«Манас» улуттук академиясы жайгашкан имаратка Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кирип алганын, учурда улуттук академияны көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламентте (16-апрелде) айтып чыккан. Бул кейиштγγ көрγнγш, жөн эле кейиштγγ эмес, түшүнгөн адамга кооптондурган, түпөйүл кылган олуттуу, көйгөйлγγ, маанилγγ маселе эки күндөн бери социалдык тармактарда кызуу талкууда… Нааразычылыгыбызды, жарандык укугубузду пайдаланып аянттан эмес, митинг кылып мишайт этпей ушул социалдык тармактардан эле айтып жатабыз… эми маселе менен тааныш бардык интернет колдонуучулар да, интернеттен тышкаркы ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫ да нааразы… Биздин бийлик башчыларыбыз айрым маселелерди интернетке салып талкуулап, жарандар пикирлерин угуп калышчу эле… бул маселеде деле УЛУТТУК СЕЗИМди ойготуп ой калчап коюшар деген илгери үмүттө жарандык пикирлерден берели деп чечтик…
«Айтылбаса, сөз атасы өлөт» дейт… пикир айтуу — жарандык укугубуз кантсе да…
«…академиянын имаратынан башка жер табылбай калса, демек…»
Бул маселе боюнча котормочу, акын, журналист, публицист, адабият талдоочу Жыргалбек Касаболотко суроо салып, төмөндөгγдөй жооп алдык.
— Менимче, Мирлан жөн жерден маселе көтөрбөйт. Демек, олуттуу негиздер бар деп ишенем.
«Манаска» каршы иштер бүгүн эле башталган жок. Совет мезгилинде улуу мурасыбызды тап катары жоюу аракети аз жерден ишке ашып кала жаздаган учурлар болгон. Кийин эгемендик келген соң 11 муун менен жазылган жасалма тексттер, фейк варианттар том-том болуп чыгарылды. Каармандардын атын аракка коюшту. Эпостун терс кейипкерлерине шаардын так борборуна эстелик орнотуп көрүштү. Кытай өзүнө каттатып алганда ЮНЕСКОнун түбүнөн тескери эрежеси тууралуу айткандарды, анын ичинде мени да эч ким укпады.
Манаска арналып салынган комплекстин жерин административдик имарат жөөлөдү. Манастын тегин калмак кылган операга бийлик өкүлдөрү кол чаап турушту. Бийликке каршы сөз айтса, далили жок баса калган күч түзүмдөрү Манасты сөккөндөргө каршы жазылган арыз боюнча эч кимди жазалагысы келбей койду. Элдик салтка каршы балдарынын атын Манас койгондор көбөйдү, манасчылардын каршылыгына карабай кино тартам дегендер чыкты.
Эми жалаң акча менен иштеген мекемеге бюджетинен башка эч нерсеси жок академиянын имаратынан башка жер табылбай калса, демек, бул ошол эле тенденциянын уландысы.
Эгер бийлик бул академияны иштеткиси келсе, кенен-чонон жай бөлүп берип, алдына максат коюп, эл үчүн да, мамлекет үчүн да пайдасын көрө турган жерде. Жок, эгер максаты башка болсо, анда улуу мурасыбызга тиешелүү мекеменин атын кор кылбай жоюп эле салганы оң. Ошондо жок дегенде чынчыл мамиле болот.
Жалпысынан «Манаска» тиешелүү адамдардын өз арасында да ыңгайлашуу, көр пенделик, түшүнбөстүк толтура. Кийиздей тепкилеп Гиннеске сүйрөгөнү бар, хор менен айттырып өзөгүн бузгандар бар, Бакайды чыккынчы десе унчукпаганы бар. Андыктан оң жакка тартсаң, сол жагы жырылган шартта, пайдам тийбесе да зыяным тийбесин деп мен бул темадагы талкуулардан чыгып кеткем. Анткени туура сүйлөсөң тууганга жакпайсың, ортодо ого бетер жарака күчөйт, сөздү да сиңе турган жерге айтыш керек экен…
***
Жыргалбектин жазганында, айтса, айтпаса да, ачуу чындык жатат! Не дейбиз, акын айткандай, «Алың жетсе ар бириң Манас болгун!»…
Алың жетсе ар бириң Манас болгун!
Көкүрөктө жаралган көпөлөктүн,
Көп жыл бою канатын көкөлөттүм.
Оюм өстү. Опол тоо боюм өстү.
Ошентсе да Эр жетип өсө элекмин.
Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшунун жеми болуп
Мекенибиз өксүүдө тең жетилбей.
Көптү билдим, көп иштер себеп болду,
Көк Асаба көөдөнгө желек болду.
Бүгүн мага калдыркан канаты эмес,
Бүркүттөрдүн канаты керек болду.
Көкөй кесип эл-жердин таланышы,
Көздөн учту Көкжалдын жаралышы.
Кыл чайнашкан, кылычтын мизиндеги
Кыргыз үчүн кыйчалыш заман ушу.
Улуу сөздү унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым,
Уйпаланган токолдой жалдырабай
Улуу жолго бет алчы, суранганым.
Тура бербей бир нерсе кылыш керек!
Туура жолго тумандан чыгыш керек.
Шибегенин учу эмес, бүгүн бизге
Шилтегени мүрт кеткен кылыч керек.
Асылдыкты таркаткан үрөнүндө,
Азаматтын жетилген түнөгүндө,
Айкөл Манас абалкы күмбөздө эмес,
Ар бириңдин мекенчил жүрөгүңдө.
Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң арта бербей
Алың жетсе ар бириң Манас болгун!
«Манас» улуттук академиясынын жаралышы… Жарлыктар…
«Манас» улуттук академиясынын жаралыш тарыхына токтолсок, академия «Манас» эпосун, кыргыз элинин маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо, жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө сыяктуу максатта 2019-жылы түзүлгөн. Андагы президент Сооронбай Жээнбеков (2019-жылы 31-январда) “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын негиздөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Алгач академияны коомдук ишмер маркум Топчубек Тургуналиев башкарган. Андан кийин манасчы Талантаалы Бакчиев (2021-жылы декабрда) дайындалып, 2024-жылдын 15-ноябрына чейин жетектеген. Учурдагы жетекчиси — Азиз Биймырза уулу.
2022-жылы аталган мекеменин макамы жогорулатылып, “Манас” улуттук академиясы болуп түзүлүп, Айтматовго байланыштуу изилдөө иштери Улуттук илимдер академиясына өткөрүлгөн.
«Манас» улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси «Манас» үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу багытында иш алып барат» деген Жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы кол койгон…
Академия Жарлыкта айтылган иштерди четинен ишке ашырып, бир топ жакшы иштерди жасашты… жакшынакай иштеп жатышкан жайынан козгошпосо, дале жасашмакчы… деген ойдобуз…
Назира СААЛИЕВА
P.S. Урматтуу туугандар, четте карап турбай Жыргалбек Касаболоттой болуп γн кошуңуздар! «Улутум — кыргыз, урааным — Манас!» деген кыргыздардан бололу!