Текебаев эми депутаттык мандатынан ажырайт, а Шыкмаматов…

Текебаев эми депутаттык мандатынан ажырайт, а Шыкмаматов…

Фракциянын лидери болду

Бүгүн депутат Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп бекиди. Ал буга чейин фракциянын убактылуу лидери болуп келген. Камактагы Текебаев Өмүрбек Чиркешович фракциядан өзүнүн ыйгарымдуу укугун белгилүү себептерден улам алганы боюнча арыз жазган. Фракциянын депутаттары арызды кабыл алып, канааттандырып, бардыгы бир добуштан фракциянын лидери кылып Шыкмаматовду шайлашты.

Эскерте кетсек

Ушул жылдын февраль айынын аягында Өмүрбек Текебаев иш сапарынан келаткан жеринен аэропорттон кармалып, УКМКнын убактылуу жайына камалган. Текебаевге байланыштуу териштирүү ишин Биринчи Май соту карап, “орусиялык жаран Маевскийден бир миллион доллар пара алган” деген айып тагып, үй-мүлкүн конфискациялап, 8 жылга эркинен ажыраткан. Мындай чечимди Текебаевдин адвокаттары четке кагып, “күбөлөрдүн, биздин кагаз жүзүндө далилдеп бергенибизди сот эске албай, бир беткей чечим чыгарды” деп, Шаардык сотко арыз менен кайрылышкан. Ал арыз каралып, сот созулуп келип, акыры, кечээ, 2-октябрда Шаардык сот аны күчүндө калтырды.

Текебаев депутаттык мандатынан, үй-мүлкүнөн ажырашы мүмкүн

Шаардык соттун мындай өкүмү он күндүн ичинде күчүнө кирет. Өкүм күчүнө кирери менен Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратышы мүмкүн. Эгер БШК мандатынан ажыратса, депутаттын адвокаттары үч күндүн ичинде сотко арыздана алат. Ошондой эле депутаттын үй-мүлкүн конфискациялоо маселеси адвокаттардын арызы менен кайра каралышы мүмкүн.

Таалайгүл ТОКТАКУНОВА: “Мыйзам  бузуу  жолу менен өкүм чыгарылды”

Кечээ сот Адис Момуналиев Текебаев менен Чотоновду катыштырбай туруп, алардын адвокаттары жок өкүм чыгаргандан кийин, Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова менен маек курганбыз.

—Мындай өкүмдүн өзү мыйзам бузгандык эмеспи?

—Албетте, мыйзам бузгандык, болгондо да, абдан орой, одоно мыйзам бузуу жолу менен өкүм чыгарылды. Бул жерде адам укугу бузулду. Анткени Конституцияда “адам укугу корголуш керек” деп жазылган, корголбой эле кордолду.

—Адвокат эмнеге сотко келбей калды?

—Адвокаттын кичине баласы температура болуп ооруп калыптыр. Анын чоо-жайын айтып, “бир саатка кечигип келем, күтө туруңуздар” деп суранганына карабай, мамлекеттин адвокаты менен сотту улантышкан. Негизи мыйзам боюнча, эгерде соттолуучу өзү каалаган адвокатты жалдаганга мүмкүнчүлүгү жок болгондо гана ага мамлекеттик адвокат берилет. Текебаев Өмүрбек Чиркешович Чоноева аттуу мамлекеттин адвокаттынан баш тартса да, ал айымды күч менен отургузуп, сотту уланткан.

—Жарыш сөз болду беле?

—Тилекке каршы, жарыш сөз болгон жок. Текебаев да, Чотонов да, алардын адвокаттары да жарыш сөз сүйлөгөн эмес. Бул жерде атандашуу принциби деген бузулду.

—Мындан аркы кадамыңар кандай болот? Жогорку Сотко кайрыласыңарбы?

—Алдыда көп-көп кадамдар болот, аны убагы келгенде сөзсүз айтып берем.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.