Адахан МАДУМАРОВ: «…Үн чыгаргандан коркуп отурушат. Уят!

Адахан МАДУМАРОВ: «…Үн чыгаргандан коркуп отурушат. Уят!

Президенттикке талапкерлердин бири – Адахан Мадумаров. Ал жазында Орусияны кыдырып келбеди беле, ошондо маектешкенбиз. Бул маек азыр деле актуалдуулугун жоготкон жок, кайрадан жарыялап турубуз.

—Адахан Кимсанбаевич, чет жактагы, бул жактагы мекендештер азыркы парламентке “эң начар парламент” деген баа бербедиби. Сизчи, кандай саясий баа бересиз?

—Парламентке саясий баа бериш үчүн депутаттарды жек көрүш керек же колдош керек! Андыктан, мен аларга саясий баа бере албайм. Себеби, алар барбы, жокпу, мага айырмасы жок. Мен оюмду ушинтип эле ачык эле айтып салам. Элдин баары эле нааразычылыгын ачык айтпай жатышат. “Кредит, кризис” деп күңгүрөнүп, көмүскөдө айтууда. Көп нерсени Мадумаровдун оозу менен айттыргысы келет. Эл кыйналып, өп-чап жашоодо жашап жатканыбызды жогорку жак билбейт экен. Анын айтуусу боюнча, биз эң жакшы жашап жатыппыз. “Бүтүн Европа бизге тамшанып, суктанып турат. Кошуналардын көзү күйөт”  (Алмазбек Атамбаевдин айтканы жөнүндө сөз болууда. Ушинтип мактанып, сыймыктануу менен айтпады беле – авт.) деп айтты го, уксаңыз керек. Бүтүн Европа бизге суктанып, кошуналардын көзү күйгөнү үчүн биздин улан-кыздар бөтөн жерде иштеп, жашап жүрүптүр да, күйүп кетесиң. Көп нерсеге саресеп салып, ойлоп, кейип, кан басымым көтөрүлүп турду эле, бу  баарлашуу ого бетер көтөрүп салды. Азыр мен эле эмес, ар бир жарандын кан басымы көтөрүлүүдө. Кыргызстанга, кыргызга күйүп кан басым көтөрүлбөсө, анда ал кыргыз эмес. Эгер эч нерсеге жүрөгү оорубаса, анда ал адамда жүрөк жок. Башын ооруткусу келбесе, анда анын мээси жок.

—Кокус Жогорку кеңеш тарап кетсе, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик шайлоого даярбы?

—“Бүтүн Кыргызстан” дайым даяр! Шайлоого эмес, позициясы даяр. Биздин партия азыркы болуп аткан окуяларга кайдыгер эмес, эл кандай кыйналса, ошондой кыйналып, боору ачышат. Жакшысын укса сүйүнөт, жаманын укса күйүнөт. Биз эки жолку парламенттик шайлоого катышып, уткан партияданбыз. Аны баарыңар жакшы билесиңер.

“Бегине жараша эли”, “Калкына жараша каны” деп бекер айтылбаса керек? – Туура. “Ар бир элдин пейилине жараша падыша берем. Бузулган коомго заалым падыша беребиз, ошол аркылуу жазалайбыз” дейт Жаратканым. Кеп Атамбаевде эмес, кеп элде. Коом бузулду. Ошол эле коом кечээги Акаевди, Бакиевди “сиздики туура, туура кылып жатасыз” деген. Ошол эле көрүнүктүү акын, жазуучулар, академиктер, журналисттер мактаган. Кана, ошол Эл акындары, Эл Баатырлары?! Азыр таш ыргытсаң академиктин башына тийет. Кана, ошол академиктер?!  Ынтымакка үндөп, эки эле ооз сөз сүйлөп койбойбу. Үн чыгаргандан коркуп отурушат. Уят! Бири-бирибизди кажып турган заманга келдик. Өзүбүзгө суроо бергенди билбей жатабыз. Балдарга туура тарбия берип атабызбы? Балдар ата-энени угуп атабы? Кошунаң акчасына үстөк пайыз кошпой берип атабы? Эми айта берсек суроо толтура, жооп жок. Демек, биз ошого татыктуубуз. Чындыктан да ушакка ишенип калдык. Ушаксыз бир саат жашай албайбыз. Мына гезиттер бетин ачсаң ушак жыттанат. “Экономика кайда баратат”, “Адамзат кайда баратат?”, “Ааламдашуу бизди кайда алып баратат?” деген бир дагы макала окубайсың. Жалпы улуттук гезит жоктугу өкүндүрөт. Орчундуу, олуттуу маселе жазып, Кыргызстандын жүгүн көтөргөн гезит жок. Ошон үчүн гезит окубай калгам. Журналисттерде изденүү жок. Баарын интернеттен алып жазышат. Интернет кыргыздын баалуулугун жоготту. Дегеним, аял, күйөө, ата-бала, эне-кыз сүйлөшпөй калды. Ар кимиси ар кайсы бөлмөгө кирип, каалаган нерсесин көрүп, отуруп алат. Маектешүү деген жок. Жигит деле кызын кафеге чакырып алып, экөө тең соткасын чукулап отурганына күбө болосуң. Сайттагы ар нерсени карап, күлүп жыргап отурушат.

—Сайт демекчи, ал жакка саясатчылар макталып да, жамандалып да жазылат. Сындалгандардын ичинде сиз дагы барсыз. Муну кандай кабылдап жатасыз?

—Мен окубайм, мага окугандар айтып берет. Айтып келгендерге: “Жети күн мени жамандап, маанайымды чөктүрө албайт, жети күн мени мактап, көңүлүмдү көтөрө албайт” деп коем. Мени жамандап атса, анда мен аларга тоскоолдук кылып атам. Чындыкка дал келбегендей, өтө мактап жиберсе, демек, мен ал кишиге керекмин. Ал дагы мени кызыктырбайт, кубандырбайт. Мен мактоого да, жамандоого да салкын мамиле кылам. Турмуштан алган тажрыйба ушуга алып келди. Чын-чыныга келгенде, жамандалганыбыз ал заказ. Анан аны окуп алгандар ишенет. Катуурак айтканда, “бир ит көрүп үрөт, миң ит көрбөй үрөт” дегендей кеп да.

—Жаныш Бакиевдин торколуу тоюнда камчы тапшырып, анда сүйлөгөн сөзүңүз сайтта илинип жүрөт. “О чем я говорю, вы прекрасно понимаете…”деп камчы тапшырганыңызды ар ким ар кандай жоромолдоп  жазып жүрөт. Муну менен сиз эмне айткыңыз келди эле?

—Аны ким кандай түшүнүп, кандай чечмелесе, ал анын деңгээли. Мен бир нерсеге көзүм жетти, мен эмне десем ошол сөзсүз чыгып, талкууга алынат экен. Болбосо, ошол тойдо менин артымда канча деген саясатчы турган, камчы тапшырган. Эркек кишиге камчы берилет, аял кишиге жоолук салынат. Эртең Роза Отунбаева 80 жылдыгын белгилеп, чакырса, жоолук, чапан алып барасың да, туурабы?! Эркекке камчы берүү бу илгертен келаткан салт. Ар бир үйдө камчы илинип туруу керек. “Балам, колуңда бекем камчы болсун!” деп аксакалдар бата менен кошо камчы беришкен. Үйүмдө толтура камчы илинип турат. Камчынын тарыхын билбеген кемчонтойлор комментарий берип жатышат деп ойлойм. Анткени, алар тапшырма алган, ошону аткарып жатат. Ошол короосунан деле чыкпаса керек. Жашынып отуруп алып жаза берет. Андайларды мен мээси айланып калган оорукчан адамдар деп эсептейм. Андыктан, аларга көңүл буруунун кереги жок. Ниетибизди оңдоп, бири-бирибизге жамандык издебей, жакшылыкты ойлосок жакшы болмок.

—Бузулган ниетти кантип оңдойбуз?

—Ушул суроого мен сааттап жооп берип жүрөм. Катуу бир силкиниш керек! Катуу силкинбесек болбой калды. 20 жылдан бери кыргыз бийлиги кыргызды ушундай абалга такап койду. Буга жалгыз бийлик күнөөлүү эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз. Ар бир адам өзүнүн кемчилигин сезип, оңдосо, колдон келген салымын кошсо, өлкө оңолот. Жараткан ыйманыбызды бекем, напсибизди ток, пейлибизди таза кылсын!

—“Ачуусу чукул, кежир, беттегенин бербейт” дешет айрым саясатчылар. Мүнөзүңүз кандай?

—Ачуум чукул эмес. Мени менен иштешкендер мүнөзүмдү жакшы билет. “Сиз андай эмес турбайсызбы, такыр башкача адам экенсиз” дешет. “Эмнеге антип ойлодуң эле?” деп сурасам, “ушудай деп жазып жатышпайбы” дейт. “Кежир, беттегенин бербейт” дегендери туура. Беттегенин бербегендик — бул принципке туруу. Принципке катуу турган кишимин.

—Сынды кандай кабыл аласыз?

—Сын адамга сөзсүз керек! Эгер ал калп эмес, чын болсо, туура айтылса…

Эң жаман көргөн сурооңуз кайсы?

—Кайталанма, даярдыгы жок суроону жаман көрөм. Мисалы, азыр эле бир жыйынга барып, үч саат сүйлөйсүң, бүткөндөн кийин, жаңы эле айтып өткөн нерсеңди кайра сурашат. Интервьюга келгенде да баягы эле суроолор. (Күлүп) Журналисттер сурап чарчабады, мен жооп берип чарчабадым. Мен жооп бергенден тажабайм да, чарчабайм. Окурмандар тажайт: “баягы эле интервьюсу экен. Баягы эле сөздөрү экен” деп.

—Жазган ырларыңызды “баягы эле ырлар” дешпесе керек. Ыр жазуу өнөрүңүздү билгендер бар, билбегендер бар. Ырды сиз буйрутма менен жазасызбы?

Жок. Мен буйрутма менен жазгандарга такыр түшүнбөйм. Ырды мен жылдап жазбай коюшум мүмкүн. Же үч күндө жазып коюшум ыктымал. Эргүү келгенде, образдуу айтканда, ыр жамгырдай болуп төгүлөт же күн чайыттай ачылат. Дегеним, эргүү жакшы маанайда же жандүйнөң жанчылып турганда келет. Аялдардан чыккан мыкты акын эжебиз Фатима Абдалова “Адахан Мадумаров бүтүндөй жандүйнөсүн төрт сап ырга батырып койгон экен” деп ырыма өз ой-пикирин билдирген экен. Ошол мага чоң белек болду.

—“Обон чыгарам, ырдайм” деп ырыңызды сурагандар болуп атабы?

—Сурап калышат. Бир ырымды Кыргыз эл артисти Керим Турапов сурап атат. Бир ырым ырдалып жүрөт. “Балапан” деген ырыма Жоодар Бешим деген ырчы жигит обон чыгарып, клип тартып ырдап жүрөт. Жеткириликтүү ырдап, керемет клип тартыптыр, мага жакты.

Балапан ыйлабачы заманыңа,

Бүгүн да эт түшпөсө казаныңа,

Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,

Боору жок бул турмуштун азабына!

 

Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,

Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.

Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,

Колуңда турбаган соң майлуу наның.

 

Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,

Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.

Кантип мен айта алам кыргызсың деп,

Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.

 

Балапан, аман болуп эр жеткенде,

Бактыңды таба албастан өз жергеңде.

Бабалар ушу күнгө калтырды деп,

Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.

—“Балапан” деген ырыңыздан улам, көчөдө кайыр сураган балапан балдар эске түштү. Кайыр сурагандарга мамилеңиз кандай? Дегеле соопчулук кылууга, ажаат ачууга кандайсыз?

— “Соопчулук” деген сөздү тайыз түшүнүп калышты. Жума намазга барып калсаң, айланайын, сени ээрчип алып, кадам бастырбайт. Айрыкча, машинадан түшүп атканда “Ай, Мадумаров” деп кыйкырып, басып келишет. Бул кыргыз үчүн өтө жат, копол, одоно, жаман көрүнүш. “Кимде ким кайырчылыкка колун сунса, биз берекенин эшигин жабабыз” дейт Жараткан Алла. Төрт саның, жаның аман туруп, кайыр сураган туура эмес. Андан көрө иштеп, ошол акчаны маңдай териң менен тап. Мечиттин жанында жайгашкан ашкананын эшигинде: “Идиш жуугуч керек, күнүнө — 200 с, пол жуугуч керек, күнүнө — 300 сом, тамак ташыгыч керек, күнүнө — 400 сом” деп жазылып, илинип турат. Эми ошол жерге иштебестен, жерге отуруп алып, ар кимге колун сунуп отурат. Мындай көрүнүш кыргыздын касиетинде болгон эмес! Бул улуттук баалуулуктун жоголуусу. Бу бир. Экинчиси, соопчулук кылган киши, кылып жаткан ишин камерага тарттырып, журналисттерди ээрчитип барып айтпаш керек! Бу да туура эмес көрүнүш. Соопчулукту мен колумдун келишинче, акылымдын жетишинче кылып жүрөм. Көпчүлүк мени бай деп ойлошот экен. Мен бала кезден байлыкка кызыгып, ага умтулган эмесмин, ошо бойдон калдым. Мага кийим керек үшүбөш үчүн. Мага тамак керек күч-кубат алып, азыктанып, басыш үчүн. “Кайсы тамакты жакшы көрөсүң?” десеңер, мен этти жана пловду жакшы көрөм.

—Тамак сыяктуу эле ар бир саясатчы шайлоо алдында таттуу, түрлүү убадаларды берет. Бийликке, кызматка келгенче берет убада, өткөндөн кийин кылат убара. Сиз убадага кандайсыз?

—Сиз, дегеле, журналисттер, адамзаты бирөөнү бирөөгө салыштырбаш керек! Мадумаров деген Мадумаров. Убада бергендер башка. Адамдар алты саатта алданганды жакшы көрөбүз. Убада берип жаткандарды убагында кубануу менен кабыл алабыз да, өткөндөн кийин өкүнүп, сөгүнөбүз. Капа болбосун, кыргыз өзү алданганды жакшы көрөт. Ошон үчүн бизге чала дегим келет да. Себеби, ар бир саясатчы сүйлөгөнүнөн, баскан-турганынан, башынан эле билинет. Ошону байкабай, байкаса да алданып, шайлоодо өткөрүп жиберип жатпайбы! Эми келаткан президенттик шайлоодо жакшылап ойлонуп, ойгонуп, жети өлчөп, бир кесер, кыргыз элим!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.