Өкмөт актанып, Liglass коркутту…

Өкмөт актанып, Liglass коркутту…

 

Liglass Trading компаниясы 37 миллион долларды Кыргызстандын эсебине августта эле котормок, которо албай калып, 19-сентябрга чейин убакыт сурашкан. Бу жолу дагы убакыт сурашканы атайы Бишкекке келишип, жыйын өткөрүштү. Аягында премьер-министр точка койду.

Эртең менен…

Бүгүн Чех компаниясынын директору Михаэл Смелик журналисттер жыйынында долбоор токтобогондугун, Өкмөт менен дагы сүйлөшүү жүргүзөрүн, алдын-ала эч нерсе айткыбыз келбесин, Эдил Байсалов аны дароо жазып жиберерин айтып, Өкмөттөн үмүт кылган.

Андан кийин эле бул боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев:Чех компаниясынын 37 миллион долларды төлөй албастыгы боюнча бир аз убакыт сурап жатат. Аларга ишенбөөгө себеп жок. Анткени, алар тендердик сынакка бардык кагаздарды алып келип, сунуш киргизишкен, сунуштары жакшы болгондуктан тандалып алынган. Эгер келишим ишке ашпай калса, анда чехиялык компаниянын 1 миллион доллар күрөөсү мамлекетте калат” деп айтты.

Кечинде…

Кечке маал премьер-министр Сапар Исаков чукул жыйын өткөрдү. Ал чехиялык Liglass Traiding компаниясы келишимди аткарбаганын, Кыргызстан убакыттан уттурганын, кайрадан тендер жарыялана турганын айтып, келишимди:жокко чыгаруу тапшырмасын берди. Ал эми юстиция министри Уран Ахмедов аталган компания күрөө катары төлөгөн 1 млн 147 миң доллар Кыргызстанда каларын билдирди

Бет тырмоочулук…

Өкмөттүн ушундай чечиминен кийин, чех компаниясынын директору Михаэл Смеликтин эртең менен пикирин өзгөртүп, биздин саясатчылар — Феликс Куловду, Темир Сариевди, Эдил Байсаловду каралоого өттү. Анын айтымы боюнча, биздин саясатчылар чех компаниясынан күмөн санаган маалыматтарды тараткан соң, долбоорду каржылоого даяр турган өнөктөштөр андан баш тарткан имиш. Бет тырмоочулуктун да чеги болот да.

Келишимдин мындай болушуна Өкмөт актанып жатат. Дүйшөнбек Зилалиев менен Михаэл Смелик келишим түзүп, кол алышып жатканда ажо экөөнүн ортосунда күлүп, кол чаап турбады беле. Деги буга ким жооп берет?..

Эрзат МЫРЗА

P.S. Liglass Traiding компаниясы боюнча чоң макала даярдалып жатат. Кызыктар али алдыда…Эртеңден окуп каласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.