Азербайжандар

Азербайжандар

Улут аталышын байыркы Атропатен (?turp?t?k?n) мамлекети менен байланыштырышат. Б.з.ч. 320-жылда Мидиянын (Ирандын батышындагы байыркы мамлекет) түндүгүндөгү көз карандысыз бул мамлекетти акыркы ахеменид төрөсү Атропат ((?turp?t) түптөптүр. Алгач «Мад-и-Атурпаткан» (Атропат Мидиясы) аталып, кийин Атурпатакан, анан Адарбаган, соңунда Азербайжан болуп өзгөрүптүр. Азербайжанды фарсы тилинен «от жыйнагыч» (азер — «от», бадаган — «жыйнагыч»), анан «от кудайы коргогон жай» (Адор Бад Аган) деп да чечмелешет.

Тарыхчы-этнолог Лев Гумилев азыркы азербайжан элинин жаралышы көп кылымды камтыганын, 15-кылымдын аягында аяктаганын белгилеген. Бул элдин канында бир эмес, Атропатен жана Кавказ Албаниясын (Закавказьенин батышындагы байыркы мамлекет) байырлаган байыркы көп элдин каны бар. Илимий булактарда «азербайжандар 9-кылымда түрктөшүп кеткен байыркы иран (Персия Иранга 1935-жылы айланган) тилдүү элдердин тукуму» деп берилет. Ал эми азыркы Азербайжан (азерб. Az?rbaycan), расмий Азербайжан Республикасы (азерб. Az?rbaycan Respublikas?) — Түштүк Кавказдын чыгыш бөлүгүндө, Алдыңкы Азия жана Жакынкы Чыгышта, айрым булактар боюнча, жарым-жартылай Чыгыш Европада жайгашкан өлкө. Элинин саны боюнча калкы көп өлкөлөр тизмесинде 91-орунда, аймагы боюнча 112-орунда. Бул өлкө менен эгемендиктеги дипломатиялык тыгыз кызматташтыгыбыз 1993-жылы башталган. 2002-жылы апрелде Азербайжанда Кыргызстандын консулдугу, 2007-жылы майда Азербайжан элчилиги бизде ачылган. Бул өлкө менен жакындаштырган дагы бир жагдай — бул жердеги азербайжан мекендештерибиз. Алардын жигердүүлөрү Кыргызстан эли Ассамблеясы курамында 1992-жылы «Азери» коомдук бирикмесин түзүшкөн…

 

* * *

Учурда Кыргызстанда 20 миңдей азербайжан жашайт. Саны бир кемип, кайра көбөйүп отурган улут өкүлдөрү. Басымдуу жамаатташып Бишкек жана анын тегерегинде, Чүй облусунда, Ош облусунда жашашат, башка аймактарда аз-аздан кездешет. Көбү бир канча жолку депортация толкуну менен келип калгандардын тукуму. Тарыхый мекенинен амалсыз айрылгандардын алгачкылары — 400дөй азербайжан 1930-жылдары келип, Чүй облусундагы айылдарга жайгаштырылган. 1933-жылы кулакка тартылган 10 миң адам Казакстандын Моюнкумуна айдалып, эки жыл ичинде сууктан, ачкалыктан, келте ж.б. ырайымсыз оорудан 7 миңдейи набыт болуп, аман калган араң жан 3 миң адам Кыргызстанга Кара-Балтага алып келинген да, Чүйдөгү Кант, Сокулукка бөлүштүрүлгөн. 1937-жылы «Түркия жана Ирандын кызыкчылыгына тыңчылык кылуу» жалган жалаасы менен азербайжан улутунан кырктай адам атууга кетип, канча бири түрмөгө кесилген. 1944-жылы Грузиядан депортация болгон месхет түрктөрү менен катар көчүрүлгөн азербайжандар (2 миңдей) Оштун Араван, Ноокат, Кара-Суу райондоруна чачылган. 60-жылдары Кыргызстанга өз ыктыяры жана партиялык тапшырма менен келген азербайжандар болгон, 80-жылдары Тоолуу Карабах маселеси боюнча Армения менен болгон кагылыштан качкан эки жүздөй үй-бүлө биздин жерден башпаанек тапкан…

 

* * *

Сталиндин көзү тирүүсүндө мажбурлап көчүрүлгөндөр жашаган жайынан 5 километрден ары узай алышкан эмес. Бир жакка барыш үчүн аларды көзөмөлдөгөн комендатурага катталып, уруксат алышкан. 16 сааттан иштеп, саз жерлерди өздөштүрүп, кара куурай, кызылча, пахта, тамеки талааларында иштешкен. Акыры тарыхый мекенинен айыпсыз айрылгандардын укугун калыбына келтирүү 1954-жылдары башталган, 1988-жылдарга чейин уланган, СССР кулаганда ал иш ар бир эгемен өлкөнүн мойнунда калган. Дары-дармек, коммуналдык төлөм, коомдук транспорттордо акысыз жүрүү ж.б. жеңилдиктер каралган, кийин булар 1,5 миң сомдук акча төлөмгө айланган. Бирок алигүнчө аны да албаган азербайжандар көп дешет…

 

* * *

Ошентсе да азербайжандар илгертен «H?r gec?nin bir gьndьzь var» («Баткан күндүн таңы бар») деп жакшылыктан үмүт үзбөй, кененчилик заманды көрүштү. Үй-жай күтүштү, кыз берип, кыз алып үй-бүлөлүк алакалар түзүлдү. Эл катарынан жогорку квалификациялуу адистер, чарба жетекчилери, окумуштуулар, төрт илим доктору (ветеринария илиминин доктору А.П.Камарли; кенже иниси З. П.Камарли — медицина илиминин доктору, профессор, хирург, онкология жана радиология институтун бир топ жыл жетектеген; Ж.С. Рафибеков медицина илиминин доктору, профессор, КР ардактуу врачы), 20 илим кандидаты чыкты. Ардактуу курулушчу, согуш ардагери, балалыгында экинчи депортация менен кыргыз жерине келген А.Г.Гасанов «Кыргызстандагы азербайжандар» эмгегин жазды; «Азери» бирикмесинин азыркы жетекчиси Азизага Алиев — прокуратурада кызмат кылган мыкты юрист; мурдагы жетекчиси А.К.Алафердов ардактуу дарыгер, медицина илиминин кандидаты; Тахир Кулиев — транспорт тармагына эмгеги өткөн персоналдык ардагер; Мирказим Баширов тиш догдуру, №2 тиш бейтапканасынын башкы дарыгери; Али Искандеров — Бишкек ШИИББде бөлүм башкарган милиция полковниги ж.б. эл кызматындагы уулдарды берди…

 

* * *

Бул элдин сыймык кылып айтчу байлык, дөөлөтү көп. Көпчүлүк элдей эле маданияты, адабияты, салттуу музыкалык искусствосу, бийлери, улуттук кийимдери, улуттук ашканасы ж.б. байыркылык изин сакталган бай мурастардан. Улууга сый-урмат, меймандостук, өз ара жардамдашуу, аялзатына сый мамиле, жигит намысы, жигит кадыры, коломто ээси, аялзатынын пакизалыгы, үй-бүлөгө берилгендик ж.б. сапаттар куру сөз эмес. Уул үйлөнтүүгө өзгөчө көңүл бурушат, анын кичик элчилик, элчилик (жуучу түшүү), кичик нишан, бүйүк нишан, кяльмалашма, палтарбичди, жехиз, гыз шахы, хынаяхды, кебинкесдирме ж.б. жөрөлгөлөргө толгон жолу өзүнчө узак. Кыз узарда белине тагылган кызыл тасма — кыз абийири, тазалыгы, пакизалык белгиси, ал эми жаңы келиндин алдында кыз бир туугандарынын күзгү, жанындагы курбуларынын шам жана күрүч салынган идиш кармай басышы — турмушу жарык, бактылуу жана көп балалуу болсун деген тилек (башка да аткарылчу жөрөлгөлөрү көп). Илгертен жерге, малга, кол өнөрчүлүккө (килем токуу, устачылык ж.б.) жакын болушкан. Улуттук ашканасы даамы мол, татымалы көп бай ашканаларга кирет. Дасторкондо сый чайдан башталат, жапалак көкөмерен (чабер), гвоздика, кардомон, жалбыз, корица (дарчын чай), имбирь (зянжафил чай) кошулуп түрү-түрү менен сунулат. Оор тамак менен бал, уксус аралашмасынан даярдалган «искенжеби» суусундугу берилет. Элдик музыкасы да бай жана тар, саз, канон, уд, кеманча, түтек, балабан, зурна, нагара, гоша-нагар, деф ж.б. сакталып калган улуттук аспаптары да бир топ. Дастан айткан, ырдаган, айтышка окшош, саз коштогон дейишме өнөрүн камтыган ашуг искусствосу ЮНЕСКОнун адамзат дөөлөттөрү тизмесине кирген. Эң негизгиси дүйнөнүн булуң-бурчундагы азербайжандарды кайсы элден экенин эстеткен бир майрам бар, ал — 1991-жылы 16-декабрда азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиев жарыя кылган Улуттук тилектештик күнү. Бул майрам ар жылы 31-декабрда белгиленет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы,
«Асаба», 08.05.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.