Алмазбек АТАМБАЕВ: “Кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун!”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун!”

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясы өтүүдө. Ага 130 мамлекеттин башчылары катышты. Кызмат мөөнөтү аяктап бараткан Алмазбек Атамбаев 6 жыл ичинде биринчи жолу катышууда. Атамбаев БУУнун трибунасында бүгүн сүйлөйт. Ал жердеги жалпы саясий дебаттарында Атамбаевге кечээ сөз берилип,19 мүнөт сөз сүйлөдү. Өлкөнүн тышкы жана ички саясатына байланыштуу сөз сүйлөп, аягында кыргызстандыктарга кыргыз тилинде мындай деп кайрылды.

—Айланайын кыргыз элим! Урматтуу мекендештерим! Сөзүмдүн аягында сиздерге кайрылып жатам. Миң жылдан кийин кыргыз көчү өз жолун тапты. Бул жолду табыш үчүн миңдеген агаларыбыз, бабаларыбыз канын, жанын берди. Миңдеген апаларыбыз көз жашын төгүп сокур болду. «Кыр бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган? Сай бар бекен кыргыз каны акпаган?

Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт. Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун! Алданбагыла акчага! Алданбагыла бал сөзгө! Алданбагыла алдамчы көзгө! Ар намысыбызды сактайлы. Биримдигибизди сактайлы. Ата журтубузду сактайлы. Кыргыз элин сактайлы. Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин! Жашасын эгемендүү Кыргызстан! Бар болгула!

 Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Акаевдин башына Ельцин кашык менен ойногонун эстеген го…

Ажонун бул кайрылуусунан кийин, ар ким ар кандай пикирин социалдык түйүндөргө жазып чыкты. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өздүк баракчасына мындай деп жазган:

— Атамбаев океандын ары жагынан жөнөткөн саламында «…Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун!» деп айтыптыр. Бул деген “Путин, Назарбаев, Мирзиеев сыяктуу чет элдик жетекчилерге ишенбегиле, алар ары барып өз оокаттарын кылсын” дегени го деп түшүнүп жатам. Анын үстүнө биздин тунгуч президент Акаевдин башына Орусиянын президенти Ельцин кашык менен ойногон деген икая бар эмес беле, ошону эстеген го… Ошондуктан Атамбаевдин бул сөздөрү көбүнесе Путинге тиешелүү го деген да ой жаралат, башка өлкөлөрдүн элинде андай кашык менен музыка ойноп жиберчү салттары деле жок эмеспи.

Эстеликке сүрөткө түшүп…

Ал жерге президенттер жубайлары менен барышкан. АКШнын президенти Дональдо Трамптын аялы Меланией Трамп менен Атамбаев учурашып, өмүрлүк жары Раиса Атамбаева менен эстеликке сүрөткө түштү.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.