“Манас” улуттук академиясын чыгарып жатышат. Ушуга көңүл бурулуш керек!»
Кечээ (16-апрелде) Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо өтө маанилγγ маселе көтөрдγ. Ал «Манас» улуттук академиясы жайгашкан имаратка Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кирип алганын, учурда улуттук академияны көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатканын билдирди.
— Биздин улутубуздун өзөгү болгон бул — “Манас”. “Манас” улуттук академиясы деген бар. Бул академия бир топ эпосту изилдеп, жайылтып келе жаткан бирден-бир илимий жана маданий борбор. Бүгүнкү күндө ушул “Манас” улуттук академиясын көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатат. Эки бөлмөгө эптеп иштеп жатышкан жеринен Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жайгашып, ошол агенттик “Манас” академиясын чыгарып жатат. Ушуга көңүл бурулуш керек!
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик канча инвестиция тартты, ошол боюнча бир аз маалымат да алсак жакшы болот эле.
“Манас” улуттук академиясы ушул убакка чейин “Манастын” үчилтигин, том-том кылып китебин чыгарып, “Манас” боюнча изилдөөлөрдү өткөрүп, биздин руханий мурастарды бир топ жайылтып келе жатса, биз аны кайра тебелеп-тепсеп, “Манасты” эшикке чыгарып койсок, анда өтө осол болот.
Манастын тарыхына келе турган болсок, Манас кулалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып, башканы да кучагына батырган. Биз бγгγн Манасты сыртка чыгарып койгон заманда жашап калабызбы?.. «Манас» улуттук академиясы килейген академия. Инвестиция ээлеп алып, манас батпай калган заманга келип калсак, анда руханий дөөлөттγ тебелеп-тепсеп кеткенге барабар деп эсептейм!
Буга чейин Тγгөлбай Казаков айткан эле…
Жогоруда айтылган өтө көйгөйлγγ, өтө маанилγγ маселени буга чейин Кыргыз эл артисти Тγгөлбай Казаков агабыз да айтып, маселе көтөргөн эле. Тагырагы, мындан бир ай мурун, 14-мартта “Манас” улуттук академиясынын алдында Улуттук кеңешме түзүлγп, ага атактуу академик, профессор, окумуштуулар, депутаттар (Тγгөлбай Казаков, Сулайман Кайыпов, Абдылдажан Акматалиев, Кыяс Молдокасымов, Медеткан Шеримкулов, Аскар Салымбеков, Алмазбек Акматалиев, Асан Жакшылыков, Жедигер Саалаев, Камила Талиева, Мирлан Самыйкожо, Кайрат Иманалиев, Рыспай Исаков, Асылбек Кожобеков, Аймен Касенов) мγчө болгон. Андагы жыйынга Жогорку Кеңеш депутаттары Камила Талиева менен Мирлан Самыйкожо жγйөлγγ себептер менен келбей калганы айтылган. Ошол «ийри отуруп, түз кеңешели» деген чакан жыйында “Манас” темасына тийиштүү көйгөйлγγ көп маселе көтөрγлγп, анын бири — «Манас» улуттук академиясы учурунда «өз алдынча имаратка ээ болдук» дүңгүрөп сөз кылынып жайланышкан имараттан сγрγлγп чыгып жаткандыгы боюнча да учкай сөз болгон. Тγгөлбай (Казаков) агабыз: «Алгач «Манас» улуттук академиясынын имаратын чечип беришибиз керек! Булар отурган имаратка Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кирип ээлеп алып, булар эки бөлмөдө тыгылып иштеп жатышат. Ушу кантип болсун?! Тиешелγγ жерге кат жазалы, чечели!» деген эле…
Аны Улуттук кеңештин келбей калган мүчөлөрүнөн башкасынын баары эле уккан, «койчу» деп чочугандары да болгон… Качан калайык-калкка, тийиштүү бийлик адамдарына айтылар экен, кандай аракеттер кылынар экен деп жаттык эле, мына айтылды… Эми «…кезинде семетейчи Сейдене апабыздын вариантын жаздырып, билим берүү багытында далай жаштарды окутуп Манас жаатында алгылыктуу иш жасап келген» депутат Камила Талиева, «Манас» эпосубуз башында турган улуттук баалуулуктарыбызга кыйыр да, түз да катышы бар башка аттуу-баштуу, илимий даражалуу, даңазасы түрк тилдүү элдерге да таанымал адамдарыбыздан да жетиштүү реакция болот деген ишеничтебиз.
Улуттук диверсия жγрүп жаткандай…
Дегенибиз, илгертеден келаткан «убагында айтылбаса сөз атасы өлөт» деген сөз бар… Жаалап кетчү маселеде, ушинтип чырылдап, кγйγп-бышып айткан үркөрдөй бир ууч эле адам болбосо, оозуна кум куюп алгандай тымпыйган кээ бир тың чыкмаларыбыз бар. Канча бирин мамлекетке кайтарып, автобекеттерди, башкаларды шаардан алыс жылдырып, ат майданды «алып» коюп (жаңысын тил эмизип бүтүрбөй) ж.б.у.с. … 30 жылда кылынбаган жакшысы да, бакшысы да аралаш ооз ачырган орошон иштер кылынып жаткан маалда башка имарат табылбай, аты улук «Манас» улуттук академиясын супарасын курук кылып жетимсиретип көчөгө калтырып жатканы… биздин чолок оюбузда, улуттук диверсиянын эле бир түрү… «Өлкөдө кылынып жаткан иштерге көмүскөдө көмөкчү «күчтөр» бар, алар илгерки эле тармактарды бөлүшүп алып тейлеген жүздөр» деген имиштер да бар, ошолор «айткан-дегенин кылдыртып» күчтүүлүк кылып жатабы деген ойлор да жаралбай койбойт… Андай болсо, «калк укуругу узун» эле…
Албетте, ар бир замандын тентеги да, жөнтөгү да болуп келген. «Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» дегендей, оңдуу пикир айтабы, тескери пикир айтабы, жакшысын же жаманын айтабы, бийликтегилерге жакпай калса эле, «көрө албастар, бузукулар, сокурлар…» сындуу эпитеттер жамгырдай эле жаай турган болду азыр… А бирок бардыгы эле бирдей эмес, ошол чырылдап айтып жаткан «оозу жамандардын» арасында чындап келечекке, улутка, мекенге күйүп жаткандар толтура.
«Кечээгиңди унутканың — тарыхыңды курутканың»…
«Манас» эпосубуз азыркы эгемендигибизге чейинки замандарда деле канча бир чабуулду башынан кечирген. Не деген дооматтар коюлуп, тыптыйпыл тытып жок кылчулар чыкканда да өмүрлөрү кылыч кырында туруп, абакка кесилип, партиядан чыгарылып, «эл душманына» айланып калчу капааттардан коркпой коргогон улутчул уул-кыздарыбыз чыккан. Орус, казакмын дебей коргогон жазуучу-окумуштуулар болгон. Жөн коргобой адыраңдагандардын мээсине жеткидей жүйөлүү кептерин айтышкан, далилдерди келтиришкен, сактап калышкан…
«Кечээгиңди унутканың — тарыхыңды курутканың» деген сөз бар. Тарыхый эс-тутумду учурдагы укмуш өзгөрүүлөр, алкынган, желпинген айрым адамдар жок кылып коё албайт дечи… Ошентсе да, жакшыруу, жакшылыктуу өзгөрүү бир тармакка артыкчылык берилип, бир тарап жетимсирегендей абалда жүрбөшү керек. Андан дагы улуттук баалуулуктарыбыз өз бийиктигинен түшпөшү керек… Кээде ушул маселеде айрым баалуулуктарыбызды жалпы улутка эмес, кайсы бир аймакка гана тийиштүү кылган «мите мамиле» жүрүп жаткандай туюлуп кетет. Балким, эл башында эстүү эле адамдар отурат, жаңылышып жаткандырбыз… ошондой эле болсун…
Анткен менен, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (аты да, иши да бир учурда жакшы тааныш болгон бир агенттикти эстетти да(!)) дагы бир улуттук статусу бар «Манас» академиясынын имаратына былтыр жаңы жыл алдында жайгашып алган… Ошондо эле «Манас» улуттук академиясы деген жазууну алып ыргытып, өздөрγнγкγн илип алышканын көргөнбүз… Имараттын алдында олуттуу оңурайып бирөө турган экен, «Манас» академиясынын жайын сурасак, башка өлкөдөн бастырып кирип багындырып алгандай, «алар көчүп кеткен» деп бурк эткен болчу… Көрсө, көчүп кетпей эле, эки бөлмөгө тыгылып иштеп жатышкан экен… Бул эмнеси деп анда таңгалгам…
«Манас» улуттук академиясынын жакшынакай жайгашып иштеп жаткан имараттан чыгарылып жатканы «бир имарат да» деген майда, кайдыгер маселе катары калбашы керек! Олуттуу жакшы иштер да, кыңыр иштер да ошол майдалардан башталат… «Урааным — Манас, улутум — кыргыз!» деп калп ураалабай, четте карап турбай, урматтуу мекендештер, улуттун уул-кыздары, Мирлан Самыйкожо айткандай, «Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жайгашып, ошол агенттик “Манас” академиясын чыгарып жатат. Ушуга көңүл бурулушу керек!», γн кошуңуздар!
Назира СААЛИЕВА