Согушка 365 миң кыргызстандык катышкан…

Согушка 365 миң кыргызстандык катышкан…

Улуу Ата мекендик согуш эл эсинде эскирип баратат дешет. Анткени ошол согушту көрүп келгендер, оорукта эмгектенгендер жылдан-жылга азайып баратат. Болбосо, кан майданга Кыргызстандан 365 миң жоокер аттанып, 150 миңден ашыгы курман болгон делет. (Андан ашык сан айтылган маалыматтар да бар). Беш миңдейи ушул кезге чейин дайынсыз келет. 72си Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон. Жылдан жылга ардактуу ардагерлердин катары суюлуп, учурда Советтер Союзунун Баатыры наамын алган бир да ардагердин көзү тирүү эмес.

Улуу Ата Мекендик согушта 20-29 жаш ортосунда набыт болгон жоокерлер саны 20 миллиондой болуптур! Аялзатынан да ушул жашта кырчын өмүрлөр көп кыйылыптыр!

Чет өлкөлүк тарых изилдөөчү М.Хайнес экинчи дүйнөлүк согушта СССР 42,7 млн. адамын жоготконун айтат. 26-42 миллиондун ортосунда болушу мүмкүн деген божомолдор кургандар да бар…

Кыргызстандан аттанган 365 миң жоокерден кайтканынан бүгүнкү күндө калганды 2 миңге жакын согуш ардагери калды, алардын катарында 8 миңден ашуун оорук ардагери бар… Алар да учурунда жаш болчу, согушка жаштыгын берди, жанын берди, канын берди…

Канча жаш өмүр кеткен азыркы «жаркын» келечек үчүн! Набыт болгон, жарадар, буту-колун жулдуруп, денесин тештирип кайткан жоокерлер каалаган келечек башка болчу…

Тынчтык баасын унуткандар азабынан Улуу Ата мекендик согуш эл эсинде эскирип баратат дешет…

«Асаба», 08.05.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.