Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (II глава)

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (II глава)

I глава

Өзүңдү таанып-билүү. Жөнөкөйлүк. Шарттын коюлушу

Эгерде сен — мен же дагы бирөө айткандан улам гана өзүңдү таанып-билгиң келип жатса, анда пикир алмашуунун, мамиле түзүүнүн кажети жок. Эгерде эч ким айтпай эле, өзүңдү таанып-билүү эң маанилүү экенин түшүнгөндө гана  биз чогуу изденсек болот, изденүү терең, толук жана кубанычтуу нукта жүрөт.

Мага сенин ишенимиңдин кереги жок. Мен өзүмдү авторитет катары көрсөткүм келбейт. Мен сени эч нерсеге үйрөтө да албайм. Менин бир жаңы философиям, жаңы системам жок, реалдуулукка, бу Болмушка салынган атайын жаңы жолум да жок. Акыйкатка салынган жол жок сыяктуу эле, реалдуулукка салынган жол болбойт. Ой-жүгүртүү жана түшүнүү тармагында кандай гана авторитет, жолбашчы болбосун, ал ой-жүгүртүүнү, түшүнүктү талкалайт, зыян келтирет. Жолбашчылар, лидерлер артынан ээрчигендерге, алардын жолу менен келаткандарга зыян келтирип, талкалап жок кылат, ал эми ээрчип келаткандар, жолун баскандар жолбашчылардын, лидерлердин өзүнө зыян келтирип, өздөрүн талкалап жок кылышат.

Сен бир эле учурда өзүңө-өзүң устат, өзүңө-өзүң шакирт болушуң керек. Адамга эмне баалуу, эмне керектүү болсо, ошолордун баарын ишенбей кабыл ал, алар боюнча ар дайым алдыңда чоң суроо турсун. Сен бирөөнүн артынан ээрчибесең, өзүңдү абдан жалгыз сезесиң. Жалгыз бол. Эмнеге жалгыз болгондон коркосуң? Анткени өзүң менен бетме-бет жалгыз калып, ким экениңе көзүң жетет: көөдөнүң көңдөй, акылың тайкы экени билинет, өзүнчө эле күнөлүү сезим пайда болуп, бир нерсеге кыжаалат болгонуң, бир нерседен чочулаганың ачыкка чыгат, өтө майдачыл, колуңдан эч нерсе келбеген, бирөөнүн эсебинен жашаган байкуш экениңди түшүнөсүң. Бул фактыга тике кара, андан качып кетпе.  Качканда, коркунуч пайда болот.

Өзүңдү таанып-билип, аңдап жатып, бүт дүйнөдөн өзүңдү бөлүп, бир буйткага кирип алба. Бул бир оорулуу процесс эмес. Сен сыяктуу эле, ар бир адам дүйнөдө күнүмдүк тиричилик менен алышып келет. Өзүңдү таанып-билүү, түшүнүү өзүнчө эле жинди боло берүү эмес. Индивидуум менен коллективдин ортосунда айырма деле болбойт. Бул чыныгы факт. Мен кандай болсом, дүйнөнү ошондой жараткам. Ошондуктан чулу бир бүтүндүк менен анын бөлүгүнүн ортосунда адашып кетпе. Мен өзүмдү турган турпатым, бүтүндөй ички туюмум менен аңдап-билишим керек, а буга жетиш үчүн акыл-эс индивидуалдуулуктун жана социалдык аң-сезимдин чегинен чыгуусу кажет. Ошондо гана мен өзүмө эч качан өчпөгөн шамчырак болуп бералам.

Кантип эми биз өзүбүздү түшүнө баштайбыз? Мына мен турам – кантип өзүмдү таанып билем, кантип өзүмө көңүл бурам, чындап мени менен эмне болуп жатканын кантип түшүнөм? Мен өзүмдү мамилелерден карашым мүмкүн, анткени өмүр өзү мамилелерден турат. Бир бурчка олтуруп алып, өзүң жөнүндө сүкүт чалуу пайдасыз. Мен өзүмөн өзүм эле жашай бербейм. Мен кишилерге, буюмдарга, идеяларга болгон  мамилемден улам жашайм, анан өзүмдүн кишилерге, буюмдарга болгон мамилемди таанып-билүү менен өзүмдү түшүнө баштайм. Өзүңдү түшүнүүдө мындай жолдон башкасы жөн гана  абстракция, жалпылоо болуп калат. Мен өзүмдү жалпылап таанып-билалбайм, анткени  мен бир жалпы жандык эмесмин, абстрактуу түшүнүк эмесмин. Мен өзүмдү мындай болгум келет дебей, кандай болсом, ошондой болуп өзүмдү аңдашым зарыл.

Түшүнүү — бул интеллектуалдуу процесс эмес. Өзүң жөнүндө билимге ээ болуу менен өзүңдү таанып-билүү – таптакыр эки башка нерселер. Өзүң жөнүндө чогулткан билим бул өткөн чакта калат. Өткөн чакта калган акыл-эс – бул кайгыга толгон акыл-эс болуп калат. Өзүңдү таанып-билүү бул технология, илим же тил үйрөнгөнгө окшош эмес, ал учурда сен билим топтоп, эсиңе тутканга аракет кыласың; унутуп калып, анан кайра баштаганың кандай болуп калат?

Психологияда өзүңдү таанып-билүү ар дайым учур чакта жүрөт, а билим өткөн чак менен байланышта. Көпчүлүгүбүз өткөн чак менен жашап, ошого ыраазы болгондуктан, билим биз үчүн өтө маанилүү сыяктуу сезилет. Ошондуктан көптү билген, билимдүү, акылдуу, куу кишилерди сыйлайбыз. А эгерде ар дайым, ар бир мүнөттө, өзүңө көңүл буруп, өзүңдү угуп, түшүнүп, аракет кылып окусаң, өзүңдү аңдасаң – бул өткөн чагы жок тынымсыз кыймыл болот.

А сен өзүңдү акырындан таанып-биле баштайм, уламдан улам аңдай берем десең, анда азыр кандай экениңди таанып билбей эле, чогултулган билимдин жардамы менен таанып-билип каласың. Окуу, таанып-билүү чоң күчтү, кабыл алууну талап кылат; идея барда кабыл алуу жок, анткени идея – бул учур чакка басым жасаган өткөн чак. Анда акыл-эс тез, ийкем, тирүү болбойт. Көпчүлүгүбүз атүгүл денебизди сезбейбиз. Тамакты оголе көп жейбиз, туура диетага олтурганды билбейбиз, тамеки көп чегебиз, ичкилик ичебиз, натыйжада денебиз бузулат, көп нерсени сезбей калабыз. Организмдин кабыл алуусу мокойт. Уйкулуу, араңжан организм бир нерсени кантип кабыл алат? Бизге тиешелүү нерселерди гана кабыл алышыбыз мүмкүн, бирок калган бардык нерселерди, атүгүл жашоонун өзүн толук кабыл алууга чамабыз чак, организм менен психика чулу болгондо гана кабыл алууга дараметибиз жетет. Ошондуктан бардыгы эриш-аркак болгон бирдиктүү кыймыл-аракет зарыл.

Бир нерсени түшүнүү үчүн аны менен жашап, ага көңүл буруп, анын болгон мазмунун, табиятын, түзүлүшүн, кыймы-аракетин билүү зарыл. Өзүң менен өзүң ошентип жашап көргөнгө аракет кылып көрдүң беле? Аракет кылып көрсөң, сенин структураң, б.а. түзүлүшүң тең салмактуу эместигин түшүнө баштамаксың. Сен – тынымсыз жаңыланып турган тирүү неме экениңди билмексиң. Тирүү менен тирүү жашоо үчүн акыл-эсиң тирүү болушу керек. Ар кандай пикирлердин, талкуулардын, баа берүүлөрдүн туткунунда болсоң, кантип тирүү боло алат? Бир нерсени талашып, аны менен макул болгон же макул болбогон акыл-эс эмес, бир нерсени түшүнгөнгө умтулган акыл-эс тирүү болот – бул өтө татаал, көпчүлүгүбүз  шаркырап аккан суунун кереметин көрбөгөндөй, теректеги бариктердин салкын желге шуудураганын укпаган сыяктуу, өз жашообузду көрбөйбүз да, укпайбыз.

Бир нерсени сындап же мактап жатканда же акыл-эсибиз бир нерсени эбиреп-жебиреп, көп сүйлөп жатканда, биз ал нерсени ачык, даана көрбөйбүз. Көп нерсени байкабайбыз. Ар бирибиздин өзүбүз жөнүндө өз оюбуз бар же өзүбүздү мындаймын деп элестетип алабыз. Бул образ өзүбүз чындыгында кандай экенибизди көрсөтпөй коет. Дүйнөдөгү эң татаал нерселердин бири – бул бир нерсеге жөнөкөй кароо. Акыл-эсибиз татаал болгондуктан, жөнөкөйлүк сапатыбызды жоготуп алдык. Мен кийимдеги же тамак-аштагы жөнөкөйлүктү – динчилдердин “үстүңө жөнөкөй бир нерсе илип ал, орозону бекем тутуп, тамакты тартып ич” деген жөнөкөйлүктү айткан жокмун – бир нерсеге түз, коркунучсуз караган, өзүбүз кандай болсок, ошондой көрсөткөн – калп айтып жатсак, калп айтканыбызды кабыл алган жөнөкөйлүктү айтып жатам.

Өзүбүздү түшүнүү үчүн жөнөкөйлүк аябай керек. Эгерде “Мен өзүмдү билем” десең, анда өзүңдү таанып-билгиң келбегени; “Менде таанып-биле тургандай эч нерсе деле жок, анткени мен эскерүүлөрдүн, идеялардын, ой-толгоолордун, салт-санаанын жыйындысымын” десең, анда өзүңдү таанып-билүү процессин токтотуп койгонуң. “Өмүрүмдө бир нерсеге жеттим” десең, анда сен тазалык, жөнөкөйлүк сапаттарыңдан ажыраганың; эгерде билимиңе таянып, өзүңдү таанып-билсең, анда бул эскини жаңы терминдер менен кооздоп койгонуң болот. Ошол эле учурда бутуңда бекем турбасаң, өзүңө ишенбесең, жетишкендик жок болсо да, көргөнгө, аңдаганга эркиндигиң бар. Эркин көрө алсаң, анда жаңыны да көрө аласың. Өзүнө-өзү ишенген, өзүнө-өзү корстон болгон киши – өлүк киши.

Бирок төрөлгөндөн өлгөнгө чейин акыл-эсибиз кайсыл бир маданияттын, “мен” деген кууш түшүнүктүн таасири астында калыптанып жатса, эркин көрө билгенге, эркин аңдай билгенге кантип жете алабыз? Канчалаган кылымдардан бери карай улут, уруу, тап, салт, дин, тил, тарбия, билим берүү, адабият, өнөрчүлүк, каада-салт, үгүттөө, экономикалык басым, жеп жаткан тамагыбыз, жашаган жерибиздин климаты, үй-бүлөбүз, досторубуз, ой-жүгүртүүбүз жана башка, жана башка шарттарга байланып жашап келебиз, ушунун баары таасир берет, анан элестетип көр, ар бир көйгөйгө болгон мамилебизден жогоруда айтылгандар келип чыгат, “шартка жараша” деген түшүнүк да ушундан. Шартка жараша жашаганыңды аңдай аласыңбы? – эң биринчи өзүңдөн сурай турган нерсе ушул. “Андан кантип арылам?” дегенден мурун, айтылган суроого көңүл бур. Ал “шарттардан” арылуу мүмкүн эместир. Эгерде: “Мен андан арылышым керек” десең, анда башка капканга, башка “шарттардын” капасына кабылышың мүмкүн. Билесиңби, даракты карап алып: “Бул эмен” же “бул банан” десең, бул ботаника боюнча билим болот, даракка жөн гана аныктама бергениң, акыл-эс ошого шартталган, сөз сени менен даракты көрүүнүн ортосуна туруп алып жатат. Даракты сезүү үчүн сен даракка тийип көрүшүң керек, сөз менен даракты кармалап көралбайсың.

Шарттарга байланганыңды кантип билсең болот? Ал жөнүндө ким айтып берет? Курсагың теориялык жактан эмес, чындап ачып жатканын кайдан билесиң? Курсагың ачканда денеде реакция болот, чакырык ташталат, туурабы? Ар бир чакырыкка биз коюлган шартка жараша таасир кылабыз. Шарт коюу туура болбогондой эле, ага болгон реакция да туура болбойт.

Сен ушуну түшүнө баштаганда, улут, дин, маданият шарттары сени түрмөгө салып койгондой болбойбу? Шарт коюунун бир формасын алып көрөлү – улуттук шартты. Аны олуттуу кабыл алып, терең өзөгүн карап көрөлү, сен андан ырахат алып жатасыңбы же жиниңди келтирип жатабы, эгерде жиниңе тийсе, анда андан кутулгуң келген жокпу? Эгерде ага ыраазы болсоң, анда эч нерсе кылбайсың. Анын койгон шартына баш ийгениң – бардыгын ачык, даана көрө албаганың. Эч качан даана көрө албайсың дагы. Анткени сен өткөн чак менен жашап калгансың. Ал эми өткөн чак – өлүк!

Канчалык шартка байланганыңды аныкта, бардыгына макул болуп жатып эле, анан ортодон бир чыр чыгып кетти дейли же бир оорудан качтың дейли. Же бакытка бөлөнүп жатасың: аялың сени жакшы көрөт, сен аялыңды жакшы көрөсүң, сонун үйүңөр бар, алданемедей балдарыңар бар, акчаң толтура – сен андай абалда эч нерсени сезбейсиң. Анан бир паста эле мунун баары урай баштады дейли, аялың башка бирөөнү таап алган, акчаңдан кол жууп, капчыгыңда бир тыйын калбай калды же согуш чыгып кетти, чоң кырсык болду, ошондо сен шартка байланганыңды түшүнөсүң. Өзүңдү коргой баштаганда, жаман жагдайдан чыгууда сен шартка байланганыңды толук  билесиң. Бардыгыбыз ушундайбыз. Бир нерсеге оюбуз токтобогону, бул шартка көзкаранды экенибиздин белгиси. Итти сылап жатсаң, бул сага жагымдуу болот, ошол замат ырылдап үрүп жиберсинчи? Артка чегинип, дароо коркуп кетесиң.

Бизди жашоо, саясат, экономикалык абал, ташбоордук, кайгы-капа тынсыздандырып турат. Мунун баары сырткы дүйнөдө бар, мунун баары ички дүйнөбүздө бар, бизди тушаган да ушул “шарттар”. Эмне кылуу керек? Көпчүлүк бул тынсызданууга моюн сунуп жашай берет, белиң ооруп жатса, ошого моюн сунуп жашай бергендей кеп. Ошентип ооруш керекпи же айыкканга аракеттенүү зарылбы?

Биз моюн сунуп жашаганга макулбуз, ага көнүп да алабыз, бардыгын шартка шылтайбыз. “Шарт болгондо, мен башкача болмокмун” дейбиз; “Мага мүмкүнчүлүк бергиле, ошондо өзүмдү көрсөтөм” же “Мени адилетсиздик мүңкүрөтүп жиберди” дейбиз да, өзүбүздүн жаман абалды айлана-чөйрөгө, экономикалык абалга, ар кандай шарттарга шылтайбыз.

Эгерде киши өзүнүн жакыр жашоосуна моюн сунуп калса, анда анын акыл-эси мокоп калат. Ошол сыяктуу эле киши аны курчаган кооздукка көнүп калгандыктан, ал аны байкабай калат. Киши кайдыгер, орой, таш боор болгон сайын акылы мокой баштайт. Ошол сыяктуу эле киши айлана-чөйрөсүн курчап турган кооздукка ушунчалык көнүп калат экен, ал кооздукту байкабай калат. Кайдыгер, орой, ташбоор боло баштайт, акыл-эси уламдан улам мокой берет. Башыбызга кара түн түшсө, андан качып кутулганга аракеттенебиз, наша чегебиз, бир саясый топко барып кошулабыз, кыйкырабыз, жазабыз, футбол көрөбүз, чиркөөнүн же мечиттин босогосун аттайбыз, дагы толтура бир нерселерге кирип кетебиз.

Эмнеге мындай, эмнеге алдыбызда турган фактылардан качабыз? Өлүмдөн коркобуз – мен муну мисал иретинде айтып жатам. Өлүмдөн качып кетүү үчүн кайдагы бир теорияларды ойлоп табабыз, жалган үмүткө байланабыз, бир ишенимди ээрчийбиз, бирок факт факт бойдон калды да.  Кандай факт болбосун, аны түшүнүү үчүн биз ага тике карашыбыз керек, кайра андан качпай. Көпчүлүгүбүз өлүмдөн корккон сыяктуу өмүрдөн да коркобуз. Үй-бүлөбүз үчүн коркобуз, коомдук пикирден коркобуз, жумушубузду жоготуп алуудан коркобуз, дагы көптөгөн ушул сыяктуу нерселерден коркобуз. Жөнөкөй эле бир факт – кеп тигил же мындан коркконубузда эмес, кеп биз негизи эле коркуп жашаганыбызда. Эмнеге ушул фактыга тике карай албайбыз?

Ал фактыга учур чакта, азыр бетме-бет жолуга аласыңбы, эгерде учур чакта болбосо, анда андан качып жүргөнүң, эч качан жолуга албайсың, чындыктан качуунун түрлөрүн таап алсаң, анда аны толук бир системага айлантып алганың, сен ошол качуу адатыңдын туткунундасың.

Эгерде тийиштүү деңгээлде кабыл алууга жарасаң, олуттуу мамиле жасасаң, шарттарга байланганыңды аңдап, ал эмнеге алып келерин да жакшы түшүнгөнүң – шарттарга байлануу ташбоордукка, жек көрүүгө алып келет. Анан ошол шарттарга байланганыңды билип-туюп туруп, коркунучтуу экенин түшүнүп туруп, эмнеге кыймылдабай жатасың? Бул жөн гана жалкоолук эмеспи? Жалкоолук – бул энергиянын жетишсиздиги. Бирок түздөн түз коркунуч пайда болсо, мисалы, жолдон жылан чыга калса же жарга барып такалсаң, өрт чыкса, энергиянын жетишсиздигине карап олтурбайсың да. Анан эмнеге шарттарга байлап койгон коркунуч турса, кыймылдабай жатасың? Эгерде сен жашаган коомго улутчулдук коркунучу туулса, кыймылдабай жата берет белең?

Жооп бирөө эле – сен эч нерсе көрбөй жатасың. Интеллектуалдык анализ жасап, улутчулдук өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келерин түшүнөт чыгарсың, бирок мында эмоционалдык фактор болбойт. Эмоционалдык фактор болгондо гана тириле түшөсүң, иш-аракет башталат.

Эгерде шарттарга байлануу коркунучун интеллектуалдык деңгээлде гана көрүп жатсаң, анда сен эч нерсе кылбайсың. Коркунуч идея катары гана кабыл алынса, анда идея менен кыймыл-аракеттин ортосунда конфликт жаралат, ал эми ал конфликт сенин энергияңды жеп-жутуп коет. Качан гана шарттарга байланганың менен анын коркунучун бир убакта көргөндө, алдыңда тик ор жатканын көрүп, кыймылдай баштамаксың. Ошондуктан, көрүү – бул кыймыл-аракет кылуу.

Көпчүлүгүбүз жашообузда көп нерселерге көңүл бурбайбыз, курчаган шарттарга ылайык мамиле жасайбыз, ошондой тарбия алганбыз, анан мындай мамиле шарттарга көзкаранды болгонубузду күчөтө берет; бирок качан гана болгон көңүлүңдү шарттарга көзкаранды экениңе бурганда, өткөн чактан эркин болгонуңду, ал өзүнөн-өзү кетип калганын байкайсың.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.