Рахат Аманованын “Үлүк эне” аңгемесин доцент сынга алдыбы, же салыштырдыбы?…

Рахат Аманованын “Үлүк эне” аңгемесин доцент сынга алдыбы, же салыштырдыбы?…

РЕДАКЦИЯДАН: 2024-жылдын 29-декабрында акын, жазуучу, мугалим Рахат АМАНОВАнын «Күмүш кемер» аттуу аңгемелер жыйнагы чыккан. Автордун алгачкы жолу жарык көргөн китебинде “Үлүк эне” аңгемеси да бар. Аталган аңгемени Ютуб каналына жарыялаган (дегеле акын-жазуучулардын чыгармасын, котормосун сыясы курган электе жарыялап келаткан)  кесиптешибиз Төрөкул Дооров мындай деп жазган: «Рахат Аманованын жаңы аңгемелер жыйнагынан алынган “Үлүк эне” аңгемеси тек гана бир кемпирдин баяны эмес, ал сүйүүнүн, ишеним, үмүттүн, боорукерлик жана бирөөгө кам көрүүчүлүктүн, бир сөз менен айтканда, Адам болуунун хикаясы экен. Башкаларга “алжыган чал” бул эне үчүн күнүмдүк жүздөшүү, туугандашуу жана тирүүчүлүктүн, балдары-неберелери бар экенинин, согушта жоголгон күйөөсүнүн жанында жүргөнүнүн далили… Ар кимибиз ушундай мамилеге, камкордукка муктажбыз го негизи… терең чыгарма экен«.

Окурмандардын кызыгуусун арттырган “Үлүк эне” аңгемеси алгач “Монпарнас” адабий журналына жарыяланган. Ошо мезгилде жазылган — филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнин доценти Ризван Исмаилованын «Биз үлүлгө окшошуп баратабыз, же “Үлүк энеге” үңүлгөндө…» (аналитикалык сын макаласы) макаласы биздин редакцияга кечээ кечинде келип түштү. Анда эмесе, ал алдыңыздарда…

Биз үлүлгө окшошуп баратабыз, же “Үлүк энеге” үңүлгөндө… (аналитикалык сын макала)

Америкалык белгилүү комедиант (азилкеч) жазуучу (өзүнүн аты Джошь Биллингс) Генри Уиллер Шоу:  «Дүйнөдө эң оор, эң жагымсыз нерсе — өзүңдү-өзүң таануу” деп айткандай, кандай чыгарма болбосун окурманды ойго салса, ой толгоого аргасыз кылса, ой дүйнөсүнө таасир эте алса, ошол чыгарма бекеринен жазылбаганы бештен белгилүү.
Адабият өтө кызыктуу, акыл калчаганды, ой жүгүрткөндү жактырган илим. Ал адамдын өзүн-өзү ачып окуганды үйрөтөт, адам таануу илими. Андагы бир сөз же сүйлөмдөр, же айрым бир майда деталдар тагдыр чечүүчү мааниге ээ болушу же глобалдуу жүк көтөрүп турушу мүмкүн. Мунун мисалдарын адабият кеменгери Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан көп кездештиребиз.

Рахат Аманова

“Монпарнас” адабий журналына жарыяланган акын жана жазуучу, адабиятчы Рахат Аманованын “Үлүк эне” аттуу аңгемесинде кызык бир табылга “жарк” этип чыга калбаспы… Сюжети эле эмес, композициялык түзүлүшү чакан, ары аёолуу, ары армандуу тагдырдын ээси Үлүк кемпирдин жашоо дасмиясы сөзгө алынат. Согуштун каар-заарын өмүр көчүндө кара так катары алып жүргөн муундун — Согуш балдарынын катары кыйла союлуп, ал эмес, азайып баратканына карабай, согуш темасына чекит коюларына көз деле жетпейт.
Автор каарманын минтип: “…Селсебетте катчы болуп иштеген тың жигит кыз тандап жүрүп, сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу Үрүлканды алган эле. Көктөмдө көшөгөсү тартылган жаш келиндин көңүлүнө сымбаттуу, күйүмдүү, иш десе ичкен ашын жерге койгон билерман күйөөсү төп келип калат. Үч ай өтпөй уруш башталып, күздө кеткен жигит тынбай кат жазып жүрүп, кийин согуш аяктайын деп калганда, дайынсыз жоголуп, кайтпай калды. Кара кагаз албай, эми келип калат деп, түңүлбөй жол карап көзү каткан Үлүк күйөөгө да тийбей, балалуу да болбой, кайын ата-кайненесинен калган эки бөлмө жер тамда өмүрү өттү” деп айтып берет. Үлүк кемпирдин тиричилиги табышмактуу, элге чочун деле эмес. Анын “жөө жомогун” айылындагылар жакшы билет, угуп, көнүп ал гана эмес, сагынып да калышат. Бөтөн айылдардагылардан кызганат, этиятташат.
Ким билсин, ар бир адамдын жан дүйнө сыры өзү менен кетсе керек. Күлгүн курак жаштыгында баш кошкон өмүр шерик күйөөсүн унута албай, ага түбөлүккө ант бергендей, сөзүнөн да, өзүнөн да жаңылбай, туу көтөрүп өткөн аялзадаларды мен да көрдүм. Кайын журтум Өзгөндүн Көлдүк айылында кара Гүлү деген кемпир болор эле… Жаш келин элем, качан барбайын, айылды аралап өткөн жолдун бир тарабындагы дөңдө керели кечке соксоюп отуруп, кан майданга кеткен карачечекей жалгыз уулун күтүп жүрүп, көзү өттү, ыраматылыктын… Мен анын отурушун карыган бүркүткө окшоштуруп, үмүт менен сагыныч кусалыгынын пириндей көрөр элем.
Кемпир таттуу кыялынан кол жууй албай, күйөөсү экөө тилек кылган беш уул, беш кыз, үйү толгон неберелерин таштап, карыш жылбай, айыл-апага барганда да дароо чыга койбой зарыктырып, кошуна кемпир: “Ушу сенин кабыгыңан чыкмайың тозок да тозок!”деп, айтмакчы, жыты сиңишкен жер тамынан алыска барбай жүрүп, өмүрү өттү. Анын күндө келип, божурашып кеткен жашы сексенден ашып калган кудасы Акун аксакал эле.
Киши карыганда өзүнчө мүнөз күтүп калат дешет. Акун аксакал кезинде башкарма болуп, бала-бакырасы тамыр жайып, кемпири экөө бакубат доор сүрүштү. Илгерки согуштагы “кантужини” таасир эттиби, же кандай, иш кылса Акун чал туруп-туруп эле баарын унутуп калып жүрүп, кийин-соңгу адамды деле, аркы-беркини деле такыр унутуп калчу болду. Жолукканды эле “ким элең” деп сурап калат. Кемпиринин көзү өткөндөн кийин жалгызсырап, жүдөп кетет, Үлүк кемпирди жакынсынтып күндө келгени да ошондон.
Карылыкты биз дөөлөттүү, балдары бапестеген өзүнчө бир жыргал доордогудай элестетебиз. Ал доордун кандай болору да табышмак… Жашоодо оору-дарт бир жактан, физиологиялык кудуретсиздик, экинчи жактан баланын, неберенин ташпиши кыйнаган-эзген руханий карылыкты өзүбүзгө жолоткубуз келбейт. А-а, караң калгыр турмуш, өзүнүкүн бербейт эмеспи… Ал эми аңгемедеги карылар болсо, Үрүлкан эне таттуу кыялкечтиги “Кемпир тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө жашаган жакындарын айтып, көз алдына элестетип, бир саамга болсо “жөө жомогун” корунуп-нетпей айтып алганына…”, Акун аксакал “Эсинде мандеми болсо да, акылы түгөл карыя, өзүнө карата мамилеге баам салып байкап жүрүп, көңүлү чөгүп жүрүп, акыры ушул Үлүк кемпирдин үйүнөн жылуулук тапты” деп, автор сыпаттагандай жумшак мүнөз, чын дилдүү мамилелери үчүн бирин-бири издеп жатышпайбы.

Чыгармадагы эки көркөм деталь өтө аяр, кылдат сүрөттөлөт. Экинчиси жөнүндө кийинчерээк сөз кылабыз…
Ошол күрсү (отургуч) эки карынын жан дүйнө окшоштугунун, жарым сөздөн бири-бирин түшүнө алганын, кудалык наркты (“эсен болсун бечара куда”) бекем карманып сыйлашканын, экөөнүн божурашканы экөөнө тең жагары так ушул отургуч (карыя отурган күрсүнү алаканы менен сүртүп, мештин жанына этият түздөп койду”) аркылуу берилет. Отургуч аркылуу тереңделет, отургуч аркылуу айкын болот. Аңгемедеги мына бу диалог отургучтун орун-маанисин ансайын күчөтүп берет.

— Келиңиз куда! Төргө өтүңүз.
— Сиз ким элеңиз, байбиче?
— О мен тоокелердин кызы болом, куда, илгерки “көзгө атардын” келини болом, кайыненем сабайдын кызы, көкчөлөргө жээн эле го?
— А-а, ооба, ооба.
Күндөгүсүн күндө, азыркысын азыр унутуп калган чалга, кемпирдин кайын журтуна куда-сөөк болгондуктан кышы-жайы дебей, күндө бир маал келип кеткени адам адамга муктаждыгын, ал муктаждык чай ичип, курсак тойгузуш менен чектелбесин, адам баласынын табиятына мүнөздүү мээрим, сый-урмат, ымала, боор батыруу, ишенүү “адамдын табын адам гана алат” деген илгеркилердин кебинин калетсиздигин далилдейт.
Чыгарма эргүү, жөнөкөй тил менен шыдыр жазылган. Аңгеменин тулкусундагы жөпжөнөкөй күндөлүк турмуштун ыргагы, андагы саналуу каармандардын реалдуулугу, жандуулугу баш көтөрбөй окуганга аргасыз кылат. Айрым бир ашыкча кеткен жерлери да жок эмес. Мисалы, кошуна кемпирлер айттап келебиз деп чакырса, Үлүк эне кыйылып, өзүнчө кодуранып: “Имине өлүп калды дедиңер беле, аа? Жанды коюшпайт экен да ушу!” деп сүйлөнгөнү, так ушул сөздүн эки жолу кайталанганы, “жаның эми тынып отурганда бытпылдыктап (бөдөнөлөр бытпылдыктап сайрашат эмеспи) калышат тимеле, өлүп калсам тирилте койчудай болушуп, бышырып жей тургансып!…» деп наалыганы, ачууланганы башкы каармандын оор-басырыктуу бир мүнөздүүлүгүнө ишендирбей турат.
Биздин көңүлдү жипсиз өзүнө бурган экинчи көркөм деталь — үлүл. “Үрүлкан эне үлүлдөй болуп үйүнөн чыкпайт эле. Үлүл эне деп тергеп жүрүп, акыры абысын-ажындарынын оозуна сала бергендей, Үлүк аты эл оозуна алынып кеткен болчу” деп башталат чыгарма. Каарманга берилген ат бизди, биздин коомду эле айтып тургансыйт… Менимче, бул жазуучунун жаңы табылгасы, үлүл — бул литота. Чындыкты көркөмдөп, пардаздап таанытуу үчүн колдонулган адабий ыкма.

Fans of the game struggled to log on during the Pokemon Go gathering — the game’s servers have repeatedly struggled due to overwhelming demand and repeated Denial of Service attacks by hacker group PoodleCorp over the weekend, July 20, 2016.

Заман өзгөрдү, технологиялык прогресс алгалоодо, ааламдаштыруу процесси болуп көрбөгөндөй арааны ачылып келаткан ушул таптап биз, адамдарды үлүлдүн кабыгына окшогон чөнтөк телефондон баш көтөртпөй, өзүбүздүн технологиялык кабыгыбызга кирип жашоого ыңгайлашып кеттик. А.П.Чеховдун “Кутудагы кишисиндей” өзүбүзгө ылайык кутучаны тандап алдык. Айтса-айтпаса, учурда ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн бирден же экиден (колунда барлардыкы андан да көп) кол телефондору бар. Чайга чакырганда же башка маселеде бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө кабарлоодон (чалгандан) баштап, ЖОЖдо, мектепте студенттер, окуучулар сабакты да смартфондон даярдап калышты. Күнү-түнү колдон түшпөгөн буюм адам организминин бир бөлүгүнө айланып баратат… Жаш балдардан же чоңдордон телефонун алып койсоңуз же жоготуп алса, ал адам өзүн коёрго жер таппай, кайсалактап калат. Бирдеме жетишпегендей же салыштырып айтканда, эмчек эңсеген баладай бозурайып, эмшеңдеп кусаланат, оозунан сөзү түшөт, көңүлү чөгөт.
Өзүн кулпулап алган адам эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, жападан жалгыз жан шериги, эрмеги телефон болуп калды. Интернеттин жакшы жагына караганда, жаман жагын көбүрөөк алганыбыз айдан ачык. Жаштардын жазган билдирүүлөрүндөгү грамматикалык каталарды айтпаңыз, жөпжөнөкөй “ооба” деген сөздү “ова, оба” деп жазгандар чекеден чыгат. Ашканадан тамак алса, сатуучу да, алуучу да “собой” деп алат. Студенттердин кебинде “китепкана”, ”мектеп” (түндүк тараптагылар “школго бардым-келдим” деп кебелбей айтышат) деген сөздөр жоголо баштаган, “библиотекага бардым” деп сүйлөшөт. Эки тилди бузуп сүйлөө же болбосо аралаштырып айтуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Оозеки кептеги стилистикалык жана орфоэпиялык каталар эч кимдин башын оорутпайт. Жогорку Кеңештин трибунасынан тартып, бала бакчага чейин орусча-кыргызчаны кошуп, ашмалтайын чыгарып сүйлөө тилдин түпкүлүктүү мыйзамын “одоно бузуу маданияты” гүлдөп баратат.
Мындай мисалдарды айта берсек түгөнбөйт. Үлүлдүн кабыгындай камалган кутучанын азабынан арылышыбыз да кыйын. Интернет менен иштөөнүн маданиятына үйрөнмөйүн, биз анын жетелеме күнкорлоруна айланарыбыз анык.
Акырында айтаарыбыз, адабий даярдыгы жетик, сезимтал, кара сөздүн чебери, акын жана жазуучу Рахат Аманованын аталган аңгемесиндеги салаалуу ойлордун баш жагында адам атына байланышканы менен затына чырмалышып бараткан үлүл кабыгына кирип кетүү коркунучунда турганыбыз алдын-ала айтылган эскертүүдөй сезилет.

Ризван ИСМАИЛОВА,
филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнин доценти
(2024-жыл. Сентябрь)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.