Таласта Жээнбековдун баннери өрттөлдү

Таласта Жээнбековдун баннери өрттөлдү

Мындай маалыматты талапкердин Талас шаарындагы штаб жетекчиси Мирлан Эсенкулов «Азаттык» радиосуна билдирген. Маалыматка таянсак, Талас облусунун Манас районундагы көчө боюна илинген бир баннерди өрттөп, экөөнү айрып кетишкен. Алар атаандаштардан шектенгендери менен аттарын атаган эмес, бирок, тиешелүү органдарга кайрылышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин кечээ тандем түзүшкөн Бабанов менен Төрөбаевдин баннерлери өткөн жуманын башында айрылган. Бабановдуку Кочкордо, Төрөбаевдики Сузактын Кара-Дарыя айылында болгон.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.