Сариев Жээнбековду, Ибраимова Бабановду колдоп кеттиби?

Сариев Жээнбековду, Ибраимова Бабановду колдоп кеттиби?

Президенттик шайлоо жакындаган сайын президентикке талапкерлер жөнүндө ар кандай сөз чыгууда. Өзгөчө Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбековго көңүл бурулуп, аларга карата катуу каралоо жүрүүдө. “Темир Сариев шайлоо жакындаганда Жээнбековго кошулат экен” деген сөз кетти. Бул сөз 25-сентябрда, Темир Сариевдин штабынан Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов жана Эсеп палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова штаб башчылыгынан кеткенден кийин башталган.

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ: “Сариев Атамбаевдин саясатын уланта тургандыгын айтты”

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Темир Сариевдин штабынан кеткенинин себебин журналисттерге мындай деп түшүндүргөн:

“Биз идеологиялык саясий кызыкчылыктын негизинде Темир Сариевди колдоп жүргөнбүз. Бирок Сариев Сокулуктагы жолугушууда катачылык кетирди. Атамбаевдин саясатын уланта тургандыгын айтты. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин саясатын улантпай, аны өзгөртүү керек”.

Назира АХМЕДОВА: “Сариев Атамбаевдин саясатын улайм деген эмес”

Мына ушундан кийин, “Атамбаевдин жолун улантса, анда Сариев Жээнбековго кошулат экен. Анткени Жээнбеков “Атамбаевдин жолун улайм” деп ачык эле айтып жатпайбы” деген сөздөр тарап, Сариевге көпчүлүк нааразы болгон жана болууда. Бул сөз азыр да күчүндө. Муну тактоо иретинде Назира Ахмедовага кайрылсак, ал мындай деди:

Аликбек Жекшенкуловдун Сариев Атамбаевди колдойм деди” деген сөзү туура эмес, ал антип айткан эмес. Темир Аргенбаевич Сокулуктагы жолугушууга барганда: “Менин мураскерим экономикалык долбоорлорду улантсын” деп Атамбаев айтып жатат. Анда Атамбаевдин мураскери мен болушум керек. Себеби, Экономика министри болуп турганда, ошол долбоорлордун бардыгын мен жасагам. Анткени, түздөн түз ал долбоорлорго мен жооптуу болчумун.  Премьер-министр болуп барганда ошол долбоордун баарын ишке ашырып жүрдүм. Азыр Атамбаев эмне айтып жатса, ошонун баарында менин салымым бар” деп айткан. Бул жерде “Атамбаевге кошулам” деген сөз жок. Темир Сариев өз алдынча аягына чейин кетет. Эч кимге кошулбайт. Шайлоого чейин ар кайсы көрүнүктүү саясатчылар менен жолугушуп, ар кандай пикир алмашуулар болду жана болууда. Белгилүү саясатчылардин бири менен Сариевди көрүп калышса эле “ошого кошулат экен” деген сөз жаралбашы керек. Мындай сөз таратуунун өзү туура эмес. Биз деле мисалы Элмира Ибраимова жөнүндө сөз угуп жатабыз, “Бабановдун штаб башчысынын орун басары болуп барды. Ошон үчүн Сариевдин штабынан кетсе керек” деп. Эми бул сөз канчалык чындык экенин билбейбиз, ошондой сөз жүрүүдө”.

Элмира ИБРАИМОВА: “Бабановдун штабына барган жокмун”

Назира Ахмедованын сөзүнөн кийин, Элмира Ибраимовага чалып, “Бабановдун штаб башчысынын орун басары болуп бардыңызбы?” деп сурадык. Ага Элмира айым кыска, нуска мындай деп жооп берди:

Жок, андай болгон жок. Азырынча мен эч жакка барган жокмун. Өзүмдүн офисимде, өзүмдүн жумушумду жасап жүрөм. Эч ким менен эч кандай сөз боло элек”

Ал эми Темир Сариевдин штаб башчылыгынан кеткенде, Фейсбуктагы баракчасына: «Тилекке каршы, Темир Сариев экөөбүздүн саясий позициябыз, саясатта көз карашыбыз келишпей калды. Саясат конъюнктурада көз карашын, идеологиялык позициясын өзгөртүү керек деп эсептейм” деп жазган.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.