PARIS 2024: Кыргызстандын намысын ким коргойт?

PARIS 2024: Кыргызстандын намысын ким коргойт?

Олимпиадага даярдык

Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын башталарына саналуу гана күн калды. Бул күндү дүйнөнүн жана биздин спортчуларыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатат. Олимпиада оюндарына даярдык кандай? Кайсы өлкөнүн спортчулары катыша албайт? Кыргызстандан кайсы спортчулар барып, мамлекетибиздин намысын коргойт? Жана башка дагы суроолорго жоопту төмөнкү макаладан окуй аласыздар. Мындай макаланы биздин редакцияга Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, спорттук баяндамачы Бермет НУР жөнөтүптүр…

Париж үчүнчү ирет олимпиаданы кабыл алат

Франциядагы жайкы олимпиада оюндарынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Оюндар 26-июлдан 11-августка чейин уланат. Буга чейин 1900 , 1924-жылдардагы Олимпиадаларды кабыл алган Париж шаары үчүнчү жолу Олимпиаданы уюштурууда.

Канчалаган жүрөктү толкундаткан, өнөрлүүлөрдү бириктирген ошондой эле тынчтыктын, достуктун, ден соолуктун символу биз күткөн Олимпиада оюндары босогодо. Спортчулардын күчүн, демин, намысын сыноочу Олимпиада оюндары кайрадан Франция кучагында. Учурда баардык өлкөдөгү спортчулар толкундануу менен Олимпиадага даярдык жүрүүдө. 100 жылдан кийин кайрадан Олимпиада оюндары Францияда. Уюштуруучулардын айтымында Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи  делегациялар үчүн Париж символдорунун бири болгон Сена дарыясынын жээгинде кайыктар менен параддан өтүшү пландалууда. Бирок,  ИШИМдин (Ирак жана Шам Ислам Мамлекети) кол салуу коркунучу жаралса альтернативдүү план үчүн Франциянын президенти Эммануэль Макрон «Б жана С пландары» бар экенин айткан.

Француз уюштуруучулары 10 миңден ашык спортчунун  6 чакырымдык Сена дарыясынын жээгинен басып өтүүсүн пландаштырууда. 600 миң адам көрө турган алгачкы план азыр учурда 300 миң адамга кыскартылды. Ошондой эле оюндарды көрүү үчүн шаарга келген туристтердин ачылышка билетсиз кирүү планы да өзгөрдү. Көрүүчүлөр ачылыш аземине Уюштуруу комитетинин атайын чакыруу баракчалары менен катыша алышат. Эгерде Олимпиада учурунда Сена дарыясында коопсуздукка коркунуч байкалып, ал жактан алыстоо керек болсо  экинчи альтернатива катары Эйфель мунарасы көрүнгөн Трокадеро аянты аныкталганы менен ачылыш аземи “Стад де Франс” стадионунда да өтүүсү ыктымал. Мындай абал Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу кезигиши ыктымал. Негизинен буга чейин Олимпиадалык  ачылыш аземдер туруктуу бир жерде өткөрүлгөн. Уюштуруучулар оюндар учурунда Парижге 15 миллиондон ашык туристтин келерин күтүшүүдө.

Париж жайкы олимпиадалары 26-июлдан 11-августка чейин 206 өлкөнүн 10 миң 500 спортчунун катышуусу менен 32 түрдүү мелдештер өткөрүлөт.  Олимпиадалык планда негизги туруктуу 28 мелдешке  “Брейк бийи”, “Толкунда Серфинг”, “Cкейтборд” жана ‘Альпинизм” кошумчаланды. Мына ошентип, 32 түрдүү мелдеш боюнча  көптөн күткөн олимпиада оюндарынын таймашууларына бир канча күн калды. Олимпиадада жеңүүчүлөргө  329 комплект медаль тапшырылат. Дагы бир өзгөчөлүк бул жолку  Марафон жарышы Олимпиада тарыхында биринчи жолу коомчулуктун, спорт ышкыбоздордун катышуусу  үчүн ачык болот.  Олимпиадалык трассада жарышка 20 миң ышкыбоз спортчу катышат.

206 мамлекеттин спортчуларынын катышуусу менен болуп өтө турган Париж жайкы олимпиадасы 11-августта аяктаары менен аркасынан ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулардын Паралимпиада оюндары башталат.  Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин уланат. Анда спорттун 22 түрү боюнча  4400 Пара спортчу мөрөй талашат. Паралимпиада жеңүүчүлөрү үчүн  549 медаль даярдалган. Ошентип, 2024-жылы  жайкы Олимпиада оюндарына өтүүсүнө кучагын ачкан  Франция 2 ай боюнча дүйнөнүн ар тарабынан келген спортчуларга, спорт ишмерлерге жана  спорт сүйүүчүлөрүнө олимп майрамын тартуулайт.  Ал эми Олимпиада айылы Франциянын эң жакыр аймактарынын бири болгон Сен-Сен-Дениде түзүлгөн.

Коопсуздук күчүнүн абалы

Мындай чоң жоопкерчилик үчүн  Франциянын коопсуздук күчтөрү кандай даярдыкта деген суроо дүйнө коомчулугун кабатыр кылууда. Француз өкмөтү оюндардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 20 миңге жакын аскер жана 40 миңден ашуун полиция кызматкерин даярдады. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн, Германиядан коопсуздук операциясына 2 миңге жакын аскер жана полиция колдоо көрсөтүп, көмөкчү болушат.

Оюндарга катыша турган делегациялар, бардык спортчулар, машыктыруучулар, ыктыярчылар жана медициналык кызматкерлер, ошондой эле Олимпиада айылына жакын жашагандар менен бирге бир миллионго жакын адам күн сайын  коопсуздук текшерүүсүнөн өткөрүлүп турат.

Орусия менен Белоруссиянын олимпиадада желеги желбиребейт

Орусия Украинага каршы согуш ачкандыктан, Белоруссия бул баскынчылыкты колдогону үчүн Орусия менен Беларусияга Эл аралык Олимпиада Комитети  (ЭОК)  Олимпиадага расмий катышууга уруксат бербеди. Бирок,  бул өлкөлөрдүн айрым спортчулары бейтарап (өлкөсү аталбайт) спортчу катары мелдештерге катыша алат.  Бул эки өлкөнүн спортчулары жана делегациясы Олимпиаданын ачылыш аземине катыша албайт. Эгерде мелдештерде эки өлкөнүн спортчулары жеңишке жетишсе, алардын Гимндери ойнотулбайт,  желектери обого көтөрүлбөйт. Ошондой эле тууларын алып жүрүүгө да тыюу салынган. Мындан тышкары, олимпиадага катышкан спортчулар армия жана коопсуздук органдары менен эч кандай байланышы болбошу керек жана Украинадагы согушка колдоо көрсөтпөшү керек. Ушундай жагдайдан улам төрт-беш жыл олимпиадага катышууга даярдык көргөн орусиялык спортчулар арманда калып, мээнети текке кетмек болгону турат.

ЭОКко жолдогон ачык катында Украина бир нече жолу Орусия менен Беларусияны Олимпиада оюндарына катышуудан толук четтетүүгө чакырып келет. Ошондуктан көптөгөн россиялык спортчулар, анын ичинде Парижде жеңишке жетишип чемпион болууга мүмкүнчүлүгү барлар да Олимпиадага баруудан баш тартышты, алар ЭОКтун жогоруда айтылган шарттары алар үчүн кабыл алынгыс экенин айтышты. Париж оюндарына бойкот жарыялоо чакырыктары да болууда.

Бир тараптан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Израилдин олимпиадага катышуусуна байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетин сынга алган. Лавров Газадагы согуштан улам Израилге тыюу салынышы керектигин айтып чыккан. ЭОК президенти Томас Бах мындай талаптарды четке кагып, Израилдин катышуусун колдогон.

Каражат

Оюндар учурунда Парижде автобус жана метро баалары эки эсе кымбаттайт. Көчөлөрдө  унаа кыймылына катуу чектөөлөр болот. Оюндар учурунда  Париждин айрым метро станциялары жана вокзалдар жабылат.

ЭОК  2022-жылы билеттерди сатуу, лицензиялоо жана хостинг чыгымдарын жабууга 4,4 миллиард евро бюджет бөлгөн. Олимпиадалык оюндардын мелдештерин көрүүгө  10 миллионго жакын билеттердин 95 пайызы эбак сатылганын уюштуруу комитети мурда маалымдаган.

Жергиликтүү ишканалар жана ишкерлер Олимпиада учурунда келе турган коноктордон улам  сатуунун жана кирешенин өтө чоң суммада  өсүшүн күтүшүүдө.

Парижге Олимпиада оту Грециядан келди

ариждеги жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына саналуу гана күндөр калганда 16-апрелде Грециянын түштүк-батышындагы байыркы Олимпия шаарындагы 2600 жылдык Гера храмынын урандыларынын жанында зор салтанат менен күйгүзүлгөн Олимп оту 14-июлда Франциянын борборуна жеткирилди. 14-июлдагы парадда Франциянын борборунда эки күндүк факелдин эстафетасы башталды.

Парижге келген Олимпиада оту эстафетанын борбор этабынын катышуучуларына аскердик параддын соңунда École Nationale d’Equiitation аскердик атчан академиясынын башкы чабандеси (инструктору) полковник Тибо Валет тарабынан тапшырылды.  Академиянын инструкторлору Ле Кадре Нуар де Саумур деген элиталык атчан аскер бөлүгүнүн курамына кирет жана атчан команда катары да иштешет.Бул команданын курамында Тибо Валетт 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиаданын алтын медалынын ээси болгон.  Олимпиада отунун эстафетасы түшкө жакын Фош проспектисинде, аскердик параддын аягында башталды, ал бул жолу Элисей аянтында жана Конкорд аянтында Оюндардын ачылыш аземине даярданышына байланыштуу кыскартылган форматта өттү. 26-июлга белгиленген.

Андан соң факел «Париж 2024» логотиби менен кооздолгон борбор калаанын башкы проспектисине алып барылды. Шамп-Элисейде эстафетанын метрополиялык этабынын биринчи катышуучусу футбол боюнча дүйнөнүн жана Европанын мурдагы чемпиону, азыркы Олимпиаданын футбол турниринде Франция курамасынын машыктыруучусу Тьерри Анри болду.

Эки күндүн ичинде 540ка жакын эстафетачы 60 километрге жакын аралыкка чуркашат. Жекшембиде 200 факел алып баруучу, дүйшөмбүдө 340 факел алып баруучу. Иш-чараны түздөн-түз кайтарууга 1600 полиция кызматкери жана жандарм мобилизацияланган.

15-июлда Олимпиада оту мындан ары борбордун так борбору аркылуу эмес, анын сырткы райондору аркылуу эстафета менен уланат.

Андан кийин эстафета 22-июлга чейин шаардын чет жакаларындагы Сен-Квентин, Бове, Сузи-су-Монморенси, Меа, Кретей, Эври-Куронн аймактарда уланат . 23-июлда сахна Версальда, 24-июлда Нантерде, 25-июлда Сен-Дениде, ал эми 26-июлда Олимп оту Париждин чок ортосунда, Сена дарыясында сапарын аяктап, оюндардын оту жанат. Режиссёр Томас Жолли тарабынан коюлган ачылыш аземин  бүт дүйнө калкы көгүлтүр экран аркылуу көрө алышат.

Олимпиаданын алдындагы калктын маанайы кандай?

Дүйнөдөгү туруксуз саясий кырдаал – өзгөчө Украинадагы согуш жана Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын мындан дагы күчөшүнөн кооптонуу –  Олимпиада оюндарын таасирин жана баркын басаңдатууда. Франциянын борборунун инфраструктурасы эң чегине жетип, жергиликтүү калк кабатырланып турушат.

Бул жагдайлар  париждиктердин Олимпиадага болгон ынтасын жана ышкысына кедерги болоору бышык.  Акыркы сурамжылоого ылайык, Франциянын баш калаасынын тургундарынын 44% Олимпиада оюндарын “жаман нерсе” деп аташып, кыртышы сүйбөй, каршы пикирде болуп турушат.

Олимпиада учурунда транспортту жана жол кыймылын уюштуруу пландарын ишке ашыруу өтө татаал маселе боюнча калууда. Франциянын борбору Париждин борборундагы Эйфель мунарасы менен Конкорд аянтынын айланасында көптөгөн коргоочу тосмолор орнотулуп жана айланма жолдор курулду.

ЭОК жана анын жетекчиси кандай сезимде?

ЭОКтун президенти Томас Бах  олимпиаданын идеяларын, эл достугуна данакер, тынчыктын символу экенин баса белгилеп келатканы менен ал  азыр оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат.

Себеби ЭОКтун Орусия жана Беларусия боюнча чечимдеринен улам Бах ар кайсы чөйрөлөрдүн, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова аны “расизм жана неонацизм” деп айыптаган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өз кезегинде ЭОК Кремлге Олимпиаданы курал катары колдонууга жол ачып берип жатканын айткан. Ал эми Германиянын бейөкмөт уюму Бахты ​​“үйрөнүүгө жөндөмсүз динозавр” деп атаган.

ЭОК президентке каршы сындарды четке кагып, анын артында бекем турат. Томас Бахтын президенттик мөөнөтү 2025-жылы аяктайт, башкача айтканда, Париж оюндары анын ЭОКтун жетекчилигиндеги акыркысы болуп саналат. Бул уюмдун айрым мүчөлөрү Бахтын дагы төрт жыл бою ЭОКтун президенти болуп калышына уруксат берүү үчүн уставдарды өзгөртүүнү сунушташууда.  70 жаштагы Бах бул маселе боюнча чечимди Париж Олимпиадасы аяктагандан кийин чыгара турганын кыйытып айтты.

Кыргызстандын намысын кимдер коргойт?

Париж олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу жолдомо алышкан. Алар спорттун беш түрү: бокс, жеңил алтелика, дзюдо, спорттук күрөш жана сууда сүзүү боюнча мөрөй талашып, өлкө намысын коргойт. Бокс боюнча эң жеңил  57 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашат.

Жеңил атлетика боюнча Сардана Трофимова жолдомо алган. Орусиялык жөө күлүк 2022-жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Ал марафондук жарышка катышмакчы.

Дзюдо таймаштарына катышууга 66 кг салмакта Кубанычбек  Айбек уулуна Азиялык квота менен жолдомо ыйгарылган. 90 кг салмакта Эрлан Шеров мөөрөй талашат.

Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырып, байгелүү орундарга жетет деп ишенип турган балбандар болууда.

Кыз-келиндер күрөшүндө 62 кг салмакта  дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова, 68 кг салмакта дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова жана 76 кг салмакта дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону Айпери Медет кызы күч сынашат.

Грек-рим күрөшүндө 60 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, 67 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Амантур Исмаилов, 77 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов жана 97 кг салмакта Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргойт.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта  жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло медаль уткан Бекзат Алмаз уулу, 65 кг салмакта дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси Эрназар Акматалиев жана 125 кг оор салмакта Азия чемпиону Айаал Лазарев мөрөй талашат.

Ал эми сууда сүзүүдө Азия чемпиону Денис Петрашов жана Елизавета Печерских брасс жана эркин сүзүү ыкмалары боюнча мелдештерге катышат.

Олимпиаданын ачылыш салтанатында Кыргызстандын туусун дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

Спортчуларыбызга ийгилик, жеңиш каалап, сүрөөнгө алып туралы!

Бермет НУР

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.