АТАЛАР МЫЙЗАМЫ: Баарыбыз атабызды эстеп…

АТАЛАР МЫЙЗАМЫ: Баарыбыз атабызды эстеп…

Аталар мыйзамы

Бγгγн, 15-мартта, алгачкы жолу Аталар күнү белгиленди. Президент Садыр Жапаров жаралган жаңы майрам менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Эске сала кетсек, президент «Аталар күнүн, Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамга 2024-жылдын 25-июлунда кол койгон. Тиешелүү мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага ылайык, жыл сайын 15-мартта Аталар күнү жана майдын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленмекчи…

Тактай кетсек, Энелер күнү биздин өлкөдө 2012-жылдан бери андагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгынын негизинде белгиленип келаткан…

Тγш-тиш… жамгыр… мышык…

Албетте, ата да, эне да – баарыбыздын байлыгыбыз, кубаныч, берекебиз. Алар үчүн бир күндү расмий майрам катары белгилеп койгонубуз деле аздык кылат. Алар үчүн балдарынын амандыгы, жакшылыгы, жакшы мамилеси менен бир күн эмес, ар бир күн майрам…

Анткен менен бүгүн баарыбыз аталарыбызды куттуктадык, айрымдарыбыз жоктоп эстедик… Биз дагы Жакшылык атабызды эстедик… Кандай адам болгонун неберелери сурап кубантты. Буга чейин атам тууралуу учкай жазып келсем, бу сапар кенен берип коюну чечтим.

Аска-зоо атабыздан биз 1996-жылдын 16-июнунда ажыраганбыз. Мен анда студент элем. Боз γйдө отурганда “ата” дей албай же “байке” дей албай, “ата деген сөзγмдγ угуп кеткениңизде эмне?” деп боздоп-сыздагам… Чоң энемдин колунда өскөндγктөн атамды байке, апамды жеңе деп чоңойгом.

Боз γйдө отурганда бир жума мурун көргөн тγшγмдγ эстеп, ого бетер жаман болгом. Тγшγмдө тишим тγшγп калган болчу, ошондо негедир айрым карылардан угуп калган: “тγштө тиш тγшсө жаман кабар келет, кимдир бирөө каза болот” деген сөзү кылт деп эсиме түшүп… чочуп ойгонуп, чыныга суу куюп тγшγмдγ айтып, “жамандыктын баары ушу менен чыгып кетсин!” деп γч жолу тγкγрγп, артымды карабай балкондон ашыра төгγп, чыныны эшиктин алдына көмкөрγп койгом… Айтор, чоң энемден эмнени көрсөм, ошону кылчумун… Чоң энем: “жаман тγш көрсөң, тγлкγнγн богу деп кой!” дечγ… Мына, ушу сөздγ неге айтпадым деп бушайман болгом… жашмын да…

Боз үйдө боздоп отурганыбызда, жамгыр себелеп бир жаап өттγ… “Кагылайын балама нур жаап атат… Балам ай, апалап мени узатсаң эмне” деген эле чоң апам… Анан эле мышык мыёолоп калды… “Ай, мышыкты жолотпогула! Боз γй тешигинен кирип баламдын кулагын, мурдун жеп кетпесин! Мышык өлгөн адамдын этине өч болот, жолотпогула! Балам бγтγн кетсин чын жашоого… Тγнкγсγн да жакшылап кайтаргыла!” деп калды неберелерине…

Ошентип атабызды акыркы сапарга узатар кγн да келди. Кичүү иним Эрзат 1-классты аяктап, 7 жаштагы бала эле. Атабыз ою менен болгон ушул эӊ кичүү инимди «топурак салсын, көксөөсү суусун» деп ала кетишкен экен, атабызды жайына коюп кайтып келишкенде, «Атамды топурак менен көөмп салышты» деп көзү жашылданып айтып келип баарыбызды ыйлаткан… Атабыз талаада ат үстүндө үзүлгөндө жанында болгон 11 жашар иним атабыздын акыркы мүнөттөрүн эстеп бир канча жыл ыйлап жүрдү…

Ошол эки иним Эрлан менен Эрзат бүгүн зыйкыйган жигиттер болушту. Бири -архитектор, бири — дизайнер… Бирок аларда да дагы эле атага болгон сагыныч, кусалык жашайт… Канткен менен атаны орду башкача да…

“Кызым, ата десең жакшы болот эле”…

Атамды акыркы жолу 1995-жылы Манастын миң жылдык мааракеси Таласта белгиленип жатканда ооруканадан көргөм. 1-курсту аяктап, жайкы каникулга тарап жатканда, андагы деканыбыз, мударис Кусеин Исаевич: “Манастын миң жылдык мааракесине катышкыла! Таластын кызысың, катышпасаң болбойт!” деп калды. Анан эле ар кай университеттерден келген миң студенттин арасында бийлеп катышып калдык… Таласка 10 автобус менен келсек керек эле… Автобустун алдында да, артында да МАИ унаалары жандап, оорукананын жанынан өткөнбγз. Ошондо атам: “Бул автобуста менин кызым да келатат… Студент… Мааракеде бийлейт” деп жанындагыларга сыймыктануу менен айткан экен… Аны эртеси ооруканага атамды көргөнγ келгенде жанында жаткан агалар айтты эле. Атама чакыруу ала келип, “Байке, 31-августта “Манас Ордосуна” келиңиздер!” деп карматсам, “Кызым, мен бара албайм го, апам (мени баккан чоң энем) менен жеңең (тапкан апам) барат го. Бизди ата, апа десең жакшы болмок” деп чекемден өптγ… Турмушка чыксам эле айтам деп коштошуп кеткем. Алтын атам ай, карааным γзγлгөнчө кол булгалап карап турду… Көрсө, ошол акыркы жолугушуубуз экен…

Кийинки жылдын каникулунда атамды жоктоп калдым… Атам кандай адам эле? Бетке айтып, тγз жγргөн абдан жакшы адам болчу. Колу ушундай сулуу болчу, тимеле тизип жазчу… Математик да эле, айрым эсептерди кыйналып-кысталып отурбай мындай эле эстептеп койчу. Тарыхый, адабий китептерди, гезит-журналдарды көп окучу. Бирок атам окубай калды… Эгер окуса, мисалы, мугалим болсо, мыкты мугалим болмок… Апам экөө айыл, колхоз жумуштарында болушту. Атам трактор айдады, кийин мал бакты. Ортодо аз убакыт почточу да болду. Почточу болуп иштеп жγргөндө, андагы гезит-журналдын баарын биз дагы окучубуз.

Ата тууралуу ыр уксам эле көздөн жаш кетет. Кγйөө бала көрбөй кеттиңиз эле… Тиги дγйнөдөн Эрнисим менен таанышып алгандырсыз… Жаткан жериңиздер жайлуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Жакшылык атабыздын сγрөтγ айылда болгондуктан бере албадык… Далай атабызды эстейбиз жана сγрөттөрγн беребиз!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.