«Айтматов — жөн гана жазуучу эмес…»

Айтматов – жөн гана жазуучу эмес, ал, далай кылымдардан бери сакталып келе жаткан кыргыз рухунун добушу. Ал, адамзаттын тагдыры тууралуу миң толгонуп олтуруп максат-мүдөөсүн, азап-тозогун, майтарылбас эркин жана үмүтүн айкын чагылдырган чебер сүрөткер. Айтматов жер планетасы тууралуу ой чарпып болуп, адам уулунун канткенде адам болору тууралуу талбай коңгуроо каккан, адамзаттын айтып болгус азабы менен бактысын сүрөттөп, жаратылыш апааттары болбосо экен, согуш отунан тирүү жан гана эмес – Жер-Эне майышып, мунун акыры кыяматка алып келерин эскерткен орошон ойчул. Айтматовдун чыгармалары – кыргыз мөңгүлөрүндөй бийик, тоолорундай калбаат жана Ысык-Көлдөй терең.
Айтматов – мына ошонусу менен Айтматов!
* * *

Айтматовдун жетилген курагы Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган жылдарга туш келди. Сегизинчи классты аяктаган соң Жамбыл шаарындагы зоотехникумда билим алып, андан соң ордо калаабыздагы Айыл-чарба институтунда окуп жүргөн кездеринде колуна калем кармап, адабияттын астанасын аттады. 1952-жылы “Газетчи Дзюйо” аттуу аңгемеси гезит бетинен орус тилинде жарык көрүп, жыл айланбай “Ашым”, анан 1954-жылы “Сыпайчы”, “Асма көпүрө” жана “Ак жаан” аңгемелери мезгилдүү басма сөз беттеринен орун алып, жумурай журтка таанылып чыга келди.
Жаштыктын жалындуу жылдарында адабият менен алпуруша баштаган жазуучу адеп алакандай аңгемелери менен коомчулукка жылуу маанай жаратып, анан мезгил канат какканда каржала иштеп атып өткөн кылымдын элүүнчү жылдарында повесттерин жарыялап, кадыр-баркка ээ болду. Ал кезде улуттук адабиятыбызда кирпичтей китептери менен каада күтүп таанымал болуп калышкан аттуу-баштуу жазуучулардан алда канча озуп чыккан Айтматов жаңыча форма, жаңыча стиль, жаңыча ойду айта алгандыгы менен айырмаланып, аброй алды.
Ошол жылдары Ленинград шаарында терең билимге сугарылып келип филология илимдеринин кандидаты деген даражага ээ болгон жаш адабиятчы, сынчы Кеңешбек Асаналиев кыргыз жазуучуларынын соңку жылдарда жарык көргөн аңгемелери багытында доклад жасоого туура келип калат. Буга чейин Айтматовдун чыгармаларынан али кабарсыз жүргөн жаш сынчыга докладды кантип жазсам, биздин улуттук адабиятта жаңы ысымдар барбы деп түйшөлүп олтурган чакта жакын курбуларынан бири кокустан шахмат ойнойлу деп бөлмөсүнө кире калып, бизде Чыңгыз Айтматов деген жазуучу пайда болду. Аны сөзсүз оку, чыгармалары чыйрак чыгып келаткан мыкты жазуучу деп кеп салып калат. Досунун кеңешин уккан Кеңешбек китепканадан алып келген гезит-журналдарды аңтарып атып акыры Айтматовдун жазган чыгармаларына назары түшөт. Чыңгыз Айтматовдун аңгемелерин журналдардан окуп чыгып далайга дейре ойго баткан Асаналиев жаңыдан кадам шилтеген жазуучуга ак жол каалап, чыгармаларын ийине жеткире талдап, анын аңгемелеринин өзгөчөлүгүнө, андагы көркөм каражаттарга, ойду бере билүү ыкмасына жана стилине таңдануусун жашыра албай өзгөчө жылуу пикирин докладына даярдап жазып болуп, зал толо олтурган илимпоздордун ортосунда окуйт. Эл Асаналиевдин доклады өтө мыкты деңгээлде даярдалгандыгына ыраазы болуп, бир нече мүнөттөр бою алакан чабышат. Ал жыйында көпчүлүктүн катарында олтурган Айтматов – Асаналиевдин берген баасына жетине албай ыраазы болуп, дем-күч алат. Ошол күндөн тартып Асаналиев менен Айтматовдун ортосундагы чыгармачылык алака бекемделип, тилектештик пайда болду.
Андан кийин Айтматов адабий багытта билимимди тереңдетем деп Москвадагы Горький атындагы Адабият институтуна жөнөдү. Дүйнөлүк не бир улуу классиктердин чыгармаларынан азыктанды. Айыл чарба адистигинен адабият ааламына биротоло бет алган Айтматов көркөм дүйнөнүн сыйкырына маашырланып, түндөр бою түйшөлүп сөз менен иштөөнүн сырларын ачып, өзүнүн канында бар касиетине кошо тубаса шыгын бапестеп багып, адабиятта алиге дейре эч кимде жок өз жолу менен кетүүнү тилек кылды. Жаңыча ой менен окурмандарын арбаган ажайып кооз картиналарды жаратууну көздөдү.

Ортодо эки-үч жыл өтпөй буга чейин Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгын изилдөөгө алып жүргөн Кеңешбек Асаналиев Москва калаасында илимий конференцияга барып калат. Конференциядан кийин чарчап-чаалыгып мейманканага келген Кеңешбек Асаналиевдин алдынан сыртта колуна портфелин көтөрүп өрөөпкүй кубанган Айтматов жолугуп, ага атайы жакшы кабары менен келгенин, адабиятты түшүнгөн угарманын издеп таппай бушайман болуп атканда Кеңешбектин Москвада экенин угуп алып кубанганын, колуна жаңыдан жазылып бүткөн чыгармасын көтөрүп жүргөнүн айтып, “Бетме-бет” повестинин кол жазмасын алып чыгып мейманкана фойесинде эки-үч саат токтолбой көркөм окуп берип сынчы досуна тааныштырат.
Аталган чыгарманы толук угуп толкуган Асаналиев алдында турган Айтматовдун адабиятта алиге чейин эч ким айта элек ойду батынып айтканына, бул адабияттагы зор жаңылык экенине, өзү да Айтматов сындуу балалыктын оор жылдарын баштан кечирип, согуштун азабын көрүп катуу майышканын, жокчулук далай жонун кескенин, жетим жүрүп жетилгенин, улам бир үйдөн өкүрүк чыгып өзөктү өрттөгөнүн көз алдына тартып болуп жерди тиктей оор улутунат. Мынчалык окшоштук болбостур дейт ичинен.
Кеңешбек да согуш жылдары айылдык катчы болуп үймө үй кыдырып кара кагаз ташып жаман кабар жеткиргенин ичинен сыза эстеп зээни кейийт. Чыгармадагы өз башынын камын ойлоп согуштан качып келген Ысмайылдын образын даана тартып болуп, өзү да айылда тоо этектей үңкүрдө жашынып качкын болуп жүргөн адамды көрүп күбө болгонун, ал гана эмес айылдык катчы болуп иштеп аткан өспүрүм Кеңешбек НКВД кызматкерлери менен качкын өз үйүндө жашынып жаткан жокпу, бир текшерели деп чатырга чыга калса, дал өзүнө карай мылтык мээленүү турганын көрүп жүрөгү оозуна кептелгенин, ылдый жакта турган НКВД кызматкерлеринин “эч ким жокпу?” деген суроосуна аман калуунун максатын көздөй, анан калса ошол жексур дезертир кокус айта турган болсоң мынакей, ок так чекеңе кадалат деп белги берип атканын көрүп “эч ким жок!” деп жалган айтып аман калганын эстеп, денеси титиреп кетет Кеңешбектин.
Айтор, адабияттын эки кырааны так ошол саамда балалыктары окшош өтүп, таң заардан каш карайгыча белдери майыша чоңдор менен бирге талаа жумуштарында такшалышканын эстей саамга ойго батышкандыр!? Кеңешбектин алдында сыясы кургай элек “Бетме-бет” повестин жаңыдан окуп бүтүп, жаш сынчыдан кандай кеп чыгат болду экен деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан жаш калемгер мына, мына… жакынкы аралыкта жылдызы жанып, калеминин күчү менен бүткүл дүйнөдөгү адабият ышкыбоздорун тамшанткан алп жазуучуга айланарын, жүз миңдеген адамдар анын талантына таазим этишип, улуу феномен, улуу ойчул, улуу сүрөткер делип ысымы телегейге тегиз угуларын Айтматов да, ошол тушта кыргыз адабиятындагы алдына ат салдырбаган көйкашка сынчы атала турчу Кеңешбек Асаналиев да капарларына албай, жаңыдан жазылган повестти кыйлага талкуулашкандыр?!

* * *
Чыңгыз Айтматовду көркөм дүйнөгө түрткөн, сөз кудуретине таазим этип адабият менен алпурушуусуна эмнелер түрткү берди? Айтматовду адабият ааламына алып келген күч – канында катылуу жаткан касиет менен кошо анын жеке инсандык тагдыры.
* * *
Кичинесинен айланага астейдил карап, табият койнун кастарлаган бала сөз дүйнөсүнөн өнүп чыкты. Жомоктон уланды… “Манастын” сыйкырына арбалып, көркөмдүктү туя билди. Элинин өтмүшүн эшитип, келечегин көз алдына тартты. Китепке дилгир, ар бир көрүнүштү жаздым кетирбеген сезимтал, улуттун уңгусу гана эмес дүйнөнүн булуң-бурчуна өз кыялы менен саякат жасап, чет эл адабиятын казып окуган Айтматов – акыры түбү адабият ааламынын төрүнөн сыйлуу орунду ээлемек.
Ал, улуттук колоритти универсалдуу трагедияга айкалыштырып, жергиликтүү окуяларды жалпы дүйнөлүк деңгээлге көтөрө алды. “Жамийлада” сүйүүнүн эркиндигин жана кайраттуулугун баяндады. Айтматовго даңкты алып келген ушул баштапкы чыгармачылыгындагы “Жамийла” повестинде сүйүү жана инсандын эркиндиги даңазаланат. “Жамийла” повестиндеги Жамийланын образы – бул эски каада-салттарга жана коомдук эрежелерге каршы чыккан аялдын өз бактысы үчүн болгон күрөш. Жазуучу Жамийланын Данияр менен качып кетишин трагедия катары эмес, инсандын өз тагдырын өзү чечүүгө болгон чечкиндүүлүгү катары сүрөттөгөндүгүндө. Бул, Айтматовдун адамдын жеке бактысына ээ болуу укугун урматтай билип, сүйүүнүн жана тазалыктын чексиз күчүн ааламга айкын көрсөткөндөгүсү. Жамийланын Даниярды ээрчип чогуу кеткени – коомдук калыптарга сыйбаган, өз тагдырын өзү чечүүгө умтулган адамдык эркиндиктин даңазаланышы.
* * *
Айтматов тар чөйрөгө ылайыкталбаган, планетардык масштабдагы көйгөйлөрдү козгогон жазуучу. “Саманчынын жолу” повести аркылуу жазуучу Жерди – адамзаттын үйү, ал эми жаратылышты тирүү жан катары карап, бардык улуттардын биримдигине жана адамзаттын өзүн-өзү жок кылуу коркунучун токтотууга чакырык таштай алды. Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик көз карашын терең чагылдырган, анын чыгармачылыгындагы эң оор темалардын бири “Саманчынын жолу” повести. Повестте Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепети, Толгонай аркылуу адамдын чексиз сүйүүсү менен кошо жашоонун трагедиясына каршы эненин улуу эрки аркылуу жетишилген философиялык жеңиш. Толгонай – бул Жер Эненин өзүнүн символу.

Согуш анын үч уулун, күйөөсү Субанкулду жалмады. Соңунда келини Алимандан ажырап, кан жутуп карайлады.
Айтматов – Толгонайдын жеке азабы аркылуу согуштун адамзатка, айрыкча энелерге алып келген оор кайгысын ачып берди. Жазуучу эң оор жоготууда да адамды сындырбай турган руханий күч бар экенин айтууда. Толгонай бардык жоготууларга карабай жерди иштетип, Алимандан аманат калган балага канат байлады. Адамзат тукуму аман-эсен уланышына ишеним артты.
Жер-Эне мындан ары карай кылымдар бою солк этпей, жер үстүндө адамзат тынч тирилик кечирсе деген собол таштайт жазуучу. Толгонай өзүнүн монологдорунда кайгы жана кубанычын, бактысы менен арманын чын ыкластан Жер Энеге айтып, ыйык тилегин таасын түшүндүрөт. Бул – адам менен табияттын руханий байланышынын эң жогорку көрүнүшү. Жер – Толгонайга кайрат-күч берди. Өмүр маңызын табууга көмөктөштү. Жерди иштетип дан өстүрүү, нан табуу – бул жөн гана физикалык эмгек эмес, бул жашоонун ыйык актысы. Согуштун шартында ар бир дан, ар бир нан – бул адам жашоосунун баалуулугун тастыктаган гуманисттик жетишкендик. Демек, Айтматовдук гуманизм – бул оптимисттик гуманизм.
Толгонай сырткы дүйнөнүн катаалдыгына карабай ички дүйнөсүндөгү сүйүүнү жана ишенимди сактады. Жыйынтыктап айтканда, “Саманчынын жолу” повестиндеги Толгонайдын трагедиясы менен Айтматов адам баласы кандай гана жоготууларга кабылбасын өзүнүн инсандык ыйыктыгын жана жашоого болгон ишенимин сактап калуусу керек деген ойду дүйнө элине жеткирди.
* * *

Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүнүн өзөгү – тарыхый эс-тутумдун жоголушу. Адам менен жаратылыштын ортосундагы гармониянын бузулуусу…
Жаратылыш бузулса, адам руху кошо бузулат. “Ак кемеде” баланын таза дүйнөсү Мүйүздүү-Эне тууралуу уламыш менен тыгыз байланышта. Баланын жаратылышка болгон ишениминин кыйрашы, анын бүткүл дүйнөсүнүн кыйрашына алып келди. Баланын аруу дүйнөсү, өзүнөн алда канча чоң, акыл-эске, күч-кубатка, ал гана эмес ошол коруктун тегерек-четинде өзүн курчаган азганакай адамдар арасында үстөмдүк жүргүзүп көнүп калган, өз тагдырына өзү нааразы зөөкүр Орозкулдун ырайымсыздыгынан кыйрады.
Мүйүздүү-эне уламышы – кыргыздын жаратылышка болгон ыйык мамилесинин символу. Уламыш качан унутулганда, табият менен адамдын байланышы үзүлөт. Баланын жапайы жаратылыштын тазалыгын жана адеп-ахлактык принцибин тандап, өз боюн сууга таштаганы, руханий тазалыктын жана гармониянын бузулушуна каршы жасалган протест. Баланын ушул кадамы – табияттын кыйраганы – адам өлүмү деген Айтматовдун философиялык кульминациясы.
Айтматовдун экологиялык кризисти алдын алуусу, эгер адамзат табиятты талкалай берсе болочокто дүйнө, жер планетасы кандай акыбалда калат болду экен деп кабатыр болгон көрөгөчтүгүндө. 1970-жылдарда жер шарындагы экологиялык кырдаал али толук айтыла элек мезгил эле. Бирок, Чыңгыз Айтматов индустриализациянын жана илимий прогресстин акыры келип адам баласынын тамырын кыйып, жерди жексен кыйратууга алып келет деп алдына ала эскертти.
Жазуучу “адам – табияттын бир бөлүгү” катары ага ак пейилден кызмат өтөп, аяр мамиле жасашы шарт деген философиялык ойду айтты. Экология – адам абийиринин өзөгү. Ал эми жаратылышты сүйүү жана коргоо – адам бойдон калуу деген ойду туюндуруу. Баланын тандоосу – адеп-ахлакты таза сактап калуусунда! Бул Айтматовдун экологиялык этикасынын эң трагедиялуу жана жогорку чеги.
Бала үчүн Бугу-Эне жана Ысык-Көл аркылуу сүзүп өтчү Ак кеме – анын таза дүйнөсүнүн жана инсандык идеалынын символу. Бул символдор менен жаратылыштын ыйык, таза жана кол тийгис экенине болгон ишенимин күчөтүү. Чоң атасы Момун Мүйүздүү-Энени аткандардын кылмышына каршы тура албады. Бала өзү уккан уламышындагы ыйыктыктар тебеленип-тепселгенине чыдай албады. Эми анда бир гана жол калды, балык болуп Ак кемеге сүзүп жетүү… Ырас, Баланын сууга чөгүшү жаратылыштын тазалыгын булгаган коомго каршы жасалган акыркы нааразычылык. Табият менен болгон камыр-жумур мамилени жоготуп алган адамзатка карата коюлган айып.
Айтматовдун чыгармаларында мезгил мейкиндиги, өткөн чак, учур чак жана келечек бири-бирине чырмалышкан. Ал байыркы жомокторду, уламыштарды жана мифологияны заманбап турмуштун катаал чындыгы менен айкалыштыра билген. “Кылым карытар бир күн” романындагы “Найман Эненин” уламышы – тарыхый эс-тутумду сактоонун баа-баркы тууралуу ой чубайт.
* * *

Анын каармандары – Дүйшөн, Сейде, Жамийла, Эдигей – жөнөкөй адамдар, бирок алардын ички күрөшү, адеп-ахлактык тандоосу дүйнөлүк мааниге ээ.
Айтматовдун чыгармачылыгынын негизги өзөгүндө адамга болгон чексиз сүйүү, ишеним жана глобалдык проблемалар жатат. Ал жөн гана окуяларды баяндаган жазуучу эмес, ал – гуманизмдин үнү, адам баалуулугун, анын азап-тозогун жана жеңилбес рухун даңазалаган ойчул. Айтматовдун гуманизми пафостуу декларацияларда эмес, анын каармандарынын тагдырында, алардын адеп-ахлактык күрөшүндө жана эң оор шарттарда да адам бойдон калууга умтулуусу аркылуу айкын көрүнгөндүгүндө.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы адабияттын алкагынан ары карай чыгып, дүйнөлүк жана улуттук искусствонун бардык тармактарына — кино, театр, опера, балет, музыка жана сүрөт өнөрүнө эбегейсиз зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларындагы терең драматизм, көркөм образдар жана философиялык ойлор башка өнөр ээлери үчүн да түгөнбөс эргүүнүн булагы болуп берди. Андагы калемдин касиет-күчүнө шыктанышкан кинематографтар “Ашууда”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Мен, Тянь-Шань”, “Жоргонун жүрүшү”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Атадан калган туяк”, “Кызыл алма”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Акбаранын көз жашы”, “Фудзиямадагы кадыр түн” аттуу кинокартиналарды жаратышса, опера жана балетте “Саманчынын жолу” балет-ораториясы, “Жамийла” операсы, кыргыз жана коңшулаш өлкөлөрдүн, алтургай чет элдик өнөр секилеринде “Бетма-бет”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”, “Кылым карытар бир күн” жана “Кыямат” бир канча ирет коюлуп, көрүүчүлөрдүн алкышына татып келет.
Айтматовдун дүйнөсүнөн жаралган образдар – кыл калем чеберлеринин да кызыгуусун туудурду. Анын каармандары, жаратылыштын сүрөттөлүшү полотнолордо жана айкелдерде өмүр сүрүүдө. Графика жаатында “Жамийла”, “Ак кеме”, “Бетме-бет”, “Саманчынын жолу” повесттеринен шыктанган сүрөтчү Лидия Ильина нечендеген иллюстрацияларды жаратты.
Бир катар композиторлор, обончулар жазуучунун чыгармасына таасирленип, андагы өзүлөрүнө таасир эткен сюжеттерине таянуу менен симфонияларды, обондорду тартуулашты. Табияттын кооздугу, повесттериндеги жаратылыш койну, тоолордун жаңырыгы, поезддин күүлдөгөн үнү, образдар Жамийла менен Данияр, Илияс менен Асел – композиторлор үчүн дапдаяр партитура.

* * *
Адамзат аң-сезиминин түпкүрүнө үңүлгөн Чыңгыз Айтматов ыйык дүйнөлөрдү бизге энчилеп кетти. Аалам тууралуу машакатка түшкөн жазуучу акка моюн сунганына бир нече жылдар өттү. Ошол аралыктан бери карай Айтматовдун чыгармаларын аралаган окурман кайрадан бир ажайып кооз дүйнөгө кез келип, улам бир сырдуу каалгасын ачууга туура келүүдө. Бул, жазуучунун табышмактуу күчү. Демек, өмүр-өлүм, тарыхый эс-тутум, экологиялык кырдаал жана жер шары тууралуу маселе козгоп табият сырын ачкан, ааламдык деңгээлде акыйкатка таазим эткен жазуучунун сыйкырына – биз да бүгүн башыбызды ийип таазим этебиз!
Данияр ИСАНОВ (12.12.2025)

