Кечээ, 14-мартта, “Манас” улуттук академиясынын дагы бир жакшы жаңылыгынан кабардак болдук. Академиянын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшчү Улуттук кеңешме түзүлдү. Анын курамына кимдер кирди десеңиздер, алар:
Тγгөлбай Казаков, Сулайман Кайыпов, Абдылдажан Акматалиев, Кыяс Молдокасымов, Медеткан Шеримкулов, Аскар Салымбеков, Алмазбек Акматалиев, Асан Жакшылыков, Жедигер Саалаев, Камила Талиева, Мирлан Самыйкожо, Кайрат Иманалиев, Рыспай Исаков, Асылбек Кожобеков, Аймен Касенов.
Бул аталгандардын арасынан жогорку иш-чарага Тγгөлбай Казаков, Сулайман Кайыпов, Абдылдажан Акматалиев, Кыяс Молдокасымов, Асан Жакшылыков, Рыспай Исаков, Аймен Касенов катышып, “Манас” улуттук академиясынын 2024-жылда кылган алгылыктуу иштерин, 2025-жылга карата пландарын угушту.
Ошондой эле алар Улуттук кеңештин төрагасын бекитип беришти. Жооптуу катчыны улуттук академия өзγ беките ала турганын, андыктан бул кызматка бир топ университеттерде мугалим болуп эмгектенген, улуттук адабиятка, улуттук маданиятка узактан бери кызмат кылып келаткан Чынара Салиеваны тандап, шайлап алышканын “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу билдирди. Ал эми Улуттук кеңеш төрагасын кеңештин мүчөлөрү бекитип берерин айтылганда, алар бир добуштан Азиз мырзанын өзγн шайлап беришти…
***
Эми бул иш-чарада бир топ көйгөйлγγ, маанилγγ маселелер көтөрγлдγ. Мисалы, “Манас” улуттук академиясынын буга чейин жакшынакай жайгашып иштеп жаткан жайына инвесторлор менен иш алып барчу кайсы бир тармак өкүлдөрү кирип алышканын, эми “Манас” улуттук академиясы эки бөлмөгө тыгылып иштеп жатышканын; Ала-Тоо аянтындагы «жертөлөгө суу кирип, конструкциялардын бузулуусуна алып келген, эстелик турган жердин асты урап калышы мүмкүн, андыктан постаменти жаңыланат, жертөлө конструкциялары бекемделет» деп алынган «Айкөл Манас» айкели кайра коюлар-коюлбасы тууралуу кγмөндүү шек-шыбырттар жаралып жатканы; “Манас”, “Семетей”, «Сейтек» ж.б. улуттук баалуулуктардын арак-шараптардын аталыштарына коюлуп жатканын жетиштүү реакция кылынбай жатканы, дегеле “Манаска” тиешелγγ бардык маселелерге (албетте, анын ичинде тийиштүү улуттук баалуулуктарыбыздын баары бар — ред.) жалпы эл-журт көңγл бурушубуз керектиги сөз болуп, биргелешип көңүл бурулчу, кылынчу иш-аракеттер талкууланды.
Айтмакчы, Ала-Тоо аянтындагы январь айынын ортолорунан бери орду бош «Айкөл Манас» эстелигинин постаментин реконструкцияламакчы болгон Бишкектин мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы эстелик турган жердин алдындагы жертөлөгө соода түйүн жайгаштырылып жасаларын, ага 1 млн 836,1 миң сом каралганын билдирип, «…Манастын эстелиги реконструкциялоо учурунда сактоого өткөрүп берилет… Оңдоо иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, «Айкөл Манас» монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат«, — деп убада кылышкан эле…
Кызыгы, Жайсаң Үмөт уулунан — кайыптан деп саптарын кагазга түшүргөн Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” аталган он томдугу боюнча да учкай сөз болуп, кызыктай ойду жаратты…. Дегеним, убагында бул китеп дуу болгон, аны жаратуучусу болгон Бүбү Мариямды бир топ аттуу-баштуу коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, айрым окумуштуулар, манас таануучулар алкап-жактап, «жайсаңчылар» деген каймана атка ээ болушкан. Улуттук маданиятыбызды күнгөй-тескейин мыкты тескегендер «жайсаңчыларды» «…эпостун идеясын бурмалашкан, кыргыз улуттук идеологиясына каршы жасалган диверсия» деп атап, Баш прокуратура кылмыш ишин козгоп, райондук, облустук жана Жогорку сот жайсаңчылардын чыгармасын экстремисттик текст деп таап, аны таратууга тыюу салып, бардык дүкөн-китепканалардан алдыртуу чечими чыккан болчу. «Саякбай, Сагымбайга байланып эле жүрө бербей, башка да чыгармачылык аракеттерге жол ачышыбыз керек» тариздеги ой айткан профессор Сулайман Кайыпов «Жайсаңчылар» дегендердин өздөрүн соттош керек!”, «Манас» эпосу дебей, эпосту алып салып, Манас эле деш керек» сындуу пикир-сунуштарын айтты.
Эми башка да айтар кебибиз көп эле… Ар кыл божомол, шек-шыбырттар боюнча кептерди угуп, өзүмчө «диверсия жалпы улуттук маданиятыбызга болуп жаткан жокпу» деп бир ызаланып, бир туталанып, айтор, ойлорум дале чачыранды абалда…
Кызыгып калдыңыздарбы?.. Эми азырынча ушул… Айтарым дагы алдыда…
***
Азырынча жалпылай турсак, Улуттук кеңешме түзүлдү. «Манас» улуттук академиясынын ишин мындан ары арттырып, бекемдөөгө, жаңы демилгелерди көтөрүүгө жана “Манас” эпосун дүйнөлүк аренада кеңири даңазалоого багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алары, улуу мурастын түбөлүктүүлүгүнө кызмат кылып, келечек муундарга даңктуу тарыхты жана нукура руханий байлыкты жеткирүүгө жол ачарын академия жетекчиси Азиз Биймырза уулу баса белгилеп өттү. Тилегеним, кеңештин «аты улук, супарасы курук» болбосун!
Кызыктуу, маңыздуу, максаттуу иш-чара Кыргыз эл артисти Тγгөлбай Казаковдун ак батасы менен аяктады. Профессор, окумуштуу, Кыргыз эл акын-жазуучуларынын “Манас” эпосу, улуу манасчылар тууралуу эмнелерди айтышканын, пикир-сунуштарын жакында окуй аласыздар!
Назира СААЛИЕВА