“Король Лирди» кыргызча ырдаткан Турусбек Жумалиев

“Король Лирди» кыргызча ырдаткан Турусбек Жумалиев
Англиялык акын, драматург, дүйнөлүк классиканын шедеври Уильям Шекспирдин “Король Лир” пьесасы 1606-жылы жазылган. Спектакль жазылгандан кийин дүйнөнүн ар кайсы жерине коюлган жана коюлуп келүүдө. Биздин мамлекетте, Кыргызстанда 7 жолу коюлган спектакль 4-5-майда, Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында кайрадан коюлду. Аншлаг менен өткөн спектаклди Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын (ТЮЗ) артисттери ойноп, көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Анткени ар биринин ролу өздөрүнө куп жарашкан.
Мисалы, белгилүү режиссёр, актёр Эгемберди Чалабаев шуттун ролун мыкты ойноп, орусча-кыргызча аралаш сүйлөп, көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөдү.
Баарынан кызыгы — бир дагы спектаклде антракт болгон эмес. Антракт учурунда, көшөгө алдында (сахнада) Эгемберди агабыз кичинекей идишке стейк бышырып, эл аралап, ооз тийгизип, ар нерсени айтып күлдүрүп, антракт кандай бүтүп калганын деле билбей калдык.
Бул классикалык чыгарма трагедия болгону менен, жаңыланып, иштелип чыгып, Москвадан келген жаш режиссёр Андрей Хисамиев трагикомедияга айлантууга басым жасаганы байкалып турду. Себеби, Король Лир ай-талаада калганда, жанында шут менен эки көзү оюлган Глостер үчөө кыргыз ырларынан попури ырдашат. Өзгөчө шут «Буй-буйду» ырдаганда зал кыраан каткырыкка бөлөндү…
Эми башкы каарманга келсек, аны ким аткарды? Король Лирдин ролун элге актёр эмес, алып баруучу катары таанылып калган долбоордун автору, продюсери, Кыргыз эл артисти Турусбек Жумалиев аткарды. Агабыз башкы каармандын ролун жеткиликтүү аткарып көрүүчүлөрдү таңгалдырды. Бирок, таңгалычтын деле кереги жок, себеби агабыздын кесиби — актёр.
Король Лирдин кыздары, күйөө балдарынын ролун тажрыйбалуу, мыкты артисттер ойногондуктан спектакль көркүнө чыкты деп ойлойм.
Король Лирдин улуу кызы Гонерильянын  ролун — Гүлмира Ташматова, экинчи кызы Регананын — ролун Гүлмира Турсунбаева, улуу кызынын күйөөсүнүн ролун Маданияттын мыкты кызматкери Руслан Курманалиев мыкты аткарышты. Артисттердин аткаруу чеберчилигине ыраазы болгон  көрүүчүлөр аягында ордуларынан тура калып, «Браво» деп кыйкырып, көпкө чейин кол чаап турушту…
Бир ыйлап, бир күлүп көргөн бул спектакль да сахнада көпкө чейин коюлат деген ойдобуз!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.