Бүгүн сотто Саляновага акыркы сөз берилет

Бүгүн сотто Саляновага акыркы сөз берилет

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылып, үч айдан бери соттук териштирүү болуп келет. Үч айдын ичинде Салянованын адвокаттары кагаз жүзүндө күнөөсүз экенин далилдеп беришти. Депутат да дайыма күнөөсүз экенин, саясий куугунтук болуп жатканын айтып келген.

Мына бүгүн да созулуп келаткан соттук териштирүү Ленин райондук сотунда уланууда. Адвокат Чынара Жакупбекова өткөн процессте бүтпөй калган жарыш сөзүн сүйлөгөн соң, артынан эле Саляновага акыркы сөз берилет. Бүгүнкү соттук отурумда өкүм чыгып калышы мүмкүн. Сот кандай өкүм чыгарат ким билет? Күнөөсү жок болгондон кийин, актайт деп үмүт артып туралы!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.