Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (I глава)

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (I глава)

Адам баласы бул дүйнөгө эмнеге жаралган? Жашоонун маңызы эмнеде? Дүйнө кайдан келип, кайда баратат? Кудай ким? Сен ким? Аалам эмне? Акыйкат эмне? Абийир эмне? Түшүнгөнүң эмне? Издегениң эмне? Далай акылмандын тишин сындырган суроолор. Чыгышта бул суроолорго жооп берген дүйнөтааным, адамтааным окуулары бар. Ал окуулардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Вивекананда, Аурибиндо, Рамакришна, Кришнамурти, Ошо ж.б. Алардын бири Жидду Кришнамуртинин адамтаануу окуусуна келгени кызык…

Кришнамурти 1895-жылы 12-майда туулуп, 1986-жылы 17-февралда 91 жашында каза болгон. Ата-энеси кедейчиликтин азабын тартып, 11 баланы багуу үчүн көрбөгөн азапты көрүшөт. Жиддуу үй-бүлөдө сегизинчи бала болгон. Беш бир тууганы жакырчылыктын айынан, агезде Индияда жайылган оорулардын айынан чарчап калган эле. Жидду 10 жашка чыкканда апасы каза болот. Кришнамурти кичинекей иниси менен ойноп жүргөн жеринен…

Бардыгы орустун оккультисти, теософу Елена Петровна Блаватскаядан башталат. Ал түзүп кеткен Теософия Коому учурунда дүйнөнү дүңгүрөтүп турганын билебиз. Адамтаануу окуусу агезде кеңери жайылган эле. Блаватская каза болгондон кийин шакирти Анни Безант окуусун улантып, Индиянын Мадраса шаарындагы Тесофия коомун жетектеп калган. Ушул коом: “Устатыбыз Елена Блаватская айткандай ааламга Дүйнө Устаты (Учитель Мира) келет, биздин коом аны тосуп алат” деген ишеним менен Устаттын келишине даярданып жаткан кездери болчу. Коомдун жетекчилеринин бири, теософ Чарльз Ледбитер алардын штаб-квартирасынын жанында ойноп жүргөн балдарды көрүп, экөөнү коомдун имаратына алып келип, Анни Безант менен тааныштырат. Анни айым дароо: “Биз күтүп жүргөн Устат мына, алдыбызда турат” деп кичинекей Жиддуга таазим этет. Ошол күндөн тартып, Жидду мектепке барбай, иниси менен теософоия коомунда окуп, жашап калышат…

1911-жылы Адьяр теософиялык коомунун башкармалыгы жаңы “Чыгыш Жылдызынын Ордени” деген уюмун түзүшөт, бул дал ошол Адамзат Устатынын келишине даярдык эле. Кришнамурти бул Ордендин башчысы болуп дайындалат.

Жиддунун ар бир мүнөтү, дене тарбиясынан тамак-ашына чейин, окуу китептери, ар бир кыймыл-аракети коом тарабынан жазылып, ал чоңоер-чоңойгончокту так аткарылып келет. Ал өзү Дүйнөнүн Устаты болоруна болгон дити менен ишенет. Бала кезинен дүйнөнү кыдырат. Австралияда, Европада, кайра Индияда, АКШда жашайт. Жаштайынан коом мүчөлөрүнө, кызыккан жаш-карыга лекцияларды окуп жүрөт. АКШда жашап жүргөн кезинде иниси Нитьи оорудан каза болуп, Кришнамуртиге катуу сокку болот. Көп мезгилге чейин калыбына келалбай, түнт болуп, жалгыздыкта жашайт. Кайрадан эл катарына кошулганы аны көпчүлүгү тааныбай калышат. Өтө маданияттуу Кришнамуртинин мүнөзү башкача болуп, айтканын бербеген, теософия коомунун көп түшүнүктөрүн четке кагып, жаңылыктарды киргизе баштайт…

Андан кийин эле Кришнамурти өткөргөн турмушунан баш тартып, атайын анын келишине жаралган “Чыгыш Жылдызынын Ордени” уюмун жоюп салат. Бул дүйнөлүк теософдорго катуу сокку болот. Жидду бардык түзүлгөн ишеним уюмдарын жараксыз деп таап, устат-шакирт системасынан баш тартат. Ошентип мыкты ораторго айланган Кришнамурти эч кимге баш ийбей, өз алдынча лекциялар менен дүйнөнү кыдырып калат. Акыры өз мекени Индиядан биротоло орун-очок табат.

“Мага силердин ишенимиңердин кереги жок. Мен силерге эч нерсе үйрөтө албайм. Ар бир адам өзүнө Устат, өзүнө Шакирт болсун…” деген сөздөрү анын окуусунун өзөгү болуп калат. Бул китеп негизинен “Белигилүүдөн эркин бол” деп аталат. Бирок мен муну кыргызчалап жатып, атын өзгөртүүнү туура деп таап, “Шамчырак” деп атап койдум. Кришнамурти окуусу жөнүндө маалымат берүүдөн да алысмын. Бир гана белгилей кетчү жагдай, Кришнамуртинин “Адам баласы өзүңдө революция жасай аласыңбы?” деген опол-тоодой суроосу анын адамтаануу окуусунун казык сайган жери. Өзүм жаш кезимде бул окууга кызыкканымды тана албайм. Көпчүлүк эмгектеринин арасынан ушуну тандап алып, кыргыз окурмандарына сунуш кылууну туура көрдүм.

Эрнис АСЕК уулу

 

I глава

Адамдын изденүүсү. Аңгүдүк аткан акыл-эс. Салттуу мамиле. Жетишкендиктин туткунунда. Адам жана инсан. Тиричилик — күрөш сыяктуу. Адам табиятынын маңызы. Жоопкерчилик. Акыйкат. Өзүңдү-өзүң кайра өзгөртүү. Энергия коротуу. Кадыр-барктан эркин болуу.

Алмустактан бери эле адам баласы турган турпатынан сырт, материалдык жетишкендиктеринен сырт турган Нерсени издеп келет – аны биз Акыйкат дейбиз, же Кудай дейбиз, же Болмуш же Жазмыш дейбиз, — айтор, убакыттан сырткары турган абалды издеп келебиз. Ал абалга эч нерсе, эч бир шарт, абал, ой, кишилердин бузукулугу таасир эталбашы зарыл. Анан адам баласы ар дайым суроо таштайт – мунун баарынын мааниси эмнеде, дегеле жашоонун маани-маңызы барбы?- деген. Аңгүдүк аткан жашоону, тополоңдорду, согуштарды, диний, идеологиялык, улуттук араздашууларды, бөлүнүп-жарылууларды карап, аңдап олтуруп, баарынан көңүлү калып, “күрр” этип кулап түшкөн сезимдин кучагында калып, анан адам баласы өзүнө-өзү суроо берет: “Эмне кылуу керек? Жашоо, турмуш, тиричилик, өмүр деген эмне, анын артында эмне бар деги?!”

Ар дайым издеп келген Нерсесин миңдеген аталыштардан табалбай, адам баласы ишенимди, Куткаруучуга болгон ишенимди туу тутуп келген. Ал эми ишеним ар дайым зордук-зомбулук жараткан. Өмүр деп аталган тынымсыз күрөштө биз тарбияланган коомго, мейли ал коммунисттик коом же эркин коом болсун, жүрүм-турумдун кандайдыр бир кодексин, эрежесин орнотууга аракет кылабыз. Биз дайыма индуисттердеги, христиандардагы, мусулмандардагы, же дагы бир коомдогу каада-салтыбыздын бир бөлүгүнө айланган жүрүм-турумдун стандартына байланабыз. Бул кылганың туура же туура эмес, бул оюң туура же туура эмес деп казык сайып көрсөткөн кишини издейбиз. Натыйжада жүрүм-турумубуз, ой-жүгүртүүбүз кадыресе түргө айланат, кайсы-бир нерсеге автоматтык түрдө жөн гана мамиле кылабыз. Муну биз өзүбүздөн эле баамдасак болот.

Кылымдардан бери кайсы бир устаттын, же кадыр-барктуу кишинин, китептердин, ыйыктардын камкордугуна куштар болуп келебиз. Биз “Тээ тигил тоолордун ар жагында эмне бар?” деген суроо берип, бирөө эмне бар экенин айтып берсе, айтылган сүрөттөмөгө ыраазы болуп жатып калабыз. Бул эмнени түшүндүрөт? Демек, биз айтылган сөз менен жашайбыз, жашообуз үстүрт, көңдөй, коңултак. Бирөөнүн айтканы менен жашайбыз, шыгыбыздын, умтулуубуздун жайы менен болобуз, же шартка, айлана-чөйрөгө жараша иш алып барабыз. Демек, биз ар түрдүү таасирлердин жыйынтыгыбыз. Бизде эч кандай жаңы нерсе жок, өзүбүздүн акылыбыздан, көөдөнүбүздөн, көкүрөгүбүздөн, жүрөгүбүздөн тапкан жаңы нерсе жок, өзгөчөлөнгөн, таза, аруу нерсе жок.

Бүтүндөй адамзат тарыхында идеологдор менен диний лидерлер: “Эгерде силер кандайдыр-бир үрп-адатты аткарсаңар, тийиштүү сыйынууларды жасасаңар же куранды, библияны, мантраларды окусаңар, тиешелүү бир үлгүнү карманып, кыял-каалообузду тыйып, ой-жүгүртүүбүздү көзөмөлдөп, тамакка болгон табитибизди тизгиндеп, төшөк кумарына азгырылбай жүрө алсак, анда эле акыл-эсибизди, денебизди азапка салганыбыз менен, бул кыска өмүрдүн ары жагынан бир Нерсе табасыңар” деп келишкен. Алардын айткандарын динге берилген миллиондогон кишилер аткарып келишти, бири жалгыздыкка сүңгүп, чөлгө, тоого, үңкүргө башпаанек кылса, бири айылдан айыл кыдырып, думана болду, кээ бирлер топ-топко биригип, монастрларга кетип жатты. Бардыгы акыл-эсин кайсы бир үлгүнү аткарууга мажбурлап турушту. Бирок ошол азап көргөн, сынып бүткөн акыл – кымкууттан качкан акыл — сырт дүйнөнү чанып, ар кыл эрежелерди сактайм деп мокоп калган акыл – канча мезгил издебесин, ал өзү бузуп, кайкытып-ойкутуп алган Нерсени гана табалат.

Бул коогага, коркунучка, атаандашууга жык толгон өмүрдүн ар жагында чын эле бир Нерсе барбы? Аны билүү үчүн, менимче, башка жол менен кетүү керек. Ал эми биз көнүп калган салттуу жол сырттан ичти көздөй, ички борборду көздөй умтулууну көздөйт. “Убакыттын өтүшү менен, көп нерселерден баш тарткандан кийин, ичиңен гүлдөйсүң, ички сулуулукка, сүйүүгө жетишесиң” дешет. Бирок тескерисинче, чектелип каласың, майдаланасың, санда жок кишиге айланасың; алар айткандай тазаланып, бир катмардын артынан бир катмарды сыйрып олтуруп, “тилегениме эми жетем” деп ойлойсуң, “бул өмүрдө болбосо, кийинки өмүрүмдө жетем” дейсиң, жогоруда айтылган борборго чукулдайсың, анан ал борбордо таш балээ жок экендигине көзүң жетет, акыл-эсиңдин ашмалтайы чыккан болот, эч нерсеге жараксыз, мокок, эч нерсе сезалбаган акылга ээ болосуң.

Бул процессти карап олтуруп, “мындан башка жол жокпу, а ички борбордон сыртка умтулса эмне болот?” деген ойго келесиң.

Бүткүл дүйнө дал ошол салттуу жолду карманат, ошол чабылган жол менен жүрөт. Башаламандыктын башаты өзүбүздөн. Биз бирөө убада кылган чындыкты издеп жүрө беребиз. Биз кадыресе эле бирөөнү ээрчип кетип калабыз, ал бизге ылайыктуу чыныгы рухий азыкты бералабы, аны менен ишибиз жок. Шумдугуң кур, көпчүлүк эл саясый диктатурага тикелей каршы, бирок ичинен ошол диктатураны, өзүнө жат авторитетти кабыл алат, ошентип чоочун эле бирөөгө акыл-эсин, өмүр жолун сындырууга шарт түзүп берет. Эгерде биз интеллектибиз, ашынган акылыбыз менен эмес, рухий авторитетти, бардык каада-салтты, үрп-адатты, догмаларды жөн гана алып ыргытсак, жалгыздыктын туткунунда калабыз. Демек, коомго каршы чыккан болобуз, көрөсөңдүү, бүт жагы шайма-шай, төгөрөгү төп келген киши болбой калабыз. Телегейи тегиз киши эч качан аягы жок, башы жок, ченеми жок, чени жок Болмушка (реалдуулукка) жолой албайт.

Силер баягы салттуу жолду карандай калп сыяктуу четке кактыңар дейли, бул тек гана четке кагуу болот, башка шаблонду (үлгүнү) жаратасың, аныңар капастын дагы бир түрү. Эгерде акыл-эсиң менен гана “четке какканым – мыкты идея” дей берсең, эч нерсе кылбайсың, айтылганы айтылган жерде калат, алдыга жылыш болбойт. А эгерде анын маанисиз, туура эмес экендигин аңдап, баарынан эркин экениңди туюп, эч кандай коркунуч болбой, болгон акылбулчуң менен четке каксаң, өзүңдө, айланаңда чоң толкунду жаратасың, бирок калп эле “телегейди тегиз кылган” капастан суурулуп чыккан болосуң. Анан жөнсалды издөө жүргүзбөй каласың. Эң башкысы – издебейсиң! Чындыкты издөө же дагы бир балээни издөө – бул дүкөндүн витриналарын гана карагандай кеп.

“Кудай барбы?”, “Чыныгы Болмуш барбы?”, “Акыйкат барбы?” же дагы бир балээ барбы (?) деген суроого жоопту китептерден, молдолордон же философдордон, кайсы бир куткаруучулардан табалбайсың. Өзүңдөн башка бул суроого эч ким, эч нерсе жооп бералбайт. Ошондуктан өзүңдү-өзүң таанып-билишиңер керек. Бышып-жетилбегениң – өзүңдү таанып-билбегенде жатат. Өзүңдү түшүнө баштаганың – даанышмандыктын башаты.

А өзүң кимсиң, сенин жеке өзгөчөлүгүң эмнеде? Менимче киши менен инсандын чоң айырмасы бар. Инсан — бир гана жердин “кулуну”, тиешелүү өлкөдө жашайт, тиешелүү маданиятка, тиешелүү коомго, тиешелүү динге таандык. Адам болсо бир жердин “кулуну” эмес – ал бардык жерде. Эгерде инсан кеңири өмүрдүн бир бурчунда гана кайнап жатса, анда ал чулу бир өмүрдү өзүнө батыралбайт. Ошондуктан, эсибизден чыкпасын, биз бир бөлүкчө жөнүндө эмес, чулу бүтүндүк тууралуу сүйлөп жатабыз. Анткени чоңго кичине нерсе батып кетет, ал эми кичик нерсеге чоңду батыралбайсың. Инсан – бул кичинекей, бактысы жок, ийгилик келбеген, өз кудайына алкыш айтып, тар үрп-адатына ыраазы болгон бир бечара. Ал эми адам дүйнөдөгү жалпы жыргалчылык үчүн, жалпы азап-кайгы, жалпы дүрбөлөң үчүн күйпөлөктөйт.

Биз – адамдар – миллион жыл мурун кандай болсок, ошол бойдон калдык – сараңбыз, ичкүйдүбүз, агрессивдүүбүз, шекчилбиз, санаачылбыз, ал эми кубаныч менен сүйүү кез-кезде “жарк” дей түшкөнсүйт. Биз – жек көрүү менен сүйүүнүн, коркунуч менен эржүрөктүктүн, жыргал менен кууралдын, тынчтык менен зордук-зомбулуктун коркунучтуу камыр-жумур кошундусубуз. Сыртыбыздан караганда, чоң прогресске жетиштик – ат арабадан реактивдүү учактарга жеттик, бирок психологиялык жактан инсан эч өзгөргөн жок. Дүйнөнүн кайсы бурчун карабагыла, инсандар жараткан коомдук түзүлүш бүлкүлдөйт. Сырткы социалдык түзүлүш – бул ички психологиялык түзүлүштүн, адамдык мамилелерибиздин жыйындысы, анткени инсан – ар кимден кошулган тажрыйбанын, билимдин, жүрүм-турумдун жыйындысы, ар бирибиз – өткөн чакты сактаган склад, сарай сыяктуубуз. Адам – бул бүткүл адамзаттын өкүлү, адамдын болгон тарыхы сенде, менде, ар бирибизде жазылган.

Ичиңде, сыртыңда эмне болуп жатканына абай салып көрчү. Биз жашап жаткан, жалаң атаандашуудан куралган маданият эмнени талап кылат? Бийликке, жетишкендикке, баркка, ийгиликке ж.б.у.с. толгон-токой нерселерге чөгөлөтөт. А биз ошолор менен мурун көтөрүп мактанабыз. Жек көрүүгө, араздашууга, ташбоордукка, бүтпөгөн согуштарга карк болгон жашоону изилдеп көргүлөчү. Бул жашоо – биз билген нерселерден куралган. Анан жан сактоонун тирикмуш күрөшүн түшүнбөй, башыбыз маң болот. Анан андан корко баштайбыз, кандай гана жол болбосун, качып кутулганга ашыгабыз. Билгенибизден гана эмес, билбеген нерселерден да коркобуз. Өлүмдөн, эртеңки күндүн бүдөмүгүнөн коркобуз. Ошентип биз белгилүүдөн да, белгисизден да коркобуз. Биздин күнүмдүк тиричилигибиз ушундай. Натыйжада “үмүтсүз шайтан” демекчи, кандай гана идеология болбосун, чындыктан качуунун жолуна айланат.

Сырткы таасирди түзгөн согуштардын, революциялардын, тополоңдордун, реформалардын, мыйзамдардын, идеологиялардын айынан болгон өзгөрүүлөр эч нерсе бербеди. Адамдын негизги табиятын өзгөртө алган жок, демек коомду да өзгөртпөдү. Желмогуздай түрү суук дүйнөдө жашап жаткан кишилер катары өзүбүзгө суроо берип көрбөйлүбү: жалаң атаандаштыкта, ташбоордукта, коркунучта жашаган коомдун аягы эмне менен бүтөт? Деги бүтөр чеги барбы? Андай коомду жок кылалабызбы? “Өзгөртө алабыз” деп  үмүт артпай же акыл менен калчанган концепцияга айлантпастан, соңуна чыккан факт кылсакчы? Менимче, башаламан дүйнөнү өзөгөртүү үчүн бир гана жол бар. Ар бирибиз, кайталайм, ар бирибиз инсан катары, дүйнөнүн кайсыл бурчунда жашабайлы, кандай маданиятка, кандай динге тиешелүү болбойлу, турган турпатыбыз менен аңдап-билишибиз, түпкү пайдубалын түшүнүшүбүз керек — азыркы дүйнөнүн абалына биз жоопкербиз.

Улутчулдугубуздун, менменсинген эгоизмдин, кудайларыбыздын, ырым-жырымдарыбыздын, туу туткан идеалдарыбыздын айынан баарыбызды бөлүп-жарып турган, өзүбүздүн эле агрессивдүү каалообуздан келип чыккан ар бир согуш үчүн  ар бирибиз жооптуубуз. Акылыбыз менен гана ой калчап койбостон, чындап эле болгон факт катары түшүнүп, жүрөгүбүздү оорутуп, жүрөгүбүздөн сыдырып өткөндө гана – азыркы башаламандык үчүн, дүйнөнүн азап тартканы үчүн жоопкер экенибизди түшүнөбүз. Анткени күнүмдүк тиричилигибиз менен эле биз буга өз үлүшүбүздү кошуп жатабыз. Биз согушу бар, ташбоордугу бар, сараңдыгы бар, ичкүйдүлүгү бар желмогуздай коомдун бир бөлүгүбүз, кичинекей буроосубуз – ушуну түшүнгөндө гана кыймылдай баштайбыз, жаңы кадамга барабыз.

Деги адам баласынын колунан эмне келет? Төгөрөгү төп келген, таптакыр башкача дүйнөнү жаратуу үчүн биз эмне кылалабыз? Минтип биз өзүбүзгө өтө олуттуу суроо берип жатканыбызды түшүнөлү. Деги колубуздан келеби? Аны ким айтып берет? Рухий устаттарыбызбы? Алардын оюна койсок, баарын бизден жакшы билишет экен, акыл үйрөтүп киришет экен, анан кантип дагы бир жаңы шаблонго айдап кирбесин? Биз алардан ашып кетпешибиз керек да. Дөө-шаа окумуштуулар деле эмнелерди гана ойлоп табышкан жок. Бирок рухий жактан өскөн жокпуз. Кулагыбызга кумдай куюшчу эле: бардык жолдор акыйкатка алып барат деп. “Индустуку өзүнчө жол, христиандыкы өзүнчө, мусулмандыкы өзүнчө, бирок бардыгы бир каалганын алдынан жолугат” дешет. Бул айтылгандарга терең үңүлсөң, кашайган абсурд экенине көзүң жетет. Акыйкатка жол жок. Акыйкаттын керемети ушунда. Ал тирүү да. Кыймылсыз нерсеге жол болот, анткени ал “былк” этпей бир орунда турат. Ал эми Акыйкат тирүү, бир орунда турбайт, ал бир храмда, чиркөөдө же мечитте жатпайт, бир дагы дин, бир дагы устат, философ ага жетелеп баралбайт – ушуну түшүнгөндө гана Акыйкат өзүңөрдө экенин билесиңер, жүрөгүңөрдө согуп жатканын аңдайсыңар. Жашоого болгон көз карашыңар өзгөрөт. Эч качан жашоону идеология аркылуу, сөздөрдүн экраны аркылуу, үмүт, коркунуч аркылуу карабаш керек.

Ошентип эч кимден көз каранды болбогула, кайсы бир лидерден да, устаттан да, авторитеттен да. Сен гана барсың, мамилелеш кишилериң бар,  сен жашаган дүйнө бар – башка эч нерсе жок. Ушуну түшүнгөндө гана айлаң кетет, цинизм пайда болот, ыза болосуң. Бир факт менен бетме-бет каласың: бул дүйнөгө, өзүңө-өзүң гана жоопту экениңди бил. Эмнени ойлоп жатсаң, эмнени сезип жатсаң, эмне иш кылсаң, баарына өзүң жооптусуң – өзүңө боор ооруганың ичиңе катылат. Биз дайыма башка бирөөгө күнөө койгонго машпыз, бирок бул өзүңдү аяганга, боор ооруганга жатат.

Эми биз, сен жана мен, сырткы таасир жок эле, эч кандай ишеним жок эле, бирөө жазалайт деп коркпой, өзүбүздө революция жасай алабызбы, психологиялык мутация кылалабызбы? Ташбоордугубуз жоголсун, атандашуу жоголсун, жаман ойлор жоголсун, кыжаалат болбойлу, коркунуч баспасын, ичкүйдүлүгүбүз өчсүн, дегеле болгон дээрибизди ээлеп алган жаман илдеттерден арылалы. Дал ушул илдеттер күнүмдүк тиричилигибизди уулап, дүйнөбүздү чиритип келет.

Башынан түшүнүп алгыла, мен кандайдыр бир философияны же идеологиялык концепциянын түзүлүшүн сунуштап жаткан жокмун. Менимче, иделогияларда эч кандай маани-маңыз болбойт. Жашоонун философиясы маанилүү эмес, күнүмдүк тиричилигиңде, ичиңде, сыртыңда эмне болуп жатат (?), ошого байкоо жүргүзгөн маанилүү. Ушуга назар салып, терең байкоо жүргүзүп, изилдесеңер, бардыгы интеллектуалдык элестетүүнүн негизинде болгонуна көзүңөр жетет. Бирок интеллект жашоону чулу камтый албайт, бир кичинекей бөлүгүн, фрагментин гана камтыйт. Ал канчалык чебер, ыкчам болбосун, мейли байыркы салтты кармансын – бул жашоонун бир тамчысы гана. А биз аягы көрүнбөгөн чулу бир дүйнөнүн алдында турабыз. Анан дүйнөдө эмне болуп жатканына назар салып олтуруп, ички, сырткы деген процесстер жок экенин түшүнөбүз. Бир эле бирдиктүү процесс бар – ал дүйнөнүн жалпы чулу кыймылы. Ички кыймыл сырткы кыймылга таасир берет, жуурулушат, камыр-жумур болот. Эң негизгиси — караганды,түшүнгөндү билели – кантип караганды билсек, баары өзү эле ачылат, айдан ачык болот, кандай караш керектигин айткан философдун, устаттын кереги жок. Өзүң эле жөн гана дүйнөнү карачы.

Ошол чулу бир Акыйкатты карап туруп, аны сөздүн деңгээлинде эмес, өзүн түшүнгөндө, дароо, туруп-туруп эле, жеңил өзгөрүп кеталасыңарбы? Суроо деп ушуну айт. Психикада революция кылуу мүмкүнбү?

Ушул соболго болгон реакцияңарды билгим келет. “Мен өзгөргүм келбейт” дешиңер мүмкүн. Көп эле кишилер ушинтип айтат, негизинен материалдык, социалдык, экономикалык абалы ойдогудай кишилер, догмаларга карк болуп, өзүн, дүйнөнү оюнда түзүп алган ишенимдерге туйтунган кишилер айтат. Эми бул кишилерди жайына коелу. Силер кайпактап: “Эми бул татаал да, мен үчүн эмес” дешиңер мүмкүн. Ушинтип силер өзүңөргө кулпу салып коесуңар. Демек, силер кызыкпай калдыңар, өзүңөргө суроо бербей калдыңар — андар ары жылуунун пайдасы жок дегендик. Ошондой эле: “Мен өзгөрүш керек экенимди түшүнүп турам. Бирок кантип өзгөрөм? Жол көрсөтүп берсеңер, жардам берсеңер” дешиңер мүмкүн. Анда эле өзүңөрдө өзгөрүү болтурууга кызыкпайсыңар деле. Демек, жандүйнө революциясын каалабайсыңар, тек гана өзгөрүүнүн жолуна, системасына кызыгып койгонуңар. Эгерде мен акылсыздык кылып, кандайдыр бир системаны сунуштасам, силер акылсыздык менен кабыл алып, ал системанын жолоюна түшсөңөр, аны көчүрүп, кайталап, ошол менен жашап калмаксыңар. Демек, бул башка бирөөнү авторитет кылганыңар, акыры ошол авторитет экөөңөрдүн ортоңордо келишпестик пайда болот. Бирок айтылганды аткарышыңар керек болот, бирок ал колуңардан келбей туруп алат. Анткени өзүңөрдүн да түшүнүгүңөр бар, шартыңар бар дегендей, анан аныңар кабыл алган системага дал келбей, карама-каршылык пайда болот. Натыйжада идеологиялык система менен күнүмдүк тиричилигиңерден турган ачакей жашоо башталат. Идеология менен жашайм деп өзүңөрдү кыйнап коесуңар, өзүңөрдү басынтасыңар, бирок чындыгында идеология чындык эмес, өзүңөр чындыксыңар.

Эгерде өзүңөрдү бирөөнүн сөзү аркылуу изилдесеңер, анда ой жүгүрткөн гана адам бойдон каласыңар. “Менин өзгөргүм келет, ошонун жолун таап бергилечи” деген киши чын дилинен айтып жаткандай көрүнөт, бирок ал андай деле өзгөрүүнү каалаган киши эмес. Ага баарын калыпка салып берген авторитет керек. Авторитет деги жандүйнөнү калыпка салалабы? Сыртта туруп, ичтегиңди калыпка салам, тартип орнотом деген ар дайым башаламандык гана жаратат. Анын акыйкатын акылыңар менен аңдашыңар мүмкүн, бирок эч кандай авторитетти, китепти, аялыңды же күйөөңдү, ата-энени, досту, коомду кайталабай, акыл-эсиң Акыйкатты чылкый өзү кабыл алабы? Башынан биз кандайдыр бир форманын үлгүсүнө салып көнгөнбүз да. Анан ал форма идеологияга, авторитетке айланып кетчү. Качан гана “кантип өзгөрөм?” деген суроо жаңы авторитетти жаратаарын түшүнгөндө гана – авторитеттен биротоло кутуласыңар.

Өзүбүзгө ачык, так айталычы: “Мен өзгөрүшүм керектигин түшүндүм. Болгон турган турпатым менен кантамырыма чейин өзгөрүшүм керек. Мен эч кандай салт-санаага көз каранды болбойм, анткени дал ошол салт мени жалкоолукка, баш ийүүгө алып келди. Мейли укмуш устат болсун, зор ишеним болсун, тирукмуш система болсун, сырткы басым болсун, бирөө мени өзгөртөт деп эч кимге үмүт артпайм”. Ушинтип айткандан кийин эмне болот?

Эң башкысы, кандай гана таасирдүү авторитет болбосун, аны эс-акылыңардан алып ыргыта аласыңарбы? Колуңардан келсе, анда ар кандай коркунучтардан эркин болгонуңар. Анда эле эмне болот? Канчалаган муундардан бери силерге жүк болуп келген жалган нерсени алып ыргытканда эмне болот? Энергияңар, күүңөр күч алат. Акыл-эсиңер арымдайт, аябай күчтөнөт, жашоонун мүрөк суусуна сугарылат. Эгерде мындай абалды сезбесеңер, демек желкеден ныгырган авторитеттин оор жүгүнөн арыла элексиңер.

Эгерде ал жүктөн кутулган болсоңор, эч бир коркунуч жок энергияга ээ болгонуңар, ката кетирем деп коркпойсуңар, туура же туура эмес иш жасадым деген коркунуч жок, демек ушундай энергиянын өзү мутация эмеспи? Бизге кудай ургандай көп энергия талап кылынат, аны ар кандай коркунучтар менен коротуп салабыз. Бирок бардык коркунучтардан кутулганда гана чыныгы энергия келет. Бул энергия өзү эле чыныгы ички төңкөрүш, революция жасайт. Силер бир нерсе жасайм деп далалат кылбай эле койсоңор болот.

Ошентип силер өзүңөрдү жайына койдуңар дейли. Бул бардыгына олуттуу мамиле жасаган кишинин абалы; мындан ары эми силер жардам иретинде эч кимден, эч нерседен үмүт артпагыла. Ачылыш жасаш үчүн силер эркинсиңер. Эркиндик болгондо – энергия пайда болот, көкүрөктү күү ээлейт, эркиндик болгондо – туура эмес эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Эркиндик болгондо – туура же туура эмес иш кылдым деген түшүнүк болбойт. Бүт турпатыңды ээлеп алган борбордон эркин болгондуктан, силерде коркунуч да болбойт. Эч нерседен коркпогон акыл-эс Улуу Сүйүүнү жаратат. Сүйүү барда – эмне кааласаң, ошону кылып каласың. Ошентип эми биз эч кимге көзкаранды болбой, менин да, башка бир аналитиктин да, кайсы бир философдун да көзүн карабай, айткандарына “намаз” окубай, өзүбүздү өзүбүз таанууга белсенип жатабыз. Өзүбүздү таанып жатканда, башкаларга кылчактай берсек, анда өзүбүздү тааныбай эле, ошолорду таанып жаткан болобуз. А биз чындыгында өзүбүз кандай экенибизди билгибиз келип жатпайбы. Психикабыздагы ички структурабызда түп-тамырынан бери өзгөрүш жасоо үчүн таасири күч эч кандай авторитет болбошу керектигин билгенде, болуп көрбөгөндөй татаал жагдайга кептелебиз. Биз ички дүйнөбүздөгү жеке өзүбүздүн авторитетибизди жеңип чыгышыбыз кажет, өзүбүздүн арзыбаган тажрыйбабызды, жыйнаган билимибизди, көзкарашыбызды, топтолгон таанымыбызды, идеяларды, идеалдарды жеңүү биринчи милдет.

Биздин жеке тажрыйбабыз бар, жаңы авторитетитти пайда кылган кечээги күндүн жаңы тажрыйбасы бар. Миң жыл мурунку авторитет сымал кечээги авторитет да ташыбызды талкан кылат. Өзүбүздү түшүнүү үчүн эч кандай авторитеттин кереги жок, кечээки да, миң жыл мурунку да – биз тирүү жанбыз, ар дайым кыймылдабыз, агып турабыз, бир жерде токтоп турбайбыз. Качан биз кечээги күндүн өлүк авторитетинин жардамы менен өзүбүздү караганда, биз ошол кыймылды, ал кыймылдын кереметин, маңызын түшүнө албайбыз. Кандай гана авторитет болбосун, алардан эркин болгонуң – өзүңдүн, башканын авторитетинен эркин болгонуң – кечээги нерселер үчүн жоксуң, акыл-эсиң дайыма таза, дайыма жаш, күчкө толуп турат. Ушундай абалда гана адам издейт, эки жагын каранат. Ал үчүн өтө бийик аңдап-билүү талап кылынат. Ички дүйнөңдө эмне болуп жатканын аңдаган таанып-билүү зарыл, “ички дүйнөмдө эмне болушу керек эле, эмне болбошу керек эле” деп аны иреттеп, оңдоп-түздөп же түшүндүрүп да кереги жок. Анткени оңдоп-түздөй баштаганда эле жаңы авторитет, жаңы цензор пайда болот.

Эми өзүбүздү аңдап-билүүгө аракеттенип көрөлү. Бирок бирөө түшүндүрүп жаткандай эмес, силер окуп жатып, жазууларга макул же макул болбой эмес, жөн гана чогуу жолго чыгалы. Акылыбыздын эң терең булуң-бурчтарын ачууга жолго чыгалы. Жолго жеңил, тоскоолсуз чыккандай бололу. Ар кандай ойлор, ырым-жырым, ар кайсыл бүтүм чыгаруулар жүк болбосун – 2 000 жылда чогулган акыр-чикирден арылалы. Өзүңөр жөнүндө эмне билсеңер, эмне деп ойлосоңор, бардыгын унуткула. Мээ чөйчөгүбүз ак барактай таза болсун.

Түндө катуу нөшөр төгүп өттү, эми асман ачылып, жаңы таң атты. Бул күндү өмүрүбүзгө берилген жалгыз күн катары кабыл алалы. Кечээги күндү караманча унутуп, биринчи жолу өзүбүздү таанып-билип жаткандай чогуу саякатка аттаналы.

Уландысы бар

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.