65 жылдык тарыхы бар УТРКнын 16-жетекчиси — Мелис Эшимканов… (ВИДЕО)

65 жылдык тарыхы бар УТРКнын 16-жетекчиси — Мелис Эшимканов… (ВИДЕО)

65 жылдык маараке… Алгачкы жетекчи…

8-декабрь — КРнын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Ага улай Улуттук телерадиоберүү корпорациясы ылтыр май айында президент Садыр Жапаров “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп, коомдук канал макамы “улуттук” болуп өзгөртүлгөн — авт. ) 65 жылдыгын белгилеп жатат. Бул жылдар ичинде 24 жетекчи алмашкан Кыргыз телевидениеси өзүнчө ишке киргенде биринчи төрайымы болуп Рабия Менсеитова дайындалган. Андан кийин кимдер келип, кимдер кеткен, тизмеге көңүл буруңуздар…

  1. Рабия Менсеитова (1958-1961-ж.ж.)
  2. Айымбүбү Ботоканова (1961-1964-ж.ж.)
  3. Асанбек Токомбаев (1964-1985-ж.ж.)
  4. Асанбек Стамов (1985-1986-ж.ж.)
  5. Умтул Орозова (1986-1991-ж.ж.)
  6. Сатыбалды Жээнбеков  (1991-1992-ж.ж.)
  7. Түгөлбай Казаков (1992-1993-ж.ж.)
  8. Кадыркул Өмүркулов (1993-1994-ж.ж.)
  9. Абдиламит Матисаков (1994-1996-ж.ж.)
  10. Аманбек Карыпкулов (1996-2001-ж.ж.)
  11. Молдосейит Мамбетакунов (2001-2002-ж.ж.)
  12. Токтобүбү Айтикеева  (2002-2004-ж.ж.)
  13. Сыртбай Мусаев (2004-2005-ж.ж.)
  14. Султан Абдракманов (2005-2006-ж.ж.)
  15. Кыяс Молдокасымов (2006-2007-ж.ж.)
  16. Мелис Эшимканов (2007-2009-ж.ж.)
  17. Кайыргүл Орозбай кызы (2009-2010-ж.ж.)
  18. Кубат Оторбаев (2010-2014-ж.ж.)
  19. Султан Жумагулов  (2014-2015-ж.ж.)
  20. Илим Карыпбеков  (2015-2019-ж.ж)
  21. Жайнак Үсөн уулу (2019-2020-ж.ж)
  22. Бактияр Алиев (2020-2022-ж.ж)
  23. Кайрат Иманалиев (2022-2023-ж.ж)
  24. Болотбек Тиллебаев (2023-жылдын март айынан бери)

Мыкты жетекчи, мыкты калемгер, стратег — Мелис Эшимканов

Биздин радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата 6-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Мелис Эшимкановдун эркин кыргыз журналистикасынын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аталышта илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) Журналистика жана маалыматтык системалар факультети уюштурган бул конференцияда баяндамалар жасалып, кыргыз тилдүү эркин басма сөзүн түптөөчүлөрдүн бири Мелис Эшимкановдун мыкты жетекчи, мыкты калемгер, стратег, оратор, коомдук жана мамлекеттик ишмер катары журналистикада да, саясатта да ролу, орду чоң болгону баса белгиленип айтылды.

Мелис Асаналиевич УТРКда жетекчи болуп турганда, азыркы маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов «Ала-Тоо» программасында иштегенин, ал жерде урунттуу реформаларды жасаганын, жаңы жабдыктар менен жабдып, жаштарды чогултуп, стимул берип, үйлөнгөн жаштарга жардам берип, үйлөнүү үлпөтүнө чейин өткөрүп, кошумчасын карматып жеке бактыларына данакер болгонун айткан эле…

ОМА: «Америкага баратканда Мелис байке жардам берген»

Мелис байке бердим эле, кылдым эле дебестен, чын ниеттен, чын дилден көп адамга ажаат ачканынан кабарым бар. ϴзгөчө жаштарга, журналисттерге, ырчыларга, саясатчыларга далай жардам бергени талашсыз чындык. Ал адамгерчилигин билгендер билип, айтып да жүрүшөт. Мына, кечээ ырчы Өмүрбек Андарбеков (Ома) ошол убакытка кайтып баргандай буларды баяндап айтып берди:

— 2008-жылы Россияда «Пять звезд» деген эл аралык сынак болду.  Ага катышсак деп Кыргызстандан мен-мен деген ырчылар жарышка түшүп, ага мен да катышып, жеңип алгам. Андагы калыстар тобунун төрагасы КТКР башчысы Мелис байке болчу.

— Өмүке, куттуктайм! Кыргызстандан сен барасың! Белиңди бекем буу дагы даярдан! — деди.

— Сынак качан болот?

— Август айында.

— Анда мен баралбай калат экем. Ал учурда Америкадагы сынакка барам. Ал жакта Кыргызстандын желеги бир дагы жолу желбирей элек, мен туубузду көтөрүп келейин, — десем, макул болду да, кайра сурады:

— Жолуңду ким төлөп жатат? Демөөрчүң барбы?

— Жок, өзүмдүн тыйыным менен эле кетип жатам, — десем, ойлонуп калды да:

— Эртең убактың болсо, мага келип учурашып кетчи, — деди.

Эртеси барсам, байкуш байкем бир нече доллар акчаны конвертке салып даярдап коюптур. Колума карматып, «Мен эми бай эмесмин. Кичине болсо да сапарыңа жардам болсун. Аман-эсен барып кел», — деп батасын берди. Ал жактан ийгилик менен кайттым. Кыргызстанга келгенден кийин да ошол ийгилимди эң биринчилерден болуп жарыялап, көтөрмөлөгөн Мелис байкем болду. Мына, Мелис Эшимканов ушундай чыныгы патриот болчу. Элин, мекенин сүйгөн, маданият үчүн күйгөн адам болчу. Аты эч качан өчпөсүн! Мелис байкемдей жол көрсөтүп, чырактай жанып турган адамдар көп болсун!

Байма СУТЕНОВА: «Мелистин «Асабасына» КТРК үч жолу чыкчу…»

Журналистика тармагында көп жылдан бери эмгектенип келаткан, биз сыймыктанган, сыйлаган эжебиз,  УТРКнын жетекчисинин орун басары Байма Сутенова Мелис Эшимкановдун УТРКга эки келип, эки кеткенин, экинчи жолкусунда триумф менен келгенин, реформа жасаганын кызыктуу кылып айтып берди…

Белгилүү журналист Данияр Исановдун Мелис Эшимканов тууралуу тарткан даректүү тасмасы:

Назира СААЛИЕВА

P.S. 9-декабрь — Мелис Эшимканов жарык дүйнөгө келген күн. Эртең туулган күнүндө Аскар СалымбековМамат СабыровБакыт Орунбеков, Кыяс Молдокасымов, Эмилбек Каптагаев, Жанар Акаев, Жылдыз Мусабекова, Ширин Костюктун эскерүүсүн окуй аласыздар. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.