Эсен болуп, эстей жγр!
Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада (Ч.Айтматов залында), 31-январда коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев эскерилет. Эскерүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Манас» улуттук академиясы өткөрүп жатат.
Топчукебиз жубайы Сабыркγл Тургуналиева менен “Бишкек таймс” гезитине 2005-жылы кызыктуу маек куруп берген экен… Жогорку эскерγγ кечесинин алдында архивдеги ошол маекти берип коюуну чечтик…
АРХИВден…
“Менин жубайым «Жар-жарай!» деп ырдай турган жар”
— Топчубек Тургуналиевич, орозоңуз кабыл болсун! Орозо тутканыңызга көп жыл болдубу?
— Айтканыңыз келсин. 1996-жылдан бери кармап келатам.
— Сиз түрмөдө көп күн жатып калбадыңызбы. Ошо жакта да орозо туттуңуз беле?
— Мен түрмөдө 1184 күн жаттым. Каракол түрмөсүнөн баштагам. Мен үчүн орозо кармоо — тазалануунун, дарылануунун, ашык салмактан арылуунун жолу. Бирок заардык ичпейм.
— Анда орозонун эрежеси бузулат да?
— Мен рамазан айында эле эмес, ага чейин эле өзүмдүн атайын түзүп алган күн тартибим бар болчу. Таң эрте туруп, стадионго барып, көнүгүүлөрдү жасап, чуркайм. Бир күндө бир гана жолу тамак ичем. Өз убагы менен уктап, эс алам.
— Намазга жыгыласызбы?
— Жок.
— Эми артка кылчайып, эң жакшы күндүн бири болгон — үйлөнүү үлпөтүн эстесеңиз. Кайсы жылы, канча жашыңызда үй—бүлө кургансыз?
— Өмүрлүк жубайым экөөбүз 1965-жылы, 5-июлда баш кошконбуз. Ошол кγнγ мен 24 жашка толгом. Москвадан институтту ийгиликтүү бүтүп келип, кубанычка батып турган кезим эле. Ошентип үч майрам кош кабат болуп, чогуу өткөн.
— Андан бери арадан канча жыл суу агып, башыңыздан ар кандай окуялар өттү. Өмүрлүк жарыңызды бактылуу кылалдым деп ойлойсузбу?
— Мен Сабыркγлдγ канчалык бактылуу кылдым, аны айталбайм. Мен бийликтин «курортторунда» көп жγрдγм. Аны азапка салдым. Ошонун баарын, тоодой тоскоолдуктарды жеңип, мага чыдады. Мендей адамга чыдоо оңой эмес. Ортобузда алты бала, он небере бар. Мына ушулардын баарын тарбиялап, бутуна тургузуп, алардын азабына чыдаган Сабыркүл эне. Менин жубайым «Жар-жарай!» деп ырдай турган жар. Балдарыбыз да ыймандуу, акылдуу өсүшүп, баары өз жолун таап кетип, чоң тамгалуу адам болушту. Азыр балдардын үзүрүн, сый-урматын, жакшылыгын көрүп жатабыз. Негизи мен үй-бүлөм менен сыймыктанам, бактылуу атамын.
— Жубайыңызды эмне деп эркелетесиз?
— «Байбиче», «Тайнена» (бир неберем жаңы тили чыга баштаганда ушинтип айткан, ошондон бери мен да ушинтип айтам) деп коем.
— Жоголгон байлыктын орду толсо да, жоголгон убакыттын орду толбос. Көп убактыңыз бош кеткенине кейибейсизби?
— Оо-о мурда, эс тарткандан берки өмүрүмдүн тек кеткен айрым күндөрү болсо болгондур, такыр эсимде жок. Акыркы 40 жыл да бош кетүү эмес, көп учурда 24 саат жетпейт. Кээде «24 саат эмес, бир күн, бир түн эки эсе көп саат болуп калса кана» деп өкγнөм.
— Өзүңүз жөнүндө көпчүлүк билбеген дагы эмне кызыкчылыгыңыз, сүйгөн нерсеңиз бар?
— Улуу тоого чыкканды керемет көрөм. Кожожаштын аскасына, Миң Текенин асман менен мейкиндик талашкан зоо-чокуларына барсам, айтып тγгөнгγз ыракат алам.
«Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы, аска-зоону ашкан барбы, аркар изин баскан барбы» деген кыргыздын акылман сөзγ мага асман аралаган бийик асыл ой, таза дил, жалпыга жыргал заман жөнγндө кабар берип турат.
Улуу тоонун чөптөрүнөн дары жасап, өзүмдү дарылап, башкаларга да жакшылык кылган жагым да бар. Көркөм дγйнө, өзгөчө музыка менин жан дүйнөмдүн жанбиргеси… Анан дагы балык уулоого барам. Балыкты кайырмак менен кармайм деп эчен саат тикеден тик туруп жүрүп жакшы эс алам.
— «Билимдүү билгенин иштейт, билбеген бармагын тиштейт» дегендей, Сиз «аттиң» деп бармагыңызды тиштебей, билген нерсеңизди иштээриңизди, интеллектуалдуу, жогорку билимдүү адам экениңизди жакшы билебиз. Сиздин билимиңиз ЖОЖдорго, мекемелерге абдан керек. Андай жерлерге иштегенге неге көңүлдөнбөйсүз?
— Көңүлдөнөм. Абдан эңсейм, көп учурда куса болом. Менин кесибим мугалим, адистигим философия. Дарс окуу, сабак өтүү мен үчүн ыракат. Илим менен алек болууну дайыма ойлойм. Бирок кечээги, бүгүнкү заманда мен үчүн саясый майданда күрөшүү негизги максат болуп калды. Кыргызстанды оң жолго салууга кенедей болсо да өз үлүшүмдү кошсом, элим үчүн колуман келишинче кызмат кылсам дейм. Өлкөдө эң күчтүү, нарктуу партия түзүлсө деген ой көңүлүмдүн күндө жаңырып турган чордонунда. «Эркиндик» партия менен жаным бирге. Ал эми дарс окуганга бүгүн убактым жетпей жатат.
Сабыркγл ТУРГУНАЛИЕВА: “Топчуке ташка да чөп өстүрүп ийет...”
Топчубек Тургуналиевич менен маектешкен соң, жары менен таанышканга үйүн көздөй бет алдым. Сабыркγл эже эшикти өзγ ачты. Амандашып, таанышкан соң, баарлашууга өттүк.
— Сабыркүл эже, турмуштун ачуу-таттуусун тата билдиңиз, жыргалын да, кыйноосун да сезе билдиңиз. Басып өткөн жолуңузга өкүнбөйсүзбү?
— «Турмуш деген түптүз эмес тасмадай» деп бекер айтышпайт да. Тагдырдын башка салганын көрбөскө айла жок тура. Чынында эле мен турмушта көп запкыларды көрдγм. 90-жылга чейин таттуу турмушта жашадым, анан эле аягы азапка бурулуп кетти. Топчукени куугунтуктай баштаганда, үйгө чейин тогуз милиция келип, тинтишкен. Эч нерсе таппай, айлалары тγгөнгөндө: «Курал бар дешпедиби, кана?» деп менден сурап калышты. «Бар куралы» деп стол жакка бассам, алаңдап артыман ээрчишти. “Мына” деп стол үстүндөгү ручкасын көрсөтсөм, унчукпай калышты.
— Эмнеге анттиңиз эле?
— Саясатты жакшы жазган киши да. Жазып бүткөн соң, илимий жактан аны изилдейт, ар бир сөзүнө талдоо жүргүзөт. Мен бир макал айтып койсом, аны да саясатташтырып ийет. Иштин нугун, көзүн тапкан мыкты адам. Жөн эле билим менен жүрө берсе, будан бир нерсе чыгып, илимдүү киши болмок. «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, чындыкты ким сүйсүн. Чоңдор эмес, бир тууганың да сүйбөйт эмеспи.
— Байкашыма караганда жолдошуңуздун жүргүзгөн саясатына каршы окшойсуз?..
— Башынан эле каршымын. Мен эле эмес, агасы, тууган-туушкандары, бала-бакырасы «жалгыз чындыкты кайдан издейсиз?» деп канча айтышты. Акырында «Өлөр өгүз балтадан коркпойт. Элим үчүн, чындык үчүн башымды өлүмгө сайдым» деп койду. Анан биз да аны өз жолуна койдук. Эч кимди укпаган, өжөр адам. Беттегенин бербейт.
— Сиз менен сүйлөшүп жүргөндө эле ушундай өжөр беле?
— Ой, анда кичипейил, сыпайы, маданияттуу, таза, тыкан кийинген жигит эле. Топчукенин «саясат деген оорусу» 1990-жылы башталган. «Улут маселесинин аң-сезимин өстγрγγ» деген тема менен докторлугун жактаган. Ошондон кийин эле адамдардын аң-сезимин өстүрөм деп чыкты. Анан эле ушундай тагдырга дуушар болбодубу. Кайсы кызматка барбасын, артынан куугунтуктап туруп алышты го, чиркин!
— Иштебей жүргөнүнө көп жыл болду окшойт. Сиздерди кантип багып келатат?
— Бош жγргөнγнө он жылдан ашты. Мурда мугалим (№5 мектепте 33 жыл иштедим) болуп эмгектенип, айлык акы менен баксам, азыр пенсия менен багып келатам. Албетте кыз, күйөө балдардын жардамы да чоң.
— Жубайыңыз түрмөдө отурганда бала-чакаңыз менен бат-бат барып турсаңыз керек?
— Балдарды такыр жолоткон жокмун. Өзүм үч күндө бир барып турдум. Тγрмөдөн жаман ооруга чалдыкпасын деп кийим-кече, тамагынан γзгөн жокмун. Тапканым тапкандай Топчубекке кетип жатты. Ошо жаткан жери да таза болсун деп акиташ, сыр алып барып берген да кγндөр болгон. Мезгилден артта калбасын деп гезит-журнал, китептерди γзгөн жокмун. Жолуккан сайын: “Ак ийилет, бирок сынбайт» деген сыяктуу күч-кубат бере турган жакшы сөздөрдγ айтып жөнөп кетчүмүн. Чыккандан кийин ыйлаганымды айтпа. Мурда ошол учурду эстесем эле жашып кетчүмүн, азыр антпейм. Көз жашымдын баары түрмөдө калды. Кудай мындан ары жамандык болбосун. Мендей тагдырды эч бир жанга каалабайм.
— Эже, мезгилден өткөн сынчы жок. Жакшы-жаманды, чындык-жалганды ылгап, таразалап берет эмеспи. Кимдин ким экенин ошондо билсеңиз керек. Ошол учурда сизге ким жакшы кеп айтып, жардамын аяган жок эле?
— Топчубек кызматта турганда досторубуз көп эле. Ушундай бир, байкоосуздан турмуштан мүдүрулуп кеткенде, достордун көбγ кол үзүп коюшту. Чыныгы дос болуп калгандар — Сардар, Бектен, Мелис, алар менен алигγнчө катташабыз. «Асаба» гезитин жетектеп турганда Мелис Эшимканов бир жыл бою, айына 500 сомдон берип турду.
«Шоро» фирмасынын президенти Табылды Эгембердиев бир балабыздын контрагынын акчасын которуп берген.
Кайнагам Орзубак моралдык, материалдык жактан чоң колдоо көрсөттγ. Куруттан баштап, этке чейин алып келип жγрдγ. Эгер келалбай калса, каттагандардан берип жиберчү. Анан айылдык туугандар тизмелерин жазыл, он сомдон чогултуп олтуруп, 500 сом жыйнап беришкен. Ошентип элдин көңүлүнөн да чыккан жокпуз. Элдин сүрөөсү, жакшы сөзү мага күч берип, чыйралууну пайда кылган.
— Турмуштан эмнени үйрөнө алдыңыз?
— Тайманбастыкты, курчтукту үйрөндүм. Мурда мокок элем…
— Жардам көп болгон күндө да уул-кыздарды багуу кыйындыкка турса керек?
— Кичүү уул-кыздын окуусунун акчасын төлөөдөн кыйналганым чындык. Айла жоктон дачаны саттым. Кудай берерин унутпайт экен, кайра дача сатып алганыбызга эки жылдын жүзү болуп калды. Аны Топчубек гүлдөтүп жатат. Колунда бир касиет бар. Жөн эле отургузуп койгон гүлү тимеле дүркүрөп өсөт дейсиң. Ташка да чөп өстүрүп ийет. Суу чыкпаган жерден суу чыгарып ийет. Багбан адам деп айта алам.
— Дагы кандай өнөрү бар?
— Жакшы бийлейт. Ырдаган жагынан алдына ат салдырбайт. Үнү сонун болгондуктан, той-топурда башкы белектерди жеңип келет.
— Теледенби, көчөдөнбү, айтор, көргөн адамдар «ачуулуу киши го» дешет… Жолдошуңузга кандай мүнөздөмө бере аласыз?
— Шайыр, ак көңүл, кек сактабайт. Ачуулукка алдырып, ар кандай сөз айтканы менен кечиримдүү. Кыскасы, өзүнө душман күтпөйт.
-Үйдө кандай жар, кандай ата?
— Жакшы адам. Уул-кыздарын, неберелерин сүйөт. Аларга, мага мамилеси эң жакшы. Сыртынан караганда гүл көтөрбөгөн адамга окшошот эмеспи. Менин майрамымда мени гүлгө бөлөп, жакшы сөздөр менен ороп коет. Негизи жакшы жар, жакшы ата.
— Тамак тандап ичеби?
— Жок. Эмне берсем, ошону ичет, жейт.
— Тамеки, ичкиликке кандай?
— Тамеки тартпайт, ичкилик ичпейт. Ден соолугун жакшы карагандыктан, өз жашынан жаш көрүнөт да. 65 жашка келип калса да, элдин көбү 55 жаш беришет. А мен болсо 61 жашка келдим. Неберелерим менен жылуу үйдөмүн. Мындан өткөн бакыт барбы.
— Колдо келин жокпу?
— Балабыз «мына-мына алам» деп эр жетип турат. Буйруган күнү келиндүү болуп калаарбыз.
— Өзүңүз каердин келини, кызысыз?
— Аксынын Афлатун деген айылынын келини болсом, Көлдүн Торайгыр деген жердин кызымын.
— Келин болуп барганда, барган жериңиз сизди кандай тосуп алышты эле?
— Мен 20 жашымда келин болуп бардым. Мени абдан жакшы тосуп алышты. Албетте, «аркалык кыз» деп артын салган туугандар да болгон.
— Жубайыңыз менен «ажырашам» деп ачууга алдырган күнүңүз болду беле?
— Үй-бүлө куруп, ымалашып жашап кетүү өтө татаал. Ал эми ажырашуу оңой нерсе. Жактырып турмушка чыккандан кийин, анын ысык-суугуңа чыдайм дейсиң. 90-жылга чейин өйдөдө өбөк болуп келгем. Ылдыйлап кеткенде мен жөлөк болбосом, ким болот эле? Эркекти жаман да, жакшы да кылган аял эмеспи. Ушуну эске алдым. Анын үстүнө балдарымды тирүүлөй жетим калтыргым келген жок. Топчубек жөнүндө акарат сөздөрдү айтып, ортобузга чок салып, ажыраштырууга далалат жасагандар да болгон. Андайларга «эшикке чыкса элдики, үйгө кирсе меники» деп жаркылдап койчумун. Үй-бүлөнүн отун өчүрбөй, анын табына балдарды, өзγмдγ жылытып келгендиктен, очогубуз бузулган жок.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
“Бишкек таймс” гезити, 2005-жыл