«Зилалиевдер жоопко тартылсын!»

«Зилалиевдер жоопко тартылсын!»

Ушул тапта «Акыйкат шайлоо үчүн” аттуу акция Ахунбаев-Алмата көчөсүндөгү «24-март» скверинде өтүүдө. Аталган акцияга Асия Сасыкбаева, Бакыт Аманбаев, Адил Турдукулов, Болот Шер, Нарын Айып, Эдил Байсалов, Жанар Акаев, Мавлян Аскарбеков, Ренат Самудинов жана башка коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышууда. Алдыда ал жерге дагы көрүнүктүү адамдар келүүсү күтүлүүдө.

«Администрациялык ресурска жол жок!», «Зилалиев жоопко тартылсын!», «Элибиздин тандоосун сыйла, бийлик!», «Бийлик булагы — эл!» деп жазылган транспаранттарды көтөрүп турушат катышуучулар. Ал эми уюштуруучулар жана ал жерге келген активисттер: “Административдик ресурс колдонулушуна каршыбыз! Президенттик шайлоо акыйкат өтсүн!” деп сүйлөп, бийликти таза шайлоого чакырууда.

“Суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө!”

19-сентябрда, Д.Зилалиев Баткенге барып, облус, район, айыл өкмөттөрү менен жыйын өткөрүп, аларга мындай деген:

“Мен сиздерден суранарым, бизди колдоп бериңиздер, биздин кандидатты колдоп бериңиздер! Президенттин саясатын уланта турган бул — Сооронбай Шарипов! Мен агитация кылган жерим жок. Мен өзүмдүн добушумду ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. “Жок сиздики туура эмес” деп айта албайм. Демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер. Оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар мамлекеттен, бюджеттен айлык маянасын алып иштеп жатасыздар, ошол суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө!”

Зилалиевдин үстүнөн БШКга арыз түшкөн

Зилалиевдин минтип сүйлөгөнү элге тарап, коомчулукка тарап, социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган жана алынууда. А чыны анын мындай сөзүнө коомчулук нааразы болгон. Эдил Байсалов айткандай, “эмне ошол кудукту Зилалиев казып, бюджетке акчаны толтуруп жатыптырбы?” деген суроону көпчүлүк кабыргасынан койгон. Коомчулуктун көңүлүн алдыбы, айтор, 21-сентябрда, премьер-министр Исаков ага эскертүү берип, шайлоо боюнча республикалык штаб башчылыгынан четтеткен. Бирок буга нааразы болгон Адил Турдукулов жана Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү БШКга арыз жазышкан.

“Зилалиевдин иши Башкы прокуруратурага жөнөтүлбөйт”

24-сентябрда, БШК Зилалиевдин үстүнөн түшкөн арызды карап, премьер-министр Исаковго Зилалиевге мурдагыдан да катуураак чара көрүлүшү керек чечимин жибермей болушуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлпөй турган чечим кабыл алышкан. Албетте, талаш-тартыш  болду, тилекке каршы, көпчүлүк добуш утуп кеткен. Көпчүлүктүн ою боюнча, Зилалиев шайлоо штабынын башчылыгынан четтетилип, ага эскертүү берилгени жоопкерчиликке тартылганы – ошол мыйзамдуу иш имиш.

Мыйзам боюнча…

«Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесинин 15-пунктуна ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер үгүт жүргүзүүгө, үгүт иштерине аралашууга укугу жок.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.