Эрнистин эмгеги тууралуу жылуу сөздөрγңγздөр өтө маанилγγ

Акын, котормочу, журналист жолдошум Эрнистен (Асек уулу) 2020-жылдын 29-январында ажыраганбыз. 31-январда Ат-Башы районунундагы Кызыл-Туу айылында жерге берилген. Алты жылдан бери жылына γч кγн эскерγγлөрдγ сайтыбызга берчγбγз. Быйыл эскерγγ көп болуп, четинен жайгаштырып жатабыз.
Буга чейин Мелис (Эшимканов) байкенин Эрнис тууралуу жазган архивдеги (“Асаба” 1999-жыл) макаласын жана белгилγγ комузчу Кенжебек Алдаярдын эскерγγсγн (“Ыйлоо. Кара өзгөй” жоктоо кγγсγн) бергенбиз. Кечээ (31-январда) мыкты ырчы Нуржигит Молдоярдын «Мастер менен Маргарита» котормосу тууралуу пикирин бергенбиз. Бγгγн «Манас» театрынын, «Манас» улуттук академиясынын мурдагы жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулунун жазганын бергенбиз. Эми «Улуу Тоолор» басмаканасынын жетекчиси, акын, жазуучу Жумадин Кадыровдун Эрнистин «Каалга» ыр китеби жана «Мастер менен Маргарита» котормосу боюнча, өзγ атагандай, «Эрнис жөнγндө эки ооз сөзγн» бердик.

Алгач Жумадин байке тууралуу айта кетсем, ал сөзγнө турган адам экен. Эрнистин «Мастер менен Маргарита» котормосу 2024-жылы басмаканасында жарык көргөндө, «Назира, бул котормонун бет ачарын өткөрөбγз. Мен алып барып берем» деген. Былтыр (2025-жылдын 13-июнунда) Эрнистин туулган кγнγндө котормосунун бет ачарын А.Осмонов атындагы китепканада өткөрдγк. Жумадин байке модератор болуп, иш-чарабыз ийгиликтγγ өткөн. Быйыл байымдын туулган кγнγндө да, “Эрнис мырзанын “Каалга” ыр жыйнагы тууралуу тегерек стол уюштуруп, талкуу кылабыз. Анткени ырлары интеллектуалдык поэзия экен” деп кубантты… Анда эмесе, «Эрнис жөнүндө эки ооз сөз…» аталган агабыздын жазганын чогуу окуйлу!
Назира СААЛИЕВА
Жумадин КАДЫРОВ: «Берилүү, эргүү менен иштеп, эки айда бүтүп салыптыр…«

Эрнис мырзанын чыгармачылыгы менен жакындан таанышып баштаганыма эки жылга аяк басты. Ушул кыска убакыттын ичинде мен эки нерсеге өзгөчө көңүл бөлдүм жана өтө катуу таңгалдым.
Биринчиси — М.А.Булгаковдун даңазалуу романы – “Мастер менен Маргаританы” бар болгону эки айдын ичинде которгондугу.
Экинчиси — “Каалга” деп аталган татынакай поэтикалык ыр жыйнагындагы ырлардын басымдуу бөлүгүн 17-24 жаш курагында жазгандыгы.
Кимдир-бирөө жүйөөлүү собол бериши мүмкүн: “Эки айда которсо эмне экен? Жети жылдын ичинде жазган ырларын бир жыйнакка жайгаштырып койгондун эмнеси таңгалыштуу?” – деп.
Кеп чындыгында убакытта эмес, кеп ошол убакыттын ичиндеги жаратылган чыгармалардын сапатынын эң жогорку деңгээлде экендигинде.
Эми Эрнис мырзанын мурастарынын эмнесине мен абдан таңгалуу менен кабыл алганыма токтолойун.

М.А.Булгаковдун “Мастер менен Маргаритасы” бүт дүйнө жүзүндөгү интеллектуал окурмандардын арасында рейтинги өтө жогорку чыгарма.
Мындан эки миң жыл мурдагы доордун көрүнүктүү өкүлдөрү Понтий Пилат менен Иисус Христос жөнүндөгү романды жазган Мастердин жана анын тилектеши дагы, сүйүктүүсү дагы, коргоочусу дагы, колдоочусу дагы катары жанын аябай аракет кылган Маргаританын тагдыры жаңыдан түзүлүп келаткан большевиктик-пролетариаттык маданият үчүн канчалык коошпой калгандыгы, Рим прокуратору менен айыпталуучунун ортосундагы идеологиялык келишпестиктин канчалык күчтүү болгондугу жана Мастер менен Маргаританын ортосундагы сүйүү сезимин канчалык кубаттуу экендиги, кайнаса каны кошулбас келишпестик эмнеге жеткирери жана бири-бирин жан дили менен берилип сүйгөн эки адам кандай кайраттуу, кандай эрктүү болуп чыга келиши мүмкүн экендиги жөнүндөгү бул керемет эмгекти эки айда которуп жибермек түгүл, кимдир-бирөө жөн эле көчүрүп чыга алмак эмес. Дагы кимдир-бирөө, мисалы, даярдыгы жетишсиз окурман эки айда жөн гана бир сыйра окуп чыгууга үлгүрбөй калмак.

Ал эми Эрнис мырза эч кимдин алдында эч кандай убара бербей, же өкмөт менен партия аны милдеттендирбесе деле, жөн гана улуу жазуучунун улуу чыгармасын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткирүү парзын жоопкерчиликтүүлүк менен аткарып коёюн деген ниетте котормого киришкен соң, ушунчалык берилүү жана эргүү менен иштей берип, эки айда бүтүп салыптыр. Ошондо күнүнө бери болгондо эле он сааттан кем эмес убактысын котормого арнаса керек. Албетте, алдын ала паланча убакта жыйынтыктайын деп деле мерчемдеген эмес деп ойлойм. Жогоруда учкай айтып өткөнүмдөй, жөн гана баш көтөрбөй иштей берген жана анын акыбети кайтып, алтымыш күндө котормо аяктаган.
Бул мөөнөт – чындыгында эле рекорддук кыска мөөнөт.
Бул – котормочунун авторго болгон теңдешсиз сый-урматынын анык далили.
Бул – Эрнис мырзанын такшалган котормочу экендигинин да анык далили.
АРХИВ: «Мастер менен Маргарита» котормонун бет ачары… 2025-жыл. 13-июнь.
Эми сөз нугун “Каалга” китебине бурайын.
Поэзия жанры фольклордук поэзия, андан өнүгүп чыккан салттуу жазма поэзия жана ага таянуу менен жаралган интеллектуалдык поэзия деген бир нече чоң топко бөлүнөт эмеспи.

Эрнис Асек уулунун калемине таандык ырлар бүт бойдон интеллектуалдык поэзияга тиешелүү экен. Автор бул ырларын жаштыктын эң болуп-толуп, баралына жетип турган убагында жазыптыр, бирок, бактыга жарашабы, же тилекке каршыбы, айтор, ал эмгектерин өзү тирүүсүндө жарыялабаптыр. Жубайы Назира айымдын айтуусуна караганда, автор өзүнүн ырларын жеке өзү үчүн гана жаздым деп эсептечү экен. Ошон үчүн окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрбөптүр. Жыйынтыгында, техникалык мүчүлүштүгү жокко эсе, көтөргөн ойлору бийик, көркөмдүк жактан да эң мыкты, кыскасы, шедевр ырлар деп айтууга толук татыктуу ырлар дээрлик отуз жыл жарык көрбөптүр.

Бул – Эрнис мырзанын сабырдуулугунун эң күчтүү экендиги.
Бул – Эрнис мырзанын чыгармачылыкка өтө олуттуу мамиле кылган жоокерчиликтүүлүгү.
Бул – Эрнис мырзанын өз жетишкендиктерине түк канааттанбай, дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөндүгүнүн да анык далили.
Эмесе, ардактуу замандаш, мен бул чакан макаланы ушуну менен токтото турайын.
Анткени, Эрнис мырзанын акын жана котормочу катары сиңирген эмгектери жана калтырган баалуу мурастары жөнүндөгү чоң сөз, кызуу талкуу жана терең талдоолор алдыда.
Биз анын чыгармаларын кунт коюп окуу аркылуу акылмандыктарга сугарылууга, жандүйнөбүздү байытууга, жана ошондой эле, мындай зор баалуулуктарды жараткан авторго ыраазы экендигибизди ырастоо үчүн анын ысымын унутпай эсибизге сактоого, андан сырткары, күчүбүздүн жетишинче даңазалоого, кыргыз элинин адабияттагы жана жалпы маданияттагы залкарларынын катарына кошууга милдеткербиз.
Жумадин КАДЫРОВ
Алдыда…
Куржунубузда бир топ эскерγγлөр бар: Эрнистин агайы, профессор Мырзабек Жумаевдин, “Баягы Асаба” гезитинде чогуу иштеген журналист Кайрат Кенжебай уулунун жана дизайнер Тимур Шарапиевдин, “Асаба”, “Агым”, “Баягы Асаба” гезиттерине аймактан өз кабарчы болуп тынбай жаңылык жазып турган кесиптеш агаларыбыз Алишер Токсонбаев менен Кγмөндөр Усуп Тегиндин, “Де-факто” гезитинде чогуу иштеген, учурда “Азаттык” радиосунда эмгектенип жаткан Санжи Туйтунованын, “Агым” гезитинде иштеген Шайырбек Эркин уулунун, Асел (Эшимканова) жеңемдин эскерγγлөрγ, белгилγγ акын, тележурналист Атахан Кожогуловдун, Кыргыз эл артисти Амантай Кутманалиевдин Эрниске арнаган ырлары бар. Ар бириңиздердин жазганыңыздарды, ал эле эмес, комментарийге чейин окуйм, анткени, Эрнистин эмгеги тууралуу жылуу сөздөрγңγздөр өтө маанилγγ. Таланттарды баалаган сиздердей жакшы адамдар турганда, жолдошумдун кызылдай эмгеги текке кетпейт, аты өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Урматтуу окурман, ар бириңиздердин тамчы пикириңиздер да маанилγγ, баалуу, анткени алар да таш жарат. Сиздердин Эрнис тууралуу эскерγγңγздөр, котормо боюнча ой-пикириңиздер алгач “Алакан” сайтыбызга жарыяланат, анан Эрнис Асек уулу аттуу китепке кирет.

