ВИДЕО — “Каганат Аренанын” ачылышына атактуу француздар келди. Канат Бегалиевдин кубанычы…

ВИДЕО — “Каганат Аренанын” ачылышына атактуу француздар келди. Канат Бегалиевдин кубанычы…

Илим жана бизнес эл аралык университетинин он жылдыгын утурлай, “Каганат Арена” олимпиадалык даярдоо борборунун салтанаттуу ачылышы кечээ (6-майда) Бишкекте болуп өттү. Иш-чарага мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайыр Сарпашев, ИИМдин мурдагы жетекчиси, генерал-майор Мелис Турганбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Икрам Тазабеков, 2008-жылы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырып, ысымы алыска кеткен кыргыздын сыймыгы, атактуу балбан Канат Бегалиев, Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков, “Каганат” фондунун жетекчиси, жеке ишкер, меценант Нургалы Асаналиев (апасы, бир туугандары), атактуу манасчылар: Самат Көчөрбаев, Замир Баялиев, Рысбай Исаков, төкмө акындар: Шекербек Адылов, Азамат Болгонбаев жана ырчылар, спортчулар, аталган университеттин мугалимдери, коомдук ишмерлер катышышты.

Кызыл лентаны Нургалы Асаналиев менен Канат Бегалиев кести.

Мурад БУРАУИ: «Мен журналисттерди сүйөм»

Баса белгилей кетчү нерсе, дүйнөгө белгилүү «Такси», «Такси 2», «13-район» француз кинолорунун режиссеру, сценарист, продюсер, актер Биби Насери жана белгилүү француз композитор, ырчы, продюсер Мурад Бурауи (Mourad Naian) катышып, каалоо-тилектерин айтышты.

Ааламга таанымал бул эки инсандын жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги жүрөктү жылытты. «Таш» (STONE) тасмасын тартып, «Дүйнөлүк премьера үчүн сыйлык” фестивалынын кышкы сессиясынан “Мыкты көркөм драма” номинациясын жеңип алган кесиптешим Айчүрөк Борукеева алар менен журналист деп тааныштырганда, Мурад мырза: «Мен журналист эмесмин, бирок, мен журналисттерди сыйлайм, сүйөм»,- деди.

Алар аялзатынын баары менен амандашып, колдорунан өөп, ийилип учурашып, аларды алдыга өткөргөн кичипейилдиги, жөнөкөйлүгү менен биздин кыз-келиндерди таңгалдырды.

Биби Насери спортсмендерге имарат ачып берген Нургалы мырзага ыраазычылыгын билдирип, ийгилик каалады. Анын сөзүн которуп берген Мурад мырза Merveilleux amour (Мервелская любовь) аттуу ырды ырдап берди.

«Каганат Арена»…

Нургалы Асаналиевдин билдирүүсүнө караганда, “Каганат Арена” спорттук мелдештердин жайына гана эмес, жалпы коомчулук үчүн спорт маданиятын жана сергек жашоо образын өнүктүрүү борбору болууга даяр!

Айтымында, “Каганат Арена” олимпиадалык даярдоо борборунун ачылышы Эл аралык илим жана бизнес университетинин он жылдыгына туш келген.

«Мыкты спортсмендерди эл аралык мелдештерге даярдап чыгаруу үчүн атайын бир имарат керек» деген маселе менен мага былтыр Канат Бегалиев кайрылып калды. Анын мындай идеясы жагып, сунушун колдоп, мына бүгүн борбордун ачылышын кылдык. Ушул жерден мыкты спортмендер чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретсин! «, — дейт Нургалы мырза.

Канат БЕГАЛИЕВ: “Какпаган эшик, барбаган жер калган эмес”

Келген коноктордон куттуктоо угуп, бата алган Нургалы Асаналиев менен Канат Бегалиев иш-чаранын аягында спортсмендердин колунан белек алышты. Спорт залдан спортсмендер каалоо-тилек айтышып, экөөнүн башына ак калпак кийгизип, үстүнө чепкен жаап, колдоруна камчы карматышты.

Жакшы шарты менен имарат спортсмендерге зарылдыгын түшүндүрүп, барбаган кишибиз, какпаган каалгабыз калган эмес. Акырында жеке ишкер Нургалы Асаналиевге кайрылсам, жигит экен, жок дебей дароо эле макул болду. Окуу жайынын капталындагы имараттан кабаттуу жай бөлүп берип, спортсмендерге жакшы шарт түзүп берди. Шарт түзүгөндөн кийин, ушул жерден мыкты спорсмендерди даярдап чыгарышыбыз керек!”,-деди Канат Бегалиев.

Баатыр эненин батасы

Салтанаттуу ачылыштын аягы сый тамак менен аяктады. 48 жаштагы Нургалы мырзанын энеси Сакен Абдыкадырова апа менен ак дасторкондо чогуу отуруп калдык. 77 жаштагы (1947-жылы 25-майда туулган) Баатыр эне тогузду төрөптүр. Балдарынын ынтымагына, ийгилигине кубанып, амандыгын тилеп отурганын айтты. Комуз чертип, аккордеон тартып ырдаган ырчылар апага арнап ыр ырдашты. Мугалимдер жакшы балдарды тарбиялаганын, Нургалы уулу унчукпай эле көп жакшы иштерди жасап, Кыргызстанга салым кошуп жатканын баса белгилешти. Баатыр энеден бата алышты. «Балама айткан каалоо-тилектин баары кабыл болсун. Жаман иш Кыргызстандан алыс болсун. Айдан аман, жылдан эсен бололу! Ушул жерден мыкты спортсмендер чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретсин» -деди Баатыр энебиз.

Күрөш, көркөм гимнастика, оор атлетика жана башка оюндарды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу залды кыдырып чыгып, «Каганат Аренадан» атагы ааламга таанылган спортсмендер чыгып, аларды жазып жүрө берели деген аруу тилек менен кайттык.

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.