбаева Жульеттанын ролунда

— Шекспирди жактыруум дал ошол ГИТИСте окуп жүргөнүмдө башталган. Биз ГИТИСтин 1983-жылкы бүтүрүүчүлөрүнөнбүз. Дипломдук спектаклде Шекспирдин “Ромео жана Жульетта” трагедиясын маркум жубайым Зоя Токторбаева экөөбүз – мен Ромеону, ал Жульеттаны ойноп, чыгармачылык да, турмуштук да жолубуз табышкан эле… Азыркы учурда бизде Шекспир темасы көп козголбой келет. Анын туулганына ушул жылы 460 жыл толуп, 4 жылда баккан кыялымдын ишке ашышы ушуга туура келип калды. Туура, “Король Лир” спектаклин ГИТИС бүтүрүүчүлөрү болгон режиссер жана сүрөтчү менен койсом деп максат кылгам.

— Жаш режиссер менен иштешүү кыйындыкка турган жокпу?

— ГИТИС – бул театралдык билим берүүнүн борбору, очогу. Андыктан, жогоруда айткандай, Москвага барганымда ГИТИС ректору Григория Заславскийге жолуктум, кыял, максатымды айттым. Ал дагы келечеги кең жаш режиссер деп мага Андрей Хисамиевди сунуштады. Сүйлөшүп көрүп, анын идеялары, тарбиясы, жашоого болгон көз карашы, чыгармачылык жигери, иштесем деген далалаты, тактыгы мага абдан жакты, анан тил табышып иштешип кеттик.

— Режиссер менен кошо келген сахна сүрөтчүсү Елизавета Ермакова спектаклдеги башкы деталь Король Лирдин сырткы кийими – жашыл тон болду, ал башка кейипкерлердин ортосунда талашка түшкөн жер, мүлк, байлыктын элесин берди деп айткан экен. Дегеним, чакырган чыгармачыл конокторуңуз кыялыңызды ашыгы менен ишке ашырып беришти окшойт. Аларга берген бааңыз кандай?

— Ооба, бизде бардыгы ойдогудай болду. Сцена жасалгалары да, костюмдар да абдан кызыктуу чыкты. Елизавета Ермакованын эскиздерин көрөр менен баарыбыз жактырдык. Көркөм чечилишинде кайра жаралуу доору, Шекспирдин доору, ошол эле учурда окуялардын азыр дагы актуалдуулугу экени таасын, так берилген. Бий коюучу Александра Сафронованын да ой чабыты, иши, сабырдуулугу, мүнөзү, мамилеси бардыгыбызга жакты. Жарык боюнча сүрөтчү Нанна Шех да абдан кесипкөй, жан дүйнөсү таза жан экен, ал менен иштешүү да жагымдуу болду. Кыска убакытта чоң долбоор менен башка өлкөдө иш алып баруу — бул абдан оор иш, бири-бириңди түшүнүү, бири-бириңе көнүшүү абдан зарыл.

Бул команда менен биз өзүбүздү көптөн бери билген жакын адамдардай эле алып жүрдүк. Албетте, бизде да иштешүүдө өзүнчө мамиле, мүнөз деген бар, бирок келген чыгармачыл конокторубуз менен тез тил табышып иштешип кеттик. Андрей Хисамиев жаштыгына карабай өзүн, башта айтканымдай, акылкөй, кыраакы режиссер жана жакшы психолог катары көрсөтө алды. Ал менен иштешүү абдан кызыктуу болду. ГИТИС менен биздин театр мындан ары да жемиштүү кызматташуусун уланта беришин каалайм деп ал айткандай менде да ГИТИС бүтүрүүчүлөрү менен чыгармачылык өнөктөштүктө иштешүүнү мындан ары да салтка айландырсам деген тилек бар…

Жаш режиссёр Андрей Хисамиев:

Биз экстремалдык шарттарда иш алып бардык: убактыбыз чектелүү, чоң сахнада, башка тилде олуттуу пьеса, драматургияны коюш керек. Бирок баарыбыз үчүн: артисттер үчүн, спектаклди коюучу команданын ар бир мүчөсү, анын ичинде мен үчүн бул абдан кызыктуу тажрыйба болду. Процесске түздөн-түз таасир этчү көрүүчүлөр маданиятынын өзгөчөлүктөрүн эске алыш керек болду. Коюучу өз командаңдын болгону да жакшы болду, бул чоң таяныч, ансыз эч нерсе кыла албайсың. Артисттер менен да театралдык орток тилди таап, бүтүн бир көркөм дүйнөнү жарата алдык. Ушундай берилүү менен иштедик, көрүүчү да ошол сезимди сезсе деген эле тилек бизде…

Бий коюучу Александра Сафронова:

Король Лир” спектакли – көп катмарлуу чыгарма. Ал жерде бүтүн спектакль бою бирге өсүп жүрүп отурган, кайчылашып чырмалышкан, акыры бир чечилишке келген бир канча окуя тарамдары бар: кошоматчы, таш боор, мээримсиз эже-сиңди Гонериль жана Регана жана алардын күйөөлөрү Ольбани, Корнуэл; бастард Эдмонд; ишенимдүү, сезимтал жардамчы жана дос Кент; бардык окуялар күбөсү, бирок катышуучусу эмес шут; аңкоолугунун азабын көп тарткан Глостер жана бардык окуянын эң таза, бийик турган кейипкери Корделия. Биз команда болуп тыгыз иш алып бардык. Ар бир сценаны жаратууда биргелешип баарыбыз иштедик. Спектаклди коюучулардын ортосундагы жандуу баарлашуу спектаклди абдан жандандырды деп ойлойм. Аны актерлор да сезип, чыгармачылык изденүүлөргө жигердүү катышып жатышты.

Сахна сүрөтчүсү Елизавета Ермакова:

Сценалык чечимдерде негиз кылып Шекспир табиятынын абалын алдык. Тагырагы, күндүн тутулушу, карарышы. Ал кейипкерлерди, күтүүсүз бар байлыгын бөлүп берүүнү чечкен Лирди түнөрүп каптаган тагдыр жазмышы… Ак-кара аралашкан чөйрө, акырындап түнөрүп отуруп жарыгы өчкөн караңгы чөйрө. Бирок кейипкерлер анда эч кандай маңыз жоктой жашоосун уланта беришет… Алар алардын “үйү” —  бир кездеги гүлдөгөн падышалыктын калдыктары, чалдыбары экенин байкашпайт. Аны ар кыл мезгил аралыгындагы ташка айланган колонналар элестетип турат.

Кайсы бир учурдагы жылуулук, түс, жарыкты сездирген бир гана нерсе – жашыл шалбааны элестеткен Лирдин жашыл тону. Кармаш, талаштын баары ошол үчүн болуп жатат. Баары аны оронуп кийип алышат, суук өтпөсүн деп бут алдына салышат, муну менен алар королду жулуп, тоноп жылаңач калтырып жатышат. Падуга, көшөгө арты Лирдин кийиминин уландысы катары кызмат кылат. Бирок шамал баарын өз-өз ордуна коёт – сахна да король сындуу жылаңач калды: баарыбыз сахнанын бардык булуң-бурчу эч бир кооздуксуз калганын көрөбүз…

Назира СААЛИЕВА

P.S. “Король Лир” спектаклине биз май айында барып, бир күлүп, бир ыйлап көргөнбүз… Шуттун “щуткалары” күлдүрсө, Король Лирдин эки кызы кууп жиберип ай-талаада калтырган аянычтуу тагдыры, талаалап жүрүп көз жумганы, кууп жиберген кичүү кызы Корделия менен тиги дүйнөдө жолугушканы ыйлаткан болчу…

Мунун баарын көрөм десеңиз, анда  бүгүн, 7-июнда, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында барыңыз. Саат 18:30та башталат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.