ТОКТОГУЛДАН КЕЛГЕН КАТ: “Болбогон нерсеге ыркырап-чыркырабай, “Манасты” айталы!”

ТОКТОГУЛДАН КЕЛГЕН КАТ: “Болбогон нерсеге ыркырап-чыркырабай, “Манасты” айталы!”

РЕДАКЦИЯДАН:  Жогорку Кеңештин жыйынында (16-апрелде) депутат Мирлан Самыйкожо  «Манас» улуттук академиясы жайгашкан имаратка Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кирип алганын, учурда улуттук академияны көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатканын билдиргенден бери, Кудайдын кулагы сγйγнсγн, “Манаска” кайдыгер эмес адамдардан каттар келип, γн кошкондордун катары көбөйγп баратат… 

Акын акыйкатты айтканда…

«Кары да бол, жаш да бол/, Кадырлашкын тирүүңдө/.

Калар бир күн алтын баш/, Караңгы көрдүн түбүндө».

ТОКТОГУЛ

Аттуу-баштуу, таасирлүү адамдардын үн кошуп жаткандыгы, албетте, көңүл кубанарлык. Кыргыз эли сыймыктанып айта турган “Манастан” башка эмнебиз бар?” деп башталат Токтогулдан келген катта. Аны талаш-тартыш болгон жерде башын катып жатып албай, ар дайым өз учурунда ой-пикирин билдирип турган, окурман, күйөрман, сүйөрмандар арасында өз аудиториясы бар акын эжебиз Нуржамал Султанбекова жазган. Бул жолу да учурдун ачуу, өкүт чындыгын мындай деп жазыптыр:

Болбогон нерселерге ыркырап-чыркырабай, ушундай олуттуу иштерди колдоп турсак болбойт беле, аттиң! Учурдун адамдарын карап туруп таң каласың, маанилγγ маселеге, илим-билим жаатында сөздөргө, маңыздуу макалаларга маани бербей, коомго жат көрγнγш, төшөк маселеге, ушак-айыңдарга басым жасашат… тимеле баса калып ошону окуйт, лакылдата лайк басат, аны бөлγшөт. Ютуб ачып алгандары аны чоң жаңылык кылып алып чыгып “талдашат”… Атаңдын көрγ, “Манасты” ушинтип жайылтышса кана! Мына, коомдун деңгээли! Ушундай! Анан кантип коом өнγксγн?.. Коом өнүгүш үчүн адамзаттын аң-сезими бийик болуш керек! Түпкү тарыхын билбей туруп, келечекти кантип курууга болот?

Курулай бири-бирин мактап-жактамай, “сен мыктысың”, “сен генийсиң” дегенге өтγп алышты… ушундай жакшы сөздγн да кадырын кетирип жаткандарды көрүп, тобо деп жакаңды кармайсың. Мыкты, генийлер тарыхый инсандар.

Жыргалбек Касаболот

Албетте, учурда олуттуу маселеде калыс сөзγн айтып, жазып келаткан жөнөкөй, адамгерчилиги бийик, билимдγγ адамдар бар. Бирок, өтө аз. Алардын бири – акын, журналист Жыргалбек Касаболот, кечээги журналист, бγгγнкγ депутат – акын Мирлан Самыйкожо, профессор Ишенбек Султаналиев. Эмнеге γчөөн баса белгиледим, себеби, “Манас” темасына келгенде, калыс сөздөрγн айтышты…

Анан мен дагы γн кошууну чечтим. “Манасты” кыргыз эли турсун, кытайлар даңазалап жатат. Кыргыз эли сыймыктанып айтарга “Манастан” башка эмнебиз бар? “Манаска” тиешелγγ нерсенин баарына көңγл буруп, “Манас” жөнүндө ар кайсыл варианта жазылган эпосторду кайрадан басып чыгарып келаткан бул – “Манас” улуттук академиясы. Алар андай мамиле кылып турбаса, “Манас” эпосу жок болуп деле кетиши толук ыктымал. Академияда учурда көңүл кубанарлык жакшы иштер болууда. “Манастын” канчалаган томдору жарыкка чыга баштады. Ага кызыккан жаштар бар экен… кызыкпаса керек деп ойлочу элем… ата-бабаларыбыздын тарыхы эч качан ордун жоготпогонун, жаш окурмандардын көптүгүн көрүп ыраазы болот экенсиң. Эми ушундай жаштарга ушундай тарыхый инсандарды, китептерди жеткирγγ γчγн «Манас академиясын туш тараптан колдоп, жоопкерчилигин дагы күчөтүү керек! Эгерде жоюлуп кетсе, анда кыргыз элинин түбү, нукура баалуулуктары кошо жоголот.

“Манас” улуттук академиясынын көчөгө чыгарылып жатышы маңкурттук эмей эмне? Элибизге эң керектүү баалуулуктарды сактап калуунун ордуна, жок кылып жатканыбызга жол болсун! Уят эле го, эгерде ошол жерден сүрүлүп чыгып калса… Ошондуктан алардын жайгашкан жеринде калышын талап кылыш керек! Мындай маселе эч качан кайдыгер кароого болбойт, ал жер «МАНАС” улуттук академиясы боюнча калышы керек! 

Академия шарттарын толук түзүү зарыл! Келечектеги жаш муундар Манастын ким болгондугун сайрап билгидей болуш үчүн, мектептеги ийримдерге көп катыштыруу абзел.

Академия ар багыттан жетишсиз жагдайлардын ордун толуктап, бүт кыргыз элинин кызыгуусун ойготушу керек!

Ал эми Инвестициялар боюнча улуттук агенттигин академиянын имаратында убактылуу турат деп ойлой берели. Балким аларга жаңы имарат салынып, ошол жакка киргизүү пландалып жаткандыр. Өлкө башчысы бул жагдайды олуттуу карап, жакшы жагына чечилеринен үмүт үзбөй туралы!

Нуржамал СУЛТАНБЕКОВА

«Манас» улуттук академиясынын жаралышы… Жарлыктар…

«Манас» улуттук академиясынын жаралыш тарыхына токтолсок, академия «Манас» эпосун, кыргыз элинин маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо, жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө сыяктуу максатта 2019-жылы түзүлгөн. Андагы президент Сооронбай Жээнбеков (2019-жылы 31-январда) “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын негиздөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Алгач академияны коомдук ишмер маркум Топчубек Тургуналиев башкарган. Андан кийин манасчы Талантаалы Бакчиев (2021-жылы декабрда) дайындалып, 2024-жылдын 15-ноябрына чейин жетектеген. Учурдагы жетекчиси — Азиз Биймырза уулу.

2022-жылы аталган мекеменин макамы жогорулатылып, “Манас” улуттук академиясы болуп түзүлүп, Айтматовго байланыштуу изилдөө иштери Улуттук илимдер академиясына өткөрүлгөн.

«Манас» улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси «Манас» үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу багытында иш алып барат» деген Жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы кол койгон…

Академия Жарлыкта айтылган иштерди четинен ишке ашырып, бир топ жакшы иштерди жасашты… жакшынакай иштеп жатышкан жайынан козгошпосо, дале жасашмакчы… деген ойдобуз…

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик таржымалы…

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Манас» улуттук академиясы жайгашкан имаратка барып отурукташып алган Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин таржымалына учкай токтоло кетсек, ал 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы министрлик болуп өзгөрүп, ошол эле жылы октябрь айында кайра агенттик болгон. 2022-жылы мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ага «улуттук» макамы берилген. Президентке караштуу бул агенттик мамлекетке инвестиция тартуу, аны илгерилетүү максатта түзүлгөн. Анын жетекчиси жакында эле, тагырагы, 7-апрелде алмашты. Талантбек Имановдун ордуна Фархат Иминов келди. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген, бирок 2018-жылы мандатын тапшырган.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Баарыбыз эле «Манас» улуттук академия отурган ордунда калышын каалап, γн кошуп жатабыз… γнγбγз бийликке жетер! Урматтуу мекендештер, четте карап турбай γн кошуңуздар! «Улутум — кыргыз, урааным — Манас!» деген кыргыздардан бололу!

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.