
85-жылдык маараке… Эл аралык конференция
Профессор Тилектеш Ишемкулов агайыбыз «Арыдым, карыдым» дебей студенттерге дарс окуп, таалим-тарбия берип, талыкпай К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетте γзγрлγγ эмгектенип келатат.
Аталган университет агайыбыздын 85 жылдык мааракесине, Басма сөз күнүнө мамлекеттик, коомдук-саясий, педагогикалык, чыгармачылык, дипломатиялык ишмердигине жана «Өтүп кеткен мезгилдердин жаңырыгы» аттуу жаңы китебинин бетачарына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция уюштуруп жатат.
Эртең, 25-ноябрда конференцияга келип катышып кетиңиздер! Бишкек мамлекеттик университеттин концерттик залында өткөрүлөт. Саат 10:00дө башталат.
Дареги: Бишкек ш., Ч. Айтматов пр.27, Байланыш тел: (312) 21-88-56, 21-87-18
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

