Кенжебек АЛДАЯР: “Кулов менин күүлөрүмдү эргүү менен уккан”

Кенжебек АЛДАЯР: “Кулов менин күүлөрүмдү эргүү менен уккан”

Кенжебек Алдаяр мыкты комузчу. Бүгүнкү күндө жүздөн ашуун күүсү, обондору бар. Сегиз бөлүктөн турган ыр-күү жыйнагы чыккан. Күүнүн угармандары күн санап өсүүдө. Бирок, аны жайылтууга каражат жетишпейт. Ал эле эмес, баласы да ооруп калып, ага каражат чогулта албай жүрөт. Муну окуп калган капчыктуулар комузчубузга кол сунаар деген үмүттөбүз.

Күүнүн “атасы” Кенжебек агабыз менен маектештик.

—Айтыңызчы, күйөрмандар көбөйдүбү?

—Дайыма мени байланышта болуп, күүмдү укканга куштар болгондор бар. “Жаңы күү эми качан?” деп сурагандар да бар. Күү жаратуу оңой эмес. Ал дагы кызылдай эмгек. Ушул эмгекти жайылтууга баягы эле каражат керек. Ошентсе да өз алдыбызча аракет кылып келебиз. Буюрса, күүдөгү окуяларды жакшы чечмелеп, ички туюмун сыртка чыгарып, кино клиптер тартыла баштаса дагы кызыгуу артылат. Комуз кылындагы сырдуу кайруулар, сапаттуу кадрлар шөкөттөөсү менен дагы бир бийиктикке чыгарат. Колдон келсе ушу иш менен эле кыргызды дүйнөгө таанытса болот. Музыка тилмеч да, талап кылынбайт эмеспи. Азыр деле эски СССРдин тибиндеги өлкө болуп, кыргыз маданиятына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбайт. Музыкалык окуу жайлар биринчи кезекте Европадан келген аспаптарды мыкты окутушуп, кыргыз аспсптарын эптеп эле, начар денгээлде үйрөтүшөт. Себеби, музыка адистери европа музыкасынан сабак алышат. Ошондон улам, алар кыргыздыкын түшүнбөй, билбей жүрө берет.

Күү угучуулардын арасында саясатчылар барбы?

—Саясаты, бизнесмен, министр жана башкалар дагы кыргыз маданиятын билишпейт, кызыгышпайт. Алар “күүнүн кимге кереги бар?” дешет. “Орус мүнөз, кыргыз тилин билбейт” деген Феликс Куловго мен 90-жылдары жолугуп, “кыргыздын маданияты биринчи орунда туруш керек!” десем, “ооба, туура” деген. Чыны мындай жообу менен мени таңгалдырган. Куловдун кымындай бир сөзү күч- кубат берди. Комуздун күүлөрүн чын дили менен берилип укканы менин чыгармачылыгымдагы эң чоң сыйлык десем жаңылышпайм. “Комуз кылынын зың дегени жандүйнөмдү козгойт” деп, кымбат баалуу, саймалуу чапанды үстүмө жаап, суусар тебетейди башыма кийгизген. Ошондо мен ал кишинин жүрөгү “Кыргыз” деп согорун билип, сыйлап калгам. Куловду мен жакындан билдим, ал жакшы киши. Мүнөзү жумшак, ишенчээк адам, ошол ишенчээктегинен улам көп зыян тартат.

—Жаңы башчы болуунун алдында турабыз. Шайлоого көз карашыңыз кандай?

Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Себеби жогорку жак өз камын эле ойлоп калды. Элдин эмес, өз камын жеген ордого айланды. Шайлоодон эмес, жалгыз Кудайдан өзгөрүү болушу керек деп ойлойм, ага мен бөркүмдөй ишенем. Оңой оокатка кынык алгандарды камап, атып жок кылбаса, оңолбой калдык. Журналисттер да акчага кызыгып кетишти. Акты кара, караны ак кылып жазып, жалган маалыматты толтуруп жатышат. “Карга карганын көзүн чукубайт” деген заман келди. Кыргыз жоош эл эмеспи, чыдап келатат. Эми ошо “жооштон жоон чыгат, жоону менен мөөн чыгат” дегенди бийлик унутушпашы керек!

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.