Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын өткөндүгүнө байланыштуу 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда айрым көчөлөргө чектөө киргизилип, маал-маалы менен жабылып турат. Ошондой эле мектептер жана окуу жайлар онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында мындай деп жазылган: «Транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт. ИИМ жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда чектөө киргизилген жол жээктерине машиналарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу машиналар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу каттамдарды алдын ала пландап алууну суранабыз. Чектөөлөр кортежтердин өткөн маалда гана киргизилет«.
МЭРИЯнын билдирүүсү…
Бишкек шаардык мэрия саммитке, 30-ноябрдагы шайлоого байланыштуу онлайн окуу 25-ноябрдан 1-декабрга чейин созуларын билдирди.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

