Шыкмаматовдун соту жылып, Текебаевдин соту уланууда…

Шыкмаматовдун соту жылып, Текебаевдин соту уланууда…

«Ата Мекен» фракциясынын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун тергөө иши бүгүн Биринчи Май райондук сотунда уланмак. Сот отурумуна Шыкмаматов тарабынан күбөлөр келбей калганына байланыштуу 25-сентябрга жылды.

Эскерте кетсек, Шыкмаматовго «кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып тагылган. Шыкмаматов бул айыпты четке кагып, «саясий куугунтук» деп айтып келет.

Ушул эле учурда Бишкек шаардык сотунда депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда.

Аида Салянованын да иши кечээ Ленин райондук сотунда уланды. Ушул жумада сот ишти аягына чыгат, «ак же көк» деп айтат. Ак десе, анда азамат, калыстык кылды дейбиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.