Журналистика миссия катары: Байма Сутенова эженин коомдук ой жүгүртүүдөгү орду

Журналистика миссия катары: Байма Сутенова эженин коомдук ой жүгүртүүдөгү орду

Тарыхый доор жана инсандын жаралышы

XX кылымдын экинчи жарымы — адамзат тарыхындагы эң татаал, эң динамикалуу доорлордун бири. Илимий-техникалык прогресс, идеологиялык тиреш, дүйнөлүк картанын кайра чийилиши коомдук аң-сезимди түп-тамырынан өзгөрттү. Ушул глобалдык процесстердин ичинде жашаган советтик республикалардын бири — Кыргызстан да өзүнүн руханий жана интеллектуал потенциалын издөө жолуна түштү. Ушундай тарыхый шартта Байма Жапаровна эже кыргыз коомунун руханий мейкиндигинде жаркырап жанды. Оозундагы омоктуу оюу менен осуяты, боюндагы табигый касиети, канындагы теги бат эле элдин эсине кыттай уюду. Ал жөн гана журналист же жазуучу эмес — доор менен тең сүйлөшкөн, доорду алдын ала сезген, коомдук ой жүгүртүүнү багыттаган интеллектуал лидер катары калыптанды. Бул жагынан алганда, Байма Сутенова эженин тагдыры америкалык Ханна Арендт, италиялык Ориана Фаллачи, беларус Светлана Алексиевич сыяктуу дүйнөлүк масштабдагы ойчул-журналист аялдардын тагдыры менен типологиялык жактан үндөш. Алардын баары тарыхый сыноо мезгилинде калемди куралга айлантып, коомго суроо берген, коомду ойготкон классиктер.

Журналистика: маалымат эмес, миссия

1970-80-жылдары кыргыз журналистикасында жаңы типтеги калемгерлер пайда болду. Алар үчүн журналистика маалымат жеткирүү эмес, улуттук аң-сезимди ойготуу миссиясы эле. Байма Сутенова дал ушул муундун эң көрүнүктүү өкүлү катары телерадио журналистикасына жаңы мазмун, жаңы тон, жаңы жоопкерчилик алып келди. 1982-жылдан тарта Улуттук телерадиодо башталган эженин чыгармачылык жолу кыргыз эфир мейкиндигинин сапаттык секириги менен коштолду. 1986-жылы «Жаштык пресс-бары» программасы аркылуу кыргыз телекөрсөтүүсүндө түз эфирдеги көрсөтүүлөрдүн циклын баштап, ток-шоу форматындагы берүүлөрдү алгачкылардан болуп негиздеди. Бул кадам — кыргыз тележурналистикасында диалог маданиятынын жаралышы болгон. Эженин программалары публицистикалык тереңдиги, адам тагдырына кылдат мамилеси, улуттук нарк менен заманбап ойдун айкалышы аркылуу айырмаланды. Саясий-коомдук мүнөздөгү «Жетиген» телепрограммасы рейтинг көрсөткүчү эң жогору берүүлөрдүн бири болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Алтын калем» сыйлыгына татыганы — бул кесипкөйлүктүн жана коомдук ишенимдин айкын белгиси. Бул жагынан алганда, Байма Сутенованын журналисттик стилин европалык коомдук тележурналистиканын мыкты үлгүлөрү менен салыштырууга болот. Ал эфирди саясий ураанга эмес, интеллектуал диалогго айланта алды. Ошондуктан бүгүн “Байма Сутенованын мектеби” деген түшүнүктүн калыптанышы — табигый мыйзам ченемдүүлүк.

Эгемендүүлүк жана жоопкерчилик

1990-жылдар — кыргыз коомунун эң оор, бирок, эң чечүүчү сыноо мезгили эле. Эгемендүүлүк жаңыдан түптөлүп жаткан шартта маалымат мейкиндигин кимдер жетектейт — өлкөнүн келечегин аныктачу негизги факторлордун бири эле. Дал ушул учурда Байма Сутенова эженин принципиалдуулугу, мамлекеттик ой жүгүртүүсү, прогрессивдүү көз карашы айрыкча маанилүү роль ойноптур. 1993-2003-жылдары «XXI кылым» радиосун жана «Азия плюс» радиостанциясын негиздеп, көз карандысыз радиожурналистиканын институционалдык пайдубалын түптөдү. Ал журналистиканын эркиндигин башаламандыкка айландырбай, жоопкерчиликтүү демократиянын үлгүсүн көрсөтө алды. Бул сапаты менен ал Нелли Блай, Анна Политковская сыяктуу кыйын мезгилде чындыкты тандаган аял-журналисттерге руханий жактан жакын турат. Бирок, Байма Сутенованын айырмасы — коомду конфликт аркылуу эмес, интеллектуал таасир аркылуу өзгөртүүгө умтулгандыгы.

Телефильмдер жана автордук триумф

Байма Сутенова журналист гана эмес, сценарист-режиссёр катары да кыргыз медиамаданиятына салмактуу салым кошту. 1987-жылы «Ак-Сай күндөлүгү» аттуу телефильм менен ал сценарист-режиссёр катары дебют жасап, документалдуу публицистиканын жаңы формасын сунуштады. 1991-жылы «Кыргыз радиосуна 60 жыл» аттуу документалдуу телефильмдин сценарийин жазып, улуттук радионун тарыхын экран тили менен баяндады. Ал эми эженин чыгармачылык триумфу десек болот — «Демократия сабактары» аттуу легендарлуу автордук берүүсү. Бул программа бүгүнкү күндө дагы кыргыз журналистикасынын Хан Теңир чокусу сыяктуу өз бийиктигин сактап турган интеллектуалдык феномен. Ал берүүдөн муундар жарандык ой жүгүртүүнү, сөз эркиндигинин маданиятын, жоопкерчиликти үйрөндүк.

Жазуучу катары: адам тагдырын философиялык деңгээлге көтөрүү

Байма Сутенованын публицистикалык таланты анын көркөм чыгармачылыгында дагы терең ачылат. «Мамыры гүлдөгөн жерде» повести — кыргыз адабиятындагы социалдык-психологиялык прозанын жетилген үлгүсү. Анда жеке адамдын тагдыры коомдук процесстер менен жуурулушуп, универсалдуу гуманисттик маселелер көтөрүлөт. «Менин атам», «Тегирменчи кемпир», «Тааныш көз караш» сыяктуу чыгармалары муундар ортосундагы руханий байланыштын көркөм энциклопедиясы десек жаңылышпайбыз. Бул жагынан алганда, Байма Сутенова Тони Моррисон, Надин Гордимeр сыяктуу жазуучулар менен типологиялык жактан жакын: алар да улуттук тагдырды жеке адам аркылуу ачышкан.

Муундарды байланыштырган феномен

Байма Сутенованын өзгөчө феномени — муундар ортосундагы көпүрө боло алгандыгы. Ал советтик интеллигенциянын этикасын да, эгемендүүлүк доорунун эркин ой жүгүртүүсүн да өзүндө айкалыштырган сейрек инсандардын бири.
Устат катары ал ондогон, жүздөгөн журналисттерди тарбиялады. Бирок эң башкысы — ой жүгүртүүнү, жоопкерчиликти, улуттук өзөккө таянган профессионализмди үйрөттү. Ошондуктан бүгүн эжени улуулар да сыйлайт, жаштар да үлгү тутабыз.

Личность катары Байма Сутенова

Байма Сутенова эже — жөн гана кесипкөй эмес, жөн гана таланттуу эмес, улуттук масштабдагы личность. Эже — тарых менен диалог жүргүзгөн инсан. Эже — журналистиканы маданий институтка айланткан лидер. Эже — сөз аркылуу коомду тарбиялаган ойчул. Кыргыз журналистикасынын улуу туткасы катары анын ысымы тарыхта дагы далай жолу узун сөз болот. Ал эми эженин идеялары, принциптери, мектеби — келерки муундардын интеллектуалдык капиталы болуп жашай берет.

Эл экранынын жүзү, Сыймыгыбыз — көп жашаңыз!
Сиз салган жол — улуттук руханий коопсуздуктун жолу.
Кутман курагыңыз кут болсун, ЭЖЕ!

Азиз БИЙМЫРЗА уулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.