Байдылда САРНОГОЕВ: «Мен сүйдүм Ысык-Көлдүн ак кууларын, Бирок да эссиз эмес, баштууларын»…

Байдылда САРНОГОЕВ: «Мен сүйдүм Ысык-Көлдүн ак кууларын, Бирок да эссиз эмес, баштууларын»…

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин жубайы Зина Сарногоева 91 жашында кечээ, 10-мартта дүйнө салды.

Зина Сарногоева 1935-жылы 4-майда жарык дүйнөгө келген. Жерлиги — Ысык-Көл. Бишкек шаарындагы кыргыз интеллигенциясынын бешиги болгон №5 мектепте окуган. Жогорку билимдүү. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) аяктаган. Жалгыз кыз. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун жээни.
Залкар акын Байдылда Сарногоев (өз аты-жөнү Убайдылда Айтманбетов — ред.) Москвадагы М.Горький атындагы институтту аяктап, Кыргызстанга келип, «Ала-Тоо» журналында иштеп жүргөн кезинде таанышкан. Экөө 1958-жылдын 2-майында баш кошушкан. 45 жыл чогуу түтүн булаткан жубайлар Баястан (каза болуп калган), Гүлсана, Карлыгач, Бактыяр, Бакай аттуу уул-кыздарды тарбиялап өстүрүшкөн.

“Ак кууга”

Мен сүйдүм Ысык-Көлдүн ак кууларын,
Бирок да эссиз эмес, баштууларын.
Сүйбөдүм узун кара чачтууларын,
Сүйдүм мен көңүлүмдүн жактырганын.
Мен сүйдүм, мени чындап ал да сүйдү,
Үйлөндүк үйүбүзгө бакыт кирди.
Ал ак куу Ысык-Көлдө сүзгөнүндөй,
Турмуштун көлүндө да сүзө билди” деп улуу акын жазгандай, мээримдүү эне, жакшы жар Зина апабыз жолдошу төшөктө жатып калганда 12 жыл кастарлап баккан. Ал боюнча жубайына, балдарына ыраазы болуп жазган акыркы ыры да бар. Ал — «Бук болуп жазган арманым»…

Жаштык кез өтүп жат болду,

Карылык мага мат болду.

Кайран бут сынып, башыма —

Карыптык түшкөн чак болду.

Жашымда жаткан кемпирчем,

«Жантакбай» деген ат койду.

Жигит кез өтүп жылт койду,

Жыргал жай өтүп, кыш болду.

Тандабай баскан таманым,

Тайгалак музга туш болду.

Самаган жака бара албай,

Сары акын байкуш бук болду.

Үйүмдө илкип көп ирет,

Үшкүрсөм боюм жеӊилет.

Үч мүнөт баскан жолдорум,

Үч айлык жолдой көрүнөт.

Энтиксем эстүү кемпирчем,

«Эс алгын чалым» деп ийет.

Калтаӊдай бассам «кас-кас» деп,

Кайратын берет «бас-бас» деп.

Кадырын билбес чалынын,

Кемпирден деле акмак көп…

Өлүмүн тилеп жүргөн бар,

«Өлөсүӊ качан какбаш» деп.

Адептүү, эстүү балдарым,

Аталап турат ар дайым.

Барктабай алар коймокпу,

Бапестеп бакса алганым

Бар гана үйдөн чыга албай,

Бук болуп жазган арманым.

Зина апа 2004-жылдын 19-ноябрында жолдошунан ажырап, 22 жылдан кийин артынан кетти. Эртең, 12-мартта акыркы сапарга узатылат.

Байдылда Сарногоевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына журналисттер терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.