Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Доордун айкели»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Доордун айкели»

Доордун айкели

(Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романы боюнча Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата ой толгоо)

Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусун түзүүнүн 100 жылдыгы белгиленип, ар кайсы чөйрөлөрдө, ар кандай деңгээлде бул окуянын азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөдөгү ролу талкууланып жаткан чагы. Анын ичинде заманбап Кыргызстандын пайдубалын түптөп, кийин репрессиянын кандуу чеңгелине кабылып атууга кеткен бойдон бир нече жыл бою унутта калып келген алгачкы кыргыз интеллигенциясынын татаал тагдыры тууралуу көп сөз айтылууда. Күнүмдүк окуялардын шары менен көпчүлүккө анча байкалбашы мүмкүн болсо да, кыргыз окумуштуулары бул датага карата кыйла чоң эмгек жасап койгону байкалат.

Алсак, атайын кызматтын ардагери Болот Абдрахманов репрессияга кеткендердин толук тизмесин бир нече томдук китеп кылып чыгарган эле — ар кандай багыттагы изилдөөлөргө жем таштай турган фундаменталдуу эмгектердин бири.

Улуттук илимдер академиясында, Кыргыз улуттук университетинде жана башка мекемелерде байма-бай уюштурулуп жаткан конференциялар менен талкуулар, телеканалдардагы бул багытта изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар менен маектер, алардын биринин артынан бири чыгып келаткан салмактуу китептери интеллектуалдык чөйрөдө заманбап кыргыз мамлекетинин башында тургандардын ролун жана тагдырын татыктуу масштабында аңдап-билүү аракеттери жүрүп жатканын айгинелейт. Бул бир тенденция.

Экинчи тенденция – кыргыз элинин колониалдык тарыхынын эгемен мамлекеттин маани-мазмунуна зыяндуу саркындыларын ашкерелөө жана алардан арылуу боюнча жаш интеллектуалдардын алган багыты. Азырынча мындай аракеттер медиа тармагында жүрүп жатат. Алардын катарына «Баштан башта» кыймылы тартып жаткан «ОДеколон» долбоорун кошсо болот. Алар көбүнчө ушу тапта Орусиянын мурунку СССРди калыбына келтирүү далалатына же бүгүнкү империалисттик дымагына каршы мыйзам ченемдүү реакция түрүндө күч алды.

Азырынча бул эки тенденция тоонун эки тарабынан тешип кирген тоннелдей болуп, ортосунан жалгаша элек жана биригерине кепилдик да жок. Бирок эгерде Кыргызстанда эгемендиктин идеологиясы чындап орноп, келечекке кыргыз эли бул мамлекеттин түзүүчүсү катары аттансын десек, анда бул эки тенденция бири-бири менен жалгашып, бир эле максатка ар тарабынан жетүүгө умтулган муундардын аракети биригиши керек. Кара-Кыргыз автоном облусун, кийин Кыргыз ССРин түптөгөндөрдүн ролу жана тагдыры, тарыхый салмагы коомчулук тарабынан аңдалып, татыктуу баасын алууга тийиш. Ырас, ал үчүн жалаң илимий чөйрөнүн же медианын мүмкүнчүлүгү жетишсиздик кылат. Кокон хандыгынын кыргыз элине тийгизген таасирин тарыхчылардан да Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычы» алда канча тереңирээк жеткиргени белгилүү. Демек, тарыхтын бул өтө маанилүү учурун коомчулукка жеткиликтүү туюндуруунун дагы бир өтө маанилүү жолу – көркөм адабият.

Жашырганда не, өз алдынча республика түзмөкчү болуп репрессияга кабылгандардын, ага көмөкчү-шыкакчы болгондордун, андан моралдык жабыр тарткандардын жагдайы тууралуу кыргыз адабиятында чыгармалар жалпысынан аз. Эсеби маселен, социалисттик эмгектин оош-кыйышына, Улуу Ата Мекендик согуштагы азап-тозокко, адамдардын ортосундагы күнүмдүк эле мамилеге арналган китептер жүздөп, миңдеп саналса, 30-жылдарда ашык-кеми жок кыргыз элитасынын деңгээлинде болгон геноцидди чагылдырган көркөм чыгармалар он чакты китептен ашпайт. Айрыкча Совет бийлиги кулаар алдында жазылгандардын ичинен Казат Акматовдун «Күндү айланган жылдар» повести (1988) убагында көп талкууланып, дегеле бул темадан жүрөгү үшүп калган коомчулукта чоң резонанс жаратканы белгилүү. «Манаска» айыгышкан кас душмандай каршы чыккан Элтинди Сатаров менен Элебай Сатаровдун мүнөзү биригип, аныгында ЭлСатаровго айланып кетишин сүрөттөгөн бул чыгарма ошондо эле татыктуу баасын алган. Анткени повесть жалаң эле улуттук чыккынчылыктын анатомиясын көзгө даана тартып тип болбостон, көркөм каражаттарынын байлыгы, терең психологизми жагынан да окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган жайы бар.

Андан көп узабай эле кайра куруунун, кийин эгемендиктин илеби менен жазылган көлөмдүү чыгармалардын ичинен жазуучу Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» (1991) романы көзгө урунат. Чыгарма 2018-жылы кайрадан басылып чыккан. Ушунун өзү репрессия темасына коомчулукта аздыр-көптүр кызыгуу бар экенин айгинелейт. Бул эки китептин үндөш жактары – 1930-жылдардагы саясий кысымдын өзгөчөлүгү авторлордун жан дүйнөсүнө жакын болгон чыгармачыл чөйрөнүн тагдыры менен тыгыз байланышта баяндалганында. Болгону, Казат Акматовдун китебинде предмет катары манасчылык өнөрү кызмат кылса, Көчкөн Сактановдун романы кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин тегерегинде өнүгөт.

Ырас, улуу кыргыз сүрөткеринин образы, балалыгы, башынан өткөн кыйынчылыктар кыргыз адабиятында андан алда канча мурун, Аалы Токомбаевдин «Мезгил учат» повестинде да абдан кеңири ачылган. Бирок «Маркумдар үнү» – «Мезгил учат» сыяктуу жалаң алгачкы кыргыз сүрөтчүсүнүн гана социалисттик реализмдин чегинен чыкпаган таржымалы эмес. Тескерисинче, Гапар Айтиевдин өмүр жолу бул роман үчүн башкы максат болбостон, негизинен ошол замандын өзгөчөлүктөрүн ачып бериш үчүн курал катары кызмат кылганын көрөбүз. Анда совет мезгилинде жылдар бою ачылбаган беш чоң өңүт бар.

Биринчиси – кыргыз совет интеллигенциясынын өнүгүшүнө сталиндик репрессиянын тийгизген зыяны, улуттун өз башын өзүнө жедирген системанын адам чыдагыс кыянаттыгы. Романда Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана башка журт мыктыларынын иш-аракеттери жана көздөгөн максаты, жүргүзгөн күрөшү чыныгы бийиктигинде, өз доорунун ачуу трагедиясында кеңири сүрөттөлгөн. «Касыкем үчүн ичип койбойлубу» деген Жусуп Турусбековдун сунушун укканда стаканга колу барбай катып калган меймандардын кебетеси ошол кездеги жалпы атмосфераны өтө так берген. Аны көрүп өчөшө ичип туруп басып кеткен Турдубүбүнүн принципиалдуу мамилеси замандын трагедиясын да, адамдыктын түбөлүк баалуулугун да кашкайта туюндурат.

Экинчиси – тап күрөшү боюнча көз карашка кеткен жик, керек болсо аны абсолютташтырган идеологияга ачык эле каяша. Бул каяша китептин көп эле жеринде кайталанган «кул тукумдар» сыяктуу түшүнүктөргө да, кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн башын сайып жок болгон адамдардын биографиясына да тиешелүү. Эсеби маселен, кедейдин баласы деген Кыргызбай Кокуйбаев жаштайынан элди бөлүп-жарып, колу жеткен жерден эле өзүнөн жакшыларга жамандык кылып, кошоматтын аркасы менен бийликке жетип, ошо бойдон түшпөс хан болуп жүргөнү ошол замандагы эле эмес, азыркы учурга деле мүнөздүү, жыйынды образ. Ал азыркы трайбалисттердин да, өлкөнү бөлө чаап бир тарабын Казакстанга, бир тарабын Өзбекстанга берип салууга даяр турган Худайкуловдордун да, жанынын тынчтыгы үчүн башка өлкөгө кошулуп кетүүгө даяр турган бүгүнкү арсыз компрадор саясатчылардын да образы болууга жарайт. Ошол эле учурда кыргыздын кызыкчылыгы үчүн күндүр-түндүр иштеп жүрүп атууга кеткендердин аракети расмий бийлик тарабынан «бай-манаптык» деп үстөккө-босток кагуу жегени көп нерседен кабар берет.

Үчүнчүсү – роман жаңы форматтагы алгачкы кыргыз интеллигенциясынын түйшүгүн, азап-тозогун, жеке трагедияларын көзгө даана тартканы, ошонун баарына карабастан адамгерчилигин жана өз ара ынтымагын сактап калган көтөрүмдүүлүгүн реалисттик нукта ачып көрсөткөнү. Жоомарт Бөкөнбаев менен Жусуп Турусбековдун, Гапар Айтиев менен Алыкул Осмоновдун достугу, катуу тамашага чыдаган жетекчилердин айкөлдүгү, ортодогу бакылдашкан отуруштар, анда айтылган сөздөр дээрлик кино тартылгандай көзгө элестейт. Калемдештери атылып, айдалып, канчалаган жыйналышта төө бастыга калса да чыгармачылыгын көжөрө уланта берген Жоомарт, Түгөлбай, Мидин өңдүү калемгерлердин басмырт аракетинен оң жагын тоссоң сол жагынан куюлуп кирген эзелки Аккан Суунун өжөрлүгүн туябыз.

Төртүнчүсү – Сталиндин жана анын тегерек-четиндегилердин саясий күрөшү, ортодогу кутумдар, ага аралашкандардын жеке кызыкчылыгы, чыныгы мотивациясы, түпкү максаты жана коркунучтары тууралуу маалыматтар советтик чапандан арыла элек 1991-жылдагы кыргыз окурманы үчүн жаңыдан ачылганы. СССРдин жетекчилигиндеги бирин бири отко түртө берип өзү аман калууга жан үрөгөн далалаттар, анын кесепети, образдардын карама-каршылыгы жакшы ачылган. Анын ичинде аз улуттун өкүлү катары орус элинин ролун баса көрсөтүүгө аргасыз болгон Сталиндин өксүк комплекси кошо берилген. Мунун баары соцреализмдин алкагында айтылышы үч уктаса түшкө кирбеген чындыктар болчу.

БешинчисиКөчкөн Сактановдун бул чыгармасындагы каармандар «жалпы совет элине» астейдил кызмат кылып жатканына карабастан кыргызга боор тартып, кыргызды туу тутуп, кыргыздын мыкты сапаттарын өнө боюнда ала жүргөнү. Баш кейипкердин согушка даярдоо учурунда тил билбегени үчүн Орто Азиядан баргандарды шылдыңдаган орус аскерлерди кынына киргизгени, каармандардын көбү качан болбосун кыргыз пейилин, кыргыз салтын сактаганы, жаштары улуудан ыйбаа кылып, улуулары кичүүлөрүнө кам көрүп, эркектер намысын, аялдар уятын туу тутканы буга жакшы мисал. «Маркумдар үнүндөгү» кыргыз каармандардан иш жүзүндө орусташып бараткан «жалпы совет элинин» эмес, кадимки эле кыргыздын илеби келет.

Ушунун баарын эске алганда, бир эле каармандын тагдырын өзөк тутканына карабастан, «Маркумдар үнү» романы – «Мезгил учат» повестинин уландысы эмес, чындап келсе айыгышкан идеялык антиподу. Тескерисинче, идеясы жагынан Көчкөн Сактановдун бул китеби Казат Акматовдун «Күндү айланган жылдарына», репрессия курмандыктары тууралуу кийин жазылган бир катар чыгармаларга үндөш.

Бирок бул карама-каршылык Кыргызстан эгемендик алганда эле пайда боло калган эмес. Чындап келсе совет мезгилинде эле жалпы система үчүн өтө маанилүү темалар боюнча айрым мыкты жазуучулардын чыгармалары соцреализмдин талаптарына батпай калып, анын тереңи дегеле формалдуулук менен турмуш чындыгынын ортосундагы карама-каршылыкка барып такалган учурлар мурун да болгон. Анын айкын белгилери тээ Узакбай Абдукаимовдун «Майдан» романынын үзүндүлөрү жарык көргөндө эле башталган көрүнөт. Доордун маани-мазмунун так ортосунан чарт жарып өткөн метафизикалык жаракалардын тамыры так эле репрессия курмандыктарынын турмуш өчүрө албай турган изине жана эмгегине такалып туруп алат экен. Ушул жаракалар белгилүү сынчы Кеңешбек Асаналиевдин «Майдан» романынын майданында» аттуу өтө терең эмгегинде мыкты баяндалган.

Совет мезгилиндеги көнүмүш адабий нукка каршы чыкканынан тышкары, Көчкөн Сактановдун бул китеби коомчулукка терең таасир эте турган күчтүү чыгармага мүнөздүү болгон милдеттердин бирин аткарганын байкай алабыз. Ал – кайсы бир маанилүү көрүнүштүн символу болгон сүрөттөмөлөр. Алар сөзсүз эле реалдуулук менен түзмө-түз дал келе бериши шарт эмес. Айталык, Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» Шералынын жаман чокоюна байланыштуу окуя деле тарыхта романда баяндалгандай болгон-болбогону белгисиз. Чыңгыз Айтматов тээ «Манас» эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармачылыктан сууруп чыккан маңкурттун образы кийин эли-жеринин кызыкчылыгын унутуп, көрүнгөнгө ойлонбой кызмат кылып кеткен маргинал саткындыкты туюндурган дүйнөлүк символго айланды. Ошол сыяктуу эле, Ата-Бейитте сөөгү табылган 137 эр-азаматтын арасында Абдыкадыр Орозбеков жок болуп чыкканына, атууга кеткендердин акыркы мүнөттөрү тууралуу маалымат эч жерде сакталбаганына карабастан, ал Жусуп Абдрахманов жана Касым Тыныстанов менен кошо атылып жаткандагы сцена кийин медиада эң элестүү сүрөттөлгөн варианттардын бирине айланды.

Балким бул чыгарманын эң негизги маңызы – дал ушул «Бизди Касыкеме жөлөп койгула!» деген Жусуп Абдрахмановдун акыркы сөзү болушу мүмкүн. Эмне үчүн бул романда Касым менен Жусуп улуулугуна карап «Абдыкеме жөлөгүлө» дешкен жок? Эмне себептен Орозбеков менен Тыныстанов жасаган ишинин, жүргүзгөн күрөшүнүн масштабына карап «Жусукеме жөлөгүлө» дешкен жок? Эмне үчүн бул трагедиянын финалында борбордук фигура Касым болуп атат?

Анткени Тыныстанов ошол кезде сабаттуулуктун, илим-билимдин, прогресстин, тирүү символу, жалпы эле жаңы замандагы кыргыз агартуу кыймылынын өзөгү болгон. Ушул азыр да Тыныстанов жазып кеткен кыргыз тилинин грамматикасы менен окуп, баштап кеткен адабий чыйырын улантып, улут катары сакталып турабыз. Анын жарыгы романдын көп жеринде тийип турат. Демек, өсөр элдин билимдүүсү бийликти туу тутпайт, тескерисинче бийлиги алдыңкы катмарына, агартуучуларына, билимдүүлөрүнө таянат. Бийлиги менен билимдүүсү бири-бирине каршы чыкпай, тирүү болсо бир дөбөдө, өлсө бир чуңкурда болот. Келечек муундарга түбөлүк кала турган түгөнгүс сабак да ошол.

Ошол эле учурда бул жыйнакта эки чоң маселе ойдогудай чечилбей калган. Биринчиси – Сталиндин тегерек-четиндеги саясий чөйрө менен Кыргызстан сыяктуу чакан республикалардын репрессияга байланыштуу алака-катышы айрым жерлеринде гана сөз болбосо, негизинен толук ачылбайт. Ал тургай СССРдин жетекчилиги өзүнчө, Кыргызстандын жетекчилиги өзүнчө жашап жаткандай таасир калтырат. Бирок калыстык үчүн айта кетиш керек, бул суроонун азыр да толук башы ачыла элек.

Экинчиси – китептин көп жеринде көркөм адабияттын жанрдык өзгөчөлүктөрү сакталбай, бир катар эпизоддор журналисттик тилге өтүп кеткен. Бул тарыхый окуялардын документалдык тактыгын сактоо аракетине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок ошондо да ар кандай стил менен баяндалган бөлүктөр бири-бири менен анча эптүү жалгаша бербеген учурлар кездешет. Мисалы, автор баш каармандын монологуна өз оюн кошуп жиберген жерлери байкалып калган. Бул анын образы үчүн пайдабы же романдын реалисттиги үчүн зыянбы деген суроого так жооп жок.

Ошонун баарын эсепке алганда да, «Маркумдар үнү» — мурунку-кийинки чыгарылыштары менен кошо эсептегенде кыргыз адабиятындагы эң көрүнүктүү чыгармалардын бири. Жазуучу романда сүрөттөлүп жаткан замандын элестүүлүгү жагынан Гапар Айтиевдин эскерүүлөрү аркылуу ошол мезгилдин айкелин өзү жасап чыккан десек болот. Ал айкел – куугунтук курмандыктарына, алар менен кошо жашаган алгачкы кыргыз интеллигенциясына тургузулган адабий эстелик. Ошондуктан аны репрессия тууралуу жазылган башка саналуу адабий эмгектер менен кошо айрыкча азыркы жаштарга жеткирүү өтө маанилүү.

Себеби ошондо гана азыркы Кыргызстандын эгемендигин бекемдөөгө, мурунку-кийинки союздаштык алакаларга карабастан улуттук кызыкчылыктарды сактоого, кыргыз коомунун аң-сезиминдеги колониалдык өтмүштүн кесепеттеринен арылууга багытталган бүгүнкү кыргыз жаштарынын иш-аракети идеялык жактан байып, кошумча руханий мазмун күтөт. Аңгектен качса дөңгөккө урунбай, орустан оолактаса арабга чарпылып же Батыштын кучагына түшпөй, жүргүзгөн күрөшү нагыз улуттук нукка түшөт. Макаланын башында айтылгандай, эгемендиктин нукура мааниси үчүн улуу муун 1930-жылдары тешип кирген тоннелдин учун карайлабай таамай тапканга жол ачылат.

«Терезени ачып койгулачы!» деген бойдон үзүлгөн Алыкулдун сөзү менен маркумдар бизден бүгүн ошону талап кылат.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.